Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Муниципалдык кызмат тууралуу” КРнын мыйзамдарына өзгөрүүлөр

2012-01-31 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

2011-жылдын 18-ноябрында “Муниципалдык кызмат тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысына байланыштуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

 

2011-жылдын 18-ноябрында “Муниципалдык кызмат тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысына байланыштуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди (28-берене). 
 
Муниципалдык кызматкердин эмгек акысынын бирдиктүү системасы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жана штаттык сандын чеги тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аныкталат. 
 
Муниципалдык кызматкердин эмгек акысынын бирдиктүү системасы өзүнө кызматтык маяна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кошумча акыдан турган айлык акыны камтыйт. 
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү кеңештердин макулдугу менен, жергиликтүү бюджеттеги мүмкүнчүлүккө ылайык кызматтык маянага башка кошумча төлөмдөрдү (материалдык жардам, дарыланууда, же турак жай-коммуналдык кызматтарды төлөөдө жеңилдиктер) аныктай алат.