Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
ЖӨБ органдары мамлекеттик кайра каттоодон өтпөйт
Турар БЕКБОЛОТОВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору, байланыш боюнча адис Сүрөттүн автору: Ахмад АЛАМИ, Rana Labs
2023-жылдын 28-февралындагы №44 “Юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” КР Мыйзамына ылайык, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” КР Мыйзамы күчүн жоготту. Жогоруда аталган КР Мыйзамына ылайык КР Граждандык кодексине өзгөртүүлөр киргизилген, анда 86-берененин 2-бөлүгүндө мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары юридикалык жак статусуна ээ экендиги белгиленген. Алар уюшулган күндөн тартып түзүлдү деп эсептелет жана катталууга тийиш эмес.
Мыйзам чыгаруучу мамлекеттик органдарды жана органдарды юридикалык жак катары каттоону жокко чыгаргандыгын эске алуу менен, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да юридикалык жак катары мамлекеттик кайра каттоодон өтпөйт деп эсептесе болот.
Окшош материалы:
-
№12 (170) / 2025-12-30 Коммуналдык калдыктарды иштетүүнүн типтүү эрежелери: тазалыкка жана жоопкерчиликке системалуу мамиле
-
№12 (170) / 2025-12-30 Кыргызстанда биринчи жолу катуу тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча райондук программалар даярдалып, бекитилди
-
№9 (167) / 2025-09-21 Коммуналдык калдыктар менен иштөөнүн Типтүү эрежелери бекитилди
-
№9 (167) / 2025-09-21 Пластиктин булганышы менен күрөшүүнүн жаңы тартиби
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартиби
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы №337 “Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому











