Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Туруктуу өнүктүрүү стратегиясы тууралуу

2013-03-29 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

2013-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев №11 “2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегия жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

 

2012-жылдын декабрында КР Президенти коомчулуктун кароосуна 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясын (Жол картасын) алып чыкты. Стратегия эки негизги бөлүккө бөлүнгөн: мамлекеттүүлүктү сактоонун жана ийгиликтүү өнүгүүнүн негиздерин түптөө жана 2013-2017-жылдарга КР экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктары.
 
Көзгө биринчи эле урунганы – бул Стратегия долбоорундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жалпысынан институт катары эскертилбегени.
 
КР Конституциясында орнотулган коомдук бийликтин формаларынын бири кандай багытта өнүгөөрү көрсөтүлгөн эмес. ЖӨБ органдары айтылган бөлүмдөрүндө алардын милдеттери гана көрсөтүлгөн. Өнүктүрүү саясат институту жана айрым бир башка коомдук уюмдар өлкөдөгү ЖӨБнын мындан аркы өнүгүүсүнө мынчалык ачык тоотпогондукка карата тынчсыздануусун билдирип чыгышты. Андыктан ӨСИ КР Президенттик Аппаратына да, КР Өкмөтүнүн Аппаратына да ЖӨБ боюнча өзүнчө бөлүмдү жана анда чагылдырылыш керек болгон өзөктүү учурларды кошуу тууралуу сунуш жиберилди.
 
2013-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев №11 “2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегия жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыкка тиркелген стратегиянын текстинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө бөлүм пайда болду. Аны толугу менен келтиребиз.