Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Муниципалдык кызматкерлер үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли белгиленди
Түрмөктү КР ЖӨБ Союзунун укуктук маселелер боюнча эксперти ТЕМУРМАЛИКОВА Үпөл даярдады
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №211 токтому менен “Кыргызтест” системасы боюнча муниципалдык кызматкерлер үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлине коюлган талаптар бекитилди.
Кызматтык жана функциялык милдеттерин аткаруу үчүн адистер, жетектөөчү жана башкы адистер, бөлүм башчылары, орун басарлар-жооптуу катчылар, ошондой эле айыл өкмөт башчылары төмөнкү сертификатты алууга милдеттүү:
- 2025-жылдан тартып – орто деңгээлден (В1) төмөн эмес;
- 2027-жылдан тартып – ортодон жогору деңгээлден (В2) төмөн эмес.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери муниципалдык кызматкерлерди мамлекеттик (кыргыз) тилди тийиштүү деңгээлде окутуу үчүн шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.
Ошентип, муниципалдык кызматкерлер белгиленген талаптарга ылайык “Кыргызтест” системасы боюнча тестирлөөдөн өтүп, сертификат алууга тийиш.
2025-жылы сертификаттын жоктугу муниципалдык кызматкерди ээлеген кызматына жараксыз деп табуу же кызматынан төмөндөтүү үчүн негиз болуп саналбай турганын белгилей кетүү маанилүү.
Окшош материалы:
-
№6 (164) / 2025-07-14 Маалыматтар “Түндүк” тиркемеси аркылуу жеткиликтүү болгон учурда аларды кагаз форматында берүү жана суратуу токтотулат
-
№6 (164) / 2025-07-14 Пластик калдыктарын башкаруунун жаңы тартиби бекитилди
-
№5 (151) / 2024-06-08 Транспорт каражатын ижарага берүүнүн типтүү келишими
-
№5 (151) / 2024-06-08 Келишимдик мамилелер жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашыруунун аспабы катары
-
№5 (151) / 2024-06-08 Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишин уюштуруу маселелери жөнгө салынды
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу тууралуу
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Аксакалдар соту тууралуу
-
№2 (148) / 2024-02-13 2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү Иш-аракеттердин улуттук планы тууралуу