Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Желектер жана флагштоктор тууралуу

2023-10-02 / Мыйзам жаӊылыктары
Желектер жана флагштоктор тууралуу

Мыйзамдардагы жаңылыктарды Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун эксперттери даярдады: Турсунбек Кубанычбеков, Айнура Бурканова, Айнура Кенжебаева

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы №386 токтому менен Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын карамагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу менен флагштокторду күтүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жана мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын карамагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу менен флагштокторду күтүүнүн тартибин белгилейт.

Балансында же карамагында флагшток турган мамлекеттик орган, мекеме же ишкана, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, муниципалдык мекеме же ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • баланс кармоочунун карамагындагы флагштокко Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 205 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун (мындан ары – Мамлекеттик туу) техникалык өзгөчөлүгүн так сактоону камсыз кылууга;
  • флагштокто Мамлекеттик туунун узак убакытка жок болушуна (тууну оңдоо иштери жүргүзүү же алмаштыруу учурларын кошпогондо), ошондой эле флагштокто өңү өчкөн жана/же жыртылган Мамлекеттик туунун болушуна жол бербөөгө;
  • ушул Жободо каралган учурларды кошпогондо, Мамлекеттик туунун көтөрүлгөн абалда болушун жана сутканын түнкү убагында дайыма жарык болушун камсыз кылууга (электр энергиясы менен камсыз кылууну, оңдоо же аба ырайынын жагымсыз шарттарын кошпогондо);
  • флагштоктун конструкцияларынын талаптагыдай көрүнүшүн жана техникалык абалын, флагштоктун жанындагы аймакты көрктөндүрүүнү жана санитардык күтүүнү камсыз кылууга;
  • тийиштүү күзөттү камсыз кылуу менен Мамлекеттик тууга жана флагштокко карата вандализм учурларына жол бербөөгө.

 

Флагштокко орнотулган Мамлекеттик туу төмөнкүлөрдө түшүрүлөт:

  • аза күтүү күндөрү (аза күтүү мөөнөтүнүн ичинде флагштоктун бийиктигинин жарымына);
  • эгерде анын айрылып калуу же бузулуу коркунучу болсо (катуу шамал, жамгыр, флагштокту оңдоо иштерин жүргүзүү);
  • алмаштыруу жана калыбына келтирүү үчүн.

 

Мамлекеттик туу менен флагштокту талаптагыдай күтүүгө жоопкерчилик бул флагшток балансында же карамагында ушул флагшток турган мамлекеттик органга, мекемеге же ишканага, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, муниципалдык мекемеге же ишканага жүктөлөт.