Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеӊештерге партиялык шайлоо: дүйнөлүк практикага сереп

2014-05-06 / Жергиликтүү кеӊештерге партиялык шайлоо: дүйнөлүк практикага сереп
Жергиликтүү кеӊештерге партиялык шайлоо: дүйнөлүк практикага сереп

Габриэль Гайе, атайын “Муниципалитет” журналы үчүн

Кыргызстандагы коркунучтар
Учурда ири саясий партиялардын мүчөсү болгон айрым саясатчылар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүп чыгууга умтулууда. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, ЖӨБ органдары саясий партиялардын сунушу менен гана түзүлө алат. Мындай системаны (ЖӨБ органдарын шайлоодо саясий партиялардын монополиясы) ишке ашырууга байланыштуу эки негизги суроо жаралат:
  • Биринчиден, бул тартип шаардык кеңештерге шайлоого катышууну же кайсы бир саясий партияга тиешелүүлүгү болбостон эле өз талапкерлигин коюуну каалагандардын укугун чектейт. Саясий партиялар жергиликтүү деңгээлде колдоону жана ишенимди жоготуп жаткан фактты, калк болсо саясий платформага караганда конкреттүү адамга көбүрөөк ишене турганын эске алганда, бул чоң маселегеайланып баратат (“Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 49-беренеси).
  • Экинчиден, шайлоо өткөндөн кийин саясий партияларга өз тизмесинде талапкерлердин кезектүүлүгүн алмаштырууга уруксат берилген. Ушундан улам шайлоочулар соңунда депутаттын орду кимге берилеринен кабарсыз. Ошондуктан бул системада белгилүү бир деңгээлде күмөн саноонун үлүшү бар. (“Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 51-беренеси). Ушул изилдөө бул маселелерди башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынын алкагынан дагы да тереңирээк кароого аракет жасайт.

Партиялар демократияны күчтөндүрүү  үчүн жагымдуу фактор болуп эсептелеби?

Пропорционалдуу шайлоо системасында саясий партиялардын ролу эң эле маанилүү болгону шексиз. Ошондуктан демократиянын мындай системага кызмат өтөөсүнүн адекваттуулугун караардан мурда саясий партияларга тиешелүү айрым бир түшүндүрмөлөрдү карап чыгуу зарыл. Биринчиден, бул алардын кыргызстандык коомчулукта институционалдашуусунун деңгээлине тиешелүү (А), экинчиден, алардын сапатына (Б) карата. A. Жакшы уюшулган саясий партиялардын институционалдашуусуна зарылчылык Көптөгөн саясат таанүүчулар демократияны күчтөндүрүүгө көмөктөшүү үчүн зарыл болгон партиялык институционалдашуунун маанилүүлүгүн белгилешип, аны өлчөөнүн түрдүү критерийлерин сунушташкан (мисалы: Giovanni Sartori, Samuel P. Huntington, Scott P. Mainwaring ж.б.). Ушул критерийлердин айрымдарына сереп жасап көрүү кызык болмок. “Өнүгүп келаткан демократиялардагы партиялардын жана партиялык системанын институционалдашуусунун мааниси” тууралуу маалымдам документте1 Natasha M. Ezrow Samuel P. Huntington жана Scott P. Mainwaring’дин аныктамаларынан улам партиянын институционалдашуусун өлчөөнүн алты критерийин сүрөттөйт.Биринчиси – бул партиялык көз карандысыздык, ал “тышкы таасирден көз карандысыздыкты билдирет. Партиялар автономиялуу болуш керек алар тышкы таасирлерден жана башка уюмдардан, физикалык жактардан жана партиялардын чегиндеги социалдык топтордон көз каранды болушу зарыл. [муну] өлчөөнүн айрым маанилүү ыкмалары партиядагы жетекчиликте туруксуздук кандай болгону тууралуу сурамжылоону камтыйт. Эгерде партиялардын жетекчилиги алмашпаса – бул партия бийликчил адамдын так эле өзү болуп калганчалык даражада бийлик бир адамдын колунда ушунчалык бекем топтолгонунун көрсөткүчү. Партиялар[да] өз баалуулуктарына ээ болуп, лидерлердин же лидердин тегерегиндеги чакан топтун кызыкчылыктарына баш ийбеш керек”. Экинчи критерий – бул ички келишкендик “партия бирдиктүү уюм катары иш алып барыш керек, [өзүнүн идеологиялык бейнесине ылайык], ал партия ичиндеги пикир келишпестиктерге толеранттуу болушу мүмкүн. Партиялар катташпай калганда, оңой эле пайда болуп, кайра жок болуп жатса, алар шайлоочуларга ачык-айкын саясий платформаны сунуштай албайт. Үчүнчү критерий – бул жамааттагы тамырлар, “Шайлоочулар партиялар менен күчтүү [идеологиялык жана программалык] байланышта болуш керек жана көп учурларда ошол эле партияга добуш бериши керек”. Төртүнчү критерий – бул уюмдун деңгээли жана анын татаалдыгы “ал партия жамаатка маанилүү функцияларды канчалык жакшы береринин жана камсыздай турганынын көрсөткүчү болуп эсептелет”. Ички структура так аныкталыш керек жана уюштуруучулук аппарат бардык административдик деңгээлдерде болушу керек. “Партиялар [ошондой эле] көптөгөн функцияларга ээ болуш керек. Партиянын ишмердиги саясий өнөктүккө гана тартылдыбы же партия аны шайлоочуларга жакындатууга жардам берген ишмердикке тартылдыбы? Бул мүчөлүк канчалык күчтүү? Партиянын отуруму канчалык тез өтүп турат?” Бешинчи критерий – бул адаптациялана алышы (көнгүчтүгү). “Шайлоочуларга партияларды баалай алуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн партиялар узак мөөнөттүү болуш керек. Эгерде ар бир шайлоодо добуш берүүчүлөргө партиялардын жаңы түрү сунушталып жатса, анда аларда партияларды буга чейинки каталар үчүн жазалоо же мурдагы жетишкендиктери үчүн сыйлоо мүмкүнчүлүгү болбой калат”. Соңунда алтынчы критерий – бул легитимдүүлүк.“Партиялар жакшы институционалдашуусу үчүн аларды элита да, жөнөкөй жарандар да легитимдүү деп тааныш керек”.Демократиялык башкаруу борбору (ДББ) Буркина Фасодогу партиялык система тууралуу өз отчетунда Sartori саясат таануучунун теориясын көңүлгө алуу менен Буркина Фасодогу саясий партиялардын “институционалдашуусунун даражасын” өлчөөнү максат койгон. Бул теорияга ылайык, демократияны күчтөндүрүү үчүн көбүрөөк жагымдуу болгон партиялык система жогорку институционалдашкан партиялар менен мүнөздөлөт. Бул болсо башка нерселердин катарында бул партиялардын жамаатта жайган тамыры күчтүү жана туруктуу болгонунан, уюштуруучулук жана бириккендик деңгээли жогору болгондон кабар берет1. Жамаатта тамырдашуунун даражасын аныктоо үчүн ДББ жогоруда аталган критерийлердин айрымдарын пайдаланат. Ал ошондой эле партиялар канчалык адекваттуу түрдө жамааттагы ар түрдүүлүктү чагылдырарын жана бардык социалдык класстарды жана катмарларды көрсөтөрүн изилдеди. Алардын уюмдарынын адекваттуулугун баалоо үчүн ДББ партиялардын географиялык көрсөтүлүшүн (бардык шайлоо деңгээлдеринде жогору болуш керек болчу), жаңжалдарды чечүү, талапкерлерди жана лидерлерди тандоо үчүн алардын ички механизми ж.б., алардын түзүү жана жок болуу деңгээли, алардын өз программаларындагы ишинде жана чечим кабыл алуу процессиндеги ролу (б.а. партия башкаруу системасына келсе, алар кандай чараларды көрөрүн чагылдырган так программага ээ болуш керек) жана полярдашуу деңгээли (алардын ортосундагы идеологияда орун алган айырмачылыктын болушу).Ошентип ушул критерийлердин баары партиялардын өздөрү демократияны күчтөндүрүү үчүн жагымдуу фактор болуп эсептелеби же жокпу дегенди аныктоого жардам берет. Институционалдашуунун жогорку деңгээлине жеткенде саясий партиялар шайлоого оң таасирин тийгизе алат. 2001-жылы АКШда шайлоочулардын чечим кабыл алуу мүнөзүнө партиянын тышындагы шайлоолордун натыйжасын изилдөө тууралуу макала жарык көргөн. Небраска штатынын (Небрасканын бир палаталуу мамлекеттик мыйзам чыгаруу органы мамлекеттик, расмий таанылган партиядан тышкаркы жалгыз орган болуп эсептелет) жана Канзастын (партиялык) мыйзамдары менен Шампань менен Урбан шаарларындагы мэр шайлоо ортосунда салыштыруу жасалган. Изилдөө көрсөткөндөй, партияларга тиешелүүлүк жарандарга талапкердин саясатын билүүгө жардам берет. Албетте, көптөгөн жарандар көп деле маалыматка ээ эмес жана анчалык саясатка тартылган эмес жана «мындай учурда партияларга тиешелүүлүк маанилүү, билим берүүчү маалыматты берет. Алар талапкерлердин саясаты тууралуу бир кыйла так маалыматты жеткирет жана мындай маалыматтын төмөн наркы жана жеткиликтүүлүк шайлоочуларга терең ойлонулган чечимдерди кабыл алууга жардам берет (Aldrich 1995). Башкача айтканда, партиядан тышкаркы шайлоолордо партияга тиешелүүлүгүн чыгарып салып, муну менен шайлоочулар үчүн талапкер тууралуу маалыматтык материалдардын баасын жогорулатуу менен партиядан тышкаркы шайлоолор добуш берүүнү дагы да татаал кылат. Ошондуктан калк тарабынан көзөмөл жүргүзүү үчүн дараметти жоготот». Учурда Кыргызстанда өзгөчө жергиликтүү деңгээлдеги партиялар институционалдашуунун жетиштүү деңгээлине ээ эмес. Партиялардын идеологиялык программалары дайыма эле ачык жана так эмес. Жарандар дайыма эле аларды саясий сахнада оңой далдаштыралбайт. Мисалы, Францияда Front National – бул өтө оңчул партия экенин баары эле билет жана иммиграция өңдүү маселеде алардын негизги идеяларынан кабардар. Атүгүл шайлоочулар партияларга эмес, конкреттүү адамдарга көбүрөөк ишенишет. Анткени аларды жакындан тааныйт, же алардын ишинен, идеяларынан ж.б. кабардар. Өзгөчө чакан шаарларда жана айылдарда алар депутаттарды кайсы партияга тиешелүү болгонуна эмес, жасаган эмгегине жараша баалайт. Жарандарды партия үчүн добуш берүүгө милдеттендирүү – алардын укуктарын чектөө дегенди түшүндүрөт жана бул нерсе мыкты талапкерди тандоого жардам бербейт.

B. Партиялардын саны
Көп партиялуу система – бул өзүнчө да, коалицияда да башкаруу структураларында көзөмөлгө ээ болуу дараметине ээ болгон экиден ашуун саясий партия болгон система. “Бул система канчалык “көбүрөөк” демократияга1 (жарандардын укуктарын жакшыртуу өңдүү) алып келет - бир партиялык системабы же эки партиялык системабы деген суроо талаштуу болуп эсептелет жана биз азыр аны талкуулабайбыз. Анткен менен саясий партиялардын ролу жарандардын түрдүү кызыкчылыктарын чагылдыруу болгонун эсепке алсак, “өкүлчүлүк же кызыкчылыктардын топтолушуусу канчалык кеңири болсо, жарандардын салымы да ошончолук көп болот жана мындан улам башкаруу структурасы ошончолук демократиялуу болот. Ошондуктан “көп партиялуу системада электорат башка партиялык системага караганда алардын кызыкчылыктары көрсөтүлөт деген мүмкүнчүлүктөрү да көбүрөөк болот”. Бирок партиялардын өтө эле көп болушу ушул өкүлчүлүктүү максатка канчалык таасирин тийгизиши мүмкүн? Айрым бир авторлор “пропорционалдуулукка (баланстуулукка) жете албоо көп сандагы партиялар добуштар үчүн атаандашкан учурда пайда болот жана айрымдары орун алуу үчүн белгиленген босогодон өтө албай калат. Партиялык тизме боюнча шайлоо өткөргөн бардык эле өлкөлөрдө босого боло бербейт – мисалы, Швецияда, Данияда жана Бельгияда белгиленген босого жок – жана жалпысынан бул өлкөлөрдө жергиликтүү шайлоодо пропорционалдуулук деңгээли бир топ жогору”4. Анда добуштар убаланып калышы мүмкүн деген тобокелчилик бар.Бул жагынан алганда ДББ Буркина Фасодогу саясий партияларды изилдөөсүндө партиялардын фрагментацияланышы (майдаланышы) тууралуу маселени изилдеди. Аймактык администрация жана борборлоштурууну азайтуу министрлиги жарыялаган документте Буркина Фасодо 137 саясий партия болгону жана саясий партиялардын мынчалык көп санда болушу Буркина Фасонун саясий системасына канчалык чындап таасирин тийгизет деген маселе каралган. 2007-жылдагы шайлоонун базасында мыйзам чыгаруу органына өткөн шайлоого 126 партиянын 47си гана шайлоого катышканын жана 13ү гана Мамлекеттик жыйналышта орун алганы айтылат6. Ошондуктан алар Буркинабенин саясий аренасы бир караганда көрүнгөндөй анчалык майдаланган эмес деген тыянакка келишкен. Партиялардын саны көп болгонуна карабастан жарандар алардын айрымдарына гана ишенет. Ошондуктан бул добуштар убаланып кетиши мүмкүн деген маселе жаралбайт. Ошого карабастан автор партиялардын көп санда болушу сөзсүз эле добуштардын убаланышына алып келбей турганын мойнуна алды, бирок бул чындап маанилүү болгон партиялардын айырмаланып турушуна таасир тийгизет8. Албетте, биздин баамыбызда, партиялардын саны жогору болгон шайлоо системасы добуш берүүчүлөрдү чаташтырышы мүмкүн. Өкүлчүлүктүү максаттарга жетүү үчүн көп партиялуу система так идеологиялык турумга ээ партиялардан туруш керек деп көп талашышат. Саясий партиялар өтө көп болгон жамааттарда бул идеологиялык айырмачылык чындыгында болбой да калышы мүмкүн. Эгерде жарандар партиялардын түрдүү саясаты ортосунда айырманы түшүнүүгө жөндөмсүз болсо, алар коргоп чыккан идеяларга жана кызыкчылыктарга ылайык жакшы тандоо жасай алышпайт. Эмесе, Кыргызстанда саясий партиялардын саны дагы деле өтө көп деп эсептелгендиктен алардын түрдүү платформаларында жана идеологияларында (жамааттагы тамыры, бириккендиги), ишенүүсүндө жана колдоосунда (өтө жакшы эмес легитимдүүлүк) ачык-айкындуулук жетишсиз болгондуктан жалгыз гана партиялар монополиялаштырган системаны киргизүүдөн мурда партиялардын өздөрүнө баа берилиш керек.
Шайлоодо кимдин ролу маанилүүрөөк – жарандардынбы же саясий партиялардынбы?
Конкреттүү аймакта өзгөчөлүү көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн шайлоо системасын тандоо кылдаат пландоону талап кылат. Жергиликтүү деңгээлде шайлоодо жеке жоопкерчилик адатта натыйжалуу өз алдынча башкаруу үчүн өзөктүү катары каралат. Конкреттүү адамдын ролу өзгөчө чакан шаарларда жана айылдарда көбүрөөк маанилүү, адамдар саясий платформаларга караганда аларга көбүрөөк ишеним артат. “Жергиликтүү шайлоо калкка көбүрөөк жакын болгон демократиялык башкаруунун борбордук элементи болуп эсептелет. Жергиликтүү шайлоодо жарандар талапкерди жакындан таанышы мүмкүн, маалымат бере алышат жана суроолорду түз узатат, шайланган кызматтагы адам менен көбүрөөк баарлаша алат”1. Буга байланыштуу көптөгөн өлкөлөр же муниципалитеттер жергиликтүү деңгээлде көз карандысыз талапкерди чыгарууну туура көрөт. Айрым муниципалитеттер жергиликтүү деңгээлде саясий партияларга такыр эле көмөктөшүүнү каалаган жок жана партиядан тышкаркы шайлоо өткөрүүнү чечти. Партиядан тышкаркы шайлоо – бул “шайлоо бюллетенинде талапкерлердин аты-жөнү партияга тиешелүүлүгү көрсөтүлбөстөн жазылган жана саясий партияларга талапкерлерин шайлануучу кызматтарга көрсөтүүсүнө тыюу салынган жарыш”2. Экинчи жагынан алып караганда партиялык шайлоо талапкердин саясий дайындалуусун түшүндүрөт. Партиядан тышкаркы шайлоонун жактоочулары бир нече артыкчылыктарга көңүл бурушат. Мисалы, бул бир кыйла алдыңкы ыкма дешет. Анткени партиядан тышкаркы шайлоо “шайлоочуларды талапкерлердин кайсы партияга тиешелүү болгонуна эмес, анын жетишкендиктерин салмактоого түртүп, акыл калчап чечим кабыл алууга шыктандырат”3. Ошондуктан азчылык партияларынан талапкерлердин жеңип чыгууга көбүрөөк мүмкүнчүлүгү бар4. Жергиликтүү шайлоого карата “жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иши – коомго кызмат көрсөтүү – [бул] идеологиянын предмети болуп эсептелбейт”5. “Партиялык дебаттар адатта жергиликтүү маанидеги маселелерди бир аз гана тийип өтөт. Анткени көчөлөрдү тазалоонун республикалык же демократиялык ыкмалары жок”6. Партиялык идеологиялар жана платформалар негизинен мамлекеттик маселелерге тиешелүү, ошондуктан жергиликтүү көйгөйлөргө көңүлдү топтоонун ордуна, шайлоочулар талапкерди улуттук маанидеги маселелер боюнча өзүнүн жарандык турумуна ылайык тандашат.Саясий партияны түзүү жергиликтүү деңгээлде демократияны алга жылдыруу үчүн бүлгүнгө алып баруучу болушу мүмкүн деген пикир бар. Ошондуктан, мисалы,Канадада калкынын саны 20 000ден ашкан шаарларда пропорционалдык шайлоо системасы жок.Шайлануучу кызмат орундарына талапкерлер жеке жак катары көрсөтүлөт. “Партиялык эмес”жергиликтүү демократиянын артыкчылыктарынын бири – бул ийгиликтүү талапкерлер алар бардык жарандардын атынан сүйлөп жатканын ырастай алышат, түрдүү шаарлардын мэрлери партияга тиешелүү болбостон чогуу иштеше алышат жана эң жакшысы – дарамети жогору талапкер эң көп добуш алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ”. АКШда түрдүү штаттар муниципалдык органдар үчүн партиядан тышкаркы шайлоону тандап алышты (мисалы, Небраска, Луизиана)9. “Ганада мыйзамга ылайык, Жыйналыштын үчтөн эки мүчөсү партиядан тышкаркы негизде шайланат, ал эми үчтөн бири дайындалат”10. Кытайда жергиликтүү шайлоонун эки түрү бар: Биринчиден, кытай жарандары жергиликтү чогулуштарга (округдун жана шаардын) депутаттарды түздөн-түз шайлайт. Бул жерде жергиликтүү өкүлдөрдү тандоодо формалдуу мыйзамдар иштейт. Бирок мындай шайлоо дээрлик атаандаштыкка негизделбейт. Анткени өкмөт дээрлик бардык талапкерлерди көрсөтөт жана шайлоочуларда альтернатива калбай калат. Экинчиден, түз шайлоо Кытайдын айылдарына жетекчилерди тандоо үчүн [орун алган]. Өкмөт көзөмөлдөгөн жергиликтүү чогулуштарга депутаттарды тандоого салыштырмалуу элеттик шайлоо көбүрөөк атаандаштыкка негизделген жана таанылган демократиялык институттарга өсүп жетилүү дарамети жогору”.Экинчи тарабынан партиялык шайлоонун пайдасына жүйөлөр келтирилүүдө. Мисалы, саясий партиялар жарандарга “маалымат берет. Алар талапкерлер тууралуу жалпысынан так маалымат берет жана мындай маалыматтын өз наркы төмөн жана жеткиликтүү болушу шайлоочуларга жүйөлүү чечимдерди кабыл алууга жардам берет”. Ошондуктан партияга тиешелүүлүгү болбогондук шайлоочуларды чаташтырат, бул болсо шайлоого катышпагандардын санынын жогору болушуна алып келет. Шайлоочулар өздөрү эч нерсе билбеген талапкер үчүн добуш берүүгө мажбур жана ысымынын, расасынын этникалык тиешелүүлүгү, же талапкердин атактуулугу өңдүү экинчи деңгээлдеги критерийлерден улам тандашы мүмкүн3. Көрсө пропорционалдык система сөзсүз эле жаман боло бербейт, саясий партия маалымат алып жүрүүчү болуп, жарандарга жакшы тандоо жасоого жардам берет. Анткен менен,биринчи бөлүктө көрсөтүлгөндөй, мындай оң таасир тийгизүү үчүн партияларга уюштуруу иштеринде белгилүү бир деңгээл талап кылынат. Ал болсо учурда Кыргызстанда аз гана партияда бар. Радикалдуу карама-каршы системалар ортосунда тандоо жасабаш үчүн көптөгөн өлкөлөр жергиликтүү шайлоодо конкреттүү адамдын ролун эсепке алуу менен, бирок саясий партиялардын катышуусуна тыюу салбастан арадагы чечим кабыл алды. Мисалы, Францияда жашоочуларынын саны 1000ден аз муниципалитеттерде шайлоодо талапкерлер тизмелерде жеке болуп катталат. Францияда үч жылдан ашык убакыттан бери жашап келаткан жана өз укуктарынан ажыратылбаган ЕБнын ар бир жараны партиянын мүчөсү болуп-болбогонуна карабастан катталууга укугу бар. Тизмелер толук болбошу мүмкүн, жеке арыздарга уруксат берилген, ошондуктан тизмени толтуруу үчүн башка талапкерлерди издөө зарылчылыгы пайда болбойт. Шайлоочулар тизмени өзгөртө алат (талапкерлерди кошуп же чыгарып салалат). Андан соң добуштар жеке саналат жана көпчүлүк добушту алган талапкерлер жеңип чыгат. Бельгияда жамааттык шайлоо үчүн (коммунаны шайлоо) тизмелердин системасы иштейт. Ал боюнча жеке талапкерлер тизмени берет жана тизме толук болбосо деле болот, ал жалгыз гана талапкерден түзүлсө деле болот. Шайлоочу тизмени тандап алыш керек (жабык система), бирок үч вариантка ээ: ал тизмедеги бир же бир нече талапкер үчүн добуш бере алат, ал бүт тизме үчүн да добуш бере алат, же бош бюллетенди кайтарууга укуктуу.Люксембургда 3000ден ашуун жашоочусу бар коммуналарда жамааттык шайлоо партиялар гана тизмени сунуштай ала турган пропорционалдык система боюнча өтөт. Бирок жашоочуларынын саны 3000ден кем болгон коммуналарда мажоритардык система өкүм сүрөт. Ар бир шайлоочу канча депутат шайланыш керек болсо, ошончо добушка ээ.Көпчүлүк добушка ээ болгон талапкер жеңип чыгат. Бирок калкынын саны 3000ден ашкан коммуналарда деле жеке талапкерлердин ролу өзөктүү болуп эсептелет. Ар бир шайлоочу канча депутат шайланыш керек болсо, ошончолук добушка ээ жана өзүнүн бардык добуштарын партияларга бере алат же өз добушун түрдүү тиземелердеги ар кайсы талапкерлер арасында бөлүштүрүүгө укуктуу. Партиялар алардын кайсы талапкери өтөрүн чечпейт, муну шайлоочулар чечет. Данияда партиялардан тизме бар, бирок ошондой эле жеке талапкерлер да (эгерде алар электораттын арасында жетиштүү сандагы кол топтосо) шайлоого катыша алат. Шайлоочулар партия үчүн же түрдүү партиялардан талапкерлер үчүн добуш бере алат. Испанияда 250дөн ашык жашоочусу бар муниципалитеттерде жыйындардын депутаттары жабык жана бекитилген тизмеге ылайык шайланат. Бул болсо шайлоочулар тизме үчүн добуш берет жана талапкерлердин кезектүүлүгүн өзгөртө албайт дегенди түшүндүрөт. Жашоочулары 250гө жеткен же андан аз болгон муниципалитеттерде депутаттар ачык тизмеге ылайык шайланат. Шайлоочулар талапкерлерди түрдүү тизмелерден тандай алат. Ошондуктан конкреттүү адамдардын тек-жайы чоң мааниге ээ.Биз көптөгөн өлкөлөр саясий партиялардын ролуна караганда жеке адамдардын маанилүү ролун баса белгилөө, өзүнүн жергиликтүү деңгээли үчүн түрдүү шайлоо системаларын кабыл алганын көрө алдык. Бул болсо Кыргызстандагы өзгөчөлүктөргө карабастан жергиликтүү деңгээлде шайлоочулар көбүрөөк жеке адамдарга ишеним артарын,ал эми бул деңгээлде саясий структуралар анчалык деле зарыл болбогондуктан бул жолду көптөр карманарын көрсөтүп турат. Биз ушул пикирди колдойбуз жана жергиликтүү деңгээлде адамдар конкреттүү кишилер үчүн добуш бериши керектигине  ишенебиз.
Талапкерлердин тизмеси
"Партиялык тизмелер системасы" – Европада жергиликтүү деңгээлде шайлоонун эң эле кеңири жайылган түрү жана “дайыма жогорку пропорционалдык натыйжага жетет” дегени менен белгилүү6. Бирок ушундай бир системанын аракети “мамлекетте кабыл алынган конкреттүү эрежелерге жана нормаларга” ылайык өтө эле өзгөрүп турат7. Бул бөлүгүндө биздин көңүлүбүздү өзгөчө буруп жаткан системанын эки өзгөчөлүктүү мүнөздөмөсүн карап чыгабыз. Биринчиден (Кыргызстандын шаарларындагы) партияларга гана талапкерлердин тизмесин берүүгө уруксат берилген (А), экинчиден,шайлоодон кийин партиялардын талапкерлердин кезектүүлүгүн өзгөртүү мүмкүнчүлүгү (Б).
Талапкерлердин тизмесин берүүдө саясий партиялардын монополиясы
Чындыгында “партиялык тизмелер” менен пропорционалдык система термини тилди туура эмес пайдалануу болуп эсептелет. Анткени шайлоо өткөрүүгө тиешелүү көпчүлүк эл аралык стандарттар саясий партиялар тизмени берип жатканда монополист болбош керек жана көз карандысыз талапкерлердин тизмелери да шайлоого катышыш керек дегенди караштырат1. Жарандардын саясий жана мамлекеттик кызматты ээлөө укугу Кыргызстан өзү ратификациялаган көптөгөн эл аралык макулдашуулар менен таанылган. Ошондуктан жергиликтүү шайлоо үчүн мындай система бул стандарттарга карама-каршы келет.Партиялык тизмелери менен пропорционалдык системага ээ көпчүлүк өлкөлөрдө теориясында жеке жактарга кызмат орунга талапкерлигин коюуга уруксат берген ички мыйзамдар да бар. Практикада мындай мүмкүнчүлүк көпчүлүк учурда системанын ичинде кабыл алынган деталдуу эрежелерден жана нормалардан көз каранды. Система Кыргызстан ратификацияланган эл аралык макулдашууларга карама-каршы келет Кыргызстан ратификациялаган көптөгөн эл аралык макулдашуулар талапкерлерге кызмат орун үчүн партиянын атынан да, жеке жак катары да ат салышууга укук берет. Айталы, Кыргызстан БУУга мүчө болгон жана муну менен Адам укуктарынын жалпы декларациясына (АУЖД) кошулган, ал эл аралык кадимки укук күчүнө ээ. БУУнун түрдүү макулдашуулары кийинчерээк АУЖД нормаларына негизделип иштелип чыккан2. Кыргызстан алардын көпчүлүгүн ратификациялаган, ошондуктан алар боюнча милдеттенмелерди аткарууга тийиш. Аны менен катар бизге маанилүү маалыматты берген Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакт (ЖСУЭП) 3. АУЖДнын 21(1)-беренесинде “ар бир адам түздөн-түз же эркин шайланган өкүлдөр аркылуу өз өлкөсүн башкарууга катышууга укугу бар”деп айтылат4. ЖСУЭПтин 25(b)-беренесинде “ар бир жаран 2-беренеде айтылган кандайдыр бир дискриминациясыз жана жүйөсүз укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү чектелбестен: b) шайлоочулардын өз эркин билдирүүсүн камсыздаган жашыруун добуш берүүдө жалпы бирдей шайлоо укугунун негизинде ишке ашырылган чыныгы мезгилдик шайлоолордо добуш берүүгө жана шайланууга укуктуу”(b)-беренеде шайлануу укугу тууралуу ченем бар. Бул жарандар каалаган шайланган органдын мүчөсү болууга субъективдүү укугу бар дегенди түшүндүрбөйт, бул тийиштүү квалификацияга ээ болгон бардык жарандар мыйзамга ылайык талапкер болууга укук гана эмес, ошондой эле мүмкүнчүлүк да алыш керек. Шайлоого катышуу укугу ошондой эле көз карандысыз талапкер болуу укугун таанууну да өзүнө камтыйт. Маңызы боюнча, БУУнун адам укуктары боюнча Кеңешинин чечмелеп берүүсүнө ылайык, “шайлануучу кызматка талапкер болуу укугун жана мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу ишке ашыруу добуш берүү укугуна ээ адамдарда талапкерлердин эркин тандоосу бар болгонун кепилдейт”. Талапкерлерге башынан эле партияга мүчө болуу, конкреттүү партияда болуу же белгилүү бир саясий көз карашты кармануу талабы коюлбаш керек деген принцип менен бирге саясий сахна атаандаш шайлоо үчүн ачык”. Ошондой эле “ЖСУЭПтин 25-беренеси коомдук иштерди жөнгө салат. Ошондуктан катышуу борбордук өкмөткө карата гана эмес, ошону менен бирге башкаруунун регионалдык жана жергиликтүү деңгээли өңдүү башкаруунун башка деңгээлдерине жана формаларына да тиешелүү” болгонун белгилей кетүү зарыл. Кыргызстан ошондой эле Европадагы коопсуздук жана келишим уюмунун (ЕККУ) мүчөсү. ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ) ЕККУда адам укуктарын жана демократияны жайылтуу үчүн жооптуу. Ал шайлоого байланышкан бардык маселелерде,анын ичинде шайлоого байкоо салуу, техникалык жардам көрсөтүү жана шайлоо мыйзамдарына сереп жасоо өңдүү иштерде борбордук тогоо кызматын аткарат. “ЕККУнун Адам өлчөө боюнча конференциянын Копенгаген кеңешмесинин документинде (Копенгаген документи) кабыл алынган ЕККУнун принциптеринин 7.5 параграфында төм. каралган: “Элдин эрки өкмөттө (башкарууда) негиз катары кызмат өтөөсү үчүн катышуучу мамлекеттер жарандардын саясий же мамлекеттик орундарга жеке жак катары да, же саясий партиялардын өкүлү же дискриминациясыз уюм катары жетүү аракетин сыйлаш керек”. ЕККУнун милдеттенмелерине түшүндүрмө докладда төм. айтылат: “Кызмат орунга ат салышкан талапкерлерге саясий партиянын атынан да, жеке тартипте да өзүн көрсөтүүгө уруксат берилиш керек. Партиялык тизме боюнча добуш берүүгө негизделген пропорционалдык өкүлчүлүктү пайдаланган өлкөлөрдө партияларга тизмеге партиянын мүчөсү болбогон адамдарды кошууга уруксат берилиш керек. Мындан тышкары талапкерлер алар партияга мүчөбү же жокпу деген негизде кысымга алынбаш керек”.ДИАУБнун укуктук экспертизасынын жетектөөчү принциптери толуктагандай, “Орунга ат салышкан талапкерлерге партияданталапкер катары да, жеке тартипте да көрсөтүлүүгө уруксат берилиш керек.Ошондой эле талапкерлер алар партияга мүчө болуп-болбогонуна карабастан кысымга алынбаш керек”. Соңунда Венеция комиссиясынын шайлоо маселелери боюнча жакшы практикасынын Кодекси 2.3-параграфында “мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги партиялар жана талапкерлер үчүн бирдей деңгээлде кепилдениш керек” деп айтылып, түшүндүрмө докладда 2.3-параграф “мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги партиялар жана талапкерлер ортосунда камсыздалыш керек жана мамлекетти аларга карата калыс болууга, бардыгы үчүн бирдей мыйзамды колдонууга түртүш керек” дегенди билдире турганы көрсөтүлөт.Буга байланыштуу Кыргыз Республикасында президенттик жана парламенттик шайлоолор жана жергиликтүү бийлик органдарына шайлоолор тууралуу мыйзам долбоорлору жөнүндө Венеция комиссиясынын жана ДИАУБнун биргелешкен пикири шайлоо тууралуу мыйзам долбоорунун 60-беренесинин 2-пунктун ачык сынга алат. Анткени ал жеке жактарга көз карандысыз талапкер катары кызмат орунга ат салышууга тоскоол болот, бул болсо Копенгаген документине жана ЖСУЭП25-беренесине карама-каршы келет.Улуттук деңгээлде орун алып калган бул система Кыргызстан ратификациялаган эл аралык стандарттарга карама-каршы келет. Адамдарга партияга тиешелүү болбостон шайлануучу орунга ат салышууга тыюу салуу демократия үчүн бут тосуу болуп эсептелет. Жергиликтүү деңгээлде мындай системаны ишке ашыруу жакшы иш боло албайт.
Суроолорду пайда кылган системаны ишке ашыруу: ишке ашыруунун деталдуу жазылган эрежелеринин мааниси Партиялык тизмеге негизделген пропорционалдык шайлоо системасын тандап алган көпчүлүк өлкөлөр чындыгында өздөрүнүн ички мыйзамдарына талапкерлерди өзүнчө тизмеде көз карандысыз талапкер катары көрсөтүү укугун камтышты (партияга мүчө болуп-болбогонуна карабастан). Айрым бир гана өлкөлөр кээ бир шайлоолордо талапкерлерди партияга тиешелүү болууга ачык милдеттендирет. Мисалы, Танзанияда, Италияда, Испанияда.Ошого карабастан теорияда көз карандысыз талапкерлердин тизмеси шайлоого катышууга укуктуу болсо да, айрым бир деталдык ченемдер алардын партиялар колдогон талапкерлер менен атаандашуу мүмкүнчүлүгүн кыйыр түрдө татаалдаштырып коюушу мүмкүн. Мисалы, шайлоону каржылоо тууралуу талап коюулушу мүмкүн. Аны болсо жеке талапкер-лер аткара албашы ыктымал. “Австралияда көз карандысыз талапкерлер шайлоо боюнча өз чыгашаларына карата каржылык колдоону билдирүүгө укугу жок”5. Каттоо тартиби да татаал болуп, талапкерлерге тоскоолдук жаратышы мүмкүн (мисалы: талапкерди колдоо үчүн өтө көп сандагы кол тамгалар талап кылынат). Айрым өлкөлөрдө колдоого жетүү үчүн талапкерлер алышы керек болгон кол тамгалардын саны өтө эле көп болушу мүмкүн,ошондуктан ал кол тамгаларды партиялардын колдоосуз алуу кыйын. (Мисалы: Алжирде жергиликтүү шайлоо үчүн талапкер шайлоо округундагы шайлоочулардын бери дегенде 5% алыш керек, аз дегенде 150 кол тамга). Ошондой эле тизмелер менен шайлоо системасында көз карандысыз талапкер көп сандагы башка талапкерлер менен тизме түзбөсө эле, анын шайлоого катышуусу татаал болуп калат.Эгерде мындай тизме үчүн белгилүү бир босогодон өтүү талап кылынса, бул иш андан да татаалдашат6. (Мисалы, Францияда жашоочулардын саны 1000ден ашкан муниципалитеттерге шайлоо үчүн берилген тизме толук болуш керек. Ошондуктан өзгөчө тизме көп сандагы көз карандысыз адамдарды талап кылса, мындай тизмени партиянын катышуусуз уюштуруу оор болот).Буга байланыштуу көпчүлүк учурларда көз карандысыз талапкерлер шайлоого катыша аларына карабастан жалпы талаптар саясий партиялар үчүн ылайыкташтырылган жана көз карандысыз адамдар тарабынан атаандаштыкты татаалдаштырат. Биз өзгөчө жергиликтүү деңгээлде саясий партияларга карата Кыргызстандагы кырдаалды эсепке алуу менен талапкерди тандоодо партиялардын монополиясын түзгөн жана шайлоочуларды партия үчүн гана добуш берүүгө мажбурлаган система ылайыктуу болот деп ишенбей турганыбызды айттык. Ошондуктан көз карандысыз талапкерлерге атаандаштык таймашка катышууга уруксат берилиш керек.Бирок бул жетишсиз. Эгерде мамлекет көз карандысыз талапкерлерди алга жылдырууну кааласа,ал тиешелүү ченемдерди кабыл алыш керек. Биз жогорудагы бөлүмдө көргөндөй, көптөгөн өлкөлөр жергиликтүү деңгээлде айрым шайлоолор үчүн (мисалы, толтурулбаган тизмелерге уруксат берүү менен, шайлоочуларга түрдүү тизмелерден талапкерлерди тандоого жол ачуу менен, бир нече добуш салуу укугун берүү менен ж.б.) өзүндө ушундай ченемдерди (көз карандысыз талапкерлерди колдоого жардам берген) кабыл алды. Кыргызстан да ушул өңдүү чараларга барыш керек деп ишенебиз.
Партиялар тарабынан шайлоодон кийинки күнү талапкерлердин кезектүүлүгүн өзгөртүү мүмкүнчүлүгү
Кыргызстандагы учурдагы система саясий партияларга тизмедеги таалпкерлердин кезектүүлүгүн шайлоодон кийинки күнү өзгөртүүгө жол берет.Ошондуктан алар партиянын кайсы мүчөлөрүнө тизмедеги кезегине карабастан мандат берилээрин чече алат.Биздин баамыбызда, бул акылга сыйбаган ченем. Анткени шайлоочулар алар кайсы талапкерди алга жылдырып жатканынан күмөн санабаш керек.Ушундай сынды Венеция комиссия да, ЕККУ/ДИАУБ да шайлоо тууралуу мыйзам долбооруна карата беришкен жана “мыйзамга саясий партияларды шайлоого чейин өз тизмесинде талапкерлердин кезектүүлүгүн аныктоого жана жарыялоого милдеттендирген өзгөртүүлөрдү киргизүүнү” сунуштаган1. Теориялык жактан алып караганда партиялык тизмелердин базасында пропорционалдык системада шайлоочуларга көбүрөөк же азыраак эркиндик берген үч түрлүү тизме бар.Биринчиден, жабык жана бекитилген тизмелер:мында шайлоочулар бир партиянын тизмеси үчүн добуш берет жана талапкерлердин кезектүүлүгүн өзгөртүүгө укуксуз. Мындай система Болгарияда, Румынияда, Түркияда, Испанияда (250дөн ашык жашоочулары бар муниципалитеттерде, ошондой эле Франциянын ири муниципалитеттеринде ж.б.) бар. Экинчиден, жабык жана бекитилбеген тизмелер: мында шайлоочулар бир тизме үчүн добуш бериш керек, бирок бул тизмеде талапкерлердин кезектүүлүгүн алмаштырууга укугу бар. Мындай система Австрияда, Бельгияда, Италияда жана Швецияда бар. Үчүнчүдөн, шайлоочуларга түрдүү тизмелерден талапкерлерди тандоо укугун берген ачык тизмелер (башка тизмедеги талапкерлердин ысымдары менен алмаштырууга жана толуктоого).
Тыянак: партиялык шайлоолорго этияттык менен мамиле жасаш керек!
Шайлоо системасын тандаардан мурда карап чыгуу керек болгон бир топ факторлор бар. Мында түрдүү өлкөлөрдүн шайлоо системалары менен салыштыруу көңүлгө алыныш керек болгон элементтердин (география жана мейкиндик, маданий түзүлүштөр, өнүгүү жолу, демография ж.б.) санын эсепке алганда кычыктуу маселе. Тандоо жасалганда деле “системаны ишке ашыруу түрдүү мамлекеттер кабыл алган деталдуу жазылган эрежелерден жана нормалардан көз каранды”. Ошондуктан биз болгон жупунулук менен, бул маселе боюнча көптү билбей турганыбызды баамдоо менен ушундай тыянакка келдик. Эмесе:1)Партиялык тизмеге негизделген пропорционалдык система бир топ пропорционалдык (бир кылка) натыйжаларга жетет жана репрезентативдүүлүгүн көрсөтөт. Бирок бул демократиялык натыйжа көбүрөөк саясий партиялардын өздөрүнүн ишинен, өзгөчө алардын ички түзүлүшүнөн, айкындуулугунан, каржылоодон жана алардын саясий платформаларынын сапатынан көз каранды. Ошондуктан эгерде саясий партия бул талаптарга жооп бербесе (ишеним, ачык-айкындуулук жетишсиз ж.б.), анда жалгыз гана партиялардын монополиясына негизделген система балким жетиштүү деңгээлде максатка ылайык эместир.2) Жергиликтүү деңгээл калкка баарынан да жакын демократиялык башкаруу болуп эсептелет жана конкреттүү адамдын ролу маанилүү. Албетте бул деңгээлде өзгөчө чакан шаарларда, айылдарда жана алыскы аймактарда жарандар адатта платформага салыштырмалуу адамга ишеним артышат.Көптөгөн өлкөлөр көз карандысыз талапкерлерге дем берген жана талапкерди тандоо боюнча шайлоочуларга көбүрөөк (жана партияларга азыраак) эркиндик берген шайлоо системасына ээ. Кыргызстанда партиялар жергиликтүү деңгээлде колдоону жана ишенимди жоготуп жатканын эске алганда,партияларга монополияны (талапкерди тандоодо, талапкерлердин кезегин бөлүштүрүүдө ж.б.) сунуштаган система көйгөйлүү болгонуна ишенебиз. Бул шайлоого катышууну каалаган же кайсы бир саясий партияга тиешелүү болбостон өздөрү эле шайлангысы келген жарандардын укуктарын чектөө. 3)Шайлоо процессинин өзүндөгү айрым бир шарттар биз үчүн көйгөйлүү болуп турат. Партиялардын шайлоо өткөндөн кийин талапкерлердин кезегин өзгөртүү укугуна ээ болгону, биздин баамыбызда, шайлоочунун ал ким үчүн добуш берип жатканын билүү укугуна карама-каршы чыгып жатат.Көз карандысыз талапкерлер да кайсы бир партияга мүчө болбостон эле өзүн талапкер көрсөтүүгө жана шайланууга укуктуу болуш керек. Мындан тышкары көз карандысыз талапкерлерди илгерилетүү тартибин татаалдаштырбоо, шайлануу укугу чындап эле ишке ашырылгандай болушу үчүн деталдуу түрдө жазылган ченемдер кабыл алыныш керек. 

 <