Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Баткен аймактык телекомпаниясынын башкы директору Мамажан Бердишев: “Биздин телекомпания жаш энтузиасттарга таянат”

2014-01-14 / Аймактык ММК.
Баткен аймактык телекомпаниясынын башкы директору Мамажан Бердишев: “Биздин телекомпания жаш энтузиасттарга таянат”

Бүгүнкү күндө Баткен облусунун аймагында 10 телекомпания иш алып барат.

 
Баткен аймактык телерадиокомпаниясы 2004-жылы негизделген. Ал маңызы боюнча санариптик берүүнү жайылтуу боюнча полигон болуп калганы менен кызыктуу. Учурда телекомпаниянын жергиликтүү жаңылыктарды жана окуяларды да,республикалык деңгээлдеги окуяларды да чагылдырууда ролу жогору. Анын өз аудиториясы, өз авторлору, өз жылдыздары бар. Жаш жамаат күн сайын чыгармачыл, техникалык, материалдык мүнөздөгү көйгөйлөрдү жана кыйынчылыктарды башынан өткөрүп келет.
 
Алдыга бир аз да болсо умтулуу үчүн компаниянын жетекчилиги кызматкерлер менен биргеликтедонорлорду же жергиликтүү бейөкмөт уюмдарды издөө үчүн бир топ күчүн жумшап, сметаларды түзүп, табыштамаларды толтуруп, гранттык каражаттарды алуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишет. Бардык көрүлгөн чаралардын натыйжасында алар өзүнүн каржылык абалын бекемдеп алышты. Бул канчалык кыйын болгонун жана бул аракеттер компанияга эмне бергенин Баткен аймактык телерадиокомпаниясынын башкы директору Мамажан БЕРДИШЕВ айтып берди.
 
  • Жакында эле биз миллион доллардык долбоорду утуп алып, аны ишке ашырдык. Ал “Карегимде Мекеним” деп аталып, Баткен облусунун чек аралаш райондорунда жашаган жергиликтүү жамааттын социалдык көйгөйлөрүн чагылдырууга багытталган. Биздин журналисттер чек арага чектеш жашаган бардык муниципалитеттерди кыдырып чыгып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, алар менен сүйлөшүп, көйгөйлөрүн угуп, бул маселелер кантип чечилип жатканын, мында аларга ким жардам берип жатканын билип кайтышты, - деп айтып берди бизге ТВнын жетекчиси. – Ушундай сапарлардын жүрүшүндө биз этностор аралык мамилелерге, бул жаатта пайда болчу жаңжалдарга, көйгөйлөргө тиешелүү маселелерди да изилдеп чыктык. Натыйжада атайын чыгарылыштар жана берүүлөр даярдалды. БЕРДИШЕВдин айтымында, кабарчылар жыйырма жылдан бери чечилбей келаткан чек арадагы бир топ көйгөйлүү маселелерди билип кайтышты.Жергиликтүү жашоочуларда бийлик өкүлдөрүнө суроолору топтолуп калды, бирок жооп ала албайкелишет. Ошондо тийиштүү органдар жана жооптуу адамдар түз эфирде суроолорго жооп бериш үчүн журналисттер аларга көңүл бурдурууну чечишти.
 
Баткен телекомпаниясынын башка да долбоорлору бар болчу. Алардын пайдасы айкын. Бир жагынан кызматкерлер көптү билишти, дүйнө таанымын кеңейтишти, экинчи жагынан материалдык жана каржылык базасын бекемдеп алышты.
 
  • Учурда штатта 26 адам бар. Жакынкы мезгилге чейин орточо айлык 4-5 миң сом болуп келсе, учурда 9-10 миң сомду түзөт. Бул нерсе биздин долбоорлорду жайылтуу боюнча биргелешкен аракеттерибиздин жардамы менен ишке ашты. Бул кадрлардын агылышын токтотууга жардам берди,- деп жетишкендиктери менен бөлүшөт телекомпаниянын башчысы. – Жогорку билим тууралуу дипломго жана Бишкекте же Ошто чоң айлыкка иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, бул жерде ким эле калгысы келсин? Мен өз кызматкерлеримен чыгармачыл мамилени жана натыйжаны кантип талап кылам? Мен биринчи кезекте аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берип, бул жерде иштегиси келгендей шыктандырып турушум керек. Ошондуктан биз ордубузда туруп калган жокпуз жана учурда демөөрчүлөр менен донорлорду издеп, 2014-жылга долбоордук табыштамаларды даярдап жатабыз. Компаниянын штаты 26 адамдан турат: 8 журналист, 4 оператор, 8 режиссер жана монтажчылар. Жамааттын 95% - жаштар. БЕРДИШЕВдин сөзүнчө, алардан үмүтү чоң. “Жаш кадрлардан мен көптү күтөм: алардын дүйнөдө болуп жаткан окуяларга карата көз карашы сергек, идеялары заман талабына жооп берет, дайыма изденип турушат. Мен алар менен кеңешкенге аракеттенем, биринчи кезекте алар өздөрү эмне айтып жатканын, эмнени кааларын жана бул канчалык реалдуу болгонун баамдашы үчүн пикирлерин, жүйөлөрүн угуп көрөм.Балдарыбыз энтузиаст, айрымдары атүгүл идея жана кызыкчылык үчүн акысыз иштегенге да даяр”.
  • Берүү кыргыз тилинде гана чыкса да, айрым бир учурларда суроолор орус жана тажик тилдеринде берилип калса, анда көрүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн котормочулар тартылат. Бүгүнкү күндө Баткен облусунун аймагында 10 телекомпания иш алып барат. Алардын дээрлик ар бири өз каналына ээ. Бирок алар обого ар кайсы маалда чыгышат. Мисалы, Баткен РТРК – күн сайын 18.00дөн 24.00гө чейин чыгат, программалардын жарымы түрдүү убакыттарда обого чыгат. Калган учурларда обо жаңылыктар түрмөгү, окуя болгон жерден репортаждар, коммерциялык негизде жарым сааттык музыкалык-куттуктоо берүүлөрү, көрүүчүлөрдүн өздөрүнүн катышуусунда актуалдуу темаларга түз эфирлер жана башка берүүлөр менен толтурулат.
Жаңылыктар бир тараптуу берилбегендиктен каналдын көрүүчүлөрү көбөйүүдө. Адамдар бардык окуялардан кабардар болуп туруусу үчүн эки расмий эмес өз кабарчыларыбыз Лейлек жана Кадамжай райондорунда иштешет. Алар атайын инструкциялардан өтүшкөн жана окуя болгон жерге облустан тез арада жете албай калса, штатка кирбеген кабарчыларыбыздын иши башталат.
 
  • Санарип берүү тууралуу өз пикирин Мамажан БЕРДИШЕВ мындайча айтты: “Бир жагынан бул жакшы башталыш, анткен менен биздин ТВны көрүү үчүн тургундар санарип каналда көрүү үчүн кошумча жабдууну, ресиверди сатып алыш керек. Башкача айтканда жаңы форматтагы ТВ баары үчүн жеткиликтүү. Кыргыз өкмөтүнүн жардамы катары 20 миң ресивер сатып алынып, биздин облустагы алыскы аймактарда жашаган тургундарга таратылып берилген, бирок бул жетишсиз болуп турат.
     
    Биз санарип каналдан 2011-жылдын декабрынан бери чыгып келатабыз. Ошондо эле Транспорт жана коммуникация министрлиги изилдөө жүргүзүп,кошумча 23 миң ресивер берген. Бирок биздин облустун жашоочуларынын жарымында гана бизди жаңы форматта көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бугүнкү күндө бир ресивер сапатына жараша 1200-1500 сом турат. Б.а., азыркы шарттарда бардык эле үйбүлөнүн капчыгы буга жол бере бербейт. Бирок жакында эле ресивери бар телевизорлор чыгарыла баштайт деп уктум”.
     
    Баткен облусу кошуна Тажикстан Республикасы менен чектешет. Кошуна республиканын айрым айылдарынын жашоочулары да Баткен ТВнын берүүлөрүн көрүшөт. Ошолордон көптөгөн жарыялар, жарнактар жана коммерциялык мүнөздөгү каттар түшөт, бул компания үчүн жакшы эмеспи.Телекомпаниянын кызматкерлеринин сөзү боюнча,кесипкөй деңгээлин жогорулаткысы келсе, аларга эч ким бут тоспойт. Тескерисинче, жетекчилик өзү аларды кыска мөөнөттүү курстарга, тренингдерге жана семинарларга, пресс-сессияларга жана пресс-турларга жиберип турат. Бүгүн көрүүчү саясатты гана эмес, ошону менен бирге сапаттуу экономикалык аналитиканы да талап кылып калды. Түз эфир учурунда да, башка маалда да өлкөнүн жана облустун социалдык-экономикалык абалына,бюджетке, салыктарга кызыгышат. Радио жана телевидение кызматкерлери үчун атайын билимдин жетишсиздиги өлкө боюнча бардык жерде байкалат.
     
    Телекомпаниялардын көптөгөн башкы редакторлору жана директорлору теория менен практика ортосундагы бул боштук бар болгонун белгилешет. Ушул эле нерсе Мамажан БЕРДИШЕВдин да башынан өтүп жатат. Бирок өзүнүн көп жылдык практикасынан улам ал журналисттердин окуусуна убакытты да, каражатты да аябайт. Телекомпаниянын жетекчиси билгени менен бөлүшсүн деген максатта жаш кадрларды тажрыйбалуу адистерге кошуп берет. Чечилиши керек болгон башка бир көйгөй – облустук ТВ үчүн өз имаратынын жоктугу. Башынан эле алар Кыргызтелекомдун жайын ижарага алышкан жана бул үчүн ай сайын 22 миң сом төлөшөт. Чатыр маселесин чечүү үчүн ММК Баткен мэриясына ТВ үчүн имараттын курулушуна участок бөлүүнү өтүнүп кайрылды. Шаар бийлиги 30 сотик жер берген соң телекомпания Маданият министрлигине кайрылып, кийинки жылдын бюджетине курулуш үчүн каражатты кошууну өтүндү. Азырынча бардык жамаат драма театрынын жетекчилиги бөлгөн эки бөлмөдө иштейт.
     
    • Долбоорлорубуздун ийгиликтүү ишке ашышы бизге дем берди. Биз чек ара зонасындагы көйгөйлөрдү жана жаңжалдарды чагылдыруу жана аны чечүүнүн жолдорун издөө жаатында ишибизди уланта беребиз. Ошону менен бирге тоо-кен казуу тармактарынын тематикасын чагылдыруу боюнча “Сорос-Кыргызстан” Фондунун кароосуна долбоордук табыштаманы даярдап жатабыз. Биз аларга жеринде тасма тартууга жана репортаждарды даярдоого, түз эфирде берүүлөрдү өткөрүүгө байланыштуу чыгашаларды каржылап берүүсүн өтүнүп кайрылып жатабыз, - деп жакынкы пландары менен бөлүшөт БЕРДИШЕВ. – Биз көптөн бери Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен кызматташып келатабыз. Аларга операторлор менен монтажерлорду окутууга жана квалификациясын жогорулатууга жардам берүүнү айтып кайрылдык. Алар бул багыттар боюнча окууларды уюштуруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү караштырып көрөөрүн айтышты.
    Биз жол акысын жана окуу маалында кызматкерлерибиздин Бишкектеги жашоосуна кеткен чыгашаларды төлөйбүз. Бул биз үчүн абдан маанилүү. Анткени айрым операторлорубуз диплому жок болсо да, таланты болгон үчүн иштеп жатышат. М

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА