Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (164) 14 Июль 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Пластик калдыктарын башкаруунун жаңы тартиби бекитилди

2025-07-14 / Мыйзам жаӊылыктары

Түрмөктү КР ЖӨБ Союзунун укуктук маселелер боюнча эксперти ТЕМУРМАЛИКОВА Үпөл даярдады

Кыргыз Республикасында пластик калдыктарын башкаруунун бирдиктүү тартиби бекитилди.

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги №193 токтому менен, КР Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө” КР мыйзамдарын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасында пластик калдыктары менен иштөөнү тартипке келтирүү максатында “Кыргыз Республикасында пластик калдыктары менен иштөө тартиби” бекитилди.

Бул тартип пластик калдыктарын чогултууга, сактоого, ташууга жана кайра иштетүүгө коюлган талаптарды аныктайт. Бул талаптар менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп саналат.

Бул тартип төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

  • радиоактивдүү пластик калдыктарына,
  • медициналык пластик калдыктарына,
  • ошондой эле туруктуу органикалык булгоочу заттарды камтыган пластик калдыктарына.

Бекитилген Тартипке ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

  • Оператор менен биргеликте калк үчүн пластикти, анын ичинде полимер пленкасынан жасалган баштыктарды тапшыруу, кабыл алуу, өз-өзүнчө чогултуу жана сорттоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө тийиш;
  • жаратылыш жана туристтик объекттердин, тоолуу жерлердин, токой-парк зоналарынын, көлдөрдүн, дарыялардын ордунун схемасын аныктайт жана аныкталган аймакты тазалоону камсыз кылууга жооптуу кылып Операторлорду, пластик буюмдарды жана полимер пленкасынан жасалган пакеттерди өндүрүүчүлөрдү, ошондой эле коомчулукту тартуу менен жана туристтик объекттердин ээлерин квартал сайын бекитет;
  • маалыматтык-үгүт иштерин жүргүзөт, пластик калдыктар менен, анын ичинде полимерден жасалган баштыктар менен иштөө эрежелери бузулганда чара көрөт.