Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айылдык кеңештин жана анын туруктуу комиссиясынын Типтүү иш планы тууралуу

2021-08-09 / Мыйзам жаӊылыктары

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 1-июнундагы №01-18/36 буйругу менен айылдык кеңештин жана айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын иш планын, айылдык кеңештин Типтүү иш планын, айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын Типтүү иш планын даярдоо боюнча Усулдук колдонмо бекитилген. Бул типтүү документтер айылдык кеңештерге өз ишин жөнгө салууга жардам бергенден тышкары, ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органы жергиликтүү жамаатты өнүктүрүүнүн бир дагы маанилүү маселеси жергиликтүү кеңештин көз жаздымында калбайт деп ишенимдүү айта алышы үчүн текшерүүчү тизменин бир түрү болуп калат. Бул документтердин долбоорлорун ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен КР ЖӨБ Союзу даярдап чыккан.

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТИПТҮҮ ИШ ПЛАНЫНЫН ТҮЗҮМҮ

Гриф: пландын жогорку оң бурчунда өкүлчүлүктүү органдын иш планын бекиткен жергиликтүү кеңештин токтому жөнүндө маалымат, аны менен кошо күнү жана токтомдун номуру жазылат.

Жергиликтүү кеңештин сессияларынын календары: жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү графигине, бюджеттик календарга жана башка себептерге ылайык, жергиликтүү кеңештин сессияларында көтөрүлгөн маселелердин календардык жылдын кварталдары жана айлары боюнча типтүү бөлүштүрүлүшү бар. Төмөндө кварталдар жана айлар боюнча көрсөтүлгөн типтүү бөлүштүрүү келтирилген.

Каралып жаткан маселелер боюнча кыскача (болжолдуу) маалымат. Сессияга чыгарылган ар бир маселе боюнча типтүү план маалыматтын кыскача сүрөттөлүшүн сунуштайт, аны жооптуу адамдар алдын ала даярдашат. Мисалы, айыл өкмөт башчысынын (коммерциялык эмес уюм, жарандардын демилгелүү тобу ж.б. – макулдашуу боюнча) инвестицияларды жана гранттарды тартуу жаатында эл аралык долбоордук уюмдар, донорлор, демөөрчүлөр менен жүргүзгөн иши тууралуу маалыматтары; жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын жыл ичинде аткарылышы жөнүндө Жайыт комитетинин төрагасынын отчету; айыл өкмөт башчысынын айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө отчету; Келечек пландын аткарылышы, АЖМФ жерине ижара акысынан акча каражатынын келип түшүшү жана пайдаланылышы жөнүндө айыл өкмөт башчысынын отчету ж.б. Ошондой эле типтүү планга маселени талкуулоодон кийин кабыл алынган чечимдердин мазмунун сүрөттөө да кирет. Мисалы, жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү белгилөө тартиби жөнүндө жобо; АЖМФ жерлери боюнча Жер комиссиясынын курамын жана иштөө регламентин бекитүү (зарыл болсо); муниципалдык менчик объектилерин менчиктештирүү Программасын кароо жана бекитүү ж.б.

Жооптуу адам, аткаруучу (адис, мекеменин, уюмдун жетекчиси). Таблицалык типтүү пландын бул тилкесинде сессияга суроолорду даярдоого ким жооптуу экендиги, ошондой эле тиешелүү баяндамалар менен кимдер чыгып сөз сүйлөй турганы жөнүндө маалымат берилет. Мисалы, айыл өкмөтүнүн башчысы, бейөкмөт уюмдун жетекчиси, жайыт комитетинин төрагасы, АЖМФ жерлери боюнча жер комиссиясынын төрагасы ж.б.

Бул маселе боюнча жооптуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы. Таблицалык типтүү пландын ушул сабында жергиликтүү кеңештин кайсы туруктуу комиссиясы маселени сессиянын кароосуна даярдай тургандыгы, ошондой эле комитеттин даярдануу жана кароо процессиндеги ролу жөнүндө маалымат берилет. Мисалы, инвестициялар жана гранттар боюнча туруктуу комиссия сессияга өз корутундусун киргизет, андан соң бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (буйругунун) аткарылышын көзөмөлдөйт.

Маселени кароонун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңеш кабыл алган чечимдер: Таблицалык типтүү пландын бул тилкесинде сессия кандай чечимдерди кабыл алганы жана ушул чечимдерге карата кеңештин иш-аракеттери кандай болоору жөнүндө маалымат камтылат. Мисалы, маселени кароонун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештин токтомун же буйругун кабыл алуу, документти жарыялоо жана Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү; тиешелүү чараларды көрүү боюнча сунуштамаларды берүү.

Жарандардын ЖӨБгө катышуу формалары: таблицалык типтүү пландын акыркы тилкесинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренесине шилтеме берилет, ал беренеде жарандардын, коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин, бизнес-коомдоштуктардын, мониторинг жүргүзүү жана баалоо топторунун, жарандардын демилгелүү топторунун, донорлордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, чогулуштарга, айылдык кеңештин ачык сессияларына катышуу укугу көрсөтүлгөн.

Бул маанилүү!

Айылдык кеңештин Типтүү иш планында көрсөтүлгөн маселелер өз компетенциясына кирген маселелерге ылайык, бардык туруктуу комиссиялар тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн үлгү боюнча жазылып чыгышы керек.

Айылдык кеңештин Типтүү иш планында көрсөтүлгөн маселелер акыркы эмес, жергиликтүү кеңештердин жана алардын туруктуу комиссияларынын иш планына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын жана мекемелердин ыйгарым укуктарына киргизилбеген маселелерди кошуу укугун чектебейт. 

Айылдык кеңештин Типтүү иш планында көрсөтүлгөн маселелер айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан алдын-ала каралып, алар боюнча комиссиянын тиешелүү корутундусу кабыл алынгандан кийин жана айылдык кеңештин чечиминин (токтомдун, буйруктун) долбоору даярдалгандан кийин айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет.

Типтүү иш планында белгиленген маселелерди алдын-ала карап чыгып, туруктуу комиссиянын тиешелүү корутундусу кабыл алынгандан кийин, эгерде ченемдик укуктук актыны кабыл алуу зарылчылыгы жаралса, туруктуу комиссия ошондой эле каралып жаткан маселе боюнча айылдык кеңештин токтомунун долбоорун даярдайт. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-23-беренелеринин талаптарына ылайык, айылдык кеңештин токтомунун долбоору коомдук талкууга кеминде 1 айга чыгарылышы керек. Бул үчүн долбоор ЖӨБ органынын расмий сайтына же расмий жарыялоонун башка булактарына жайгаштырылат.

Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын Типтүү иш планынын түзүмү ушул сыяктуу болот.

Айылдык кеңештин ишинин календары (Типтүү иш планына ылайык)