Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

5 (151) 8 Июнь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишин уюштуруу маселелери жөнгө салынды

2024-06-08 / Мыйзам жаӊылыктары

Үпөл ТЕМУРМАЛИКОВА, КР ЖӨБ Союзунун укуктук маселелер боюнча эксперти

Жарлык менен саясий муниципалдык кызматка өткөн адам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте окуудан өтөөрү аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги №86 “Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө” Жарлыгы менен саясий мамлекеттик кызматка, атайын статусу бар мамлекеттик кызматка жана саясий муниципалдык кызматка кирүүнүн тартиби, ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун жана кызматтан бошотуунун тартиби жана тартиптик жаза берүүнүн тартиби аныкталды.

Кызматчы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы, эмгек тартибин, Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарын, антты бузгандыгы, ошондой эле мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта болуу менен байланышкан, мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү сактабагандыгы үчүн ага мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президен-тинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан алар кызмат ордуна дайындоону же шайлоону жүзөгө ашырган адамдарга карата тиешелүү түрдө тартиптик жазалар колдонулушу мүмкүн экендиги аныкталды.

Жарлыкта бул кызматчылар эмгек акыны өз убагында жана толук көлөмдө алууга, эс алууга, жеңилдиктерди алууга, ден соолук үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө, ошондой эле ден соолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул төлөө менен узактыгы 30 календардык күн болгон ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүгө укуктуу экендиги белгиленген. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жалпысынан 5, 10, 15 жана 20 жылдан көп иш стажы болгондо акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнүн узактыгы тиешелүүлүгүнө жараша 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө көбөйтүлөт. Кызматчыларды башка жерге кызматка которууда аларга жаңы жерге көчүп барууга жана убактылуу турак жайга кеткен чыгымдарды компенсациялоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоюлушуна, кайра уюштурулушуна же штатынын кыскарышына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган кызматчы үч орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө компенсация алат. Ошол эле учурда башка ишке өткөн учурда компенсация төлөнбөйт.

Жарлык менен кененирээк төмөнкү шилтемеден тааныша аласыз: