Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (152) 5 Июль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү маанидеги маселелер партиялык түзүмдүн кызыкчылыктарына утулуп калууда

2014-09-11 / Административно-территориальная реформа
Жергиликтүү маанидеги маселелер партиялык түзүмдүн кызыкчылыктарына утулуп калууда

Өнүктүрүү саясат институту жана “Муници- палитет” журналы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкер- лерди көрсөтүү системасына карата бир нече жолу түрдүү көз караштарды билдирип келген. Ошону менен бирге журналдын май айындагы чыгарылышында шайлоону партиялык прин- ципти эсепке алуу менен өткөрүүнүн дүйнөлүк практикасы тууралуу чоң көлөмдөгү аналитика- лык макала да чыккан. Өзгөчө Жогорку Кеңештин депутаттары арасында партиялык кеңештердин тарапкерлери көп болгонуна карабастан эксперт- тер берген баанын жалпы мүнөзү жергиликтүү шайлоо системасына партиялык принциптерди киргизүү эрте деген тыянак чыгарууга түртөт. 2011-жыл – жергиликтүү шайлоо жылына салыш- тырмалуу чыңалуу бир топ аз болгону менен, партиялык курулуштун кызыкчылыктары менен жергиликтүү маанидеги маселелердин ортосун- дагы коомдук талаш-тартыштар токтобой келет. Анткен менен убакыт өтүп жатат, жергиликтүү кеңешке жаңы шайлоо өтө турган күн да алыс эмес жана шайлоонун партиялык системасын мыйзамсыз деп таануу тууралуу арызды кароо- нун алкагында бул маселе кайрадан күн тартиби- не чыкты. Арыз Конституциялык палатага жибе- рилген, ал болсо шайлоонун учурдагы система- сына бир жактуу баа бере алган жок, бирок аны күчүндө калтырды. Өнүктүрүү саясат институту Конституциялык палатанын чечимине сереп жа- сабастан, муну окурмандарга сунуштайт. Анткен менен бардык кызыкдар жактарга ушул чечимди жеткирип коюуну өзүнүн милдети деп эсептейт. Чечим 2014-жылдын 23-сентябрында АКИ-пресс Маалымат агенттигинин сайтында берилген ре- дакцияда жарыяланат.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңешке шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү тартиби Конституциянын талаптарына жооп берет, деп билдиришти 23-сентябрда Конституциялык палатадан. 2014-жылдын 22-сентябрында Конституциялык палата “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын 49-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун конституциялуулугу тууралуу чечим чыгарды. Анда саясий партияларга ша- арлардын жергиликтүү кеңештерине талапкерлерди көрсөтүүгө укук берилген.Арыз берүүчүнүн пикиринде, талаш туудурган норма шаарлардын жергиликтүү кеңештерине шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү укугун саясий партияларга гана берүү бир катар конституциялык принциптерди бузат жана жарандардын шаардык кеңешке шайлануу укугуна тоскоолдук жаратат, мунун натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкарууга укуктун маңызы да бурмаланууда.Арыз берүүчү ырастагандай, пропорционалдык шайлоо системасынын негизинде шаарлардын жергиликтүү кеңештерине шайлоо өткөрүү саясий партияларга мүчө болбогон жарандарга талапкерлигин коюу, мындан улам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлануу укугун тикедентике ишке ашырууга жол бербейт. Атүгүл бул болсо жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн шайлоо, бул демек жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга катышуу укугун бузуп жатат. Анткени бул аны шайлоодо партиялар көрсөткөн талапкерлердин арасынан гана тандоо жасоого мажбурлап,партияга мүчө болбогон талапкерлерди колдоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатат. Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп көрүп,төмөнкүдөй тыянакка келди: Конституция шайлоону эл өз бийлигин түздөнтүз, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде жүзөгө ашырган жогорку формаларынын бири катары кароо менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону өткөрүү тартибин түз белгилеген эмес.Конституцияга ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү тартиби мыйзамдар менен жөнгө салынат. Муну менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына шайлоо өткөрүүдө мыйзам чыгаруучуга шайлоо эрежелерин жана жол-жоболорун белгилөөдө дискрециялык укук берилген.
Өз кезегинде мыйзам чыгаруучу белгилеген шаарлардын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоонун пропорционалдык системасы айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого караганда талапкерлерди көрсөтүүнүн башка тартибин караштырат. Талашып жаткан норманын ченемдик жоболору жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүнүн тартибин жана шарттарын жөнгө салат. Талапкерлерди көрсөтүү баскычында талашып жаткан норма шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугун саясий партияларга берет. Бул пропорционалдык шайлоо системасынын маңызынан улам келип чыгууда. Ал шайлоо процессинин негизги субъекттери өзүнчө талапкерлер эмес, талапкерлеринин тизмеси шайлоочулардын добушу үчүн кармашта өз ара атаандашкан саясий партиялар деп караштырат. Саясий партиянын талапкерлер тизмесин түзүүсү жана аларды көрсөтүүсү пропорционалдык өкүлчүлүктүн шайлоо системасына мүнөздүү белги болуп эсептелет.Бул айтылгандар 2002-жылдын 7-октябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучулары болгон мамлекеттерде Демократиялык шайлоолордун, шайлоо укуктарынын жана эркиндиктеринин стандарттары жөнүндө Конвенцияга шайкеш келет. Бул Конвенцияга ылайык, жарандын шайлоо жана шайлануу укугу Конституцияда жана (же) мыйзамдарда бекитилет, ал эми аны жүзөгө ашыруу тартибин мыйзам аныктайт. Аны менен бирге Конституция жана эл аралык шайлоо стандарттары мыйзам чыгаруучуну шайлоо системасынын кандайдыр бир түрүн белгилөөгө милдеттендирбейт. Шайлоо системасынын каалаган түрүн тандоо жана мыйзамда тийиштүү шайлоо жолжоболорун бекитүү конкреттүү социалдык-саясий шарттарга жана мамлекеттин саясий системасынын өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө жараша болот. Ошентип өзүнөн өзү тигил же бул шайлоо системасы жарандардын шайлоо укуктарын бузуу көрсөткүчү боло албайт.Шайлоо укугун ишке ашыруу дегенде жаранга шайлоо укугун жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн кепилдеген мыйзамдар менен белгиленген ыкмалар жана шарттар айтылат. Ошол эле кезде шаарлардын жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоонун колдонуудагы укуктук жөнгө салынышы партияга мүчө болбогон жаран үчүн пассивдүү шайлоо укугун ишке ашыруусунун жетиштүү кепилдиктерин камтыбайт. Мыйзам- да шаарлардын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий көз караштарды жана ишенимдерди тең бөлүшпөгөн жана кайсы бир саясий партияга тиешеси болбогон талапкерлерди көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн камсыздаган укуктук механизмдин жоктугу алардын шайлануу укугун жүзөгө ашыруусуна тоскоол болот.Ошону менен бирге Конституциялык палата арыз берүүчүнүн жүйөлөрүн көңүлгө алуу менен,каралып жаткан маселеде тийиштүү укуктук жөнгө салуу механизмдеринин жоктугу талашып жаткан норманы конституциялык эмес деп таануу үчүн негиз болуп бере албайт деген тыянакка келди.Өнүктүрүү саясат институту жергиликтүү кеңештерге шайлоонун тегерегиндеги кырдаалга мындан ары да анализ жасай берет жана анын жыйынтыктарын “Муниципалитет” журналына жарыялайт. М