Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

7-8 (165-166) 8 Сентябрь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы №337 “Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому

2025-09-05 / Мыйзам жаӊылыктары

КР ЖӨБ Союзу тарабынан даярдалды

Муниципалдык мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жол-жоболорун оптималдаштыруу, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-1-статьясын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  • Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонууда ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартипти жетекчиликке алуу сунушталсын.
  • Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартипти колдонуу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымат берүүнү жана окутууну камсыз кылсын.
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
  • Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин Тоо” гезитинин 2025-жылдын 13-июнундагы №43 санында жарыяланды.