Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Маалыматтар “Түндүк” тиркемеси аркылуу жеткиликтүү болгон учурда аларды кагаз форматында берүү жана суратуу токтотулат
Түрмөктү КР ЖӨБ Союзунун укуктук маселелер боюнча эксперти ТЕМУРМАЛИКОВА Үпөл даярдады
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги №260-т тескемесине ылайык, “Мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” КР Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында:
2025-жылдын 14-апрелинен тартып (Бишкекте жана Ошто) жана 2025-жылдын 1-майынан тартып (республика боюнча) маалыматтар “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жарандарга жеткиликтүү болсо, кагаз форматында маалымкаттарды жана көчүрмөлөрдү берүү токтотулат.
Бул тизмеге төмөнкүлөр кирбейт:
- 50 жаш жана андан жогору курактагы жарандар,
- жарандардын социалдык жактан аялуу категориялары,
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде пайдалануу үчүн мындай маалыматтар талап кылынган учурлар.
2025-жылдын 1-июнунан тарта документтер жана маалымкаттар “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жеткиликтүү болгон учурда аларды жарандардан жана юридикалык жактардан кагаз түрүндө талап кылуу токтотулат (маалыматтык системалар даяр эмес болгон учурларды кошпогондо). Ошондой эле нотариалдык документтер “Электрондук нотариат” системасы аркылуу берилсе жана санариптик форматта болсо, ЖӨБ органдарына жарандардан бул документтерди кагаз түрүндө талап кылууга тыюу салынат.
Окшош материалы:
-
№6 (164) / 2025-07-14 Муниципалдык кызматкерлер үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли белгиленди
-
№6 (164) / 2025-07-14 Пластик калдыктарын башкаруунун жаңы тартиби бекитилди
-
№5 (151) / 2024-06-08 Транспорт каражатын ижарага берүүнүн типтүү келишими
-
№5 (151) / 2024-06-08 Келишимдик мамилелер жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашыруунун аспабы катары
-
№5 (151) / 2024-06-08 Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишин уюштуруу маселелери жөнгө салынды
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу тууралуу
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Аксакалдар соту тууралуу
-
№2 (148) / 2024-02-13 2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү Иш-аракеттердин улуттук планы тууралуу