Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- МУНИЦИПАЛИТЕТ ФОНУНДАГЫ ПОРТРЕТ
ЭЛЛА КИМ: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – мамлекеттик органдардын дублеру эмес
2011-12-30 / МУНИЦИПАЛИТЕТ ФОНУНДАГЫ ПОРТРЕТ
Элла Ким бардык жетишкендиктерди жана кемчиликтерди көрүп, мыйзамдагы реформаларга тынчсызданып, шаардын ЖӨБнун бардык жетекчилери менен иштеди.
Кара-Балта мэриясынын жооптуу катчысы Элла Ким жергиликтүү өз алдынча башкарууда бул системанын түзүлгөн алгачкы күнүнөн бери иштейт. Ал эми анын шаарды башкаруу ишмердүүлүгүндөгү жалпы стажы 35 жылга чукулдап калды. Элла Ким бардык жетишкендиктерди жана кемчиликтерди көрүп, мыйзамдагы реформаларга тынчсызданып, шаардын ЖӨБнун бардык жетекчилери менен иштеди. Ал бардык баскычтарды гана эмес, мэриянын ар бир күнүн, ар бир документин жана жамааттын ар бир үшкүрүгүн билет. Шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү тууралуу мыкты институционалдык эс тутуму менен Э. Ким Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн жыйынтыктарына жана келечегине баа бере алат.
– Жергиликтүү өз алдынча башкаруу канчалык күчтүү болсо, андан ошол аймакта жашаган калкка ошончолук пайда да болот, - деп сөзүн баштады Элла Ким. – Бул калкка түрдүү кызматтарды көрсөтүү, жаш ишкерлерге соода түйүндөрүн жана дүкөндөрдү ачуу үчүн жай, жер тилкелерин берүү менен жардам көрсөтүү, кичи жана орто бизнести колдоо, мунун натыйжасында жумушчу орундары жана жергиликтүү бюджетке салыктарды көбөйтүү, шаардын инфраструктурасын оңдоо ж.б.
– ЖӨБ заманбап шарттарда аймактагы экономиканын өнүгүүсү үчүн катализатор болуп, бүгүнкү күнгө мүнөздүү болгон жөн жерден эле пайда болгон жаңжалды алдын алууга жөндөмдүүбү?
– Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу белгилүү бир аймакта чындыгында эле бийликке ээ болсо, анда бардык мекемелер, уюмдар, ишканалар, коомдук бирикмелер, бейөкмөт уюмдар менчик формасына карабастан ЖӨБнун чечимдерин аткарат. Бул болсо биринчи кезекте туруктуулуктун жана шаар, айыл, райондордогу тынчтыктын кепилдиги. ЖӨБнун аброю жогору болгон аймакта ыктыярдуу элдик кошуундар, улуттук-этникалык диаспоралар, бейөкмөт жана коомдук уюмдар, кварталдык жана үй комитеттери, жаштар уюмдары, коомдук-профилактикалык борборлор, согуш жана эмгек ардагерлеринин кеңештери, аялдык кеңештер иш алып барат.
Өзгөчө белгилей кетсем, мындай учурларда жаштардын улуу муунга сый-урматы да сакталып, аларга жардам көрсөтүү аракети пайда болуп (мисалы, тимуровчулардын кыймылы), адамдар коомдук мүлккө аяр мамиле жасай баштайт – отургучтарды сындырбайт, газон чөптөрдү тебелебейт, лампаларды сындырбайт жана бассейндерди кирдетпейт. Мына ушуларды сакта кала алган жерлерде жергиликтүү бийлик органдары бардык жаңжалдарды алдын алып, күтүлбөгөн кырдаалда чукул чечим кабыл алууга даяр болот. Мисалы, атаандаш мектеп, же көчөлөрдүн балдарынын мушташы белгиленип жатканын өз убагында биле алабыз.
Мындай чукул кырдаалдарды жөнгө салууда билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана өспүрүмдөр иштери боюнча инспекциянын өкүлдөрү гана эмес, андан тышкары Кара-Балта шаарынын аймагында жашаган 12 улуттун башын кошкон улуттук-этникалык диаспораларынын “Содружество” биримдиги да катышты. Шаар башчысынын тартипти коргоо тууралуу чакырыгына бардык ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жетекчилери тикесинен тик туруп берди: жашоого маанилүү объекттер коргоого алынып, шаар көчөлөрүн күнү-түнү ыктыярчылар кайтарып, тартип коргоо кызматкерлерине чоң жардам беришти.
Өлкөдө болуп өткөн кайгылуу окуялардан кийин биз ошол замат шаардык штаб түзүп, ага ишкана, уюмдардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары, улуттук-этникалык диаспоралардын өкүлдөрү, “Афганец” коомдук уюмунун жетекчилери, шаардын ардактуу тургундары, өндүрүш ардагерлери кирди. Активисттер күн сайын шаар тургундарына кайрылуу жасап, тынчтык жана сабырдуулукка үндөп, мындан тышкары зарыл болгон учурда кайсы номурга чалуу керектигин айтып, шаардагы кырдаал жана шаар бийлиги кабыл алып жаткан чаралар тууралуу маалымдап турушту. Биз ушак-айыңдарды болтурбоо үчүн Кара-Балта жана республикада орун алып жаткан окуялар тууралуу маалымдар кылуу үчүн эки жолу тынч мүнөздөгү митинг өткөрдүк.
Бул иш өзүнүн оң натыйжаларын берди: биздин шаарда бир дагы талап-тоноо, чагымчыл мүнөздөгү билдирүүлөр болгон жок. Убактылуу кыйынчылыктан пайдаланып, шаар бийлигин бийликтен кетирүүнү каалагандар болду, бирок алардын тилеги таш капты. Бул нерселер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ийгиликтүү ишинен кабар берет.
– Сиз жергиликтүү өз алдынча башкаруу полимаданий ой-жүгүртүүгө таасирин тийгизе алат деп эсептейсизби? Кантсе да Кара-Балтанын борбор шаарга жакын жайгашканы да таасирин тийгизип жатса керек?
Биздин шаар абдан чакан жана Жайыл районунун дал чордонунда жайгашканы менен айырмаланып турат. Анын тургундары жетиштүү деңгээлде саясатташкан, шаарда гана эмес, олкөдө орун алып жаткан өзгөрүүлөр тууралуу жакшы маалымдалган. Шаардык башкармалыктын имаратында маалымат такталары турат, ал жакта ЖӨБ органдарынын чечимдери менен таанышса болот. Мындан тышкары Кара-Балта шаарынын интернет сайты да иштеп жатат, анын беттеринде калаа турмушу тууралуу акыркы жаңылыктар жана ММК маалыматтарын таба аласыздар. Имараттын алдында маалымат такчасы илинген, ал шаардыктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу кабарлап турат.
Эң көп киши чогулган жер – Маданият сарайы. Бул жерде бардык улуттун өкүлдөрү өз маданиятын көрсөтүп, өз ара пикир алышып турат. Бул жайда шаардык, райондук, облустук, райондор аралык иш-чаралар өтүп турат. Ушул жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча эле 69 иш-чара өткөрүлдү: улуттук-этникалык диаспоралардын фестивалы, “Эне тил” кечеси, кыш менен коштошуу
майрамы, Нооруз, КВН, Ачык эшик күндөрү, Кыргызстандын элдик артистеринин чыгармачыл кечелери, Кара-Балтанын элдик театрынын спектаклдеринин бет ачарлары жана башкалар. Бул иш-чараларга 14 миңден ашуун адам катышты.
– Өсүп келаткан муундун бир калыпта өнүгүүсү үчүн ЖӨБ кандай салым кошууда?
– Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маданият, спортту өнүктүрүү, билим алуу, жаштарды регионалдык маанидеги маселелерди чечүүгө тартууга өзгөчө көңүл бурат. Мисалы, “Биз таза шаар үчүн!” жаштар акциясы, окуучулардын спартакиадасы, “Спорт – сергек жашоонун негизи!” аттуу майрам, КВН, сулуулар сынагы ж.б. Буларды өткөрүүгө жыл сайын шаардык бюджеттен аз эмес каражат бөлүнөт. Жаштардын татыктуу билим алуусу үчүн Кара-Балта бийлиги Пирогов атындагы медициналык колледж, Чүй университетинин филиалдары үчүн имараттарды бөлүп берди. Буга өзгөчө аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары кубанды.
– Региондун экономикалык өнүгүүсү жана өсүүсү үчүн жергиликтүү бийлик эмне кылууда?
– Менимче, бул багытта да иштер жүрүүдө. Кара-Балта шаар башкармалыгы калаага инвестиция тартуу менен алектене турган жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү секторун түзүү демилгесин көтөрдү. Ишкерлерди колдоо борборлору, кичи жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча кепилдик кору бар. Окутуу жана өнүктүрүү борборлорунун жардамы менен биз жаңы кадрларды даярдап жатабыз. Бул жерде каалагандар кошумча кесипке ээ боло алат, мисалы, бухгалтер, куруучу, чач тарач, тигүүчү кесиптери. Борбордо чет тилдер жана компьютер курстары бар.
– Акыркы маалдарда ЖӨБнун турумдарынын бошоп калышы менен аларсыз деле жашаса болот деген сөздөр чыга баштады. Ансыз деле чечимдердин баарын борбор кабыл алууда дешет.
– Өндүрүш, инфраструктура, билим берүү, саламаттык, маданият жана спорт тармактары өнүккөн Кара-Балтада жергиликтүү өз алдынча башкаруу керек. Ал болсо мамлекеттик органдардын функцияларын кайталабаш керек. Мамлекеттин дотациясында болгон органдар тууралуу айта турган болсок (айылдык округдар), ал жакта жергиликтүү өз алдынча башкаруунун толук кандуу өнүгүүсүнө байланыштуу чоң көйгөйлөр бар. Толук кандуу орган болуу үчүн көп себептер керек.
– Заманбап саясатчылар, өзгөчө борбор калаадагылар ЖӨБнун күчтөнүшүнөн коркушат. Эмне үчүн?
– Чындыгында эле бул көрүнүш бар, бул болсо борбордон алыстатуу жараянын токтотуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүнө жолтоо болууда. Жергиликтүү маанидеги маселелерди ошол эле жеринде өз убагында чечүү, бул үчүн жогору жактан резолюция күтпөй деле коюу өңдүү өз алдынчалык баарына эле жага бербейт.
– Сизди жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мыйзам канааттандырабы?
– Анча эмес. Жарым жартылай жана чийки мыйзам ЖӨБнун өнүгүүсүнө бут тосууда, жергиликтүү мыйзамдарды администрациялоо боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген эмес, башкача айтканда шаардык бюджеттин кирешелүү бөлүгүн өз маалында аткаруу боюнча механизм жокко эсе.
– Балким анда бүгүн эле жергиликтүү органдарга толук бийлик берүү зарылдыр?
– Менимче, бул процесс бара-бара эмес, бир заматта ишке ашырылышы керек. Ошондо гана жергиликтүү өз алдынча башкаруу керекпи, же жокпу дегенди биле алабыз, ошондо да реалдуу жоопту талап кыла алабыз.
– Административдик-аймактык реформа тууралуу кандай ойдосуз?
– Кара-Балта облустук маанидеги шаардын бардык талаптарына жооп берет. Ал өнүккөн өндүрүш жана социалдык чөйрөгө, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт объекттерине ээ. Бул жерде ишканалар жана курулуш уюмдары, транспорттук компаниялар иш алып барат, өнүккөн байланышка ээ. Кара-Балтада 40 миңден ашуун адам иштейт, бул болсо Кыргыз Республикасынын “Адми-нистративдик-аймактык түзүлүш тууралуу” мыйзамынын талаптарына төп келет. Облустук маанидеги шаар макамына ээ болгондо аймактагы экономикалык өнүгүүгө байланыштуу бир топ маселелерди чечүү мүмкүнчүлүгү пайда болмок, жергиликтүү бюджетке салыктын жана салыксыз төлөмдөрдүн пайызы көбөймөк, салыктарды администрациялоо маселелери өзгөрмөк.
– ЖӨБ тууралуу айтканда сизде кандай сезимдер ойгонот?
– Оптимизм, эргүү, кээде өкүнүч.
Маек жергиликтүү өз алдынча башкарууга фокус жасоо менен 2011-2012-ж.ж.
Адамды өнүктүрүү тууралуу Улуттук докладдын алкагында
Лариса Ли тарабынан даярдалды.