Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
ЖӨБ органдарынын тарыхый-маданий мурастар чөйрөсүндөгү жаңы милдеттери тууралуу
Жаңылык Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун юристтери тарабынан даярдалды
2023-2027-жылдарга “Көөнө тарых сырлары” тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программа жана аларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди
2023-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А. У. Жапаров №701 “2023-2027-жылдарга “Көөнө тарых сырлары” тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө” токтомго кол койду. Аталган Планда ЖӨБ органдары катыша турган 5 тапшырма (16 пунктчада) каралган, анын ичинде төмөнкүлөр бар:
- тарыхый-маданий мурас объекттерин табуу, инвентаризациялоо жана паспорттоштуруу;
- тарыхый-маданий мурас объекттеринде археологиялык казууларды жүргүзүү, консервациялоо жана музейлештирүү;
- тарыхый-маданий мурас объектилерин жана аларды сактоо зоналарын коргоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо;
- кадрларды таптоо ишин өркүндөтүү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин кеңири жайылтуу;
- мыйзамсыз казууларды жүргүзүүнү, маданий баалуулуктарды ташып келүүнү жана сыртка чыгарууну болтурбоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүү.
Бирок белгилей кетүүчү нерсе, жогоруда атал-ган иш-чараларга катышуу аларды уюштуруу жана каржылоо үчүн жоопкерчилик кошо берилгенин билдирбейт, себеби планда ЖӨБ органдары тең аткаруучулар катары көрсөтүлгөн, ал эми иш-чаралардын көбүн каржылоонун булагы катары республикалык бюджет көрсөтүлгөн.
Ошондой эле токтомго ылайык (3-пункт) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары квартал сайын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип турары каралган.
Токтомдун толук тексти “Эркин Тоо” гезитинин 2023-жылдын 29-декабрында чыккан №104 санында жарыяланды.
Толук маалымат алуу үчүн бул QR-код аркылуу өтүңүз:

Окшош материалы:
-
№12 (170) / 2025-12-30 Коммуналдык калдыктарды иштетүүнүн типтүү эрежелери: тазалыкка жана жоопкерчиликке системалуу мамиле
-
№12 (170) / 2025-12-30 Кыргызстанда биринчи жолу катуу тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча райондук программалар даярдалып, бекитилди
-
№9 (167) / 2025-09-21 Коммуналдык калдыктар менен иштөөнүн Типтүү эрежелери бекитилди
-
№9 (167) / 2025-09-21 Пластиктин булганышы менен күрөшүүнүн жаңы тартиби
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартиби
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы №337 “Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому











