Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Электрондук башкарууну киргизүү боюнча КР өкмөтүнүн Программасы бекитилди

2014-11-05 / Мыйзам жаӊылыктары

“2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну ("электрондук өкмөт") киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө” КР Өкмөтүнүн токтому

2014-жылдын 17-ноябрында КР Өкмөтү №651 “2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну (“электрондук өкмөт”) киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө” токтому кабыл алынган. Кабыл алынган токтом менен эки негизги документ бекитилди. Алар: - 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну («электрондук өкмөт») киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы; - 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну («электрондук өкмөт») киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруунун Ишчаралар планы; Андан ары кабыл алынган токтом менен аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр тапшырылды:
 
  • белгиленген мөөнөттө Иш-чаралар планын аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрүү;
  • жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен, Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берүү. Өз кезегинде КР Экономика министрлигине отчеттук мезгилден кийинки айдын 30-күнүнөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалымат берүү тапшырылды.
КР Өкмөтүнүн Программасы 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын талаптарын көнүлгө алуу менен КРнын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинин натыйжалуулугун арттыруу, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгы жана спектрин кеңейтүү, натыйжалуу жана аз чыгымдуу башкаруу, демократияны өркүндөтүү жана бийликтин калк алдындагы жоопкерчилигин күчөтүү үчүн КРнын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдаланууну кескин түрдө жакшыртуу максатында иштелип чыккан.Мамлекеттик башкаруу системасында коррупциялык факторлорду жок кылуу, жарандардын сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле бул үчүн зарыл болгон маалыматтарды тоскоолдуксуз жана өз убагында алуусу үчүн шарт түзүү Программанын негизги милдеттери болуп эсептелет.