Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жалал-Абад облусундагы Ленин айылдык аймагындагы мектеп рэкетти жеңди

2012-01-31 / Жамааттын пульсу

2011-жылдын декабрь айынын этегинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айылдык аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча чогулуш өттү

 

2011-жылдын декабрь айынын этегинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айылдык аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча чогулуш өттү. Айыл өкмөт башчы Чолпонбек Мырзаканов калкты бир жылда аткарылган иштер, ийгиликтер, чечилбей калган жана көңүл бурууну талап кылган маселелер менен кабардар кылып, 2012-жылга карата пландар менен бөлүштү. Мында ал бул план жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарына негизделгенин баса белгиледи. Айылдык чогулуштун жыйынтыгында айыл өкмөт башчысы айылдык кеңештин төрагасы Бакыт Токтосунов менен биргеликте 2011-жылы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө активдүү катышкан жана өз айылынын өнүгүүсү үчүн салым кошкон жергиликтүү жамааттын татыктуу өкүлдөрүн айылдык кеңеш жана айыл өкмөтүнүн Диплому менен сыйлады. Диплом алгандардын арасында Ленин айылындагы Гагарин атындагы мектептин коопсуздук кызматынын кызматкери Сиражидин Хайирдинов да болду. Эмне үчүн элеттиктер мектеп кароолчусун мынча сыйлашат? 
 
Сиражидин Хайирдинов Москвада иштеп жүрүп, 2011-жылы жайында кичи мекенине кайтып келген. Сентябрда Гагарин атындагы орто мектепке коопсуздук кызматына орношкон. Көп өтпөй ал мектептин алдында унаалар токтоп, окуучуларды белгисиз тарапка алып кетип жатканын байкаган. Бир канча убакыт ушул нерсени көрүп жүрүп, Сиражидин окуучулардан алар ким менен жана кайда барышаарына кызыккан. Өспүрүмдөрдүн ишенимине кирүү оңой эмес болчу. Ошентсе да коопсуздук кызматкери окуучуларды талаага түшүм жыйноого алып кетишерин билген. Аларды ушул мектепти бир нече жыл мурда аяктаган айыл тургундары алып кетип жүргөн. Кээде балдар талаада түнкү саат үчкө чейин иштеп калчу. Бирок муну менен эле иш бүткөн жок. Жогорку класстагылар апта сайын мектептин бардык окуучуларынан, анын ичинде кыздардан 5 000 сомдон чогултаары, бул акчаны ошол эле “иш берүүчүлөргө”, тагыраак айтканда мыйзам бузуучуларга, балдар эмгегин айоосуз колдонгондорго берилээри маалым болду. 
 
Сиражидин Хайирдинов үчүн “ишкердин” ысымын билүү кыйын болгон жок. Аны балдарга каршы багытталган мыйзамсыз ишмердүүлүгүн токтотууга көндүрүү оор болду. Ошентсе да бир нече жолу болгон оор сүйлөшүүлөрдөн кийин “иш берүүчүлөр” менен жогорку класстын окуучулары жолугушуп, талаада иштөөнү жана акча чогултууну токтотуу тууралуу макулдашты. Ишенүүгө кыйын, бирок 2011-жылдын декабрында бардык акча чогултуулар токтогон. Сиражидин Хайирдинов өспүрүмдөр арасында абройго ээ болуп, окуучулардын ишенимине кирди, эми алар ортодо пайда болгон маселелерди биргелешип чечүүдө. Балдардын жана окутуучулардын тынчтыгын сактоо үчүн ата-энелер да мектепти катуу көзөмөлдөө ишине жардам берүүнү чечип, бул үчүн ай сайын коопсуздук кызматынын ишине 15 сомдон бөлүп турууну макулдашты.
 
Сиражидиндин Гагарин атындагы мектеп рэкетин жеңгени тууралуу кабар коңшу айылга да жетип, эми алар да элеттик мектеп үчүн көйгөйлүү бул маселени чечүүдө анын тажрыйбасын колдонууну чечишти. 
 
Өз балдарын коргогону үчүн ыраазычылыгын билдирүү максатында айыл тургундары Сиражидин Хайирдиновду жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан Ардактуу диплом менен сыйлоону чечишти. 
 
Султан Майрамбеков,
Өнүктүрүү саясат институту