Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (152) 5 Июль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Убакыт келди: USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун өнөктөш муниципалитеттери бюджет боюнча коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча окуудан өтүштү

2024-07-05 / ЖӨБдүн ачык-айкындуулугу

Жылдыз КЕРИМОВА, ӨСИ ишке ашырган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун консультанты

2024-жылдын май айында Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) ишке ашырып келаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун (мындан ары – долбоор)  өнөктөштөрү болгон ЖӨБ органдарынын 80ден ашык өкүлү “ЖӨБдүн оң бейнесин жаратуунун аспабы катары жергиликтүү бюджетти түзүү боюнча коомдук угуулар” деген темада окуудан өтүштү. Окуу Баткен, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарында өттү. 

“Биздин долбоор ЖӨБ органдары 2025-жылга жергиликтүү бюджеттерди түзүү боюнча коомдук угууларды сапаттуу даярдап, өткөрүп калууга үлгүрүшү үчүн май айында тренинг өткөрүп турат. Себеби, КР Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык, 1-июнга чейин ар бир муниципалитетте Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (СЭӨП) кабыл алынып, ошонун негизинде жергиликтүү бюджеттер түзүлүп, коомчулук менен талкууланышы керек. Жай – жергиликтүү бюджеттин каражаттарын эмнеге жана кантип бөлүштүрүү керектигин калк менен талкуулаган мезгил”, – деди долбоордун координатору Джамиля АРБАНАЛИЕВА. 

2025-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуулар буга чейинкилерден айырмаланат, себеби бул чек аралары өзгөргөн шаарлардын жана айылдык аймактардын бюджеттери болот. КР Президентинин Жарлыгына ылайык, муниципалитеттер административдик-аймактык реформанын алкагында ирилештирилген. Ушундан улам бюджеттин долбоору жөнүндө маалыматты реформаланган айылдык аймактарындагы бардык айылдардын тургундарына жеткирүү керек. Ошондуктан, мындай угууларды уюштурууга жана өткөрүүгө көбүрөөк эмгек жумшап, жаңы ыкмаларды, механизмдерди колдонуу зарыл. Бул тренинг маалында коомдук угууларды өткөрүүнүн симуляциялык аспаптары, практикалык жана онлайн моделдери, анын ичинде социалдык тармактардын жана мессенжерлердин мүмкүнчүлүктөрү кеңири колдонулган. Алсак, ушундай көнүгүүлөр учурунда тренингдин катышуучулары коомдук угуулардын катышуучуларынын ролун ойноп көрүштү. Мисалы, айыл өкмөт башчыларынын, жигердүү тургундардын, финансисттердин жана спорттук секцияны ачууга көңүл бурууну жана акчаны талап кылган жаштардын ролунда болушту; өзүнүн артыкчылыктары бар айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын жана дыйкандардын ролдорун аткарып көрүштү. Башкача айтканда, тренинг учурунда катышуучулар аймактын жашоочуларынын ар кандай категориялары менен байланыш түзүүдө практикалык жөндөмдөрдү үйрөнүштү, коомдук угууларды өткөрүү учурунда пайда болушу мүмкүн болгон кырдаалдарды болжолдогонду өздөштүрүштү (чыр-чатактарды болтурбоо үчүн), ал эми сөз сүйлөгөндөрдүн презентациялык көндүмдөрү жакшыртылды.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БЮДЖЕТТИК КОДЕКСИ

127-берене. Коомдук бюджеттик угуулар

1. Коомдук бюджеттик угуулар – бул коомдук пикирди иликтөө, сунуштарды, сунуштамаларды алуу жана калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттердин түзүүнүн жана аткаруунун маселелерин ачык талкуулоо формасындагы иш-чара.

2. Коомдук бюджеттик угууларга материалдар коомдук бюджеттик угууларды өткөргөнгө чейин 10 күн мурда тиешелүү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий веб-сайтында жарыяланууга тийиш.

3. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коомдук бюджеттик угуулардын катышуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) каттоону, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтыктоо документтерин жол-жоболоштурууну камсыз кылат.

4. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коомдук бюджеттик угуулардын жыйынтыктары боюнча коомдук бюджеттик угуулардын катышуучуларынан түшкөн сунуштарды жалпылайт, аларды кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө аларга жоопторду жиберет.

“Мага долбоор айыл өкмөтүнүн бүтүндөй курамын, жада калса депутаттарды да тартууга аракет кылганы жагат, себеби иш жүзүндө коомдук угуу процесси ЖӨБ органынын финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн башчыларына жана айрым кызматкерлерине жүктөлгөнүн көрүп турабыз, бирок андай болбошу керек, жооптуу адамдардын ар бири калк үчүн угууларды өткөрүүгө салым кошууга тийиш”, – деди Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн инвестициялар боюнча адиси Гүлнур МУКАМБЕТОВА.

Ошондой эле тренингдердин катышуучулары КР Финансы министрлигинин веб-багытындагы порталында жайгаштырылган Жарандык бюджеттин онлайн формасы жана анын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып чыгышты. Бул портал аркылуу (www.gb.minfin.kg) катышуучулар 2025-жылга бюджеттин долбоорлорун толтуруп чыгышты. 2025-жылга карата маалыматтарды биринчилерден болуп Кочкор районунун өнөктөш муниципалитеттери киргизишти. Тренингдерди өткөрүү учурунда долбоор бул мүмкүнчүлүк тууралуу көптөгөн оң пикирлерди алганын белгилей кетүү керек. Алсак, көпчүлүк адамдар ыңгайлуу форматты жана сапатты; ЖӨБ органынын бюджети жөнүндө маалымат жеткиликтүү экендигин; ар бир тургун суроо берип, жооп ала алаарын белгилешти. Ошондой эле ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү бул порталдын “жеңилдигин” жана айрыкча бюджет боюнча коомдук угууларга даярданууда пайдалуулугун белгилешти. Мунун баары келечекте ЖӨБ органдарына калктын ишениминин деңгээлинин жогорулашына, айыл өкмөттөрүнүн кадыр-баркын көтөрүүгө, социалдык чыңалуунун азайышына жана башка жакшы жыйынтыктарга алып келиши керек.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БЮДЖЕТТИК КОДЕКСИ

88-берене. Шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программалары

1. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы – шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, алдыдагы мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын жана артыкчылыктарын аныктаган документ.
2. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын аткаруу органдары тарабынан иштелип чыгат жана ушул Кодекстин талаптарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан бекитилет, өткөн эки жылдын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүн, учурдагы жылга күтүлүүчү бааны жана кийинки үч жылга болжолду камтыйт.
<...>
5. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары жана жергиликтүү бюджеттердин артыкчылыктары кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт.

“Жарандык бюджетти толтуруу боюнча портал абдан жакты, элге жергиликтүү бюджет тууралуу маалыматты жеткирүү үчүн ыңгайлуу экен”, – дейт Кара-Суу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Азат РАСАХАН уулу.

“Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу жаатында көптөгөн кызыктуу жана пайдалуу нерселерди билдим. “Онлайн жарандык бюджет” порталы жакты, аны иште колдонуу оңой экен, элге да түшүнүктүү болот. Эми биз бюджет боюнча коомдук угууларды тийиштүү деңгээлде өткөрө алабыз деп ишенем”, – деп баса белгиледи Нарын облусунун Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Майрамбек АСАНБАЕВ.

Белгилей кетсек, тренингдерге КР Финансы министрлигинин райондук финансы башкармалыктарынын өкүлдөрү чакырылган. Алсак, министрликтин Ош облусунун Кара-Суу району боюнча финансы башкармалыгынын жетекчиси Каримбек ТАГАЕВдин жана Ысык-Көл району боюнча финансы башкармалыгынын жетекчиси Максат АБЫКЕЕВдин катышуусу ЖӨБ органдарын бюджеттик угууларга даярдоого шыктандырды, себеби Финансы министрлигинин өкүлдөрү жолугушууга бюджетти түзүү үчүн аймактарга керектүү маалыматтар менен келишти.

“Онлайн жарандык бюджет” порталын түзүү идеясын ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институтуна ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү бир суроо менен кайрылып жатышат: “Административдик-аймактык реформадан кийин порталда кантип иштейбиз? Коңшу аймак менен бириккенден кийин атыбыз өзгөрдү. Көпчүлүк тургундар бул жөнүндө азырынча билишпейт. Эмне кылыш керек?”
 
Өнүктүрүү саясат институтунун жообу: “ЖӨБ органдарынын урматтуу кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, шаарлардын жана аймактардын тургундары! Порталда кайра уюштуруу иштери жүргүзүлүп, административдик-аймактык бирдиктердин жаңы аталыштары жазылган баракчалар жеткиликтүү болот. Ошондой эле аймактарыңыздын жана шаарларыңыздын жашоочулары үчүн өзгөрүүлөр жөнүндө эскертүү жазылган кошумча кулактандыруу болот. Кызматташканыңыз үчүн рахмат!”