Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаңы шаардык, поселкалык жана элеттик муниципалитеттер, жергиликтүү кеңештерди таратуу, кадрлар тууралуу

2012-11-29 / МЫЙЗАМДАГЫ ЖАҢЫЛЫКТАР

“Кыргыз Республикасында шаардык типтеги өзүнчө поселкаларды кайра түзүү жана аларды айыл же шаар категориясына өткөрүү жөнүндө”

 

Жаңы шаардык, поселкалык жана элеттик муниципалитеттер
 
Эми Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул, Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка, Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин, Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаар деп эсептелип калды.
 
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет, Чаувай, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ак-Булак, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажысай, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң, Нарын облусунун Нарын районундагы Достук, Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш, Ош облусунун Ноокат районундагы Найман, Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Маймак, Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түс шаардык типтеги поселок деп эсептелип калды.
 
Жергиликтүү кеңештерди таратуу тууралуу
 

 

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Суу айылдык аймактын, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ысык-Көл айылдык аймактын, Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылдык аймагындагы айылдык кеңештердин айыл өкмөт башчыларын шайлай албай калышына, ошондой эле Талас облусунун Кара-Буура районундагы Маймак шаардык типтеги поселкалык кеңештин поселканын башчысынын шайлай албай калышына байланыштуу тиешелүү жергиликтүү кеңештер таратылды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына 2012-жылдын 25-ноябрында жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөр органдарына шайлоо өткөрүүнү уюштуруу милдети тапшырылды.
 
Кадрлар тууралуу
 

 

1-октябрда КР премьер-министринин Буйругу менен Алмазбек Мусабеков КР Өкмөт аппаратына караштуу Регионалдык өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникация бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды.
 
15-октябрдагы жана 18-октябрдагы КР премьер-министринин Буйругу менен Турдубек Мамбетов жана Шухрат Сабиров КР Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана регионалдык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басарлары болуп дайындалышты.