Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн товарларды артыкчылык тартип менен сатып алуулар (жергиликтүү бюджеттен)

2023-07-18 / Мыйзам жаӊылыктары

Турар БЕКБОЛОТОВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору, байланыш боюнча адис Сүрөттүн автору: Ахмад АЛАМИ, Rana Labs

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги №233 токтому менен КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы №301 “Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. 2-пункт менен уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 50 жана андан ашык пайызды түзгөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, акционердик коомдорго өнөр жай продукциясын ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн товарларды артыкчылык тартип менен сатып алуу сунушталды.