Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалитетти өнүктүрүүнүн стратегиясы – бул адамдарды жана ресурстарды бириктирген өзөк – Кыргызстандын тоолуу жана алыскы жайгашкан айылдык аймактарынан мисалдар

2013-12-30 / Жергиликтүү өнүгүүнүн стратегиялары
Муниципалитетти өнүктүрүүнүн стратегиясы – бул адамдарды жана ресурстарды бириктирген өзөк – Кыргызстандын тоолуу жана алыскы жайгашкан айылдык аймактарынан мисалдар

Кыргыз Республикасынын тоолуу жана алыскы райондорунда жайгашкан муниципалитеттерди адатта келечеги тайкы жана аз өнүккөн деп эсептешет...

Кыргыз Республикасынын тоолуу жана алыскы райондорунда жайгашкан муниципалитеттерди адатта келечеги тайкы жана аз өнүккөн деп эсептешет. Көптөр бардык жергиликтүү экономика бул жерлерде сувенирлерди даярдоо, анда-санда туристтик маршруттар жана мал багуу менен чектелет деп эсептешет. Бул калыптанып калган стереотиптин кесепеттери. Ага ылайык,алыскы жана тоолуу муниципалитеттер өткөн жана андан мурдагы кылымдардын консервацияланган жана обочодо калган аралчалары катары кала берүүгө мажбур, ал эми ошол муниципалитеттердин тургундары келечекке жетелеген стратегияларды ишке ашырууга жөндөмсүз. Стереотипти жеңип, бул мифти жокко чыгаруу милдети «Кыргыз Республикасында туруктуулукту жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү алга жылдыруу» долбооруна жүктөлгөн. Аталган долбоор 2012-2013-жылдар аралыгында Ош жана Нарын облустарынын алыскы айылдык аймактарында Кыргызстандын тоолуу региондорундагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо Программасы (мындан ары – MSDSP KG Коомдук фонду), Ага-Хан фондунун демилгеси, тарабынан ишке ашырылган. Долбоордун пилоттук аймактары заманбап учурга адекваттуу өнүгүү – бул республиканын борборуна жакын жайгашкан муниципалитеттердин артыкчылыгы эмес, бул ар бир жамааттын мыйзамдуу укугу жана реалдуу мүмкүнчүлүгү экенин далилдей алышты.

Бир караганда долбоордун милдети ашкере эле стандарттуу көрүнөт – муниципалитеттерге өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жардам берүү. Акыркы жылдары Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде өтө көп сандагы түрдүү стратегиялар иштелип чыкканын, атүгүл мындай стратегиялар ондоп саналган аймактар да бар экенин эксперттер жана ЖӨБ органдарынын кызматкерлери жакшы билет. Көпчүлүк жерлерде өнүгүү стратегиялары кагаз бетиндеги пландар бойдон кала берет; жамааттар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларды иш-аракеттер үчүн колдонмо катары кабыл албайт, бул документтер менен иштей албайт жана иштегиси келбейт. Бул жергиликтүү жамааттар үчүн чоң көйгөй, анткени стратегиялык пландоонун ыгы жана ошол пландарды аткаруу жөндөмдүүлүгү – бул муниципалдык башкаруунун өтө маанилүү бөлүгү. Ансыз жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашты деп эсептөөгө болбойт. Эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдар ушундай стратегияларды түзүүнү жана ишке ашырууну максат кылган ондогон долбоорлорду ишке ашырды. Анткен менен «стратегия боюнча жашоо» түрүндө чыныгы түшүм берген мындай долбоорлор иштеген муниципалитеттер чанда гана кездешет.

Эмнени жеӊип чыгышты?

MSDSP KG Коомдук фондунун алдында кооптуу милдет турду – муниципалитеттин стратегиясы «иштеп кеткидей» нерсе жасоо, ал жамаат жана ЖӨБ органдары өз келечегин кура ала турган чыныгы, жандуу документ болушу керек. «Велосипед ойлоп таппастан», стратегияларды иштеп чыгуу боюнча мурдагы аракеттердин натыйжаларын пайдалануу үчүн колдо болгон стратегияларды кайра карап чыгууга жана жаңылоого муниципалитеттердин умтулуусунун жоктугу; жаштарсыз келечекти пландоо маанисиз экенин эске алып, муниципалдык лидерлерде жаштарды жергиликтүү маанидеги масе- лелерди чечүүгө тартуу шыгынын жоктугу; бейөкмөт жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу тажрыйбасынын жоктугу; жергиликтүү ресурстардын жетишсиздиги өңдүү көп нерсени жеңиш керек болчу. Тоскоолдуктардын тизмеси өтө узун болсо, жагымдуу мүмкүнчүлүктөрдүн тизмеси ошончолук чакан. Алардын арасында негизгиси жана балким жалгызы – жамааттардын өзү жана өз балдары үчүн турмуш шартты жакшыртуу каалоосу болду. Ага карабастан долбоор сынактык негизде жогоруда аталган тоскоолдуктардын баарын жеңип чыгууга даяр болгон 15 элеттик муниципалитетти тандап алды.

Стратегияларды ишке ашыруунун «жаӊы-эски» процессин эмнеден башташ керек?

Практика көрсөткөндөй, ар кандай стратегияны ишке ашыруунун баскычында өзөктүү көйгөйлөрдүн бири – өлчөнгөн индикаторлор менен жабдылган аракет планынын жоктугу, же анын талапка жооп бербегендиги; экинчиси – мониторингдин жана жетишкендиктерди баалоонун жоктугу же чабалдыгы.MSDSP KG Коомдук фонду буга чейин муниципалитеттерде иштелип чыккан стратегиялардын абалын баалап, жергиликтүү өнүктүрүү стратегияларынын сапаты бир кыйла төмөн, көпчүлүк стратегиялар буга чейинкилерди толугу менен, же жарым-жартылай кайталайт деген кейиштүү тыянакка келди. Изилдөөгө алынган 14 айылдык аймактын ичинен бирөө гана стратегиясын толугу менен жаңылаган. Жергиликтүү өнүгүү стратегиясында аныкталган артыкчылыктар жамааттын көйгөйлөрүн бир аз гана чечет, алар көп учурда инфраструктуралык долбоорлор менен гана чектелет. Ошону менен бирге  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жамааттын мүчөлөрүн мобилдештирүү кыйын болгонун,алардын маалыматка ээ эместигин, ошондой эле олуттуу каржылык чектөөлөр бар болгонун айтышат. Жамааттын жана жарандык уюмдардын өкүлдөрү болсо өз кезегинде ЖӨБ органдарын каржылык жана социалдык жоопкерчиликсиз мамиле жасайт, маалыматты жабык кармашат деп айыптап келишет.

Андыктан коомдук фонд пилоттук ЖӨБда бийлик органдарынын өкүлдөрүнөн жана жамааттын активисттеринен турган жаңы жумушчу топторду түзүүнү сунуштады. Бул топтор өзүнө стратегияларга иш-чаралардын планын иштеп чыгуу боюнча лидердик функцияларды алмак, ошондой эле стратегиялардын аткарылышынын жүрүшүн көзөмөлдөмөк. Топтордун ишинин ийгилигин камсыздай ала турган маанилүү шарт – аларда башкаруу органдарына күчтүү, конструктивдүү оппозицияны түзө ала турган, ЖӨБ органдарынын күнүмдүк иштер менен гана алектенип калышына жол бербей, аларды «уктатпай» турган кызыкдар болгон жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү катышыш керек. Ошондой эле жаштардын катышуусу да өтө маанилүү. Анткени дал ушул жаштар стратегияны ишке ашырууда ага зарыл болгон импульсту жана заманбап векторду берүүгө жөндөмдүү.

15 аймакта жамааттардын түрдүү кызыкчылыктар топтору кошулган жумушчу топторду тузүү мүмкүн болду. Анын ичинде 35 пайыздан кем эмесин аялдар жана 20 пайыздан ашыгын 28 жашка чейинки жаштар түзөт. Топтун орточо саны – 30 адамдын тегерегин түзөт. Бир караганда топтун мобилдүүлүгүн камсыздап, аны башкара алуу үчүн, натыйжалуу ишти жөнгө салуу үчүн бул өтө көп. Бирок практика көрсөткөндөй, бул баскычта чечим өзүн актай алды – көптөгөн каалоочулардын ичинен бул иш үчүн көбүрөөк ылайыктуусун тандап алып, бирок ошону менен бирге жетиштүү шыгы жок болсо да айылдын жашоосуна активдүү катышууну каалагандарды да жоготуп албаш керек эле. Андыктан топко бардыгын кошушту, ал эми практика болсо ким топтун өзөгүн түзөрүн, ал эми ким жөн гана талкууларга катышаарын көрсөтүп койду. Кандай болгон күндө да стратегияны ишке ашыруунун үстүнөн түздөн-түз иштерге 15 муниципалитеттен жамааттын жана ЖӨБ органдарынын 474 өкүлү катышты.

Стратегияларды натыйжалуу ишке ашырууну уюштуруу үчүн топторго кошумча билимдер керек эле. Андыктан MSDSP KG Коомдук фонду эксперттерге кайрылды. Кыргызстанда өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгуу боюнча окуу китептери бир топ эле жазылган жана басылып чыккан. Бирок мындай стратегияларды аткаруу процессин башкаруу, натыйжаларга жетишүү үчүн ресурстарды издөө жана мобилдештирүү боюнча окуу жана методикалык материалдар кыйла аз. MSDSP KG Коомдук фонду ушундай окуу китебин иштеп чыгууга тендер жарыялап, аны жергиликтүү ресурстарды башкарууда олуттуу тажрыйбага ээ уюм – Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттик командасы утуп алды.

Аталган окуу китебинде аймактагы ресурстардын бардык түрлөрүнүн жыйындысын түшүнүүгө карата комплекстүү мамиле жасалышы, өтө жөнөкөй жана айкын мониторинг жана баалоо системасы,түшүнүктүү тилде баяндалышы, мыйзамдардын дал ушул элеттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көз карашынан чечмелениши жана практикалык көнүгүүлөрдүн жана конкреттүү мисалдардын бар болгону аны башкалардан айырмалап турат. Окуу китеби MSDSP KG Коомдук фондунун кызматкерлери үчүн уюштурулган атайын семинарда тартууланды. MSDSP KG Коомдук фондунун ЖӨБ бөлүмүнүн райондук адистери катышкан тренерлер үчүн семинардын маанилүү элементи стратегияларда алдыга коюлган тапшырмаларды ишке ашырууда ресурстук толуктоону талкуулоо болуп калды. Конкреттүү объекттер боюнча практикалык иштер жеринде иш-чаралар планын ишке ашыруу үчүн резервдерди, эсепке алынбаган кирешелерди издөөнүн мисалдарын көрсөтүүгө жол ачты. Жайыттарды, жаратылыш ресурстарын,жерлер жана коммерциялык жана өндүрүштүк багыттагы мүлктөр боюнча кирешелер божомолун башкаруу маселелери өзгөчө кызыгууну жаратты.Жергиликтүү бюджеттердин чыныгы кирешелерин жана чыгашаларын көрүүгө жардам берген интернет ресурс – www.okmot.kg сайтын колдонуу менен бюджеттик каражаттарды түзүүнүн жана сарптоонун натыйжалуулугуна анализ жасоонун аспаптары да чоң кызыгууну жаратты. Ийнине жеткире иштеп чыккандан кийин окуу китеби чыныгы турмушка «коё берилди», б.а., муниципалитеттердеги жумушчу топторго өткөрүлүп берилди 1.

Жумушчу топтор эмнелерди жасады?

ӨСИ эксперттеринин жана MSDSP KG Коомдук фондунун ЖӨБ бөлүмүнүн райондук адистеринин катышуусундагы жумушчу топтордун күчү менен муниципалитеттердин стратегиясына ишчаралардын пландарын иштеп чыгуу көп күчтү,эмгекти талап кылуучу жана оор баскыч болуп калды. 2013-жылдын жай мезгилинде 15 жумушчу топ чогулуп, ресурстарды мобилдештирүү, мониторинг жана баалоо өңдүү стратегияларды башкаруунун өзүнчө аспекттерин үйрөнүү менен кошо пландардын үстүнөн иштеп жатышты. Жумушчу топтордун катышуучулары жергиликтүү өнүгүү стратегиясына кошулган тапшырмаларды талкуулап, аларга өзгөртүүлөрдү киргизип, аларды бириктирип, маанисин өзгөртүп жатышты. Тренингдер пландоо боюнча практикалык иштер менен коштолуп, анын жүрүшүндө катышуучулар топчолорго бөлүнүп,айрым бир иш-чараларды деталдуу пландоонун үстүнөн өз алдынча иштеп жатышты. Ар бир тандалып алынган иш-чаралар үчүн топчолор аткарылчу кадамдарды, күтүлгөн натыйжаларды иштеп чыгып, индикаторлорду аныктап алышты. Кошумча консультациялардын практикасы өзүн актады.Анткени ошонун учурунда көйгөйдү аныктап алуу,максаттарды жана милдеттерди түзүү ортосундагы байланыш такталып турду. Айылдык аймактардын стратегиялары стратегиялык пландоонун талаптарына көбүрөөк деңгээлде жооп бере баштады.Стратегиялык пландарды иштеп чыгууга карата кызыктуу ыкманы Нарын облусунун Ат-Башы жана Он-Арча АА көрсөтө алды. Катышуучулар алдыга коюлган тапшырмаларды жакшы аткарышты. Бирок айрым бир учурларда кадамдарды аныктоодо жана индикаторлорду тандоодо кыйналып жатышты (пландын мисалдаркараңыз). Бул практика көрсөткөндөй, жумушчу топтордун жана өзгөчө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкаруу потенциалы аны дагы да жакшыртууга муктаж. Ошондой эле иш-чараларды пландоо процессине айрым бир тапшырмалар боюнча эксперттерди тартуу зарыл. Бирок долбоордун бардык катышуучулары үчүн чоң көйгөй төмөнкү суроо болуп калды – ишчараларды ишке ашыруу жана стратегияларда алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн ресурстарды кайдан алыш керек? Анткени планды жазуу – бул иштин жарымы гана. Ал эми аны колдочу ресурстар, анын ичинде кадрлар, акча, материалдык баалуулуктар жана убакыт болгондо гана ишке ашыруу мүмкүн.

Стратегия тегерегинде ресурстарды бириктирген өзөк катары

Долбоордун ресурстар тууралуу негизги суроосу кылдат изилдөөнү жана жумушчу топторун атайын окуудан өткөрүүнү талап кылды. MSDSP KG Коомдук фондунун ЖӨБ бөлүмүнүн райондук адистери ӨСИ эксперттеринин колдоосу менен жумушчу топтор үчүн ресурстар боюнча тренингдерди өткөрүштү.

Тренингдер мисалдын негизинде муниципалдык-жеке өнөктөштүктү жана муниципалдар аралык кызматташтыкты колдонууну, жергиликтүү ресурстарды мобилдештирүүнү эсепке алуу менен өнүктүрүү стратегияларынын иш-чараларын ишке ашыруунун механизмдерин көрсөтүү максатын көздөйт.

Тренингде көтөрүлгөн темалар, өзгөчө жайыттарды, жергиликтүү бюджеттерди, муниципалдык менчикти башкарууга байланышкан темалар кызуу талкууларды жаратты. Мисалы, элеттик клубду канткенде натыйжалуу пайдаланса болот – элеттик клуб катарыбы, же бизнес үчүн ижарага бериш керекпи? Топтордун биринде катышуучулар бир нерсени байкашты: кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинде болгон 125 аталыштын ичинен ошол айылдык аймакта 44 түр боюнча салык чогултуу мүмкүнчүлүгү бар болсо, иш жүзүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу болгону 4 кызмат көрсөтүү боюнча гана салык чогултат! Жыйындын катышуучулары ыктыярдуу патенттөө, айыл чарба багытындагы жерлерге салык, короо алдындагы участокторго салык, айыл чарба багытында эмес жерлерге салык,мүлккө жана транспортко салык боюнча бир жыл үчүн салыктын суммасын эсептеп чыгышкан эле.Бул болсо жергиликтүү салыктардын бул түрлөрү кантип эсептелерин билүүгө жардам берди. Жалпысынан ресурстар боюнча тренинг долбоордун борбордук мазмундуу бөлүгү болуп калды. Анткени жамааттардын өкүлдөрүнө жана ЖӨБ органдарына алыста болгонуна жана географиялык өзгөчөлүктөрүнө карабастан ресурстар муниципалитеттерде бар болгонун, аларды өнүктүрүү стратегияларын аткаруу үчүн тартууга жана бириктирүүгө боло турганын көрсөттү. Атүгүл ресурстарды мобилдештирүү маселелери стратегиянын конкреттүү иш-чараларына тиркеме катары гана эмес, стратегиянын өзүнүн бөлүгү катары карала баштады. Башкача айтканда, жайыттарды баш- карууну жакшыртуу, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу өңдүү темалар стратегиялар үчүн өз алдынча темалар катары карала баштады. Муниципалитетти өнүктүрүүнү пландоого жана ресурстардын болгонуна карата өз мамилесиндеги өзгөрүүлөрдү стратегиялардын үстүнөн иштеген катышуучулардын өздөрү мындайча баалашат. Таалай АБДРАЕВ, Бүлөлү айыл өкмөтүнүн башчысы: «Стратегияны иштеп чыгууга катышуу бизди сырттан жардам күтпөстөн, өз алдынча жол издөөгө, жергиликтүү ресурстарды мобилдештирүүгө үйрөттү. Көрсө, бул мүмкүн экен!». Ажар АЙДАРОВА, жумушчу топтун мүчөсү, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн статисти: Мен үчүн стратегияны иштеп чыгууда эң маанилүү жана үлгү болорлук нерсе – колдо болгон жергиликтүү ресурстарга анализ жасоо жана аларды стратегияда колдонуу болду.Көрсө, биз алыскы муниципалитет болгонубузга карабастан бизде мүмкүнчүлүктөр өтө көп экен. Эми мен биз көп нерсени жасай аларыбызга, баары алдыда болгонуна ишенем!».

Тренингдин соңунда катышуучулар «үй тапшырмасын» алышты – алар райондук деңгээлде тажрыйба алмашуу үчүн (форумдар) аймакты өнүктүрүү стратегиясынын бет ачарын, муниципалдык-жеке өнөктөштүк боюнча бир долбоордун бет ачарын;муниципалдар аралык кызматташтык боюнча бир долбоордун бет ачарын даярдашы керек болчу.

Райондук деңгээлде өз ара тажрыйба алмашуу (форумдар) долбоорду ишке ашырууда маанилүү баскыч болуп калды – бул жерде жумушчу топтор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүн жана өз кошуналарын муниципалитетти өнүктүрүү – чечилчү маселе экенине ынандыра алышты. Форумда жергиликтүү өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу баяндаган тасма көрсөтүлдү. Тасманын эң мыкты элементи – ал тургундар өздөрүн жана өз кошуналарын экранда көргөн чыныгы муниципалитеттеги чыныгы окуяларга негизделген.

Айылдык аймактар – долбоордун катышуучулары – стратегияларды иштеп чыгуу процесси,алардын аткарылышына мониторинг, айрым бир иш-чаралардын аткарылышынын натыйжалары тууралуу маалымат менен алмашты. Чыгашалуу долбоорлорду аткарууда подрядчылар менен өз ара аракеттешүү тажрыйбасы тууралуу маалымат менен алмашуу форумдардын маанилүү учурларынан болуп калды.

Форумдагы талкуунун жыйынтыктоочу маселеси Стратегияны иштеп чыгуунун методикасы, ал башка муниципалитеттер үчүн канчалык алгылыктуу болот, кандай өзгөртүүлөрдү киргизиш керек деген маселелер болду. Форумдун катышуучулары Стратегияны иштеп чыгуунун методикасы аларды канааттандыра турганын, кошуна муниципалитеттер үчүн пайдалуу болорун белгилешти.

Мониторинг – жөнөкөй жана колдонулуучу аспап

Ар бир иш-аракеттин натыйжаларына мониторинг жана баалоо – жергиликтүү жамааттар жана ЖӨБ органдары үчүн азырынча оор тема. Практикада бир топ методологиялар жана колдонмолор бар, бирок аларда маалыматты жеткирүү тили өтө татаал, көптөр ага адистердин гана тиши өтөт деп ойлошот. Бирок бул андай эмес. MSDSP KG Коомдук фондунун иш практикасы көрсөткөндөй,чыныгы мисалдардын коштоосунда методологияны жөнөкөй жана жеткиликтүү баяндап берүүнү элеттик активисттер жакшы кабыл алышат. Жумушчу топтун катышуучулары окутуунун натыйжасында мониторинг менен баалоону көзөмөлдөн так айырмалай башташканын; коомчулук тарабынан мониторинг жана баалоону өткөрүү канчалык маанилүү болгонун түшүнүп калышканын мойнуна алышты. Көптөгөн иш-чаралар боюнча мониторингдин жана баалоонун план-матрицасы окутуунун жана топтордун ишинин практикалык натыйжалары болуп калды. Мисалы, ирригациялык түйүндүн реконструкциясы жана жолдордун ремонту; сугат суу менен камсыздоо жана ФАПтын капиталдык ремонту; мектеп алдында жыйындар залынын курулушу жана клубдун капиталдык ремонту; ирригациялык түйүндү тазалоо жана бала бакчаны ремонттоо.

Процессти жөнгө салуу жеңил болбосо да, жумушчу топтор бул долбоорлорго мониторингди ишенимдүү өткөрүп, алардын натыйжаларына баа берип жатышат. Мисалы, Кашка-Суу жана Чоң-Алай АА өкүлдөрү мониторинг жана баалоо топторунун иштери тууралуу айтып берип жатып, кесиптештери менен документтер (уруксат берчү документтер, курулуш материалдарынын сертификаттары ж.б.) жана долбоорду ишке ашырган подрядчылар менен иш алып баруунун тажрыйбасы менен бөлүшө кетишти. Алардын практикасында мониторинг жана баалоо тобу менен подрядчы уюмдун жетекчисинин ортосунда жаңжалдар орун алган. Ошол учурда айыл өкмөт башчысынын топту түзүү жана анын курамын бекитүү тууралуу буйругу жардам берген.Активисттер – жумушчу топтордун катышуучулары – өз ишинде жана мындан ары мониторинг жана баалоонун аспаптарын пайдаланайын деп жатканы өтө маанилүү. Өмүрбек ШАНШОЕВ, жумушчу топтун төрагасы, Кашка-Суу айылдык аймагынын юристи: «Биз мындан ары да калктын катышуусу менен Жумушчу топтун кеңейтилген жыйындарын өткөрө берүүнү чечтик. Ошол жыйындарда жумушчу топ аткарылган иштер, долбоорлорго жүргүзүлгөн мониторинг тууралуу үзгүлтүксүз отчет берип турат».

Стратегия – тирүү  жана аны аткарса болот

Долбоордун негизги натыйжасы катары элеттик жашоочулардын пландоо процессине, өз мүмкүнчүлүктөрүнө жана пландоо менен мониторинг үчүн өзүнө жоопкерчилик алуу жөндөмдүүлүгүнө карата мамилесинин, кабылдоосунун өзгөрүүсүн эсептесе болот. Адамдардын өз милдеттерине жана статусуна карата мамилесин өзгөртүү баарынан да маанилүү жана кыйын деген ырастоо өз актуалдуулугун жогото элек. Анткен менен долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө практикалык натыйжалар да жетишилди. Активисттерди жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүн өзүнө кошкон жумушчу топтун атынан пилоттук муниципалитеттер өз ресурстарына анализ жасаганды жана тышкы ресурстарды тартканды үйрөнүштү; процесске мониторинг жүргүзүүнүн принциптерин жана долбоорлорду жана стратегиялардын иш-чараларын ишке ашыруунун натыйжаларын өздөштүрдү; ишчараларды жана долбоорлорду пландоонун ыкмаларын жакшыртты; башкаруу органдары ортосундагы жоопкерчиликти бөлүштүрүүнү түшүнүп,мамлекеттик сатып алуулардын атаандаш жол-жоболоруна талаптардын бөлүгүн өздөштүрүштү. Жамааттардын өздөрүндө калкты мобилдештирүү жакшырды – жамааттар аймакты өнүктүрүүнү пландоого катышуусу канчалык маанилүү экенин баамдап, өнүктүрүүгө кошкон салымынын маанисин көрө алышты. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да өстү: муниципалдык лидерлер жана кызматкерлер стратегияларды жамааттардын катышуусу менен кайра карап чыгуу жана жакшыртуу керектигин баамдашты, көптөрдө тышкы инвестицияларды тартуу жөндөмү пайда болду,дээрлик ар бир муниципалитетте стратегияны иштеп чыгуу боюнча даяр адис пайда болду. Стратегиялардын өздөрү да өзгөрдү – бир жагынан документтер дагы да алгылыктуу болсо, экинчи жагынан стратегиянын ичиндеги иштердин көлөмүнө карата дагы да тагыраак жана айкыныраак болуп калды.

Стратегиялар ордунан канчалык жылганы жана жашоого сиңе баштаганы, бул өзгөрүүлөр айылдагы турмуш шарттарга канчалык таасирин тийгизгени тууралуу сөз козгой турган учур келди. Айталы,Кара-Кочкордо пландалган 17 иш-чаранын бешөө аткарылса, Кашка-Жолдо 21 иш-чаранын жетөө,Чоң-Алайда (эң алыскы аймак) 20 долбоор аткарылды, Бүлөлү аймагында – Алай районунун эң депрессивдүү району – 24 долбоордун 12син ишке ашырууга жетишти. Баса, Бүлөлү райондогу мыкты муниципалитет наамына көрсөтүлгөн.

Ошону менен бирге долбоорлорду ишке ашырууга калк активдүү катышты, акча каражаты, курулуш материалдары түрүндө гана салым кошпостон, өздөрү да эмгектенип жатышты. Маанилүүсү,долбоорлорду каржылоого жергиликтүү бюджет,демөөрчүлөр жана донордук долбоорлор катышты. Мисалы, Он-Арча аймагындагы Эчки-Башы айылында республикалык бюджеттин жана калкты мобилдештирүүнүн эсебинен клубдун капиталдык ремонту жасалды. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана калкты тартуу менен ички жолдор оңдолду. Орток аймагында бала бакчалардын курулушу аяктап калды, негизги каражатты калк чогултту (60%), Ага-Хан фондунан грант алынды (30%). Белгилей кетчү жагдай, Долбоор Ош жана Нарын облустарынын 10 АА артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн 5 800 069 сом өлчөмүндө 11 долбоордук сунушту каржылык жактан колдоп бере алды (тиркемени караңыз).

Ош жана Нарын облустарынын 10 айылдык аймагындагы артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн 11 долбоордук сунуш 5 800 069 сом өлчөмүндө каржылык колдоого ээ болду

2013-жылдын 26-августу, Ош, Кыргызстан:MSDSP KG Коомдук Фонду (Ага-Хан фондунун демилгеси) Ош жана Нарын облустарынын максаттуу айылдык аймактарынын жергиликтүү жамааттарынын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн туруктуу чечүүгө багытталган гранттарды алууга сынактын жыйынтыгын чыгарды. MSDSP KG Коомдук Фонду жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аткаруучу уюмдар жалпы суммасы 12 558 397 сомго 11 долбоорду ишке ашырууга үч тараптуу макулдашууларды түзүүгө киришти. MSDSP KG Коомдук фондунун тарабынан 5 800 069 сом бөлүнөт, калган бөлүгү жергиликтүү жамааттардын, жарандык коомдун уюмдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз салымынын үлүшү болуп эсептелет. Ал салым долбоордук сунуштардын жалпы наркынан 54% түзөт.

Гранттарды алууга сынак 2013-жылдын июнь айынан августуна чейин өткөрүлгөн. MSDSP KG Коомдук фондунун жана Ага-Хан Фондунун, Борбор Азия университетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрүнөн турган гранттык комиссиянын кароосуна 26 долбордук сунуш берилди. Долбоордук сунуштардын жалпы наркы 20 909 664 сомго бааланды.

Бардык аталган долбоорлор жергиликтүү жамааттардын демилгелерин ишке ашырууга жана жергиликтүү өнүктүрүү стратегиясынын максаттарына жана тапшырмаларына жетүүгө багытталган. Тандалган долбоорлорду ишке ашырууга гранттар Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги каржылаган «Кыргыз Республикасында туруктуулукту жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү алга жылдыруу (2-фаза)» долбоорунун алкагында бөлүнүп берилди.

Грант алган долбоорлор:

Бирок кайталайбыз: негизги жетишкендик –адамдар өз күчүнө ишенип калышты. Аттокур ЖУСУПОВ, жумушчу топтун мүчөсү, Кара-Кулжа аймагында жашаган дыйкан, долбоорго анын биринчи фазасында, 2011-жылы катышкан. Бирок стратегия менен ишти уланта берүүдө. Бул болсо түзүлүп жаткан жумушчу топтордун туруктуулугунан кабар берет: «Мен биринчи жолу стратегияны иштеп чыгууга катыштым. Бул мен үчүн абдан маанилүү тажрыйба болду. Мен өзүмө биринчи жолу суроолорду узаттым, мисалы, кайсы иш-чараларды стратегияга кошуу керек, бул үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат жетеби деген өңдүү маселелерде пикиримди билдире баштадым. Эми жашоону жакшы жакка өзгөртсө болоруна ишенип калдым. Эгерде айыл өнүккөн болсо, анда район да, облус да, Кыргызстан да өнүгөт». Гүлүмкан ЗИКИРЯЕВА, жумушчу топтун мүчөсү, Кара-Кочкор айылдык кеңешинин депутаты: «Мурда стратегияны айыл өкмөтүнүн кызматкерлери иштеп чыкчу. Ал эми биз болсо бул документти алардын өзүнүн жумушчу планы катары кабыл алчубуз жана анын аткарылышына катышчу эмеспиз. Эми болсо биз бул документти жалпы жамааттыкы катары кабыл алабыз. Анткени аны иштеп чыгууга, иш-чараларды пландоого бардыгы катышкан. Ошентип биргелешип аткарып жатабыз!».

* * *

Бул долбоор алыскы жана тоолуу жамааттарда жашоо шартты жакшыртуу жаатында талашкыс практикалык баалуулукка ээ. Долбоор жамааттарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүнү түшүнүүгө жардам берди: стратегия – бул кайсы бир максатка жетүү боюнча жөн гана кандайдыр бир план эмес. Бул муни- ципалитеттин жаратылыш, каржылык, кадрдык, убакыт, ишкердик өңдүү ресурстарын табууга, бириктирүүгө жана мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдаланууга жол берген өзөк.Жалпы максатка жетүү – жашоо шартты жакшыртуу үчүн дал ошол стратегиянын тегерегинде адамдардын түрдүү топтору бириге алат, бизнестин, башкаруу органдарынын, жамааттын кызыкчылыктары төп келишет.

Мисалы, стратегия кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым бир түрлөрүн башкаруу органдарынан бизнеске өткөрүп берүү оң болгонун, ал эми жамааттардын маданий салттарды сактап калуу боюнча аракеттери жаштарды тарбиялоого көмөктөшөрүн, бул болсо жүрүм-турум маданиятынын деңгээлин жогорулатып, ошол эле ишкердин жашоосун коопсуз кыларын көрө алууга жардам берет. Же болбосо бюджеттик каражатты сарптоо тууралуу маалыматтын ачык болгону бизнестин бийликке ишеним деңгээлин жогорулатат жана бизнес салыкты дагы да жакшы жана ачык төлөй баштайт. Ошентип долбоордун пилоттук аймактарында өнүктүрүү стратегиясы муниципалитеттин ар бир тургуну үчүн жандуу, чыныгы, маанилүү жана керектүү болуп калды.

Фактылар сүйлөйт

  • Аймактарда ЖӨБ органдарынын жана жарандык коомдун 474 өкүлүнөн турган 15 жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтор өзүнө аялдардын 35 пайызын жана 14-28 жашка чейинки жаштардын 21 пайызын камтыйт.
  • Жумушчу топтор колдо болгон жергиликтүү өнүктүрүү стратегиясынын кемчиликтерин жана чабал жактарын баалап, аларды ийнине жеткире иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү кеңештерден колдоо алышты.
  • Жамааттын керектөөлөрүн баалоо жана өнүгүүнүн артыкчылыктарын аныктоо үчүн жумушчу топтор өз айылдык аймактарындагы калктын 20 пайызын сурамжылап чыгып, бардык үй чарбачылыктарынын жетиден бир бөлүгү арасында фокус топторду жүргүзүштү.
  • Долбоор менен иш алып баруу процессинде жумушчу топтун мүчөлөрүнүн 21% жергиликтүү өнүгүүнү стратегиялык пландоо боюнча билимдеринин жана шыктарынын жогорулаганын көрсөтө алышты.
  • 59 айылда жергиликтүү өнүгүүнүн иштелип чыккан стратегиялары боюнча коомдук угуулар өтүп, ага 2444 тургун катышты.
  • Жергиликтүү өнүгүүнүн 15 иштелип чыккан стратегиясын тийиштүү айылдык кеңештер бекиткен.
  • 11 долбоордук сунуш сынактын негизинде 5 997 967 сом өлчөмүндө каржылоого ээ болду. Долбоордук сунуштардын жалпы суммасы 12 399 995 сомду түздү (кызыкдар тараптардын кошумча салымдарын жана демөөрчүлүк жардамды эсепке албаганда).

Долбоордун максаттуу тобу (пилоттук муниципалитеттер жана калк)

Жалпысынан долбоор 59 айылды, 87 миңден ашык адам жашаган 19 000ден ашуун үй чарбачылыгын камтыды. Долбоордун пилоттук муниципалитеттери:

Ош облусунда

  • Кара-Кулжа районунда:
  • Кашка-Жол, Кара-Кочкор, Кара-Гуз айылдык аймактары (АА);
  • Алай районунда:Бүлөлү, Корул, Кабылан-Көл АА;
  • Чоң-Алай районунда:Чоң-Алай, Кашка-Суу АА.

Нарын облусунда

  • Нарын районунда: Чет-Нура, Он-Арча, Орток АА;
  • Ат-Башы районунда: Ат-Башы, Ак-Талаа, Ак-Моюн, Кара-Коюн АА.

Надежда ДОБРЕЦОВА,

Асылбек ЧЕКИРОВ,Султан МАЙРАМБЕКОВ