Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айдоо жерлерин трансформациялоодо жоготуулардын ордун толуктоону жокко чыгаруу тууралуу

2021-10-04 / Мыйзам жаӊылыктары
Айдоо жерлерин трансформациялоодо жоготуулардын ордун толуктоону жокко чыгаруу тууралуу

Сүрөт: https://knews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзамга кол койду. Документ турак жай куруу пландаштырылбаган жер участокторуна үй куруп алган жарандардын көп жылдан берки көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.

Маселен, мыйзам менен жол-жоболорду түшүндүрүү жана кайрыла турган органдарды тактоо аркылуу жер участокторуна документтерди алуу тартиби боюнча көйгөйлөр чечилүүдө.

Өлкөдө жарандардын жашоосуна кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизген экономикалык кырдаалга, баалардын өсүшүнө, пандемияга байланыштуу жарандардын жашоо-турмушунда келип чыккан кыйынчылыктарды эске алуу менен бул мыйзам жарандарды айыл чарбадагы жоготууларга байланыштуу компенсацияларды төлөөдөн бошотот.

Белгилей кетсек, ушул кезге чейин жер участокторун трансформациялоодо турак жайларды куруп алган жер тилкелеринин ээлери айыл чарба жоготууларын жана алынбай калган пайданы төлөшү керек болчу.

Ошондой эле мыйзам менен жаңы конуштардын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча демилгелер трансформацияланган жерлердин ээлерине өткөрүлүп берилет1.

 
_________

http://www.president.kg/ru/sobytiya/20312_podpisan_zakon_kirgizskoy_respubliki_o_vnesenii_izmeneniy_v_zakon_kirgizskoy_respubliki_o_perevode_
transformacii_zemelnih_uchastkov