Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бюджеттер аралык мамилелерди санариптештирүү: ЖӨБ органынан казыналыкка чейин түз жол керек

2023-09-07 / ЖӨБ каржысы

Динара ШАЙДИЕВА, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун эксперти

Бүгүнкү күндө экономиканы санариптештирүү зарылчылыгы өзөктүк маселелердин бири болуп саналат. Бюджеттин санариптик маңызынан улам бюджеттик чөйрө стандарттык маалыматтык технологияларды колдонуп, аларды жөнгө салуунун укуктук режимдерин түзүү үчүн талап кылынган аянтчалардын бири болуп саналат.

Жергиликтүү маанидеги бюджеттерди (жергиликтүү бюджетти) санариптештирүү, тагыраак айтканда, бардык жол-жоболорду толук автоматташтыруу аны натыйжалуу жөнгө салуу үчүн биринчи кезектеги милдет болуп саналат. Ал үчүн 483 айылдык аймактын ар биринин бюджетине карата пландаштыруу (болжолдоо), аткаруу (эсепке алуу), отчеттуулукту түзүү (бириктирүү), кирешелерди эсепке алуу жана чыгымдарды бөлүштүрүү процессине адамдын катышуусун минималдаштыруу керек.

Жергиликтүү бюджетти санариптеш- тирүүнүн (автоматташтыруунун) мааниси

Айылдык аймактардын жана шаарлардын (муниципалитеттердин) 2023-жылга бюджети 29,9 млрд сомду түзөт (республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди эсепке албаганда), бул консолидацияланган бюджеттин 7,5 пайызын (400 млрд сомду) жана республикалык бюджеттин 9,3 пайызын түзөт.

Ошол эле учурда айылдык аймактарда жана шаарларда (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) жашаган калктын саны 78,8 пайызды түзөт, бул биздин республиканын 5,3 миллионго жакын жараны дегенди билдирет. Жогоруда келтирилген сандар жергиликтүү өнүгүүгө жана калктын керектөөлөрүн канааттандырууга ресурстар жетишсиз экендигинен кабар берүүдө. Бул борбор менен аймактардын ортосунда кирешелерди бөлүштүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын түздөн-түз натыйжасы экени талашсыз, бирок киреше базасын көбөйтүп, натыйжалуу чыгымдоо – ЖӨБ органдары үчүн да биринчи кезектеги милдет.

Мында ЖӨБ органдары жыл сайын жергиликтүү бюджеттердин каражаттары менен он миңдеген транзакцияларды (операцияларды) жүзөгө ашырат. Бул иш-аракеттердин жана маалымат бирдиктеринин чоң массиви, ал процессти автоматташтырууда керек болгон көңүл бурууну, тактыкты, кылдааттыкты талап кылат. Ошондуктан өз бюджетин натыйжалуу башкаруу үчүн жергиликтүү бийлик органдары, жергиликтүү кеңештер маалыматтардын автоматташтырылган базасынан гана, болгондо да реалдуу убакыт режиминде алууга мүмкүн болгон так маалыматтарды пайдаланышы керек.

2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарына ылайык жергиликтүү бюджеттердин өз кирешелерин жыл сайын 4 пайызга көбөйтүү каралууда. Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк кирешелери жана теңдештирүүчү трансферттер жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын каржылоонун негизги булактары болуп калаары көрсөтүлүүдө.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде жогоруда аталган бюджеттик процесстерди толук автоматташтырбастан (санариптештирбестен) алдыга коюлган милдеттерге жетишүү оңой болбойт.

Санариптештирүү мамлекетти башкарууда жергиликтүү бюджеттер “түшүп калган” качып кутулгус жана бардыгын камтыган процесс катары

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын 99% мобилдик тармактар менен камтылган, алардын 70% 4G муунундагы жогорку сапаттагы интернетке жете алышат. Кыргызстандын 15 жаштагы жана андан улуу курактагы калкынын 63% глобалдык тармакты колдонушат.

Кыргыз Республикасынын бардык стратегиялык документтеринде санариптештирүү жөнүндө айтылат, бул багытта да иштер жүргүзүлүп жатат. Алсак, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында өлкөнү электрондук өкмөттү өнүктүрүү индекси боюнча алдыңкы 60 өлкөнүн катарына киргизүү багыттардын бири болуп эсептелет. Улуттук программа КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы №2 тескемеси менен 2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилген. “Санариптик Кыргызстан-2040” Улуттук программасын да унутпашыбыз керек, анын алкагында өлкөдө калкка жана бизнеске кызмат көрсөтүүгө тиешелүү дээрлик бардык нерселер “санариптештирилет”. 2023-жылга карата өлкөдө башкарууну санариптештирүү чөйрөсүндө көптөгөн долбоорлор ишке ашырылды. Алар: Электрондук соода аянтчасы, Мамлекеттик сатып алуулар порталы, “Infodocs” Электрондук документ жүгүртүү мамлекеттик системасы, Кылмыштарды каттоонун электрондук китеби, Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы, “Манас” аэропортундагы “e-gates” системасы, “КР электрондук виза” системасы, Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына электрондук кезек, “Түндүк” Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы, “Коопсуз шаар”, “Чек арадан өткөрүү”, “Электрондук патент”, “Санарип Аймак”, “Е-кызмат” системалары.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, мамлекет мамлекеттик программада көрсөтүлгөн багыттар боюнча ишин уланта бермекчи:

  • жарандар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү;
  • балдар жана жаштар арасында санариптик сабаттуулукту өнүктүрүү;
  • мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана маалыматтык системаларды иштеп чыгуучулардын арасында атаандаштык үчүн шарттарды түзүү;
  • калктын санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү алууга жеткиликтүүлүгүн жана шарттарын камсыз кылуу үчүн санариптик инфраструктураны өнүктүрүү;
  • өлкөнүн бардык аймактарында мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын интернетке жетүүсүн камсыз кылуу;
  • алдыңкы техникалык чечимдерди колдонуунун эсебинен маалыматтык технологияларды пайдаланууда жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын маалыматтарын коргоо (“санариптик ишенимди” калыптандыруу).

Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагындагы бардык долбоорлор бюджеттин да, эл аралык донорлордун да эсебинен каржыланууда. Муниципалдык деңгээлде калкка кызмат көрсөтүүнү, документ жүгүртүүнү, үй кожолуктарын эсепке алууну санариптештирүү боюнча долбоорлор бар. Бирок, тилекке каршы, Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде мамлекеттик финансыны башкарууну санариптештирүү, айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдөрүндө жергиликтүү бюджеттин отчеттуулугун пландаштыруу, аткаруу жана түзүү боюнча программа жана концепция, кабыл алынган чечимдер жок.

Ошол эле учурда жалпысынан мамлекеттик финансыны башкарууну санариптештирүүдө олуттуу прогресс байкалууда. Ачык булактарга жана ведомстволук сайттын маалыматтарына таянсак, Финансы министрлиги республикалык бюджетке карата бюджеттик процесстерди автоматташтыруу боюнча чоң иштерди жасады. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансысын башкаруунун оператору болуп саналган “Инфосистемс” мамлекеттик ишканасы “Казна. Бюджет” программалык продуктусун иштеп чыккан, ал мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү үчүн аянтча болуп саналат. Республикалык бюджетти санариптик башкаруу үчүн жакшы ченемдик укуктук база да иштелип чыкты. Алсак, Борбордук казыналыктын жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери (райондун деңгээлинде) санариптик саясат чөйрөсүндө төмөнкү документтерди колдонушат: Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №438 токтому менен бекитилген Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы №488 токтому менен бекитилген Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускама; КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы №632 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо. Бул документте 2022-жылдын 1-сентябрындагы акыркы өзгөртүүлөрдө гана жергиликтүү бюджеттер үчүн түшүндүрмөлөр киргизилген.

Санариптештирүү процесси мамлекеттик финансыны башкаруунун муниципалдык деңгээлин да – жергиликтүү бюджеттерди да камтышы үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу менен биргеликте өзүнүн жетектөөчү ролун ойношу керек. Мындай аракеттер буга чейин да жасалган, бирок жыйынтык чыккан эмес. Алсак, 2013-жылы Финансы министрлиги Швейцария өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын отчеттуулугу: бюджеттик процесс” долбооруна “Жергиликтүү бюджет” автоматташтырылган системасын иштеп чыгууну тапшырган. Система иштелип чыгып, заказчы ишти кабыл алган, бирок система колдонууга берилген эмес. 2018-жылы Финансы министрлиги ЖӨБЭММА менен бирдикте бюджеттик процесске жарандык катышуунун аспабын киргизүү, бюджеттик процессте жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын эске алуу механизмин түзүү жана “Жергиликтүү бюджет” маалыматтык системасын иштеп чыгуу жөнүндө билдиришти. Бюджеттик процесске жарандык катышуу бөлүгүндө милдеттер аткарылды – министрликтин сайтында “Онлайн Жарандык бюджет” системасы ийгиликтүү иштеп жатат, аны бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын ондогон ЖӨБ органдары жана жергиликтүү жамааттары колдонуп жатышат. Айыл өкмөттөрүнүн финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн деңгээлинде Финансы министрлигинин аймактык финансы башкармалыктарынын көзөмөлү алдында каржылоону эсепке алуу түрүндө жарым-жартылай автоматташтыруу болду. Бирок, жалпысынан жергиликтүү бюджеттерди башкарууну автоматташтыруу жана санариптештирүү маселеси чечилбей кала берди: 2023-жылы отчеттуулукту эсепке алуу жана түзүү (жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын ай сайынкы макеттери) дагы эле колго же аймактык финансылык башкармалыктардын кызматкерлеринин жардамы менен түзүлүүдө. Айрым айыл өкмөттөрү өздөрүнүн кирешелерин көрбөй жатышат, алар дайындарды аймактык финансы башкармалыктарынан алышууда, бирок бул финансылык жол-жоболорду айыл өкмөттөрүнүн финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери өздөрү “Казна. Бюджет” АМСтин базасында автоматташтырылган система аркылуу жасап турганы максатка ылайыктуу болмок, ал жакта бери дегенде 1500 адис иштейт.

Жергиликтүү бюджеттерди башкарууну санариптештирүү боюнча сунуштар

Бюджетти түзүү жана аткаруу менен алектенген ЖӨБ органдарында эсепке алууну жана отчеттуулукту системалуу жүргүзүү максатында институционалдык эс тутум чабал шарттарда (кадрлардын бир орунда турбагандыгы, жергиликтүү бюджетти башкаруу боюнча нускамалардын, методикалык окуу китептеринин жетишсиздиги) процессти санариптештирүү боюнча кечиктирилгис жана системалуу чаралар, анын ичинде төмөндө көрсөтүлгөндөр да талап кылынат.

“Инфосистема” мамлекеттик ишканасы аркылуу айыл өкмөтү үчүн эсепке алууну жүргүзүү жана отчеттуулукту түзүү (айыл өкмөтүнүн бюджетинин, бухгалтердик баланстын жана ага тиркемелердин бардык түрлөрүнүн аткарылышы жөнүндө ай сайын отчетторду түзүү) үчүн программалык продуктуну иштеп чыгуу зарыл.

Андан соң жергиликтүү бюджетте турган мекемелерди республикалык бюджеттен да, жергиликтүү бюджеттен да каржылоо процессин автоматташтыруу керек. Даяр модель бар – бул мамлекеттик башкаруу субъекттерин, министрликтерди жана ведомстволорду республикалык бюджеттен каржылоо системасы. Бул үчүн түздөн-түз айыл өкмөтүнүн финансы- экономикалык бөлүмдөрүндө электрондук- санариптик кол тамгасы (ЭСК) бар жана “Казна. Бюджет” АМСга кире ала турган “жеке кабинеттерди” түзүү зарыл. Мында процесс аймактык финансы башкармалыктарынын катышуусуз, башкача айтканда, азыркы учурда өзү Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын катышуучусу болуп саналган Борбордук казыналыкка түз чыгуу аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги көрчү чаралар

Ыкчам чечимдер көз карашынан алганда КР Финансы министрлиги кыска мөөнөттө төмөнкүдөй чараларды көрө алмак:

  • “Инфосистема” муниципалдык ишканасы жана Борбордук казыналык менен бирдикте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде мамлекеттик финансыны башкарууну автоматташтыруу боюнча программалык продуктуну иштеп чыгууну же жеткире иштеп чыгуу ишин баштоо;
  • ЖӨБ органдарынын бюджеттик ишине тиешелүү ченемдик укуктук актыларга инвентаризациялоо жүргүзүү, айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн эсепке алуу жана отчеттуулукту жүргүзүү боюнча нускамасын иштеп чыгуу;
  • тиешелүү компетенциялары бар кызматкерлердин реестрин түзүү менен айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык кызматкерлерин ар тараптуу окутууну караштыруу;
  • санариптик системалардын ичинде ведомстволор аралык жана аймактар аралык өз ара байланышты жөнгө салуу, ошондой эле “Инфосистема” МИ аркылуу борбордук деңгээлде бирдиктүү санариптик базаны түзүү.

Жыйынтыгы кандай болот?

Санариптештирүү башкаруунун системалык ыкмасы катары эмгек өндүрүмдүүлүгүн, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана ЖӨБдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө дем берүүгө мүмкүндүк берери далилденген. ЖӨБ органдары өзүнүн киреше булактарын башкаруу тууралуу көбүрөөк маалыматка ээ болуп, аракетке жөндөмдүү болушат.

Санариптештирүү жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесстин натыйжалуулугун олуттуу деңгээлде жогорулатууга мүмкүндүк берет. Автоматташтырылган системаны колдонуу экономикалык көрсөткүчтөргө жараша жергиликтүү бюджеттин кирешелерин болжолдоонун негиздүүлүгүн, ачыктыгын күчөтөт. Бул бюджеттик процесстерде ЖӨБ органдарынын чыныгы өз алдынчалыгын камсыз кылуудагы маанилүү кадам.

Автоматташтырууну киргизүү бюджетти түзүүдө адам факторунун таасирин олуттуу деңгээлде төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет, бул коррупция тобокелдигин азайтууга оң таасирин тийгизет. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин, анын ичинде чыгаша бөлүгүнө карата да ачык-айкындуулугунун деңгээли жогорулайт; башкаруучулук чечимдер кыйла жоопкерчиликтүү жана негиздүү болуп калат, бул болсо өз кезегинде элет жергесиндеги калктын жашоо сапатынын жакшырышына, айыл аймагынын ар бир тургунунун бакубаттуулугунун өсүшүнө алып келет.

 

Окшош материалы: