Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Тегерек столдун резолюциясы

2014-12-22 / Мыйзам жаӊылыктары
Тегерек столдун резолюциясы

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы ченемдерди аткарууга байланышкан маселелерди талкуулоонун натыйжасы боюнча тегерек столдун РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча, Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын,Президенттик, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн аппарат өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен:

  •  ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тууралуу
  • КР мыйзамдарындагы нормаларды жана тармактык мыйзамдарды “ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” КР Мыйзамына шайкеш келтирүүгө багытталган мыйзамдардын долбоорлорун ишке ашыруу маселелерин;
  •  жергиликтүү кеңештин депутатынын статусунун айрым кызматтар жана ишмердиктин түрлөрү менен шайкеш келбегени тууралуу маселелерди караштырган мыйзам долбоорун талкуулап чыгып; 
  • тегерек столдун катышуучуларынан түшкөн пикирлерди жана сунуштарды эсепке алуу менен, ошондой эле Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарды жана чечимдерди турмушта колдонулушуна Жогорку Кеңештин контролдук функцияларын жүзөгө ашыруунун алкагында төмөнкүлөргө токтолду:
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кыска мөөнөттүн ичинде төмөнкүлөр сунушталат:

КРнын колдонуудагы мыйзамдарына анализ жүргүзүү, зарыл болсо мамлекеттикоргандар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ажыратууга жана тармактык мыйзамдарды “ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” КР Мыйзамына шайкеш келтирүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун даярдоо жана Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүү;

Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен берилген трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасын аныктоо;

ЖӨБ органдарынын аларга өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусу үчүн зарыл болгон чыгашаларды караштырган “2015-жылга республикалык бюджет жана 2016-2017-жылдарга божомол жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберүү.

  • КР Конституциясынын нормаларын жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” КР мыйзамынын 17-беренесинин талаптарын көңүлгө алуу менен, Жогорку Кеңештин депутаты К.БОКОЕВ демилгелеп чыккан “Айрым мыйзамдык актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КР мыйзам долбоорлорун жалпысынан жактыруу зарыл деп эсептейбиз.
  1. Жогорку Кеңештин депутаты К.БОКОЕВ демилгелеп чыккан жана талкууланып жаткан, жергиликтүү кеңештин депутатынын статусунун айрым бир кызматтар жана ишмердиктин түрлөрү менен шайкеш келбестик маселесин жөнгө салууга багытталган “Айрым мыйзамдык актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КР мыйзам долбоорлорунун коом үчүн маанисин, актуалдуулугун жана өз убагында даярдалганын, ошондой эле тегерек столдун катышуучуларынын пикирлерин жана сунуштарын көңүлгө алуу менен, мыйзам долбоорун Комитеттин отурумунда карап чыгуу зарыл экенин белгилейбиз.