Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик маанидеги тапшырмаларды аткарбаганы үчүн эскертүү, сөгүш жарыялоо, катуу сөгүш жарыялоо жана кызматынан четтеттүү

2013-05-31 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин дисциплинасы тууралуу

КР премьер-министринин 2013-жылдын 4-мартындагы №72 Буйругу менен дисциплинардык таасир этүү чараларын колдонуу укугу берилген (эскертүү, сөгүш жарыялоо, катуу сөгүш жарыялоо), анын ичинде мыйзамда каралган тартипте ээлеген кызматынан бошотуу: шаар мэрлерине карата – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө; айыл өкмөт башчыларына карата – райондук мамлекеттик администрация башчыларына – акимдерге; төмөнкүлөрдү аткарбаганы же жетиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн:
• Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзамдарын, токтомдорун, Кыргыз Республикасынын токтомдорун жана буйруктарын, аларды аткарбаганы жарандардын, юридикалык жактардын кайрылууларынын, тартип коргоо органдарынын
сунушунун негизинде жана башка ыкмалар менен аныкталган учурда;
• Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун көрсөтүүсү боюнча өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды.