Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

5 (151) 8 Июнь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу тууралуу

2024-04-20 / Мыйзам жаӊылыктары

Жаңылыктар түрмөгүн Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун юристтери даярдашты

2024-жылдын 22-февралында №53 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду. Мыйзам сөөктү коюуну жүзөгө ашырууну, сөөк көмүлүүчү жайды жайгаштырууну, пайдаланууну жана карап-күтүүдө санитардык жана экологиялык талаптарды сактоону камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Мыйзамда сөөктү коюу жайын уюштуруу шарты жана сөөктү коюу жайын уюштуруу үчүн жер участогун бөлүү; аны карап-күтүү жана көрктөндүрүү тартиби; сөөк көмүлүүчү жайларды жайгаштырууга жана аларды пайдаланууга санитардык талаптар каралган.

Тактап айтканда, сөөк коюу маселелери боюнча адистештирилген кызматтын түшүнүгү жана статусу аныкталды, ага ылайык, сөөк коюу маселелери боюнча адистештирилген кызмат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматы болуп саналат жана маркумду жерге берүү процесси жана тиешелүү кызматтарды көрсөтүү үчүн жооп берет.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жараны каза болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жашаган жеринен маалымкат болгон учурда маркумду көмүү үчүн жерди акысыз берүүгө милдеттүү экендиги аныкталган. Колдонуудагы көрүстөндөрдү реконструкциялоо экологиялык жана тарыхый-маданий экспертизанын корутундусу болгондо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү жамааттын милдеттүү макулдугун эске алып, санитардык талаптарды сактоо менен жүзөгө ашырылат.

Мыйзамга ылайык колдонуудагы көрүстөндөр бузууга жатпайт жана жергиликтүү кеңештердин чечими жана жергиликтүү жамааттын макулдугун эске алуу менен, ошондой эле суу каптоо, жер көчкү коркунучу болгон учурда, жер титирөөдөн жана башка табигый кырсыктардан кийин тарыхый-маданий мурас объекттерине карата маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык экспертизанын корутундулары болгондо гана башка жерге көчүрүлүшү мүмкүн.

Ошону менен бирге Мыйзамда мурда көмүлгөн жайдын жанындагы жердин бош участогундагы орунду кийин жубайын көмүү үчүн брондоо Маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын кассасына өкмөттүн тарифине ылайык акча төлөнгөндөн кийин жүргүзүлөрү белгиленген. Ал жок болгон учурда акча каражаттары Маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кассасына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тарифке ылайык киргизилет.

Өз кезегинде Мыйзамда көрүстөндөрдү көрктөндүрүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери белгиленген жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашырылат. Муну менен бирге ал жергиликтүү жамааттын күчү, диний уюмдардын, коомдук фонддордун жана кайрымдуулук жардамдарынын эсебинен ишке ашырылышы мүмкүн.