Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (баанын олуттуу өзгөрүшү)

2023-02-28 / Мыйзам жаӊылыктары

КР Министрлер Кабинетинин №651 “Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому сатып алуучу уюмдарга, анын ичинде ЖӨБ органдарына түзүлүп калган келишимдин баасын кандай жолдор менен өзгөртө аларын түшүндүрөт.

Токтом баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнү жана ырастоону жүзөгө ашыруучу органдардын тизмесин аныктаган: 

  • монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
  • мамлекеттик статистикалык ишти жүзөгө ашырган мамлекеттик орган;
  • иштин тиешелүү тармагында мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырган башка органдар.

Токтомдо ошондой эле баа ыйгарым укуктуу органдын чечими менен олуттуу өзгөртүлүшү мүмкүн болгон сатып алуулардын төмөнкү түрлөрү көрсөтүлгөн:

  • табигый монополия чөйрөсүндөгү товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр;
  • аталган товарларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенде социалдык жактан маанилүү товарлар.

Ошондой эле келишимде көрсөтүлгөн форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда (30 пайыздан ашык кымбаттоодо инфляция, кызмат көрсөтүүлөр, ресурстар) келишимдин баасы да өзгөрүшү мүмкүн. Бирок мындай учурда ЖӨБ органы (жана сатып алуучу уюм) мамлекеттик статистикалык ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органга же иштин тиешелүү тармагын мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу башка органдарга кайрылууга тийиш.

Алсак, курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган учурдагы бааны жөнгө салат, базистик деңгээлге карата баалардын индексин иштеп чыгат, курулушта колдонулуучу ресурстарга болгон бааларга мониторинг жүргүзөт.

Келишимдин баасынын өзгөрүшүн мыйзамдаштыруу үчүн ЖӨБ органы баанын жогорулашына байланыштуу жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилеген жана ырастаган маалымат алуу үчүн кайрылышы керек. Тиешелүү жазуу жүзүндөгү же электрондук кайрылууда жазуу жүзүндөгү кайрылуу жибериле турган мамлекеттик органдын аталышы же тиешелүү кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты же тиешелүү адамдын кызмат орду, ошондой эле жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон тиешелүү адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо, акыркысы), почта дареги/электрондук почта дареги көрсөтүлүүгө тийиш, кайрылуунун маңызын баяндайт, жеке колун жана датаны коёт.

Кайрылууга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:

  • атаандаштардын бааларын талдоо;
  • чыгымдардын сарптоолор беренелери боюнча көбөйүшүн ырастаган документтерди тиркөө менен сарптоолор калькуляциясы;
  • мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорунун жыйынтыктары боюнча түзүлгөн келишим;
  • баанын өсүшүн ырастаган документтер.

Сатып алуучу уюмдун кайрылуусу 14 (он төрт) жумуш күндүн ичинде каралат. Карап чыгуунун натыйжалары боюнча жооп ырастоочу документтер бар болсо, аларды тиркөө менен жиберилет.