Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык ишканалар үчүн юридикалык консультация

2024-11-07 / Муниципалдык ишканалар үчүн юридикалык консультация

Административдик-аймактык реформанын натыйжасында муниципалдык ишканалардын абалы тууралуу; Жайыт жерлерин башкаруу функцияларын муниципалдык ишканага өткөрүп берүү тууралуу; ТСКАКБга таандык мүлктү муниципалдык ишканага өткөрүп берүү тууралуу; муниципалдык ишкананын карамагындагы муниципалдык мүлккө болгон укугу тууралуу

Муниципалдык ишканалардын ишмердиги жөнүндө актуалдуу суроолордун жана жооптордун жыйнагынан1 үзүндүлөр. Жыйнак: 

  • БАЗАРБАЕВ К. Б., Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары – МКЖӨБМА) директорунун;
  • ОРОЗБАЕВ Б. И., Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун (мындан ары – ЖӨБ Союзу) директорунун;
  • АЙТБАЕВ Д. С., Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун директорунун орун басарынын жалпы редакциясы
    астында иштелип чыккан.

Суроолорго жоопторду төмөнкү адистер даярдашты: 

  • МАМАСАЛИЕВА Т. Э., МКЖӨБМАнын ЖӨБ функциялары жана ыйгарым укуктары бөлүмүнүн башчысы;
  • САЯКБАЕВА Г. С., ЖӨБ Союзунун муниципалдык ишканалар боюнча эксперти;
  • ТЕМУРМАЛИКОВА Ү.Т., ЖӨБ Союзунун укуктук маселелер боюнча эксперти.

_____________

1 Жыйнак өзүнө Кыргыз Республикасынын муниципалдык ишканаларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери күн сайын туш болуп жаткан маселелер боюнча 100 суроо-жоопту камтыйт. Суроолор “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун ишинин жүрүшүндө чогултулган. Аталган долбоорду Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту аткарууда. Бул долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана муниципалдык ишканалардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

? Ар кайсы айылдык аймактар түзгөн муниципалдык ишканаларды (катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жок кылуу же ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча ишканаларды) административдик-аймактык реформанын натыйжасында ЖӨБ органдары бириккенден кийин өзгөртүүсүз калтырууга болобу?

Жок, мындай муниципалдык ишканаларды өзгөртүүсүз калтырууга болбойт. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык, юридикалык жактарды кайра уюштуруу, жоюу маселелери анын уюштуруучусунун, башкача айтканда ЖӨБдүн аткаруу органынын ыйгарым укуктарына кирет, мында экономикалык натыйжалуулукту, көрсөтүлгөн кызматтардын жеткиликтүүлүгүн эске алуу зарыл.

Бириктирүүнүн жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, бир же бардык ишканаларды кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу) же жоюу жана бир же бир нече комплекстүү муниципалдык ишканаларды түзүү боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.

? Жаңы түзүлгөн муниципалдык ишкананын директору бир нече муниципалдык ишкананы бириктирүүдө кандай иш-аракеттерди жасашы керек?

Бир нече муниципалдык ишкананы бириктирүүдө директор техникалык талаптарды жана өндүрүштүк муктаждыктарды эске алуу менен учурдагы структураны оптималдаштырууга тийиш. Муниципалдык ишкананы бириктирүүдө оптималдаштыруу төмөнкүдөй негизги ЖЕТИ кадамды камтыйт:

  • Учурдагы структурасына жана иштешине талдоо жүргүзүү –  чабал жерлерин жана дараметин аныктоо үчүн ишкананын бардык бөлүмдөрүнө жана процесстерине ар тараптуу талдоо.
  • Жаңы уюштуруу түзүмүн жана операциялык процесстерди аныктай турган стратегиялык максаттарды жана милдеттерди аныктоо.
  • Жаңы уюштуруу структурасын иштеп чыгуу – оптималдуу уюштуруу структурасын түзөт, мында бириктирилген ишканалардын талаптары эске алынып, натыйжалуу башкаруу системасы түзүлөт.
  • Өндүрүш процесстерин оптималдаштыруу: өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатып, кардарлардын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында жаңы өндүрүштүк жана технологиялык чечимдерди даярдоо жана ишке ашыруу.
  • Кадрларды оптималдаштыруу: кызматкерлердин муктаждыктарын баалоо, персоналдын түзүмүн кайра уюштуруу жана жумуш процесстерин оптималдаштыруу үчүн милдеттерди кайра бөлүштүрүү.
  • Маалыматтык технологияларды киргизүү: заманбап маалыматтык технологиялар жаатындагы чечимдерди киргизүү жана операциялык натыйжалуулукту жана башкарууну жогорулатуу үчүн бизнес-процесстерди автоматташтыруу.
  • Жыйынтыктарга мониторинг жана баалоо жүргүзүү: жетишилген максаттарга жараша стратегияларды туруктуу көзөмөлдөө жана түзөтүүлөрдү киргизип туруу максатында оптималдаштыруунун жыйынтыктарына мониторинг жана баалоо системасын киргизүү.

Оптималдаштырууга карата мындай комплекстүү мамиле жаңы уюштуруу структурасында жакшы жыйынтыктарга жетүү үчүн бириктирилген муниципалдык ишканалардын ресурстарын жана дараметин мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

? Административдик-аймактык реформа мезгилинде жайыт жерлерин башкаруу функциялары муниципалдык ишканага кантип өткөрүлүп берилет?

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайыт пайдалануучулардын бирикмелерине (мындан ары – ЖПБ) жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Келишимди бузуу сунушталган, бул үчүн төмөнкү кадамдарды жасаш керек:

  • 1-кадам. Айыл өкмөтү жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды ЖПБга өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бузат. Иштеп жаткан ЖПБлар жайыттардын чек араларын тактоо үчүн инвентаризация жүргүзүп чыгышат.
  • 2-кадам. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, айыл өкмөтү ЖПБнын бардык мүлкүн жана зарыл документтерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде (мамлекеттик акт милдеттүү) өткөрүп алат.
  • 3-кадам. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, жайыттарды башкаруу жана пайдаланууга берүү укугун Келишимдин негизинде муниципалдык ишканага өткөрүп берет. 
  • 4-кадам. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык, ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө Келишим түзөт. 
  • 5-кадам. Муниципалдык ишкананын уставына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет жана айыл өкмөтүнүн чечими менен бекитилет.

_______________________

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 “Пилоттук режимде айылдык аймактардын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтому

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталды:

  • жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө ЖПБлар менен келишимдерди бузуу;
  • ЖПБлардын бардык мүлкүн жана зарыл документтерин белгиленген тартипте өткөрүп алуу;
  • жайыттарды башкарууну жүзөгө ашыруу;
  • муниципалдык ишканаларга жайыттарды башкарууга жана пайдаланууга берүү укугун өткөрүп берүү;
  • жайыттарды башкаруу жана пайдалануу укугун берүүдө жогоруда аталган Убактылуу жобону жетекчиликке алуу;
  • муниципалдык ишканалардын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу укугун берүү тартибинин сакталышына көзөмөлдү камсыз кылуу.

_______________________ 

? Таза сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесине (ТСКАКБ) таандык мүлк муниципалдык ишканага кантип өткөрүлүп берилет?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №59 “Айылды суу менен камсыздоо системаларын таза сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткө-рүп берүү жөнүндө” токтому менен балансында айылды суу менен камсыздоо объектилери бар таза сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелерине аларды белгиленген тартипте өз балансынан айылдык округдардын айыл өкмөттөрүнө жана поселоктордун поселоктук өкмөттөрүнүн балансына акысыз өткөрүп берүү сунушталган. Ошондой эле айылды суу менен камсыздоо системалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигине өткөрүп берилген учурдан баштап ЖӨБ органдары аларды ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин башкаруусуна өткөрүп берери белгиленген. Башкарууга өткөрүп берүү Макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.

Мындан улам ТСКАКБга айылды суу менен жабдуу системасын башкаруу маселелерин муниципалдык ишканага өткөрүп берген учурда төмөнкүлөрдү жасаш керек: 

  • 1-кадам. Айыл өкмөтү ТСКАКБ менен айылды суу менен жабдуу системасын башкаруу жөнүндө Макулдашууну бузат. 
  • 2-кадам. Айыл өкмөтү муниципалдык мүлктү жана ТСКАКБдан зарыл болгон документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде (мамлекеттик акт милдеттүү) Макулдашууда белгиленген талаптарга ылайык өткөрүп алат.
  • 3-кадам. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы муниципалдык ишканага муниципалдык мүлктү Келишим боюнча чарба жүргүзүү укугунда бекитип берет.
  • 4-кадам. Муниципалдык ишкананын уставына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет жана айыл өкмөтүнүн чечими менен бекитилет.

Эгерде айылды суу менен жабдуу системасынын объекттери ТСКАКБнын менчигинде болсо, ТСКАКБ өзүнүн менчигин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө маселени өз алдынча чечет. ЖӨБ органдары бул процесске кийлигишүүгө укугу жок.

? Туристтик базаларды уюштуруу максатында жайыт жерлер канча мөөнөткө берилет?

Беш жылдан ашпаган мөөнөткө берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому менен бекитилген Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартибине ылайык, жайыт жерлерин башка максаттарга – “туристтик базаларды уюштуруу” максатында берүү мөөнөтү 5 жылдан ашпоого тийиш.

? Муниципалдык ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өткөрүп берген муниципалдык мүлктүн менчик ээси болуп эсептелеби?

Муниципалдык ишкана муниципалдык мүлктүн менчик ээси боло албайт. 

КР Граждандык кодексинин 224-беренесине ылайык, “Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардан, ошондой эле менчиктөөчү финансылаган мекемелерден башка, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар алардын уюштуруучулары (катышуучулары, мүчөлөрү) аларга салым (пай) катарында берген мүлктүн, ошондой эле бул юридикалык жактар башка негиздер боюнча сатып алган мүлктүн ээси болуп саналат”. Муниципалдык менчикте болгон мүлк муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилет (КР Граждандык кодексинин 227-беренеси). Ушундай эле ченемди “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 1-беренеси да камтыйт, ага ылайык “муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигинде, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттардын менчиги ...”. Ошентип, жогоруда аталган ченемдик укуктук актылар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан башка субъекттерге муниципалдык менчикке ээлик кылуу укугун караштырбайт.

? Муниципалдык ишкана жаңы мүлктү сатып алган учурда ал кимдин менчигинде болот?

Муниципалдык ишкана сатып алган ар кандай мүлк муниципалдык менчик болуп саналат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына таандык.

Муниципалдык ишкана өзүнүн финансылык-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан түшкөн кирешелердин эсебинен түзгөн, алган же сатып алган мүлк муниципалдык менчик болуп саналат.

Муниципалдык ишкана бул мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте, иштин уставдык максаттарына жана предметине ылайык жүзөгө ашырат (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 230-беренеси).

? Муниципалдык ишкана кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү тескей алабы?

Мүлк чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон муниципалдык ишкана бул мүлккө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 230-беренесинин 3-бөлүгүндө аныкталган чектерде ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.

Муниципалдык ишкана чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга, аны ижарага, күрөөгө берүүгө, чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым (пай) түрүндө кошууга же башка ыкма менен башкарууга укуксуз. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, муниципалдык ишкана чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылдуу мүлктү өз алдынча тескейт.