Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Кызмат көрсөтүүлөр жана муниципалдык ишканалар
Тазалыктын сакчылары: “Мээнет-Аламүдүн” муниципалдык ишканасы
2010-жыл. “Мээнет-Аламүдүн” – Аламүдүн айылдык аймагында түзүлгөн алгачкы муниципалдык ишкана.
ИШКАНАНЫН ТАРЫХЫ
“Биз ылай белчеден, такыр шарты жок айылдардагыдай таза суусу жана жарыгы болбогон шарттарда жашачубуз. Буга чейинки үч жетекчи кандайдыр бир чара көргөнү эсимде жок. 2009-жылы Найзабек КӨЛБАЕВ башчы болгондо, айыл өзгөрө баштады. Ал чү дегенде эле көчөлөрдү ар кайсы жерде пайда болгон таштандылардан арылтып, аймакты БУУӨПтүн таштанды тазалоо программасына киргизген. Биз 50 жыл бою топтолгон таштандыларды бир ай чыгарганбыз... Бул окуя адамдарга бир заматта таасирин тийгизди: ишеним, сый-урмат пайда болду, - деп эскерет кварталдык комитеттин төрагасы Ширин САТУВАЛДИЕВА. – Андан соң таштанды тазалоочу ишкана түзүлдү. Ошондон бери биздин айыл үлгү болчу айылдардын катарына кирет”.
– Чындыгында эле Аламүдүн айылдык аймагында таштанды көп жылдар бою чыгарылган эмес, – деп сөзүн баштады “Мээнет-Аламүдүн” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек КАСЫМБЕКОВ. – Найзабек КӨЛБАЕВ кырдаалды өз көзөмөлүнө алганга чейин бул көрүнүш уланып келе берген. Ал мага кызматташууну, тактап айтканда, ишкана түзүүнү сунуштады. Кайсы бир жылдары экөөбүз акимчиликте чогуу иштегенбиз, мен турак жай-коммуналдык чарба маселелерин көзөмөлдөчүмүн. Ошондой эле Бишкек шаарындагы “Тазалыкта” иш тажрыйбам бар эле, Чүй облустук мамлекеттик администрациясында абоненттик бөлүмдүн жетекчиси болуп иштегем. Макул болуп, иш планын даярдадым. Жергиликтүү кеңештин сессиясында түзүлүп жаткан ишкана өзүн-өзү каржылай турганын айттым. Депутаттар бир добуштан колдоп беришти. Уставды, жоболорду өзүм жазып чыккам, “Мээнет-Аламүдүндү” юридикалык каттоодон өткөрдүм. Тарифтерди иштеп чыгып, бекиттик, таштанды чыгаруу графигин түзүп, тартипти бузгандарга көрүлчү чараларды аныктадык.
2023-жылы “Мээнет-Аламүдүн” МИ толук күч менен иштеп жатат, негизги максаты – айылдык аймактын тазалыгын камсыз кылуу. Ишкананын милдеттери – катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча кызматтарды көрсөтүү, туш келди жерде таштанды жайлардын пайда болушуна жол бербөө, экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо ченемдерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө калкка маалымдоо.
ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДАЛУУСУ
– Ишти баштап жатканда чиркегичи бар бузук трактор эле болчу. Аны оңдогонбуз, бирок, ал чоң көлөмдөгү таштандыларды чыгарууга ылайыкташтырылган эмес эле. Ошондо Найзабек КӨЛБАЕВ самосвалга алмаштыруу үчүн кызматтык “Волга” машинесинен баш тарткан. Ошентип, эки жүк ташуучу унаага жеттик, – дейт КАСЫМБЕКОВ. – Алгачкы чыныгы атайын техниканы эки жылдан кийин гана, 2012-жылы сатып алганбыз, ал жаңы эмес, буга чейин колдонулган техника эле. Найзабек Асанбекович Германияга барып, “Мерседес” фирмасынын кымбат эмес таштанды ташуучу унаасын алып келген. Ал кезде жаңы техниканы сатып алууга каражатыбыз жеткен эмес. Мисалы, Кытайда мындай машина 47 миң доллар болчу. Бирок бир эле атайын техника жашообузду өзгөрттү: таштандыларды чогултуу жана чыгаруу убактысы кыскарды, тазалоо сапаты жакшырды, көбүрөөк көчөлөргө жете баштадык. Айтор, убактыбызды, техникалык, адамдык жана финансылык ресурстарды үнөмдөй баштадык: буга чейин кызматкерлер баарына үлгүрүп калыш үчүн түнгө чейин иштешчү.
Ошого карабастан, “Мээнет-Аламүдүн” муниципалдык ишканасы үчүн бир таштанды ташуучу унаа жетишсиз эле. Капталы бийик, ар кайсы жакка бурула албаган самосвалдар таштанды жүктөгөндө ыңгайсыздык жаратып, көчөнүн жарымын ээлеп калчу. Ошондуктан 2019-жылы айыл өкмөтү Өзбекстанда жыйналган, жапониялык ИСУЗУ үлгүсүндөгү таштанды ташуучу эки жаңы унааны сатып алган. Азыр ишкананын автопаркында үч таштанды ташуучу унаа, самосвал жана чиркегичи бар трактор турат.
АБОНЕНТТЕР МЕНЕН ИШТӨӨ
2022-жылга карата “Мээнет-Аламүдүн” муниципалдык ишканасы калктын жана уюмдардын 100 пайызына – 5 миңдей түтүнгө жана 250 чарба субъектисине кызмат көрсөтө баштаган. Таштанды көчөлөрдөн график боюнча чыгарылат, мектептердин таштанды челектери шейшемби жана жума күндөрү тазаланат. Аламүдүн айылдык аймагында жайгашкан “Куликовский” жана “Шинлайн” өңдүү ири компаниялардын өндүрүштүк калдыктары күн сайын чыгарылып турат.
ЖАҢЫ ТАРИФ
2023-жылы таштанды чыгаруу үчүн тариф эки эсе көбөйдү: менчигинин түрүнө карабастан уюмдар үчүн – айына бир куб метрге 300 сомго чейин, калк үчүн – киши башына 41 сомго чейин болду. Пенсионерлер үчүн төлөм айына 22 сомду түзөт.
“Мээнет-Аламүдүн” МИ тарифтерди көбөйтүүгө аргасыз болду, себеби бардык өндүрүштүк чыгымдарга баалар көтөрүлдү. Алсак, Аламүдүн аймагынын таштандылары Бишкек санитардык полигонуна ташылат, 2023-жылы ушул полигонду пайдалануу үчүн тарифти дээрлик эки эсе – жылына 1 млн сомго чейин көбөйтүүнү пландап жатышат. Буга чейинки тарифтер алты жыл өзгөрүлбөгөнүн белгилей кетүү керек. Мындай тариф боюнча ишкананын жүгүртүүсү айына 6 млн сомду түзгөн.
Мындан тышкары, кызматкерлердин маянасын жогорулатуу зарылдыгы келип чыкты. – Эгерде жумушчуларды иш жеринде кармап калбасак, анда ишкана да өз милдеттенмелерин аткара албай калат. Азыр айлык орточо 25 миң сомду түзөт, – деп билдирди КАСЫМБЕКОВ.
ИШКАНАНЫН МЕНЕДЖМЕНТИ ЖАНА ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
Ишкана айыл өкмөтүнөн эч кандай субсидия же дотация албайт. Ошол эле маалда ишкана эч качан эч кимге карыз болгон эмес. Эмгек акы, салыктар, социалдык төлөмдөр убагында төлөнөт.
Ишкананын штаты 15 адамдан турат. Контролерлор эмгек акысын төлөө боюнча келишимдик негизде иштешет, жыйымдардан 15% же айына орточо 10-15 миң сом алышат. Бирок, салыктарды жана социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдү ишкана төлөп турат.
Контролерлор өз участокторун кыдырып, керектөөчүгө дүмүрчөк тапшырып, таштанды үчүн акча чогултушат. Айдын аягында алардын ар бири чогултулган суммалар боюнча отчет беришет. Мындай сыйакы ыкмасы аларды пландарды аткарууга түрткү болуп берет.
– Акы чогултуунун ушундай системасы өзүн актады, – деп эсептейт ишкананын жетекчиси. – Коңшу Ленин айылдык аймагы биздин тажрыйбабызды өздөштүргөндөн кийин жыйым эки эсе көбөйдү. Буга чейин алардын контролерлору штатта болчу жана ай сайын белгиленген маянаны алып турчу. Мындай ыкма менен акча чогулбайт, себеби киреше жыйымдардын суммасына көз каранды болбогондуктан, кызматкерлер милдеттерине кайдыгер мамиле жасайт да.
Көбүнчө айыл өкмөтүндө тазалык маселелерин башчы өзү көзөмөлдөйт, бирок муну менен өзүнчө түзүмдөр алектениши керек эле. Жергиликтүү бийлик жолдорду оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу, суу менен камсыздоо өңдүү маанилүү маселелерди чечиши керек. Облустук мамлекеттик администрация биздин башка аймактар менен тажрыйба алмашуубузга кызыкдар, семинарларды өткөрүү өтүнүчү менен келет. Мына жакында эле Ысык-Ата районунан 14 айыл өкмөт башчысы келген. Биз болсо өз ишибиз жөнүндө айтып бергенге куштарбыз: бардык жерде таза болгону жакшы да.
КӨЙГӨЙЛӨР
Акыны өз убагында төлөбөгөндөр бар: “Январь айынан баштап тургундар жаңы тариф боюнча төлөй башташты, – дейт КАСЫМБЕКОВ. – Түшүндүрүү иштерин коомдук кызматкерлер жүргүзүп чыгышты жана абоненттер баанын кымбатташын түшүнүү менен кабыл алышты. Тилекке каршы, өз убагында төлөбөгөндөр да бар. Жаза чараларын көрө элекпиз, ушул кезге чейин аларга өз милдеттенмелерин этияттык менен эскертип келе жатабыз. Эгер газ жана жарык үчүн карыз болсо, керектөөчүнү алардан ажыратып коюшат, биз болсо мындай кыла албайбыз да. Азырынча бир жыл же жарым жыл үчүн төлөгөндөрдүн эсебинен теңдештирип келатабыз”. Өз убагында төлөбөстүк ишкананын жетекчилигине көп көйгөйлөрдү жаратат, себеби өндүрүш каражатсыз калса, ишкана ишин токтотот жана мындай учурда милдеттерин аткара албай калышы ыктымал. Таштанды “конвейери” тоскоолдуксуз иштеши үчүн графикти бузбаш керек.
Таштанды челектерин уурдоо. Металлолом катары кайра сатуу үчүн же үй тиричилиги үчүн челектерди уурдап кетишет. Ууруларды кармоо үчүн таштанды жайларын видеокамералар менен жабдуу керек.
Туш келди жерде пайда болгон таштанды жайлары. Тарифтер көтөрүлгөндөн кийин коомдук жайларда, айрыкча сейил бактарда таштандылар көбөйдү. Жакында эле Чоң Чүй каналынын боюна тигүүчү цехтен чыккан калдыктарды таштап кетишиптир. Адатта контейнерлердин жанына өндүрүштүк таштандылар чогулуп, полигондун жанына төгүлөт. “Саналуу күн мурда таштандыларды чыгаруу үчүн 15 каттам жасадык. Техниканы, адамдарды кошумча жалдаш керек, ашыкча чыгымдарга учурап жатабыз. Тартип бузуучуларды табуу оңой эмес”, – деп кейиди КАСЫМБЕКОВ.
ПЛАНДАР
Өз полигонуна ээ болуу. Ишкана өзүнүн таштанды полигонуна муктаж. Азыр ишкана “Дордойдун” жанындагы Бишкек полигонун колдонуп келет.
Жаңы техника. “Мээнет-Аламүдүн” МИ дагы бир нече атайын техниканы, анын ичинде көлөмү 12 тонна болгон манипулятор-краны бар самосвалды сатып алууну пландаштырууда. Мындай машина таштандыны адамдын катышуусуз өзү жүктөп, төгө алат. Тагыраак айтканда, айдоочу бир эле учурда иштин бардык процессин башкара алат. Ишкана мындай техниканы өз каражатына сатып ала албайт, ошондуктан финансылык жардам үчүн айыл өкмөтүнө кайрылууну чечти.
Накталай эмес төлөм. Эгерде уюмдар кызмат көрсөтүүлөр үчүн акыны банк аркылуу төлөсө, кожолуктар акчаны контролерлор аркылуу беришет. Бирок, бул ыкма заман талабына жооп бербейт. Накталай эмес, электрондук төлөм түрүнө – терминалдар же мобилдик тиркемелер аркылуу төлөөгө керектөөчүлөр көнүп кетиши үчүн акырындык менен өтүш керек. Болбосо, жыйым чогултулбай, ишкана өз милдеттерин аткара албай калат.
КЫЯЛДАР
“Кыргызстан Европа эмес. Биз таштандыны сорттоп чогултууга аракет кылдык. Бирок, жарандар али даяр эмес экен, – дейт Нурбек КАСЫМБЕКОВ. – Тагыраак айтканда, коом социалдык жана экономикалык жактан даяр эмес. Турмуштан кыйналган, жашаган жери жок адамдар таштандыны казып жүргөндө, сорттоп чогултуу идеясы ишке ашпайт экен. Азырынча нан үчүн өзүнчө идиштерди коё алабыз. Биздин менталитетибиз нанга өзгөчө сый менен мамиле кылат жана аны жалпы таштанды менен ыргытпайт. Нан үчүн идиш койсок, таштандыны челгендер да азаябы деп ойлоп жатабыз”.
Окшош материалы:
-
№3 (137) / 2023-04-27 Аламүдүн – спорт аймагы
-
№3 (137) / 2023-04-27 “Сантех-Сервис-Аламүдүн” МИ: айылда ыңгайлуу шарт түзгөн ишкана
-
№3 (137) / 2023-04-27 Аламүдүн айыл өкмөтү аймактын жашоосун кантип жакшыртууда: муниципалдык ишканаларга сереп