Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (172) 10 Март 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Сезондо иштегендер үчүн жаңы эрежелер жана жергиликтүү маанидеги сезонго байланышкан маселелерди чечүүнү жөнөкөйлөштүрүү: КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы №752 Сезондук жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө токтому

2026-03-09 / Мыйзам жаӊылыктары

Бакыт БАЙСАКОВ, Өнүктүрүү саясат институтунун консультанты

2025-жылдын аягында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы №752 токтому менен Сезондук жумуштардын жаңы тизмеги бекитилген. Бул тизме көптөн бери өзгөрбөй келген эскинин ордуна жаңыланды (буга чейинки №679 токтом 2001-жылы чыккан).
Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана муниципалдык ишканалар үчүн өзгөчө маанилүү. Жыл сайын алар сезондук жумуштарга – көчөлөрдү көрктөндүрүү, бак-дарактарды отургузуу, суугаруу, тазалоо, калктуу конуштардын аймактарын кышка даярдоо үчүн көптөгөн жумушчуларды жалдап турушат. 

Төмөндө жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө кездешүүчү жумуштардын айрым түрлөрүнүн тизмеси берилди:

  • жылытуу системаларын, а.и. мештерди, казандарды жана башка түзүлүштөрдү тейлөө менен байланышкан иштер;
  • өсүмдүктөргө, газондорго кам көрүү боюнча иштер жана өсүмдүктөрдүн өсүшүн жана аймактын эстетикасын колдоо менен байланышкан башка иштер;
  • өсүмдүктөрдү сугаруу, сугат системаларын орнотуу жана тейлөө, кыртыштын нымдуулугун контролдоо жана жабдууларды тейлөө боюнча иштер;
  • токой чарбасындагы иштер.

Бул иштер жылдын белгилүү мезгилдеринде гана жасалып, адатта 6 айдан ашпайт. 

БУЛ МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАЛАР ҮЧҮН ЭМНЕСИ МЕНЕН ПАЙДАЛУУ? 

Эң негизгиси – адамдарды жумушка тариздөө жеңилдеп, айып төлөп калуу тобокелдиги азайды. Эми муниципалдык ишканалар сезонго келишим түзө алышат (КР Эмгек кодексинин 170–172-беренелери). Юристтер муну кантип жасаш керектигин билишет, эми аларда эмнеге таяна аларын белгилеген так тизме бар: 

  • өргүү – аздан, ар бир ай үчүн 2 күн берилет;
  • эгерде сезон бүтүп, кызматкерди иштен бошотуу зарыл болсо, бул тууралуу 3 күн мурун гана билдирсе болот;
  • башка туруктуу жумушту сунуш кылуунун кажети болбойт;
  • келишим бүткөн болсо, жумуштан бошонуу жөлөкпулун төлөп берсе болот (эгерде бул келишимде көрсөтүлгөн болсо, бир айлык катары). 

Бул тизменин жардамы менен акчаны үнөмдөсө болот: зарыл болбогон учурда жыл бою маяна, ашыкча салык төлөөнүн кажети болбойт. Жергиликтүү ишканалар айыл чарбасы менен да, тазалык менен да алектенген айылдарда жана чакан шаарларда бул өзгөчө пайдалуу токтом. 

ДАЛ УШУЛ УЧУРДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК? 

Токтом жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин (2025-жылдын декабрь айында) күчүнө кирди. Ошондуктан, биз шаардык ишканалардын жетекчилерине жана кадрлар менен иш алып баргандарга мындай кеңешти бере алабыз: 

  • сезондо иштегендер менен келишимдерди карап чыгып, жаңыртыңыз;
  • келишимге №752 токтом боюнча иштеп жатканыңыз тууралуу тизмеден конкреттүү пунктту көрсөтүңүз;
  • зарыл болгон учурда ички тартипти жана жамааттык келишимди өзгөртүңүз. 

Жаңы тизме – бул кошумча көйгөйлөр эмес, бул текшерүүлөрдөн коркпостон, жөнөкөй ыкма менен иштөө мүмкүнчүлүгү. Эми эмгек инспекциясы эмнелерге уруксат берилерин жакшыраак түшүнүп калат, ал эми муниципалдык ишканалар сезондо адамдарды беймарал жумушка ала алышат.

Учурда ЖӨБ органдарында акча андай деле көп эмес, бирок муниципалитеттин аймагында бардыгы жакшы жана таза болушу керек. Ошондуктан эрежелердин жаңыланышы өз убагында жана абдан пайдалуу болду. Эми башкысы бул эрежелерди баары туура колдонгону жетиштүү.

 

Окшош материалы: