Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (179) 23 Сентябрь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик органдардын ведомстволорунун ортосунда өз ара байланыш түзүүнүн жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча жардам көрсөтүүнүн жаңы тартиби

2026-09-19 / Үй-бүлөлүк зомбулук
Мамлекеттик органдардын ведомстволорунун ортосунда өз ара байланыш түзүүнүн жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча жардам көрсөтүүнүн жаңы тартиби

Руслан ДОСАЛИЕВ, ӨСИнин консультанты

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу, социалдык-укуктук коргоону камсыз кылуу жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды коргоо боюнча мамлекеттик саясаттын укуктук негизин 2017-жылы кабыл алынган “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы аныктап келет. Бул Мыйзамдын айрым жоболорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы №358 токтому менен Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тартиби жана Жабыр тарткан адамдарга “бирдиктүү терезе” принциби боюнча жардам көрсөтүүнүн тартиби бекитилди.

ВЕДОМСТВОЛОРДУН ОРТОСУНДАГЫ ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮ ДЕГЕН ЭМНЕ ЖАНА АЛ ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?

Жаңы Тартип мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын ишин координациялоо механизмин аныктайт, үй-бүлөлүк зомбулук учурларына макулдашылган реакцияны жана жабыр тарткандарга комплекстүү жардамды камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги негизги координатор болуп аныкталды.

Өз ара аракеттенүү системасына соттор, прокуратура, ички иштер, саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, юстиция органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Акыйкатчы, ошондой эле өз компетенциясынын чегинде башка мамлекеттик органдар кирет.

Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • үй-бүлөлүк зомбулук учурларын өз убагында аныктоо;
  • мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуу;
  • жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүдө иш-аракеттерди координациялоо;
  • алдын алуу иш-чараларын ишке ашыруу;
  • үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн коррекциялык программаларды жүргүзүү.

Мында алдын алууга өзгөчө көңүл бурулат. Мамлекеттик органдар калкты укуктук жактан агартуу иштерин жүргүзөт, үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепеттери, коргонуунун жеткиликтүү механизмдери жөнүндө маалымдайт, зомбулуксуз жүрүм-турум маданиятын калыптандыруу жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө боюнча программаларды ишке ашырат. Ички иштер органдары зомбулук жүрүм-турумуна жакын адамдар менен жекече алдын алуу иштерин жүргүзөт, ал эми билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо мекемелери зомбулук учурларын эрте мөөнөттө аныктоону жана жабыр тарткандар зарыл жардам алышы үчүн өз убагында багыттоону камсыз кылат.

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТАН ЖАБЫР ТАРТКАНДАРГА “БИРДИКТҮҮ ТЕРЕЗЕ” ПРИНЦИБИ БОЮНЧА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ.

Жаңы Тартип зомбулуктун курмандыктарына “бирдиктүү терезе” механизми аркылуу жардам көрсөтүү максатын көздөйт. Бул механизм адамга бир жерге кайрылууга жана ар кандай мамлекеттик органдарга өз алдынча кайрылбастан, зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйындысын алууга мүмкүндүк берет.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттер аркылуу төмөнкүлөр камсыз кылынат:

  • баштапкы кабыл алуу жана керектөөлөрдү баалоо;
  • жардамдын жекече программасын иштеп чыгуу;
  • бардык ыйгарым укуктуу органдардын иш-аракеттерин координациялоо;
  • жабырлануучуну зарыл кызмат көрсөтүүлөрдү алышы үчүн багыттоо. 

Жабыр тарткандарга төмөнкүлөр жеткиликтүү болот:

  • медициналык жардам жана медициналык реабилитациялоо;
  • психологиялык колдоо;
  • социалдык жардам;
  • консультациялык-укуктук жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам.

Жардам көрсөтүү коопсуздук, жабыр тарткандардын укуктарын жана кадыр-баркын урматтоо, купуялуулук, кайрылуунун ыктыярдуулугу (балдарга жана аракетке жөндөмсүз адамдарга тиешелүү учурларды кошпогондо), ошондой эле комплекстүү ведомстволор аралык коштоо принциптерине негизделет.

Ички иштер органдары жабыр тарткандардын коопсуздугун камсыз кылат, улам кайталана берген зомбулуктун алдын алуу боюнча чараларды көрөт жана коргоо системасынын башка субъекттери менен өз ара байланыш түзөт. Медициналык уюмдар зарыл болгон жардамды көрсөтүшөт жана зомбулук учурларын документтештиришет. Социалдык коргоо органдары социалдык коштоону уюштурат, үй-бүлөнүн керектөөлөрүн баалайт жана зарыл болгон учурда жабыр тарткандарды коопсуз шарттарда жайгаштырууну камсыз кылат. Билим берүү уюмдары балдарга карата зомбулук учурларын аныктап, тиешелүү кызматтар менен өз ара байланыш түзүшөт. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүчү органдар жабыр тарткандардын укуктарын коргоону камсыз кылат.

Жаңы тартиптерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр сунушталат:

  • калк арасында коргоо механизмдери жана жардам алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү;
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн бардык субъекттеринин адистерине туруктуу окутууну уюштуруу;
  • кризистик борборлордун жана жабыр тарткандар үчүн коопсуз баш калкалоочу жайлардын тармагын өнүктүрүү;
  • купуялуулук талаптарын сактоо менен мамлекеттик органдардын ортосунда электрондук маалымат алмашууну өркүндөтүү;
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугуна жана аларды колдонуу практикасын эске алуу менен “бирдиктүү терезе” принцибине туруктуу мониторинг жүргүзүү;
  • үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жана зомбулуксуз үй-бүлөлүк мамилелердин маданиятын калыптандырууга багытталган алдын алуу программаларын кеңейтүү. 

Жаңы тартиптерди киргизүү үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун мамлекеттик системасын өркүндөтүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Комплекстүү ведомстволор аралык мамиле жана “бирдиктүү терезе” принциби боюнча жардам берүү жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүүнү жеткиликтүү, өз убагында жана натыйжалуу кылууга мүмкүндүк берет, ошондой эле зомбулуктун кайталанган учурларынын алдын алууга жана жарандардын укуктарын коргоону күчөтүүгө өбөлгө түзөт.