Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖАРАНДЫК ЖУРНАЛИСТИКА: Шарлотт – Нью-Йорк – Бердск – бардык жерде, же салттуу масс медиа канааттандырбай калганда, карапайым адамдар эмне кыла тургандыгы жөнүндө так аталышты издөө

2012-01-31 / Жарандык журналистика

Бүгүнкү күндө бири-бирине карата өтө деле тынч болбогон маанай байкалат (өзгөчө профессионалдык медиа-теоретиктердин чөйрөсүндө).

0-версия. Жарандык журналисттер – бул пилди иликтеген сокурлар

 
Бүгүнкү күндө бири-бирине карата өтө деле тынч болбогон маанай байкалат (өзгөчө профессионалдык медиа-теоретиктердин чөйрөсүндө). Жарандардын медиа чөйрөсүндө “иш алып баруусун” мүнөздөгөн бир нече аныктамалар жана эвфемизмдер бар. Аларды коомдук, социалдык, жамааттык, коммунитардык, гуманитардык, долбоордук, рефлекстик, журналисттик катышуу, партисипатордук (!), жарандык, жада калса элдик деп аташат. 
 
Эгерде мен азыр бул аталыштар мени өтө кызыктырбайт деп айтсам – мында мен жалгыз болбойм. Менин америкалык кесиптешим Марк Купер  бул ойду мага чейин эле “Медиареволюция: журналисттик өндүрүштүн каражаттарын карапайым адамдар тартып алды” аттуу макаласында чагылдырган. (http://www.newjourn.com/material/7). 
 
Андыктан экөөбүздүн тең оюбузду өз сөзүм менен айтып берейин. Бүгүнкү күндө мени журналистика деген эмне болгону көп кызыктырбаса да, мындан ары массалык коммуникация кантип өнүгөөрү, коомдук кызыкчылыктарга кантип кызмат өтөөрү, алардын жардамы менен өкмөт кантип көзөмөлдөнөөрү жана жамааттарда диалогдор кантип түзүлөөрү абдан тынчсыздандырат. Бул жерде журналисттин ролу эң башкы эмес. Бүгүнкү күндө санарип технологиялардын өнүгүшү менен ушул тапшырмаларды тиги же бул чөйрөдө эксперт болгон түрдүү индивиддер аткара алат.  Бирок алар сөзсүз эле эксперт болушу мүмкүн эмес, алар жөн гана акылдуу адам болушу ыктымал. Акылдуу жана көп деле акылдуу эмес топтор болушу ыктмал.  Социалдык тармактардан жана бейөкмөт уюмдардан чыккан маалыматтар гезит жана ТВдан берилген маалыматтардан айырмаланышы ыктымал. Чексиз адамдардын өз алдынча уюшкандыгы бардыгын өзгөртүшү ыктымал. Биз бул революциянын онунчу же он бешинчи жылдарын гана башыбыздан өткөрүп жтабыз, ал жаңы гана башталды... Бирок азыр (Марк Купер ушундай ойдо) саясатчылар коом алдында 20 жыл мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк жооптуу. Анткени адамдар көптөгөн документтерди жана сүрөттөрдү таап, аларды интернетте жайгаштырып, ага өз маалыматтарын кошууну өздөштүрүштү. Мунун бардыгын саясий институттар козөмөлдөй албай калды.
 
“Бирок бул журналистика эмес да!” деп сиз айтышыңыз мүмкүн жана албетте бул оюңуз туура. Бирок мен буга чейин эле айткандай мени (Марк Куперди дагы) XIX кылымда эле азыркы түрүндө түзүлүп калган салттуу профессионалдык журналистика өтө деле кызыктырбайт. 
 
Бирок эми ушунун баарын эмне деп аташ керек? Кайсы бир жыйында орун алган талкуу маалында мен мындай деп айттым: “Мунун баарын кантип атаса болот? Бара-бара. Аты келет. Өзү эле”. 
 
Менимче пилдин кандай экенин билип келүү үчүн сокур жамааттын атынан ошондой эле сокурлардын жолго чыкканы тууралуу окуяны баары эле билсе керек. Алардын ар бири пилди ар кайсы жагынан кармалай башташты. Алар кайтып келгенде адамдар пилдин көлөмүн жана формасын сурашты. Пилдин кулагын кармаган адам “Пил – бул чоң, кенен жана килемге окшоп бүдүр-бүдүрлүү экен” десе, анын мурдун кармаган киши “Пил бул түз, бош түтүккө окшош экен, ал коркунучтуу жана бир заматта талкалап таштайт” деп айтат. Пилдин 
буттарын жана таманын кармаган киши “Пил колоннага окшоп чоң жана күчтүү” деген экен. Булардын ар бири өзүнүн маалыматы ишенимдүү деп ойлошкон. 
 
Бирок бул жомоктун дагы бир версиясы бар болгонун бары эле биле бербесе керек. Бир нече акылдуу, сокур пилдер адамдар эмнеге окшош деп талаша кетишет. Бир пикирге келе албай, өздөрү текшерип көрөйүн деп чечишет. Биринчи пил адамды кармалап көрүп, «адамдар жалпак» экен десе, башка акылдуу, сокур пилдер адамды кармалап көрүп, аны менен макул болушат. 
 
Мунун баарын мен эмнеге айтып жатам? Марк Куперге окшоп мен дагы күн сайын башка бирөөлөр легитимдүү деп тапкан 6 легитимдүү булакка караганда электен өткөрүлбөгөн сансыз маалыматтарды алып тургум келет. Анда «сокурлардан» алынган маалымат канчалык ишенимдүү болот? Алардын баары (!) так болбосочу? Бул өтө олуттуу көйгөй жана биз бул тууралуу кийинчирээк сүйлөшөбүз (мисалы, Ground Reportтун тажрыйбасынын негизинде). Ал эми азырынча мен «жарандардын маалымат үйү» чөйрөсүн байкоону жана аны менен «кол тийгизбестен» кызматташууну сунуш кылам. «Кол тийгизбестен» дегеним – бул чабал чөйрөнү профессионалдык иликтөөчүлөрдүн орой инструменттери менен кармабоо керек. Бала чагыңызды эстесеңиз – талкаланган оюнчуктар кайра тирилбей калчу.
 
1-версия. Жарандык журналистика: «Биздин керектөөлөргө кайсы түс көбүрөөк төп келгенин чогуу көрөлү»
 
Жарандык (же элдик) журналистиканын өнүгүүсү интернет жана мобилдик байланыштын өнүгүүсү менен байланыштуу деген версия бар. Мун четке кагуу мүмкүн эмес. Бирок мен айрым эксперттердин жаңы технологиялар менен калыптанган жана коомдогу бардык баалуулуктарга таасирин тийгизген маалымат революциясы өзү адегенде техникалык эмес факторлор, анын ичинде социалдык жана маданий факторлор менен баратат деген оюна кошулам. Өз кезегинде айрым жарандар, уюмдар, улуттар маалымат технологияларынын мүмкүнчүлүктөрүн биргеликте колдонсо, социалдык жана маданий өзгөрүлөөр сөзсүз болот. Мен үчүн бул жерде өзөктүү сөз – биргеликте. 
 
…Сиз билесизби, тармактык блогдун биринчи аналогу интернет өнүккөнгө чейин 300 жыл мурда пайда болгон. 1690-жылы 25-сентябрда Американын алгачкы көп беттүү гезити (4 барак!) Бостондо жарык көргөн. Бирок чындыгында ал үч бет болуп жарык көргөн (окурмандар өз пикирлерин жазып, аны башкаларга бериши үчүн акыркысы бош болуп чыккан). Бирок, тилекке каршы, 29-сентябрда эле бул алардын окуя тууралуу пикирлери редакциянын пикири менен дал келбегени үчүн губернатордун жана Массачусетс штатынын кеңеши тарабынан жабылган. Ал эми АКШ Конституциясынын 1-өзгөртүүсү, гезит орун ала турган интернет  тууралуу эч ким билген эмес.
 
Муну мен эмне үчүн эстедим? «Жарандык журналистиканын» биринчи тажрыйбасы Шарлотто (Түндүк Каролина, АКШ) 1991-жылы, интернет медиа чөйрөдө жана «Шарлотт Обзервер» гезитинде дагы деле орун ала элек учурда болгон (бирок WWW  стандарты CERN тарабынан 1991-жылдын май айында эле бекитилген). Блог чөйрөлөрү да, социалдык тармактар да жок, ал эми жарандык журналистика бар. Кандайча? «Шарлотт долбоору» тууралуу китептерде жазылгандай, жарандар шайлоо кампаниясы учурунда «бийликти өз колуна алды» деген канчалык чын?
 
Ушундан улам биз, Прессаны өнүктүрүү институту-Сибирдин тренерлер тобу жана эксперттер 2010-жылы сентябрда IREX медиа-программасынын колдоосу менен АКШда стажировкада жүргөндө Шарлоттко барып, жеринде көрөлү деп чечтик. Бирок адегенде “Шарлотт долбоору”-1991ге байланыштуу өзөктүү маалыматтарды алууну чечтик. Муну силерге да сунуш кылабыз. Анткени бул китеп өтө аз санда чыгып, интернетте анын электрондук варианты ар кандай себептер-ден улам жок.
 
«Шарлотт долбоору» - 1991: өзгөрүүлөр жана тоскоолдуктар тууралуу  
 
«Шарлотт долбоорунун» маңызы тууралуу кыскача эсиңерге салып койсом. Пойнтер институтунун (The Poynter Institute) “Шарлотт Обзервер” (Charlotte Observer) гезити жана Шарлотт шаарындагы (Түндүк Каролина штаты) WSOC-TV телестанциясынын эки жылдык (1991-1992-ж.ж.) кызматташуусунун натыйжасында шайлоо кампаниясын чагылдырууда жаңы ыкмалар иштелип чыккан. Кабыл алынган стратегия жөнөкөй болчу:
 
• шайлоо программасынын негизги пункттарын талапкерлер эмес, шайлоочулар аныкташы керек;
 
• талапкерлер бул пункттардын аткарылышы боюнча жооптуу;
 
• окурмандарды шайлоо кампаниясын чагылдыруу, талапкерлерди баалоо жана прессанын ишине тартуу.
 
Бул долбоордун натыйжасы кандай болгонун жарандар жана журналисттер үчүн жазылган И.М.Дзялошинскийдин «Кошо аралашуу журналистикасы. ММКны адамдарга кантип пайдалуу кылса болот»  китебинен окусаңар болот. Мен болсо силерге бул китепте 1993-жылы эле бекитилген айрым фундаменталдык жыйынтыктарын сунуш кылам. Булар 16 жылдан кийин гана, биздин колубузга жарандар менен журналисттердин кызматташуусун жөнөкөй жана эффективдүү кылган ыңгайлуу санарип интернет технологиялары тийгенден кийин гана түшүнүктүү болду. Эмесе «Шарлотт долбоору» аттуу эски китептен бир нече үзүндүлөр.
 
«Р.Маккена өңдүү менеджмент тармагындагы белгилүү адистер муну мотивациядан рынокко өтүү деп атамак. Авто өндүрүшү менен салыштыра келгенде ал сатуу каалоосун аныктайт. «Биз сизге түрдүү түстөгү унааны сунуш кылабыз, ал кара болсо эле болду» деген афоризм өңдүү. Керектөөчүлөрдүн талаптарына багытталган стратегияда окшош кырдаалда «кайсы түстөгү унааны каалайсыз?» деп сурашат. Рынокко багытталган учурда керектөөчүлөрдөн «сиздин талаптарыңызга кайсы түс көбүрөөк жооп берерин чогуу көрөлү» деп сунуш кылышат. 
 
«(Мисалы, шайлоо - ВЮ) кампаниясын чагылдыруу окурмандарга багытталышы үчүн редакциянын ички байланыштарын өзгөртүү зарыл эле. Мында долбоордун башына бөлүмдөр ортосундагы чектерди жок кылган, алардын биргелешип иштөөсүн координациялаган күчтүү жетекчини коюш керек болчу. <…>. Бирок эң негизгиси - окурмандарга карата мамиле өзгөрүп, анын натыйжасында окурмандар кардар эмес, өнөктөш болуп чыга келиши керек эле. 
 
“<…> Алар (журналисттер - ВЮ) өмүр бою драматикалык өзгөрүүлөрдү – ыңкылап, согуштар, митингдер, маданияттагы төңкөрүштөрдү чагылдырып келгени менен, так эле ушундай дем менен өз уюмундагы өзгөрүүлөргө каршы болуп келишет”. 
 
Мына эми башкы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жолго чыксак болот: Шарлотт-2009га! Жана ошентип, биз, бүгүнкү америкалык “жарандык журналистика” деген эмне экенин билебиз. 
 
Бирок Шарлоттко бараткан жолдо дагы бир жерде токтошубуз керек: Кентукки университети. Бул жерде биз АКШнын жарандык журналистикасынын алгачкы пионери менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн алабыз. 
 
2-версия. Жарандык журналистика – бул баарлашуу
 
Биздин маектешибиз –биз менен баарлашуу үчүн кошуна Кентукки штатына атайын келген Майами университетинин (Огайо штаты) профессору Эд Арноун (Edward Arnone). Биздин маегибиздин темасы бара-бара мындайча түзүлдү: “Журналистикадагы эң мыкты нерсе – бул баарлашуу”. Эч кандай өзгөртүүлөргө дуушар болбогон анын ойлорунан үзүндүлөр төмөндө келтирилген.  
 
Жарандык журналистика —    бул сервистер эмес, бул философия
 
Жарандык журналистика тууралуу сөз кылганда биз Public Journalism концепциясынын автору, Колумбия университетинин журналистика профессору Джеймс Кэринин (James Carey) аты аталат. Мен аны менен тааныш болчум. Анын өмүрү “Журналистика – бул...” деген сөздү бүтүрүүгө арналды. Ал бул сөздү ар түрдүү варианттар менен бүтүрө алмак. Өлөөр алдында мага жаккан эң жөнөкөй аныктаманы берди: “Журналистикадагы эң мыкты нерсе – бул баарлашуу”. Чындыгында эле ушундай. Өзүбүз тууралуу кандай гана жогорку пикирде болбойлу, биз баарыбыз баарлашууда теңбиз. Өсөбүз, бул баарлашууга кошулабыз, анан өлөбүз. Бул баарлашуу бизсиз өтөт. Биздин, журналисттердин, иши – бул баарлашууга кошулуу жана проблеманы жарандар айткандай жеткирүү. 
 
Менимче “жарандык журналистика” тууралуу сөз болгондо биздин көп кесиптештерибиз аны адамдарды өздөрү үчүн репортаж жасоо ыкмасы катары түшүнүшөт. Мына ушуну АКШда жарандык журналистика деп аташат. Бул канчалык орой угулбасын, бирок бир топ масс-медиалар ушундай жол менен көбүрөөк маалымат, же булактарды таап бере ала турган адамдардын бекер, кошумча ресурсун алышууда.
 
Биздин өлкөдө журналистикада эмнеге ишениш керек жана ишенбеш керек, кайсы маалымат ишенимдүү, кайсыга ишенбеш керек дегендин айланасында олуттуу талкуу жүрүүдө. Критерийлер, стандарттар, чындыкка жетүү аракети – бир болуш керек. 
 
Бирок эмне үчүн ортодо 20 жыл өтсө да биз “жарандык журналистика” деген терминди көп ишенимдүү колдоно албай жатабыз? Мунун себеби – бул жарандардан кошумча бекер ресурс алуу аракети ушундай бир зона болгон үчүн… Жеке мен “жарандык” же “коомдук” журналистика дегендин ордуна “журналистиканын сүйлөшүү модели” деп айткым келет. Эң жакшысы – үч тепкичтүү модели. Эгерде мындай болсо, анда биз өз ишибизди аткарып жатабыз. Биздин баамыбызда, бул нормалдуу салттык журналистика, ал эми башкасы жолунан адашты. 
 
Узак жылдар бою кийин “жарандык, элдик” деп аталып калган журналистикадагы реформа ишине  тартылгандардын көбү биз жасап жаткан ишке аныктама берүүдөн сылык эле баш тартып койчу. Адегенде биздин максаттарга жана этикалык принциптерге төп келиши үчүн биздин журналисттик практикабызды жана көнүмүш адаттарыбызды жакшыртуу тууралуу сөздөр болду. Өзгөчө, коомдо болуп жаткандар тууралуу журналисттик окуяга байланыштуу бөлүгү. Кийин дүйнө жүзүндөгү редакциялар “элдик журналистика кыймылында” жүздөгөн эксперименттерди өткөргөндөн кийин да, буга эч ким аныктама бере алган да жок, аракет да жасаган жок. Бирок башынан эле биз эмне үчүн биз бул чөйрөдө эксперимент жүргүзүп жатканы-бызды талкуулап, биздин мотивация жана принциптерибиз тууралуу сүйлөшкөнүбүз маанилүү. Анткени сындардын көбү элдик журналистика дегенде эмне түшүнгөнүбүз тууралуу жаңылыш пикирлерден улам чыгууда. 
 
Төмөндө айтыла турган принциптер менин өлкөдөгү жана дүйнөдөгү абройлуу журналисттер менен 30 жылдык жеке тажрыйбама негизделген. Дал ушул принциптерди мен “элдик”, же “жарандык” журналистика терминине байлайм (же байлабайм).
 
Элдик журналистика төмөнкү принциптерге негизделген деп эсептейбиз: • Адамдарды “продуктту” керектөөчү катары эмес, адегенде жаран катары кабыл алуу.
 
• Проблеманы жалпыга түшүнүктүү терминдер (эскперттик, институционалдык, идеологиялык эмес) менен жеткирүү. Жарандар бул кырдаалды кантип талкуулоону кааларын билүү үчүн бардык мүмкүн болгон жолдорду колдон. 
 
• Демократиялык коомдогу маалымат уюмунун маанилүү жана артыкчылыктуу тапшырмасы – түз жана кыйыр мааниде коомдук чөйрө түзүү экендигин эстен чыгарбоо. Бул чөйрөдө жамаат (коом) маанилүү окуяларды түшүнүп, кайсы жол менен бараарын чечиши керек. Бул репортердук ишинин сапатын жогорулатуудан тышкары, журналисттин коомдук турмуштун өнүгүүсүнө жардам бере ала турган дагы бир жолу.
 
• Жаңылыктарды, окуяларды  “жарандык” көз караштан берүү. Бул демек бериле турган бир гана суроону башыңда сактоо: “Буга байланыштуу биз эмне кыла алабыз?”. Кээде журналисттер өзүнө окурмандардын суроолорун берет: “Буга байланыштуу мен эмне кыла алам?”, же “Бул мага кандай таасирин тийгизет?”, Бул жакшы, бирок жетиштүү эмес. Биз окурмандарды, угармандарды, көрүүчүлөрдү чындап ойгото турган башка суроолорду беришибиз керек.
 
Биз өкмөттү “кандайдыр бир башка адамдар”, көпчүлүктөн айырмаланган бирөө деп элестетүү менен демократиялык коомдо баары үчүн аткаминерлер жооптуу деп, коомдук маселелерди башкаруу жана чечүүнү туура эмес түшүнүп жатабыз. Чындыгында, социалдык кандайдыр бир маселени чечүүдө, жетишилген прогресстин олуттуу бөлүгү өкмөттүн сыртында түзүлөт. Ал, аталган конкреттүү жагдайдагы маселени талкуулаган, биргелешип чечкен, жана чечимдердин негизинде иш алып барган адамдар жана топтор арабынан түзүлөт. 
 
Элдик же жарандык эмес журналистика деп биз эмнени эсептебейбиз:
 
• “Кароолчу ит” жана “төртүнчү бийлик” ролун аткарууда четте болуу же чектөө. “Элдик журналистикада” журналисттерди чектеген квалификациялуу иликтөөчү болууга тоскоолдук жасай турган эч нерсе жок. Негизинен, мен айтайын дегеним, элдик журналистика кайсы жерде иликтеш керектигин билүүгө жардам берет.
 
• Фактыларды чын, ар тараптуу, акыйкат берүү өңдүү журналистикалык этика жана стандарттардын принциптеринин бузулушу.
 
• Кимдир бирөөнүн көз карашын чагылдыруу же башкаларды үгүттөө. Чындыгында биз муну айтабыз – тең салмактуу чечимди кабыл алуу үчүн жамаатка шарт түзүп бериңиз. Мындай учурда жаңылык уюму бул багыт менен макул болбошу мүмкүн.
 
• Саясий күн тартибин түрткүлөгөн журналистика. Биз алдын ала жазылган жооптор, чечимдер жана жамаат үчүн багытталган аракеттер тууралуу айтпайбыз. Биз жарандарга бул жамааттагы баалуулуктарга негизделген чечимдерди кабыл алууга жардам берүү тууралуу айтып жатабыз. 
 
• Окуяны кандай чагылдыруу керектигин көрсөткөн сурамжылоо жана фокус-топторду өткөрүү. 
 
• Журналисттердин жаңылыктардын маанисин аныктоо жоопкерчилигинен баш тартуусу. Сиздин жамаатты же социумду 
активдүү түшүнүүгө негизделген болсо талапка ылайык болмок.
 
• “Жөн гана уккан жеңил” (бул элдик журналистикадагыларга карасантайлык жана олуттуу түшүнбөстүк). Мындай деп айтуу менен сиз ошол идеянын өзүн жок кылып жатасыз. 
 
• Ири жана кымбат долбоорлор кызматкер-лердин көп убактысын жана башка ресурстарын тартып алууда. Иш жүзүндө биз адамдар кантип жашап жатканы тууралуу күн сайын чын чагылдырууга аракет жасоо боюнча иштер тууралуу айтып жатабыз. ММК долбоорлор жолун тандап алса болот, же ири материалдарды талап кылган окуяларды чагылдыруудан баш тартса болот. Бирок сиз тандаган “аспаптардын” айырмасы жок. Айырма – чоң болобу, кичине болобу ар кандай окуяга карата “элдик журналисттин” ой жүгүртүүсүнүн белгилүү бир ыкмасында. Кылдаат болуңуз. Сиз колдонгон инструменттерди элдик журналистика идеясына теңебеңиз. Бул технологиялар коомдук көйгөйлөр тууралуу репортажыңызды дагы көбүрөөк жарандык кылуу аракетиңизге жардам берет. Бирок алар элдик журналистиканын негизин аныктабайт. Айрым технологиялар сиз жасаганга төп келиши мүмкүн, айрымдар андай болбой калат. Элдик журналистиканы инфографика, суроо-жооп блогу, адамдын досьеси, же башка журналисттик форматтар катары чечмелөөнүн кажети жок. Сиз колдонгон инструменттер сиз куруп жаткан нерсеге тең келбейт. 
 
Ушундан улам төмөндөгү тизмедеги кайсы бирине элдик журналистиканы киргизүү жаңылыштык болот: 
 
• Медианын катышуусу менен өнөктөштүк
 
• Ири долбоорлор
 
• Жарандык форумдар жана жолугуушулар
 
• Жарандык “сүйлөгөн баштар”
 
• Тандалган кызматтарга талапкерлерге жана аткаминерлерге жарандардын суроолору
 
• Блогдор, онлайн-форумдар жана комментарийлөөнүн башка формалары
 
Кайталайм, биздин журналисттик көнүмүш адаттарыбыз, рефлекстерибиз жана практикабыз “элдик”, же “жарандык”  болушу үчүн аракет жасап жатабыз – биз мамилени өзгөртүп жатабыз. Бул сиздин күнүмдүк ишиңизге жол, ой жүгүртүү ыкмасы. Аларды журналисттер максатына жетүү үчүн колдонгон функциялар, техникалар, инструменттер, жабдуулар менен аралаштырбаңыз.
 
3-версия. Жарандык журналистика – бул колдонуучуну эксплуатациялоо
 
Мына ошентип биз Шарлоттко жеттик. Кесиптештерибиз айтып берген биринчи окуя “Шарлотт Обзервер” гезитинин журналисттери 2007-жылы жүргүзгөн өтө чуулгандуу иликтөө. Бирок биз жарандык журналистиканын тажрыйбалары менен таанышуу үчүн келдик да! “Шашпагыла” деп америкалык кесиптештер тынчтандырып, окуяны айтып беришти. Эки жыл мурда АКШдагы ири кайрымдуулук уюмдардын бири болгон United Way уюмунун аймактагы өкүлчүлүгү шылуунчулук менен байланышкан деген шектенүү пайда болгон жана журналисттер муну иликтөөнү чечишкен. Фактылар тастыкталган. Редакция бир нече материалдарды чыгарып, күнөөлүүлөр жазаланган. Бирок күтүүсүз бир окуя болду: Түндүк Каролинанын калкы штаттагы ЭЧ БИР кайрымдуулук уюмга ишенбей калды.  Алардын акчасын кимдир бирөөлөр өз чөнтөгүнө колдонуп жатканын билген адамдар кайсы бир кайрымдуулук фондго акча которуудан баш тартышты. “Бирок кайрымдуулукка муктаж болгон адамдар жоголгон жок да, - дейт гезиттин башкы редактору Рик Теймз. – Үйү, тамак-ашы жок адамдар көп эле. Иликтөөнүн жүрүшүндө бул маселени чечүү жоопкерчилиги бизге жүктөлгөнүн сездик”. 
 
Ушундан улам гезит кайрымдуулук фонддордун жана коомдук уюмдардын атын калыбына келтирүү милдетин алды. Бирок кантип? Фонд тууралуу үгүт макала жаза албайсың да. Ушундан улам “Шарлотт Обзервер” сайтында маалымат базасы түзүлдү. Анда ачкыч сөз менен сиз жардам бергиңиз келген уюмду тандайсыз. Мисалы, сизде бирөөгө бергиңиз келген компьютер бар дейли. Сиз “компьютер” деген сөздү тересиз жана компьютерге муктаж болгон уюмдардын тизмеси чыгат. Адамдар эми тиги же бул уюмга акча менен гана эмес, өзү каалаган жол менен жардам берүү мүмкүнчүлүгүн алышты. Ошентип “Шарлотт: миссия максатына жетет” аттуу жаңы долбоор жаралды. Гезиттин редакциясы адамдар менен кайрымдуулук уюмдар ортосунда көпүрө болуп калды.
 
Сиз байкадыңыз беле, кайсы бир маселе тууралуу олуттуу ойлонуп жатканда өнөктөштөр күтүлбөгөн жактан пайда болот? “Шарлотт Обзервер” гезитинде да ушундай болду. Алар көп жылдар бою PBS Television каналы үчүн  Everyday Eddissons деп аталган берүүнү даярдаган Everyday Eddissons деп аталган инновациялык компания менен иштешип келген. Бул берүүнүн маңызы – “мээлер үчүн траст фондуларын” түзүү. Бул бизнес үчүн ИДЕЯЛАР компаниясы. Мына ошондо жарандар менен кайрымдуулук уюмдар ортосундагы көпүрө миссиясын талкуулап жатып, гезит жана  Everyday Eddissons бирин-бири биринчи жолу көргөндөй болду. Гезитте иштегендер “эдиссондорго” идеяларды фильтрациялоо үчүн программалык камсыздандырууну өз долбоорунда колдонуп, жарандык көйгөйлөрдү чечүүнүн биргелешип иштөөнү сунуш кылышты. “Алар буга чейин мындай иштерди акча үчүн гана аткарып келишкен, бирок алардын аткаруучу директору жарандык туруму бар адам болгондуктан системаны коомдогу көйгөйлөрдү чечүүгө колдонуу мүмкүнчүлүгүнө 
кызыгып калды. Буга чейин ал бул тууралуу көп деле ойлонгон эмес. Бирок биздин долбоор тууралуу угаар замат: “Балким чын эле мен жасаган ишти коомдук көйгөйлөрдү чечүүгө жумшоо үчүн ыкма бардыр. Себеби бул инструмент маселени чечүү үчүн адамдарды бириктирүүгө чакырат да” деди. Бул бизге көп акчаны жана убакытты үнөмдөөгө жардам берди. Натыйжада биз 350 идеяны алдык: өтө күлкүлүүдөн баштап, АКШнын Салык кодексин өзгөртүү өңдүү идеялар болду”, - дейт гезиттин башкы редакторунун орун басары Шерил Карпентер.
 
Эгерде сиз буга чейин эч качан краудсорсинг  (негизинен интернет аркылуу тиги же бул компаниядагы көйгөйдү иликтөө жана чечүү үчүн профессионал эместерди тартуу) тууралуу укпасаңыз анда билип алыңыз: “Шарлотт Обзервер”, PBS телекомпаниясы жана Everyday Eddissons компаниясынын биргелешкен мультимедиялык долбоору – бул краудсорсинг. Же башкача айтканда колдонуучуну эксплуатациялоо. Макул, түз маанисинде колдонуу эмес, анткени бардык нерсе өз ыктыяры менен, ИДЕЯ үчүн жасалып жатат да. Бирок ушундан улам эле долбоордун социалдык мааниси эч эле азайып кеткен жок да, туурабы?
 
«Шарлотт: миссия максатына жетет» долбоору менен 90-жылдардын башындагы “Шарлотт долбоорун” эмне бириктирет? – деп сурады Рик Теймз жана өзү эле жооп берди: - Эки долбоор тең жарандарды алар үчүн маанилүү болгон маселелерди талкуулоого жана чечим издөө процессине активдүү катышууга түрттү”.
 
Биз Шарлоттон кетээр алдында Эд Арноун айткандай, технологиялар, же инструменттер чындап эле ар кандай болду: 90-жылдардын башында негизинен блокноттор жана диктофондор болсо, бүгүн – интернет жана компьютердик программалар. 
Уландысын “Муниципалитет” журналынын 
кийинки санында окуңуз