Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Коммуналдык калдыктар менен иштөөнүн Типтүү эрежелери бекитилди
Бакыт БАЙСАКОВ, ӨСИнин консультанты
“Коммуналдык калдыктар менен иштөөнүн типтүү эрежелеринин” долбоору Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 7-июлундагы №01–25/245 буйругу менен расмий түрдө бекитилди.
Документтин айланасындагы иш 2024-жылдын ноябрь айынан бери Агенттиктин суроо-талабы боюнча ЖӨБ органдары жана өнөктөштөр менен жүрдү.
Бул типтүү эрежелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде калдыктарды иштетүүгө бирдиктүү нормативдик мамилени белгилеген биринчи системалык документ экенин белгилей кетүү маанилүү. Негизги максаты – коммуналдык калдыктарды чогултууда, ташып чыгарууда, кайра иштетүүдө жана көмүүдө натыйжалуулугун, туруктуулугун жана юридикалык аныктыгын жогорулатуу.
Иштетүү процессинде ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн, эксперттердин жана эл аралык консультанттардын катышуусунда жумушчу талкуулар өткөрүлдү. Документти жеткире иштеп чыгуу маалында айтылган бардык сын-пикирлер жана сунуштар эске алынды.
“Иштелип чыккан эрежелер таза, коопсуз калктуу конуштарга карай маанилүү кадам болуп саналат. Документти даярдоого катышкандардын бардыгына ыраазычылык билдиребиз. Документ ЖӨБдүн деңгээлинде иштеген ар бир адам үчүн багыт көрсөтө алат”, – деп белгиледи Мамлекеттик агенттиктин ЖӨБдүн функциялары жана ыйгарым укуктары бөлүмүнүн башчысы Таалайгүл МАМАСАЛИЕВА.
Документтин тегерегинде иш Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин суроо-талабы боюнча “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун эксперттик жана уюштуруучулук колдоосу менен жүргүзүлдү. Аталган долбоорду Швейцария Өкмөтү каржылап, ХЕЛЬВЕТАС уюму Өнүктүрүү саясат институту менен бирге ишке ашырууда.
Бекитилген Типтүү эрежелер менен төмөндөгү шилтеме боюнча Агенттиктин сайтынан: https://mkk.gov.kg/коммуналдык-калдыктар-менен-иштөөнү шилтемеси аркылуу же QR-код аркылуу таанышууга болот:

Окшош материалы:
-
№12 (170) / 2025-12-30 Коммуналдык калдыктарды иштетүүнүн типтүү эрежелери: тазалыкка жана жоопкерчиликке системалуу мамиле
-
№12 (170) / 2025-12-30 Кыргызстанда биринчи жолу катуу тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча райондук программалар даярдалып, бекитилди
-
№9 (167) / 2025-09-21 Пластиктин булганышы менен күрөшүүнүн жаңы тартиби
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартиби
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы №337 “Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому
-
№6 (164) / 2025-07-14 Муниципалдык кызматкерлер үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли белгиленди
-
№6 (164) / 2025-07-14 Маалыматтар “Түндүк” тиркемеси аркылуу жеткиликтүү болгон учурда аларды кагаз форматында берүү жана суратуу токтотулат











