Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- КЭУ коом кызматында
КЭУлардын ролун таануу жана натыйжалуулугун жогорулатуу коомдук өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат
Автор: Надежда ДОБРЕЦОВА, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору, ӨСИ башкаруу төрайымы, Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын кеңешчиси.
Мамлекет менен бизнесте каражаттар, мүмкүнчүлүктөр, мотивациялар жетиштүү болбогондуктан коммерциялык эмес уюмдар коомго кызмат кылууга, көптөгөн коомдук көйгөйлөрдү чечүүнү өз мойнуна алууга чакырылган. Жалпысынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын басымдуу бөлүгүнүн жашоо шарты өнүгүүнүн үч күчүн же үч субъектисин түзөт: мамлекет, бизнес жана коомдук уюмдар. Бирок мамлекеттин жана бизнестин салымы менен ролу бардыгына айкын болсо, коомдук уюмдардын салымы көп учурда бааланбай кала берет.
Ошентип, мамлекет эрежелерди (мыйзамдарды) белгилеп, алардын аткарылышын көзөмөлдөп, көптөгөн маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруп, эл аралык деңгээлде улуттун атынан чыгып, коопсуздукту коргоп, чек араны кайтарат ж.б. Андыктан улутка, Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекет керекпи деген суроону эч ким койбойт, себеби мамлекет болбосо улут да, жарандар да болбойт, белгилүү бир сандагы адамдар гана бар экени айтылып калат. Ошондой эле күнүмдүк турмушта товар өндүргөн, кызмат көрсөткөн, башкача айтканда, ар бирибиздин курсагыбызды тойгузуп, кийиндирип, тейлеген бизнестин ролу кандай экенин баарыбыз билебиз. Ошол эле учурда мамлекеттин жана бизнестин эмгеги менен салымын баалоонун көптөгөн аспаптары, ыкмалары бар. Мамлекеттик органдарга кайрылуу, депутаттардын жана аткаминерлердин кызмат көрсөтүүлөрүнө жана ишине баа берүү жолу менен мамлекеттин ишин шайлоодо баалоого болот. Кайсы бир товарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алып же сатып албай биз күн сайын бизнестин товарларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө да баа берип турабыз.
Ал эми коммерциялык эмес, коомдук уюмдар жөнүндө эмнелерди айтууга болот? Тилекке каршы, коммерциялык эмес уюмдардын жарандардын жашоосундагы ролу жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы көп учурда бааланбаган бойдон калууда. Чындыгында КЭУлар биздин социалдык, руханий, коомдук турмушубузду түзгөн эң татаал, “жука”, сезимтал маселелер менен иштешет.
КЭУлар коммерциялык потенциалы жок, пайда табуу мүмкүнчүлүгүн бербегендиктен бизнес кызыкпаган өнүгүү чөйрөлөрүнө барышат; ал эми мамлекеттин бул чөйрөлөрдө мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз, адистери, убактысы тартыш, же бул чөйрөлөр өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маселелери менен атаандаша алышпагандыктан көңүл сыртында кала беришет. Бул жерде кайсы чөйрөлөр жөнүндө сөз болуп жатат? Алар көп жана коомдук уюмдардын Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы бааланчу күн азырынча келе элек, бирок бул салымдын маанисин КЭУлардын ишинин айрым багыттарын санап чыгуу менен болжолдоого болот: майыптуулугу бар адамдарга жана балдарга кызмат көрсөтүү жана колдоо; балдар хосписи; үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдар үчүн баш калкалоочу жайлар; бак-дарактардын кыйылышына жол бербөө; коомдук мейкиндиктерди уюштуруу; маданий мурасты сактоо; балдар үчүн ийримдерди уюштуруу; ВИЧке чалдыккандарды колдоо (анонимдүүлүк себептеринен улам аларга мамлекеттик саламаттык сактоо системасы көпчүлүк кызматтарды көрсөтө албайт); китеп окуу маданиятын колдоо; мамлекеттик сатып алууларга жана бюджетке коомдук мониторинг жүргүзүү; мамлекеттик органдардын ишине юридикалык колдоо көрсөтүү; айылдарды өнүктүрүү үчүн гранттарды тартуу; жарандардын укуктары боюнча маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрүү; жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү; адамдардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, искусствону колдоо; билим берүүнүн жаңы методикаларын киргизүү жана дагы көп иштер бар. Толук эмес жана жеткилең эмес бул тизменин өзү да Кыргыз Республикасына КЭУлар зарылбы деген суроого ачык жоопту берет. Жөн эле зарыл эмес, өлкөнүн адамдык потенциалды сактап, калктын аялуу катмарынын кызыкчылыгын коргоп, коомдун адилеттүүлүгүн, гумандуулугун жана руханиятын сактап, гармониялуу өнүгүүсү үчүн өтө зарыл.
Бирок КЭУлар үчүн өз миссиясын аткаруу оңой эмес. КЭУга жеткиликтүү ресурстардын дээрлик бардыгы тышкы булактардан келгени жашыруун эмес. Биринчиден, финансы – көпчүлүк КЭУлар эл аралык уюмдардан алган чакан кыска мөөнөттүү гранттардын эсебинен күн көрүп келүүдө, бул гранттар ушул уюмдарга жок болуп кетпөөгө мүмкүнчүлүк берүүдө, бирок аларга өз ишмердүүлүгүн туруктуу, натыйжалуу жана узак мөөнөттүү негизде уюштурууга, кадр потенциалын өнүктүрүүгө, жаш адистерди даярдоого, КЭУ колдоп, коргоо милдетин өзүнө алган социалдык топтордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жол бербей жатат. Өлкөдө КЭУлардын өздөрүн өнүктүрүп, колдоо борборлорунун, билимди башкаруу борборлорунун жоктугу да маанилүү маселе. Себеби мындай борборлор КЭУларга алыскы чет өлкөлөрдүн гана эмес, Кыргыз Республикасынын реалдуулугуна адаптацияланган же ушул жакта түзүлгөн жергиликтүү, регионалдык мыкты, инновациялык иштөө ыкмаларын табууга жана киргизүүгө жардам бермек.
КЭУлар таптакыр эле жардам алышпайт деп айтууга болбойт – алар алып жатышат. Бирок бул уюмдар жардам берген булактардын (көбүнчө эл аралык уюмдардын) өздөрү аныктаган түрүндө жана багытта жардам алышат. Тилекке каршы, мамлекет КЭУну өнүктүрүүгө талаптагыдай көңүл бурбай жатат, болгондо да сөз бир гана финансылык ресурстар жөнүндө болуп жаткан жок, сөз коомдук уюмдардын ишинин укуктук шарттарын өркүндөтүү, өнүктүрүү жөнүндө да болууда. Эгерде кырдаалды Орусия Федерациясындагы абал менен салыштырсак дагы, бул чөйрөдөгү мыйзамдардын эволюциясы менен бийликтин мамилесинин ортосунда ажырым көзгө илинет. Мисалы, Орусияда коммерциялык эмес уюмдарга федералдык, регионалдык, ал тургай муниципалдык деңгээлдеги мамлекеттик гранттар да жеткиликтүү болгондон тышкары, финансылык жана материалдык базаны калыптандыруу үчүн укуктук шарттар да түзүлгөн. Тактап айтканда, максаттуу капиталдын фонддору жигердүү өнүгүүдө, алар КЭУларга резервдерди чогултууга жана инвестициялоого, өз миссиясын аткарганы үчүн пассивдүү киреше алууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Кыргызстанда болсо эксперттер көп сөз кылып жүргөн бул багыттагы мыйзамдардын жалгыз жетишкендиги – мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы. Бирок бул жетишкендиктин да амалкөйлүгү бар – бул мыйзам дегеле КЭУларды өнүктүрүүгө багытталган эмес, анын максаты – социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү, башкача айтканда, мыйзам жөн гана мамлекетке башкаруунун жаңы аспабын карматып берди, бирок КЭУлардын туруктуулугу жана натыйжалуулугу үчүн принципиалдуу түрдө башкача шарттарды түзгөн эмес. КЭУлардын ишинин укуктук алкактарынын өздөрү болсо жыйырма жыл мурунку деңгээлде “тоңдурулган” бойдон кала берген, салык режимдерине карата да, капиталды түзүүгө да, кадр потенциалын өнүктүрүүгө карата да, инновацияларды жана билимдерди башкарууну киргизүүгө карата да, коом эмес, мамлекет жана бизнес активдүү пайдаланган улуттук байлыкка жеткиликтүүлүккө карата да эч өнүккөн жери жок.
Бул факторлор ошондой эле КЭУлардын Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымынын коомго “көрүнбөй”, бааланбай калышына себепчи болууда, жада калса КЭУлардын иши көбүнчө сынга алынып, бул сындар коомдук уюмдардын реалдуу ишмердүүлүгүнө эч тиешеси жок, КЭУлардын дарегине сындар маалыматтык модага байланыштуу эле айтылып жүрөт.
“Муниципалитет” журналын 11 жылдан бери чыгарып келе жаткан Өнүктүрүү саясат институту өлкөдөгү көптөгөн коммерциялык эмес уюмдар – борбордо жайгашкан ири уюмдар менен да, бир нече элеттик жамааттын деңгээлинде иштеген чакан уюмдар менен да тыгыз кызматташып келүүдө. Бул кызматташтык ресурстар жетишсиз болуп, мамлекеттин жана бизнестин кызыкчылыгы жок жерде КЭУлар канчалык эффективдүү түрдө, жанын аябастан иштеп жатканын көрүүгө мүмкүндүк берди. Коомдук уюмдардын натыйжалуу инновациялык демилгелери журналга бир нече жолу чыккан, мындай демилгелер Кыргыз Республикасынын көпчүлүк жергиликтүү жамааттарында чындап жакшы өзгөрүүлөргө жетүүгө шарт түзгөн.
Бирок, ошол эле учурда Өнүктүрүү саясат институту өзү да жергиликтүү, кыргызстандык уюм болгондуктан, калыптануунун татаал жолун басып өтүп, КЭУлар өздөрүнүн уюштуруучулук жана программалык өнүгүүсүндө туш болуп жаткан бардык кыйынчылыктарды өз тажрыйбасынан улам түшүнүп турат.
ӨСИ жана “Муниципалитет” журналы КЭУлардын иштөө шарттарын өзгөртүүгө өз салымын кошууга, атап айтканда, коомдук уюмдарга программалык иштердин мазмуну жана ыкмалары боюнча да, уюштуруучулук өнүгүү жагынан да билимдерин кеңейтүүгө жардам берүүгө умтулат. Биринчи тапшырманы аткаруу үчүн журнал КЭУлар менен ЖӨБ органдарынын кызматташтыгынын, жергиликтүү жамааттар менен иштешүүнүн формаларына жана ыкмаларына арналган макалаларды жарыялоону улантат. Бирок бул материалдардын топтому уюштуруучулук өнүгүүгө жана финансылык туруктуулукка арналган макалалар менен да толукталат. Ошондуктан, “КЭУ коомдун кызматында” деп аталган жаңы түрмөктү ачуу максатка ылайыктуу болот деп чечтик. Бул түрмөк журналдын ушул санына биринчи жолу чыгып жатат. Эми журналдын максаттуу аудиториясынын бири – КЭУ жетекчилери жана кызматкерлери аларга даректелген басылмаларды журналда оңой таба алышат.
Белгилей кетчү нерсе, журнал эл аралык уюмдар жана долбоорлор өткөргөн тренингдерди жана семинарларды алмаштырууну көздөбөйт, ал тургай журналдын редакциясы аларды бири-бирине көздөштүрүүнүн мүмкүнчүлүгүн таба аларына үмүттөнүшөт. “Муниципалитет” журналы 2021-жылдан тартып Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын башкаруусуна өткөн. Аталган Академия бара-бара КЭУлардын институционалдык өнүгүүсү жана финансылык туруктуулугу боюнча билимдерди башкаруу борборуна айланат, ал эми журналга чыккан макалалар КЭУларга зарыл болгон башкаруу усулдарын Академияда да, анын сыртында өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берген практикалык жана өтө зарыл ресурс болуп берет. Өнүктүрүү саясат институту өз кезегинде уюштуруучулук өнүгүү жана финансыны башкаруу боюнча өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүүнү пландаштырууда, бул тажрыйба эл аралык практиканы жана ыкмаларды изилдеп чыгып, адаптациялоо процессинде да, өз идеяларын жана тажрыйбаларын иштеп чыгып, киргизүүдө да көп жылдык сыноолордун жана каталардын негизинде топтолгонун белгилейбиз.
Түрмөктүн пайдалуулугунун деңгээли анын мазмуну КЭУлардын, өзгөчө жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде иштегендердин күнүмдүк муктаждыктарына, актуалдуу керектөөлөрүнө канчалык шайкеш келерине жараша болот. Ошондуктан редакция окурмандарга суроолорду берип, көйгөйлөрдү аныктап, талкуу үчүн ар кандай идеяларды жана гипотезаларды сунуш кылуу өтүнүчү менен кайрылат.
Мындан тышкары, редакция башка тараптардан – ЖӨБ органдарынан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден, Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана айылдарынын тургундарынан пикир алууга кызыкдар. КЭУлардын ролун жана келечегин баарыбыз чогуу талкуулаганыбыз, өлкөнүн өнүгүүсүндөгү алардын ордун терең түшүнүү өтө маанилүү. Ошондуктан, редакция КЭУларга тиешеси болбогон (же тиешем жок деп ойлогон) окурмандардын суроолоруна жооп берүүгө, КЭУлар деген кимдер жана алар биздин өлкөгө эмне үчүн керек экендиги тууралуу ар түрдүү пикирлерди сиздер менен талкуулоого кубанычта болот. Жазыңыз, пикириңиз менен бөлүшүңүз, бул темада эмнелерди күтүп жатканыңызды айтыңыз, ал эми биз сиздин маалыматтык керектөөлөрүңүздү канааттандыруу үчүн ыңгайлуу жана туура форманы табабыз.
КЭУНУН ФИНАНСЫЛЫК ТУРУКТУУЛУГУНУН ҮЧ ФАКТОРУ
Бир нече айга созулган кыска мөөнөттүү гранттар менен иштөө шарттарында КЭУлар үчүн уюмдун өнүгүүсүн болжолдоп, жада калса орто мөөнөттүү келечекке да ишмердикти пландаштыруу өтө оор болот. Мындай кырдаалда бардык иш пландары, өнүгүү стратегиялары, бюджеттер жумуштун жана башкаруунун реалдуу аспаптары болуп бергендин ордуна көбүрөөк “ушундай болсо жакшы болоор эле” дегендей каалоолорго, кыялдарга көбүрөөк окшошуп кетет. Кырдаалдан чыгуунун жолу барбы, же көпчүлүк КЭУлар бүгүнкү күн менен гана жашай бериши керекпи? Кайсы факторлор КЭУлардын финансылык туруктуулугуна олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн? Бул суроолорго жооптордун варианттарын “Муниципалитет” журналы сунуштайт. Жооптор Өнүктүрүү саясат институтунун тажрыйбасына, башка бейөкмөт уюмдардын байкоолорун жалпылаштырууга негизделген, бирок, албетте, акыркы инстанциядагы чындык болуп саналбайт. Редакция сизди теманы талкуулоого чакырат жана альтернативалык пикирлерди жарыялоого даяр.
Журналдын кийинки сандарында төмөнкү маселелер боюнча матеиалдарды окуй аласыз:
- КЭУлардын кыйыр чыгымдары;
- КЭУлардын пассивдүү кирешелери;
- каржылоонун ички булактары;
- туруктуу эмес каржылоо көйгөйүн чечүүдө социалдык ишкердиктин максатка ылайыктуулугу.