Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Бишкек жана Ош мэрлерине ченем жаратуу демилгесин көтөрүү укугу берилди
Турар БЕКБОЛОТОВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору, байланыш боюнча адис Сүрөттүн автору: Ахмад АЛАМИ, Rana Labs
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги №186 токтому менен КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген КР Министрлер Кабинетинин Регламентине өзгөртүүлөр киргизилди. Буга чейинки редакциясында ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун КР Министрлер Кабинетинин кароосуна КР Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилери, биринчи жетекчилер жок болгон учурда алардын милдетин аткаруучулар киргизип келишкен.
Кабыл алынган токтом министрликтердин жана ведомстволордун жогоруда көрсөтүлгөн тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизип, аны “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери” менен толуктады, аларга ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун КР Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүү ыйгарым укугу берилди.
Кабыл алынган өзгөртүүлөрдөн кийин Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизе алышат.
Окшош материалы:
-
№6 (164) / 2025-07-14 Муниципалдык кызматкерлер үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли белгиленди
-
№6 (164) / 2025-07-14 Маалыматтар “Түндүк” тиркемеси аркылуу жеткиликтүү болгон учурда аларды кагаз форматында берүү жана суратуу токтотулат
-
№6 (164) / 2025-07-14 Пластик калдыктарын башкаруунун жаңы тартиби бекитилди
-
№5 (151) / 2024-06-08 Транспорт каражатын ижарага берүүнүн типтүү келишими
-
№5 (151) / 2024-06-08 Келишимдик мамилелер жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашыруунун аспабы катары
-
№5 (151) / 2024-06-08 Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишин уюштуруу маселелери жөнгө салынды
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу тууралуу
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Аксакалдар соту тууралуу