Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарынын алгачкы жыйынтыгы – бул шайлоочулардын ишенимине ээ болуу

2022-01-11 / Мен - депутатмын
Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарынын алгачкы жыйынтыгы – бул шайлоочулардын ишенимине ээ болуу

Авторлор: Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, Айнура БАЛАКУНОВА, Нуржан МАМЫРАЛИЕВА.

2021-жылдын декабрь айында Бишкекте аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутаты Мектеби өз ишинин жыйынтыгын чыгарды1. Иш-чара Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун колдоосу менен тажрыйба алмашуу форматында өттү.

Тажрыйба алмашуу эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгү Бишкекте, экинчи бөлүгү Чүй облусунун Москва районундагы Садовый жана Беловодск айыл аймактарынын базасында өттү.

Бишкекте өткөн биринчи күнү катышуучулар - жергиликтүү кеңештин 30дан ашык аял депутаты, аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутаты Мектебинин бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн алгачкы кадамдарын, жетишкендиктерин, кыйынчылыктарын жана аларды чечүү жолдорун талкуулап, кийинки жылга пландары менен бөлүштү. Алар менен Долбоордун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ, ЖӨБ Союзунун директору Бектурган ОРОЗБАЕВ, МКЖӨБМАнын өкүлү Чолпон АЧИКЕЕВА учурашып, жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процессинде, өзгөчө социалдык мүнөздөгү маселелерди чечүүдө аялдардын маанилүү ролун белгилешти.

ЖӨБ Союзунун директору ар кандай окуулар (онлайн да, офлайн да) аркылуу билимди өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду: “Бул абдан маанилүү, себеби ЖӨБ чөйрөсүндөгү мыйзамдар тез-тез өзгөрүп тургандыктан, өз ишиңизди жаңы өзгөрүүлөргө ылайык өз убагында тууралап алуу үчүн өзгөрүүлөргө көз салып туруш керек. Мыйзамдарды билбегендик ЖӨБ органдарынын ишинде ката кетирүүгө алып келет. Тактап айтканда, жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттары текшерүүчү органдардын ролун өзүнө алып, компетенциясына кирбеген маселелер менен алектенип калууда. Ошондой эле көңүлүңүздөрдү жергиликтүү кеңештердин жана туруктуу комиссиялардын ишин пландаштырууга бургум келет, себеби жыл соңуна чыгып баратат, мындан улам жыйынтыктарды чыгаруу менен бирге кийинки жылга пландарды туура түзүп алуу өтө маанилүү”, - деди Б. ОРОЗБАЕВ. ЖӨБ Союзунун директору катышуучуларды МКЖӨБМА бекиткен жергиликтүү кеңештин жана жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын типтүү иш планы менен тааныштырды. Бул пландын негизинде ар бир кеңеш өзүнүн пландарын иштеп чыгып, беките алат.

Андан кийин Мектептин тренери, эксперт Айнура БАЛАКУНОВА иш-чаранын максаты жана тапшырмалары тууралуу айтып берип, программа менен тааныштырып, аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутаты Мектебинин жыйынтыктарына токтолду: “Биздин кызматташтык 2021-жылдын 25-январында Ысык-Көлдө аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутаты Мектебинин алкагында башталган. Мектепте 49 кыз-келин окуду. Жыл ичинде Долбоор онлайн жолугушууларды, семинарларды жана тренингдерди, ар бир катышуучунун жеке пландарын ишке ашыруу боюнча консультацияларды өткөрдү. Сиздер менен Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамды, шайлоого катталуунун тартибин, үгүт жүргүзүүнүн жана шайлоонун жыйынтыгын чыгаруунун эрежелерин талкуулаганбыз. Жыйынтыгында 30 катышуучу талапкер болуп катталса, 23 “окуучу кыз” депутат болушту. Долбоор ошондой эле катышуучуларга жергиликтүү бюджетти, анын ичинде коомдук бюджеттик угууларды гендерге көңүл буруп түзүү боюнча тренингдерди жана консультацияларды өткөрдү. Мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн көмөгү жана катышуусу менен 22 коомдук бюджеттик угуу өткөрүлдү; 1285тен ашык адам мектептин катышуучуларынан алдыдагы коомдук бюджеттик угуулар жөнүндө маалымат алышты; бул коомдук бюджеттик угууларга катышкандардын жалпы саны 795 адамды түздү, анын ичинде 341 аял болду; түшкөн сунуштардын жалпы саны 137 болсо, анын ичинен 67 сунуш аялдардан түштү; эске алынган сунуштардын саны 81 болсо, 52 сунушту аялдар берген”.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар жаңы статустагы алгачкы кыйынчылыктары, иштин жыйынтыктары жана жеке жетишкендиктери тууралуу өз байкоолору менен бөлүшүштү. Маселен, Зарина БОШКОЕВА айыл өкмөтү менен жергиликтүү кеңештин иши бири-бири менен макулдашылбагандыгы, мыйзамдардагы кемчиликтер ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжасыздыгынын бирден бир себеби болуп жатканын белгиледи. Тактап айтканда, Зарина ижарачыларга жерди узак мөөнөткө алууга мүмкүнчүлүк берген Жер кодексинин 7-беренесине токтолду. Заринанын баамында, бул ченем башка адамдардын жерди алуу жана иштетүү мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат.

Анара АСАДОВА калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жана жергиликтүү бюджетти гендердик өңүттө түзүү жаатындагы ишинин жыйынтыгы менен бөлүштү. Анара мыйзамдар тез-тез өзгөргөндүктөн алар менен баары эле таанышууга үлгүрбөй калып жатканын ишиндеги кемчилик катары атады.

Нургүл САДЫКОВА шайлоодо аялдар үчүн бөлүнгөн 30% квотанын артыкчылыктарын белгиледи. Бул квотанын натыйжасында анын жергиликтүү кеңешинде 8 аял депутаттык мандат алган. Депутат жетишкендиктер катары буларды санап берди: бала бакча ачууга көмөктөшүү, “Таза Суу” долбоору боюнча кошо каржылоо катары 10 млн. сом алынып, бул акча суу менен камсыздоо тармагын реконструкциялоого багыттоо; АЖМФ жерлерин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүштүрүү, аларга социалдык жардам көрсөтүү, балдар аянтчаларын көрктөндүрүү, ирригациялык тармактарды жакшыртуу ж.б.

Катышуучулардын презентацияларына медиа-эксперт Алмаз ИСМАНОВ көз салып турду, аны уюштуруучулар жергиликтүү кеңештин депутаттарынын сүйлөө чеберчилигин жана социалдык тармактарда шайлоочулар менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу максатында чакырышкан. Катышуучулардын ар бири сүйлөп бүткөндөн кийин ИСМАНОВ депутаттарга коопсуздукту эске алуу менен шайлоочуларга маалыматты кабыл алууга оңой, жагымдуу түрдө жеткирүүнүн жолдорун айтып берип, аларды коомдук мүнөздөгү отчеттуулуктун ыкмалары жана аспаптары, байланыш каналдарын тандоодо көңүл бурчу жагдайлар менен тааныштырды. “Эмне үчүн социалдык тармактар аркылуу иштөө маанилүү жана натыйжалуу? Бүгүнкү күндө орточо эсеп менен алганда бир адамдын кеминде беш жеке баракчасы бар. Орточо алганда, колдонуучу күнүнө эки сааттан ашык убактысын интернет мейкиндигинде сарптайт; колдонуучу убактысынын 30 пайыздан ашыгын социалдык медиада өткөрүүдө. Коомго тез эле аралашуу, айрым адамдар жана бүтүндөй топтор менен байланыш түзүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр социалдык медианын эң маанилүү жакшы жагы болуп эсептелет. Сиздер, жаңы статуска ээ болгон аял депутаттар, аудиториянын алдында сөз сүйлөөнүн маанилүүлүгүн унутпашыңар керек. Силердин сүйлөгөн сөзүңөр же соцтармактарга жазган текстиңер сабаттуу болууга тийиш. Өз аккаунтуңарга да (жеке маалыматтарды толтуруп жатканда), ошондой эле тексттериңерде да өзүңүз жөнүндө чын маалыматты гана жарыялашыңыз керек”, - деп эсептейт медиа-эксперт.

Ошондой эле Алмаз ИСМАНОВ контент жаратуунун ыкмалары, анын ичинде расмий отчеттон социалдык медиа   үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн постту кантип даярдаса болоору тууралуу; чыккан текстти жайылтуунун жолдору жөнүндө; контентке кошуу үчүн сүрөттөрдү жана музыканы алуу үчүн акысыз, жеткиликтүү ресурстары тууралуу айтып берип; катышуучуларды “пост”, “сторителлинг” жана “лонгрид” сыяктуу түшүнүктөр менен тааныштырып, катышуучулар менен социалдык медиадагы аккаунттарын жакшыртуу боюнча иштерди жасады.

Иш-чаранын экинчи күнүндө катышуучулар Садовый айылдык аймагына барышты. Ал жерде катышуучуларды Москва районунун райондук жергиликтүү администрация башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары, айыл өкмөт башчысы, аял депутаттар жана Садовый айылдык кеңешинин төрагасы тосуп алышты.

Мектептин тренери, юрист Нуржан МАМЫРАЛИЕВА катышуучуларды жакында кабыл алынган “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамы менен тааныштырып, киргизилген өзгөртүүлөргө өзгөчө көңүл бурду. Атап айтканда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын компетенциясына; жергиликтүү маанидеги социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын – акимдердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жоопкерчилигин жогорулатууга; акимди дайындоонун жана бошотуунун тартибине, анын жаңы ыйгарым укуктарына; акимдин кызмат ордуна талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптарды күчөтүүгө; мэрлерди жана айыл өкмөт башчыларын кызматка дайындоонун жана бошотуунун тартибине; мэрлердин жана айыл өкмөт башчыларынын кызмат ордуна талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптарга, алардын ыйгарым укуктарына жана ыйгарым укуктарын мөөнөттөрүнө киргизилген өзгөртүүлөргө ж.б., ошондой эле райондук кеңештерди киргизүүгө тиешелүү беренелерге көңүл бурду.

Садовый айылдык кеңешинин төрагасы Баялы САРКУЛОВ кеңештеги бардык аял депутаттар менен тааныштырып, алардын жергиликтүү кеңештин ишиндеги маанилүү ролун баса белгиледи: “Жаңы чакырылышта 8 аял депутаттык мандат алганына өзгөчө кубанып турабыз, мурда кеңештин курамында бир дагы аял депутат болгон эмес. Аялдар өз ишинде жогорку жоопкерчиликти көрсөтүп жатышат, жергиликтүү кеңештеги негизги комиссияларды аялдар жетектейт, алар өз милдеттерине олуттуу мамиле жасашууда. Мисалы, алар туруктуу комиссиялардын келерки жылга пландарын бекитүүгө жетишти”, - деп белгиледи төрага. Андан соң Баялы САРКУЛОВ “Садовый айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын иши кантип уюштурулган?” деген темада баяндама жасады.

Жер маселеси боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Жамал МОЛДОКУЛОВА 6 айдан берки ишинде АЖМФ жерлерин ижарага берүү шарттары кайра каралып, мөөнөтү бүткөн ижарачылар үчүн келишимдердин мөөнөтү жаңы шарттар менен узартылганын билдирди. Ижара акысы 3 000 сомдон 10 000 сомго чейин көтөрүлүп, натыйжада жергиликтүү бюджетке түшкөн киреше 2 миллион сомдон ашык көбөйгөн.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Анара АСАДОВА “Бюджеттик процесстеги гендердик сезимталдык” темасын алып чыгып, катышуучулардын көңүлүн 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды (КБУ) пандемия маалында өткөрүүнүн шарттарына жана талаптарына бурду.

Туруктуу комиссиянын төрайымы Лидия САРАТОВЦЕВА “Жергиликтүү кеңештин депутаттары балдардын билим алуу шарттарын жакшыртууга кантип көмөктөшүүдө?” деген темада баяндаманы тартуулап, Камкорчулар кеңешиндеги иш тажрыйбасы менен бөлүштү.

Андан соң иш-чаранын катышуучулары Садовый айылдык аймагында аял депутаттардын катышуусунда курулган же пайдаланууга берилген объектилерди кыдырып чыгышты. Алар социалдык шаарчада, клубда, аллеяда жана мектепте болушту, бул мектепте окуучулар үчүн ысык тамак уюштурулган; ошондой эле “Бирдиктүү терезе” аркылуу калкка кызмат көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү практикасы менен таанышып чыгышты.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Жазгуль АХМАТОВА социалдык шаарчанын2 курулушу боюнча долбоордун таржымалы жана ишке ашырылышы тууралуу айтып берди. Бул шаарчада 17 жаңы көп батирдүү коттедж үйлөр орун алган. 2019-жылдын апрель айынан бери шаарчада калктын аялуу катмарынан 289 адамдан турган 68 үй-бүлө жашап жатат: Садовый ААдан 22 үй-бүлө, Беловодск ААдан 13 үй-бүлө, Петровка ААдан 7 үй-бүлө, Биринчи Май ААдан 4 үй-бүлө, Александровка ААдан 4 үй-бүлө, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан 13 үй-бүлө бар.

“Бул социалдык долбоорду ишке ашыруу үчүн 1,65 гектар жер тилкесин бөлүп бергенбиз, мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде архитектура, өрткө каршы жана санитардык-эпидемиологиялык органдарда документтерди жол-жоболоштуруу боюнча бардык уюштуруу иштерин колго алганбыз. Бүгүнкү күндө шаарчада үйлөрдөн тышкары социалдык объектилер да курулган – балдар аянтчасы, ФАП, мечит, дүкөн бар; тигүү цехин жана күнөскана куруу да пландалып жатат”, - дейт Жазгуль АХМАТОВА.

Москва районунун Беловодск айылдык аймагынын Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитетинин иши менен тааныштыруу эки күндүк тажрыйба алмашуу сапарынын жыйынтыктоочу бөлүгү болуп калды. Райондук мамадминистрация башчысы-акимдин орун басары үй-бүлөлүк зомбулук өңдүү көрүнүш айыл аймактардын тургундарын кыйгап өтөт деген үмүтүн айтты. Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитетинин төрагасы Кеңешбек СЫДЫГАЛИЕВ жана Беловодск айылдык кеңешинин депутаты, аталган комитеттин Москва району боюнча координатору Элеонора СЫЙДАНОВА «Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу. Райондук деңгээлде Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттерди (ҮЗАК) түзүү» практикасын3 киргизүү тажрыйбасы менен бөлүшүп, комитетти түзүүгө эмнелер себеп болгонун, кандай жетишкендиктер болуп жатканын айтып беришти.

«COVID-19 Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча кырдаал канчалык курч болгонун ачыкка чыгарды. Тактап айтканда, үй-бүлөлөр карантинде калууга аргасыз болгон шарттарда үй-бүлөлүк зомбулук учурлары көбөйүп, өз жанын кыюу фактылары да катталган. Көп учурда аялдар зордук-зомбулук фактылары жөнүндө эч кимге айтпай, туугандарынан жана кошуналарынан уялып, баарына өздөрүн күнөөлөп, арыз-арманын ичинде катып отура беришет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Беловодск муниципалитетинин ЖӨБ органдарынын катышуусунда 2020-жылдын апрель айында “Аялдардын демократиялык тармагы» коомдук фондунун колдоосу менен «Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү комитеттердин ишин түзүү» долбоору башталган. 2020-жылдын сентябрына чейин долбоордун алкагында ЖӨБ органдарына жана райондук мамлекеттик администрацияга консультациялык-усулдук жардам көрсөтүлгөн; айыл өкмөтүнүн адистери, жергиликтүү жамааттын лидерлери жана райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү үчүн онлайн тренингдер өткөрүлгөн. Москва районунун аймагында 12 ҮЗАК түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин өз ишмердүүлүгүн улантууда», - дейт Элеонора СЫЙДАНОВА.«ҮЗАКтын ишине көмөктөшүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 45 000 сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Бул каражатка Комитет үймө-үй кыдырып, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, зомбулукка кабылган аялдарды жана балдарды аныктоо боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп чыкты. Алгачкы жыйынтыктар азыртадан эле байкалууда: адамдардын аң-сезими өзгөрүүдө, алар аялдардын жана балдардын укугун коргогон Мыйзам бар экенин, бул маселе менен алектенген органдар бар болгонун билишет. Ал эми буга чейин зордук-зомбулукка кабылгандар клиникалык психологдун кызматынан пайдаланып, юристтен акысыз кеңештерди алып турушат».

Жыйынтыктар

Эки күн бою тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары – жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары маалыматтар менен таанышып, аларды талкуулап, тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Жыйынтыгында алар жергиликтүү кеңештердин депутаттары катары көтөрүп чыгып, чече алган өзгөчө маанилүү 15 маселе аталды. Алар:

  • үй-бүлөдөгү зомбулук;
  • ичүүчү суунун тартыштыгы;
  • сугат суунун тартыштыгы;
  • КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу
  • турмуштук оор кырдаалга туш болгон социалдык жактан аялуу топторго жардам көрсөтүү;
  • спорт менен машыгуу үчүн шарттар;
  • жер ресурстарын, анын ичинде АЖМФ жерлерин өзгөчө аялдар жана калктын социалдык жактан аялуу топтору үчүн ачык-айкын бөлүштүрүү;
  • жергиликтүү деңгээлде алдыңкы тажрыйбаларды колдоо;
  • мектепке чейинки билим берүү үчүн шарттар;
  • калк арасындагы жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү;
  • жергиликтүү бюджеттин каражаттарын ачык-айкын бөлүштүрүү;
  • мектепке чейинки курактагы балдардын эс алуусун уюштуруу;
  • мектепте билим алуу үчүн шарттар;
  • мектеп жашындагы балдардын кошумча билим алуусу;
  • жарыктандыруу.

Жергиликтүү кеңештин аял депутаттары кандай кыйынчылыктарга туш болушууда?

  • Жергиликтүү кеңештин башка депутаттары менен, өзгөчө жергиликтүү кеңештеги улуу жана жаш депутаттар менен тил табышуу оңой болбой жатат.
  • Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, өзгөчө укуктук маселелер боюнча сабаттуулугу төмөн болууда.
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тез өзгөрүүдө.
  • Жергиликтүү кеңештер өздөрү кабыл алган чечимдерди көзөмөлдөөнүн деңгээли төмөн болуп жатат
  • Жашоочулар жергиликтүү кеңештин депутаттарына көп ишеним артпай жатышат
  • Иш жүзүндө көпчүлүк учурларда жергиликтүү кеңештин иши туруктуу комиссиялардын иш пландарына жана жергиликтүү кеңештин иш планына ылайык жүргүзүлбөйт.
  • Бийликтин аткаруу органдары менен жергиликтүү кеңештин өз ара аракеттенүүсү начар болууда
  • Маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү бюджетте каражат тартыш
  • АӨ башчысы жергиликтүү кеңештин төрагасы менен тирешүүдө; АӨ башчылары иш жүзүндө жергиликтүү кеңешке отчет беришпейт, алар жергиликтүү кеңештин суроо-талабы боюнча аткарылган иштер жөнүндө отчет тапшырышпайт.
  • Туруктуу комиссиялардын жыйындарында көпчүлүк маселелер иш жүзүндө дээрлик каралбай калууда.
  • Аял депутаттар шайлоочуларынын ишенимин актоо үчүн өзүн лидер жана жергиликтүү кеңештин депутаты катары көрсөтө алышына каражат, долбоорлор жетишсиз болууда.

Жергиликтүү кеңештин депутаттары кантип шайлоочулардын ишенимин актап, жергиликтүү жамааттын алдында жоопкерчиликтүү боло алышат?

АЯЛ ДЕПУТАТТАР ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР ЖАНА СУНУШТАМАЛАР

  • Өзгөчө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен байланыш түзүү жагынан алып караганда азыркы дүйнө бир кыйла өзгөрдү. Жергиликтүү кеңештин депутаты таанылышы керек. Бул үчүн алар шайлоочулар кайсы социалдык тармактарды колдоноорун аныктай билиши керек.
  • Социалдык медиада аккаунттарды ачып, ал жерлерде үзгүлтүксүз жигердүү иш алып барыңыз; өз шайлоочуларыңыз менен байланыш түзүңүз; алар үчүн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү сабаттуу жеткире алган ишенимдүү булакка айланыңыз.
  • ЖӨБ органдарынан өз муниципалитетинин расмий маалыматтарын калк үчүн түшүнүктүү тилде, кыска жана так жайгаштырып турушун талап кылыңыз.
  • Коомдук иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу пресс-релиздерди жана/же маалыматтык материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык медиа үчүн даярдоого жана жайылтууга катышыңыз.
  • ЖМК өкүлдөрүн муниципалитеттин деңгээлинде өткөрүлгөн коомдук жана расмий иш-чараларга чакырыңыз.
  • Отчетторду, токтомдорду, буйруктарды, протоколдорду жана башка маалыматтык материалдарды маалыматтык стендге, веб-сайтка жана башка ресурстарга жайгаштырыңыз, анын ичинде мессенджерлер жана маалымат бюллетендери аркылуу жайылтыңыз.
  • Мессенджерлер же социалдык тармактар аркылуу кандайдыр бир билдирүүлөрдү, аудио же видео жазууларды жана башка маалыматтарды алгандан кийин фактчекингдин жардамы менен анын аныктыгын текшерип, кандай максатта таратылып жатканын билүүгө умтулуңуз.
  • Маалыматыңызды же билдирүүңүздү башкаларга таратуу үчүн даярдап жатканда фактылар менен тастыкталган ишенимдүү маалыматты гана кошуңуз.

____________ 

1 Мектеп тууралуу толук маалымат: https://myktyaimak.gov.kg/single-news?lang=ru&id=29  

2 Бул практика ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталында кенен баяндалган: https://myktyaimak.gov.kg/library/best-practices/best-practice-example?lang=ru&id=181  

3 Бул практика ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталында кенен баяндалган: https://myktyaimak.gov.kg/library/best-practices/bestpractice-example?lang=ru&id=203