Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Социалдык өнүгүү
Аламүдүн китепканаларын санариптештирүү
Китеп окуу өңдүү учурда көп популярдуу болбогон ишке кызыгууну кантип жаратса болот? Аламүдүн айылдык аймагы бул суроого жоопту билет – бул жерде айыл өкмөтү эки китепкананы жаңылап, китептерди санариптештирүүгө 1,7 млн сом бөлгөн.
Эми китепканалар аймактын чыныгы сыймыгы жана көрүнүктүү жерине айланды, бул жерде 16 миң китеп бар. Ошондуктан “бир дагы китепти окубаган жергиликтүү тургунду аламүдүндүк деп атоого болбойт” деген тыянак орундуу. ЖӨБ органдары тургундардын демилгелерин сөз жүзүндө гана эмес, каржылоо менен да колдоп жаткандыктан ушул демилгелер ишке ашып жатат.
17 китепканадан турган Аламүдүн районунун китепкана тармагынын эки филиалы Аламүдүн айылдык аймагында орун алган. Биринчи филиалы Аламүдүн айылында, экинчиси Садовое айылында жайгашкан. Ар бир китепканада болжол менен 8 миң китеп бар.
Түз коюлган текчелер, компьютердик базадагы санариптештирилген китептер, китеп окуу үчүн ыңгайлуу үстөлдөр – китепканадагы азыркы көрүнүш ушундай. Буга чейин китеп фонду жакыр эле, жаңы басылмалар тартыш болуп, мектеп программасы боюнча балдарга керектүү көркөм адабияттар жок болчу.
Китепкананын тарыхы 60-жылдардын аягында башталган. Быйыл алардын бири 50 жашка, экинчиси 55 жашка толду. Түзүлгөн учурда китепканалардын фонду ондогон мезгилдүү басылмалардан жана 5 миң нускадагы китептен турган. Китепканалар туруктуу орун тапканга чейин бир жерден экинчи жерге көчүп келишкен. Бир филиал Аламүдүн мектебинин аймагында, экинчиси Садовое айылында айыл өкмөтүнүн бюджетинин каражатына курулган атайын комплексте жайгашкан.
25 жылдык тажрыйбасы бар китепканачы Суура КАРАБАШЕВА Садовое айылындагы филиалда иштейт. Ал керектүү адабиятты издеп келгендердин башкы кеңешчиси. “Биздин китепканага ар кандай курактагы адамдар келишет, – деп сөзүн баштады Суура КАРАБАШЕВА. –Кээ бирөөлөр көркөм адабиятты, башкалары илимий, диний же медициналык адабиятты, дагы бири мезгилдүү басылмаларды – гезит-журналдарды окуганды жакшы көрөт. Үчүнчү топ детектив чыгармаларын, романдарды, тарых, психология боюнча басылмаларды артык көрсө, балдар жомокторду окушат. Китепкананын бардык китептерин калтырбай окуп чыккандарга суктанам. Ооба, мындай окурмандар да бар! Бирок эң көп келгендер, албетте, мектеп окуучулары. Мугалимдер реферат же баяндама жазып келүү тапшырмасын берер замат китепкананы окуучулар басып калат. Китепти үйгө 15 күн алып кетүүгө болот жана бул үчүн бир сом да төлөбөйт. Эгерде адам китепти окуганга үлгүрбөй калса, анда телефон чалып, дагы 15 күнгө узартат – биз бул маселеде абдан ийкемдүүбүз. Эгерде басылма бир нускада болсо, анда аны окуу залында колдонушат.
– Китепканада кайсы адабият үчүн кезекке турушат?
– Азыр Сара Джионун чыгармалары – “Туздуу шамал”, “Миңдеген жүздөрдүн арасында”, “Париждин бардык гүлдөрү” романдары көп окулгандардын тизмесинде. Китепканада автордун бардык алты тому бар... Булар чындап эле кызыктуу китептер. Илимий адабияттардан “Тери жашырган сыр”, “Мээнин машыктыруучусу” өңдүү немис дарыгерлердин басылмалары бар. Халед Хоссейнинин Ооганстан жөнүндөгү “Миңдеген жарк эткен күндөр” романына суроо-талап жогору. Заманбап психология, этикет, жада калса ашкана китептери да бар.
ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР
2020-жылы Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына арналган “Санариптик өзгөрүүлөр шарттарында китепканалар” темасы боюнча айылдык аймактын чогулушу өткөн.
Ошол чогулушка чакырылган IT-компаниялардын өкүлдөрү жана китепканачылар кагаздан санарипке өтүү мезгили келди деген бүтүм чыгарышкан. Ошентип, “Электрондук китепкана” долбоору пайда болгон. Долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджет акча бөлүп, ага жабдуулар жана жаңы китептер сатып алынган. Адистер программалык камсыздоону иштеп чыгып, эки китепкананын филиалынын 15 миңден ашуун китебин санариптештирип чыгышкан. Эми аларды сайттан электрондук форматта табууга болот: https://alamudunlibrary.kg/
Санариптик китепкананын ачылышына Германиянын Ханнс Зайдель Фондунун өкүлдөрү да келишкен. Алар айыл өкмөтүнүн ишинин жыйынтыктарына ыраазы болушуп, 10 миң сомго сертификат тапшырышкан. Бул акчага эки филиал тең жаңы китептерди сатып алган.
2021-жылы myktyaimak.gov.kg порталында онлайн добуш берүүдө “Электрондук китепкана” долбоору эң көп добуш алып, биринчи орунду ээлеген. 150 000 сомдук байгеге кайрадан эле китептер сатып алынган.
– Биздин аймактын башчысы Найзабек КӨЛБАЕВ китепкананы жакшыртуу үчүн колдон келгенин жасап жатат, – дейт Суура КАРАБАШЕВА. – Мисалы, 2022-жылдын декабрында Аламүдүн айылдык аймагы “Мыкты айыл өкмөтү” республикалык конкурстун жеңүүчүсү болуп, ардактуу үчүнчү орунду ээледи. 500 000 сом өлчөмүндөгү сыйлыкты китепкананын эки филиалы үчүн 380 басылма сатып алууга жумшоо тууралуу чечим кабыл алынган.
– Жаңы басылмаларды сатып алууда кайсы китептерге артыкчылык берилди?
– Ар түрдүү китептерди алдык. Китеп фонду дүйнөлүк деңгээлдеги кызыктуу китептер, ошондой эле кыргыз жана орус адабияттары менен толукталууда. Индия, Кытай, Улуу Британия, Италия жана башка өлкөлөрдүн тарыхы темасындагы китептер бар. Ата мекендик жазуучулар тууралуу баяндаган басылмаларды сатып алууга өзгөчө көңүл бурулат. Бир жаштан 16 жашка чейинки курактагы балдар үчүн адабияттар көп.
Айыл өкмөтү электрондук платформа киргизилгенден кийин китепканага келген балдардын жана чоңдордун саны кыйла көбөйгөнүн – заманбап адабиятка, жаңы китептерге кызыгуу өскөнүн белгилейт.
Баса, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Китеп – билим булагы” райондук конкурсунда “Мыкты китепканачы” деп табылган Суура Карабашева дайыма кесипкөй кеңеши менен жардамга келет.
Окшош материалы:
-
№3 (137) / 2023-04-27 “Жомок” жана “Бөбөк”
-
№3 (137) / 2023-04-27 Мектептер – сыймык үчүн себеп