Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн нак эмес төлөмдөр жөнүндө

2023-02-28 / Мыйзам жаӊылыктары

2022-жылдын декабрында КР Министрлер Кабинети менен КР Улуттук банкынын №680/66-6 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө” биргелешкен токтому жарыяланган.

Керектөөчүлөргө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү акы төлөө негизинде сунуштаган мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге 2023-жылдын 31-январына чейинки мөөнөттө коммерциялык банктар же төлөм уюмдары менен келишим түзүп, банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны, QR-кодду, төлөм терминалдарын жана/же башка инструменттерди пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) орнотуу максатында уюштуруу чараларын жүргүзүү тапшырылды.

Коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына 2023-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны, QR-кодду, төлөм терминалдарын жана/же башка инструменттерди пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн каралган жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүш) менен мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди камсыз кылуу сунушталды. 

Токтом Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө өтүү, санариптик төлөмдөрдү киргизүү, төлөмдөрдү кабыл алуунун башка инструменттерин өнүктүрүү, акча жүгүртүүдө ачык-айкындуулукка жетишүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында кабыл алынган.