Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасы

2013-12-30 / Өкмөттүн стратегиялары

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнун токтому

Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну андан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 10-беренелерине ылайык, Кыргыз Республика- сынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы N 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жобосун көңүлгө алып, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1Тиркелгендер бекитилсин:

-Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдын-

ча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга

карата программасы (мындан ары - Программа),

1тиркемеге ылайык;

-Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттердин планы), 2-тиркемеге ылайык.

2Министрликтер, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

-Программаны жана Иш-аракеттердин планын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;

-Программаны жана Иш-аракеттердин планын аткаруу боюнча ведомстволук программаларды иш-чаралардын пландарын эки айдын ичинде иштеп чыгышсын жана бекитишсин;

-Программадагы жана Иш-аракеттердин планындагы иш-чараларды тиешелүү жылга бекитилген бюджеттин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын алкагында ишке ашырышсын;

-квартал сайын, отчеттук айдын 5-күнүнө чейин  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке Программаны жана Иш-аракеттердин планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин.

3 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик:

-Квартал сайын, отчеттук айдын 20-күнүнө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Программаны жана Иш-аракеттердин планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин;

-Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу менен бирдикте (макулдашуу боюнча) кабыл алынган Программанын максаттары жана милдеттери жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштерин жана маалыматтык өнөктүк жүргүзсүн.

4 Министрликтердин, администрациялык ведом-стволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Программанын жана Иш-аракеттердин планынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн жекече жоопкерчиликте болору белгиленсин.

5 Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.«Эркин Тоо» газетасынын 2013-жылдын 24-декабрында N 102 жарыяланды.

6 Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрьндагы №678 токтомуна 1- тиркеме

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасы

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев