Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Күл АА

2014-10-09 / Маалымат алмашуусу

Мектеп бюджетинин ачык-айкындуулугу жамааттын ишенимин бекемдейт

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү Мектеп жергиликтүү жамааттын жашоосунда маанилүү ролду ойнойт. Айылдык аймактын жергиликтүү бюджетиндеги каражаттар мектептин бардык керектөөлөрүн канааттандырууга дайыма эле жете бербейт. Эски материалдык-техникалык базага ээ болуу менен сапаттуу окуу процессин камсыздоо оор. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Күл айылдык аймагындагы орто мектепте дал ушундай маселе жаралды. Мындан тышкары бул жерде мектепти күтүүгө бөлүнгөн каражат кайда сарпталып жатат деген суроо көп берилип, ата-энелер жана айыл тургундары маалымат ачык жарыяланбаганына нааразы болуп келишкен.Ал арада бөлүшө турган маалымат деле жок болчу. Анткени жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттар күнүмдүк ремонт жасоого, ошондой эле мектептин анча-мынча чыгымдарын жабууга гана жетчү. Бирок маалыматтын жоктугунан улам мектеп жетекчилиги менен окуучулардын ата-энелери ортосунда түшүнбөстүктөр болуп келген.Мектептин администрациясы ачык-айкындуулукту жана жарандардын маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыздоонун жолун табыш керек эле.

Эмнелер жасалды?ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун кириш мезгилинде Төрт-Күл АА пилоттук муниципалитет болуп калды жана Долбоордун адистеринин жардамы менен 2012-жылдын 19-мартында мектеп бюджети боюнча алгачкы коомдук угуулар өткөрүлдү. Ал эми 2013-жылы мектеп администрациясы угууларды өз алдынча өткөрүп алды. Мунун баары жашоочулардын жетекчиликке карата ишенимин арттырууга көмөктөшүп, акча кантип сарпталып жатканы тууралуу зарыл жана талап кылынган маалыматты камсыздады. Окуучулардын ата-энелери мектепке бөлүнгөн каражат көп нерсеге жетпей турганы баамдады. Мындан тышкары угуулар маалында мектептин көмөкчү чарбачылыгы, ал кантип колдонулуп жатканы жана ушул чарбачылыктан түшкөн кирешенин эсебинен кандай иштер каржыланганы тууралуу толук маалымат берилди. Ата-энелер мектеп үчүн көмөкчү чарбачылыктын пайдасы чоң экенин түшүнүштү. Анткени мектепке тиешелүү бакты өстүрүүдөн, малдан түшкөн киреше окуу мекемесин жабдуулар, материалдар, техника жана сапаттуу окуу процессин камсыздоо үчүн зарыл болгон башка предметтер менен камсыздоо үчүн зарыл.

Натыйжасы Ушул тапта аймактын жашоочуларында окуу мекемесинин администрациясына эч кандай доомат жок. Анткени мектеп бюджети боюнча толук айкындуулук камсыздалган. Мындан тышкары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турган коомдук чогулуштар жашоочуларга эл алдында сөз сүйлөгөндү, өз пикирин эркин билдиргенди, тема боюнча суроо узатканды, ошондой эле чогулуштардын программасына ылайык бөлүнгөн убакыттан ашыкча сүйлөбөгөндү үйрөттү.Жашоочулардын айтымында, чогулуштар, коомдук угуулар жана башка иш-чаралар кайым айтышуусуз, ошондой эле кызуу кандуу талаш-тартышсыз өтүп калды. Жамаат башкалардын пикирине туура мамиле жасаганды, аны сыйлаганды үйрөндү.М