Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Плакаттын «одуракай» тили жергиликтүү маанидеги маселелер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун фундаменталдуу баалуулуктарын бириктирет

2014-12-22 / Сынактар жана гранттар
Плакаттын «одуракай» тили жергиликтүү маанидеги маселелер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун фундаменталдуу баалуулуктарын бириктирет

Декабрда жергиликтүү өз алдынча башкарууга арналган “Ушул жерде жана азыр!” сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Уюштуруучу – Өнүктүрүү саясат институтунун “Муниципалитет” журналы – өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында. Жалпы байге фонду – 200 миң сомдун тегерегинде – 29 жеңүүчүнүн ортосунда бөлүштүрүлдү. Алардын ар бири үч миңден кырк миң сомго чейинки өлчөмдө сыйлык алат. Сынактын темасы – жергиликтүү өз алдынча башкаруу – ӨСИнин миссиясы менен түздөн-түз байланышта: адамдын татыктуу жашоо укугун ишке ашырууда жергиликтүү жамааттарга жана башкаруу органдарына көмөктөшүү. Биздин түшүнүгүбүздө жергиликтүү өз алдынча башкаруу – башкаруу системасынын бир бөлүгү гана эмес, ал мындан да бир кыйла терең түшүнүк. Биз жергиликтүү өз алдынча башкарууну адам төрөлгөн, жашоосун өткөргөн жана ичер суусу түгөнгөн чөйрө катары чечмелейбиз. Бул өтө кеңири тема жана сүрөтчү аны ар тараптан чагылдыра алат. Муну сынактын жыйынтыктары да далилдеди – дээрлик 200 плакат түштү.

Надежда ДОБРЕЦОВА, ӨСИнин башкаруу төрайымы:

  1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө плакаттын авторунун көңүлү бурулушу мүмкүн жана ошондой боло турган өтө конкреттүү суроолор жана актуалдуу көйгөйлөр бар. Бирок адатта сүрөтчүлөр теманын спецификасынан алыстап кетишет жана биз плакат үчүн багытты тандоодо, аларды темада көтөрүлгөн маселеге багыттоодо аларга жардам берүүгө милдеттүү болчубуз. Ошондуктан биз буга чейин уюштурулган сынактардагыдай эле бардык каалоочулар үчүн багыт берүүчү семинарларды өткөрдүк жана ошол семинарларга аймактарды тартууга аракет жасадык. Бишкек, Ош жана Караколдо ЖӨБ маселелери боюнча эксперттер жана плакат искусствосунун адистери менен баары болуп үч жолугушуу өттү. ЖӨБ органдарынын компетенциясына кирген жергиликтүү маанидеги маселелер; бул чөйрөдөгү заманбап көйгөйлөр; плакат искусствосундагы жаңылыктар; өткөн сынактардын жыйынтыктары талкууланды. Менимче бул семинарлар жүздөгөн авторлор үчүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча плакат” темасы боюнча жакшы сабак болуп калды. Аны менен катар семинарга катышкандардын арасында кесипкөй сүрөтчүлөр да, студенттер жана окуучулар да, ошондой эле үйрөнчүктөр да болду.
  2.  
  3. Багыт берүүчү семинарларда биз болочок катышуучуларга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маңызын жана функциясын түшүндүрүп бердик. Ошондуктан дээрлик бардык сунушталган плакаттар сынактын темасына шайкеш келди. Көпчүлүк эмгектер жергиликтүү маанидеги маселелерге арналган – жолдорго, көчөлөрдү жарыктандырууга, таштандыга, бала бакчаларга жана атүгүл көрүстөндөргө. Бул жерде таң калаарлык эч нерсе жок – жерге берүү маселеси жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагында маселеге кирет жана бул жерде да көйгөйлөр бир топ десек болот. Албетте авторлор өз плакаттарында ушул темаларды “сүйлөтө алышты” – жолдор жан кейитерлик тартылган, көчөлөр кир жана караңгы болуп көрсөтүлгөн ж.б. Мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосундагы өз ара мамилелердеги көйгөйлөрдү чагылдырган бир нече эмгек эсте калды – көз карандуулук, жука капчык, укуктун жоктугу. Биз айтып, түшүндүрүп бергендердин ичинен көйгөйдү баамдай алган бир тең, ошону плакаттын тилинде көрсөтүп берген бир тең болду. Алдын ала жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында биз өтө көп сандагы плакаттарды алдык.
  4.  
  5. Эки жүзгө жакын эмгектин арасында татыктуулары өтө көп болду. Ошондуктан жеңүүчүнү тандап алуу оңой иш болгон жок. Анткени калыстар тобунун ар бир мүчөсүнүн өз пикири бар эмеспи.Мындан тышкары 18 жашка чейинки авторлордун өспүрүмдөр номинациясында да жакшы плакаттар көп болду. Белгилүү сүрөтчүлөрдөн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча эксперттерден турган калыстар тобу жеңүүчүлөрдү белгиленген алкакта тандап алды. Бирок уюштуруучу катары биз жеңүүчүлөрдүкүнөн кем калышпаган эмгектер да көңүл сыртында кала бергенин көрүп турдук. Аларды белгилегибиз келди жана биз кошумча шыктандыруучу байге бөлүүмүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Жалпысынан плакаттын “одуракай” тили бир көрүнүштү түшүндүрүүгө, көйгөйгө кызыгууну жа-ратып, ага көңүл бурдурууга жардам берет. Бул өзгөчө “айкын эмес” көйгөйлөргө карата маанилүү. Дал ушундай “айкын эместик” жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө орун алган. Бир караганда баары жөнөкөй жана түшүнүктүү – таштанды, жол чырактар, көчөлөр, көрүстөндөр – жогорку математика эмес. Бирок сыртынан караганда жөнөкөйлүктүн жана айкындуулуктун артында өтө маанилүү, фундаменталдык нерселер турат – жамаат, тарбия, маданият, салттар, эстутум, жада калса цивилизация. Биздин жарандарыбыздын аң-сезиминде жөнөкөйлүктү жана фундаменталдуулукту айкалыштыруу – узак убакытты талап кылган жана татаал процесс, бул жерде көптөгөн аракет жана ар түрдүү аспаптар талап кылынат. Плакат бул катарда алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Дал ошондуктан биз муну менен токтоп калбастан плакаттардын сынагына байланышкан ишибизди уланта беребиз”. Бул ӨСИ уюштурган жана кошо уюштуруучу болуп чыккан плакаттардын үчүнчү сынагы.
  6.  
  7. Биринчи жана үчүнчү сынактар Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкарууга арналса,экинчиси коррупцияга бөгөт коюу жаатында болгон. Биздин баамыбызда, плакат – бул адамдын кайсы бир нерсеге карата мамилесин калыптандырууга таасир этүүнүн натыйжалуу ыкмасы. Кээде көлөмдүү макалаларга же бир нече саатка созулган талаш-тартыштарга караганда плакат адамды тезирээк ынандыра алат. Плакатты ынандыруу, идеяны түртүү, коомдук пикирди калыптандыруу каражаты катары колдонуу маданияты дээрлик жоголуп баратканы өкүнүчтүү.Бирок азыр искусствонун бул багытын кайрадан жандандыруу мүмкүнчүлүгү пайда болгон учур. Анткени идеяларды дайыма көрсөтүп бере алыш керек жана плакат искусствосу мындай учурдажардамга келет. Социалдык түйүндөрдөгү баракчаларды карап көрүңүзчү – ал жакта көптөгөн плакаттар пайда болууда. Балким көрүнөө (визуалдык) билдирүүлөр маңызы боюнча плакат экенин авторлордун өздөрү да билбеши мүмкүн. Ошону менен бирге авторлор идея, “плакатизация” жана чечмелөө жагынан алып караганда эркин, бирок сапаттар өтө ар башка. Мындай сынактарга катышуу, плакат искусствосун өздөштүрүү жаш авторлор сүрөтчү болобу, же жокпу – буга карабастаналар үчүн өтө маанилүү.
  8.  
  9. Плакаттар өзүнөн өзү чындыкты алмаштырууга жөндөмдүү деп ойлоо байоолук болуп калмак. Бирок алар тексттик же аудиоконтент менен айкалышканда өтө күчтүү психологиялык таасир тийгизет. Мындан тышкары плакаттар – бул окутуу үчүн мыкты көрсөтмө материал. Мисалы, ӨСИ “Муниципалитет” журналындагы макалаларды жасалгалоо үчүн плакаттарды жигердүү колдонот, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча өткөн сынакка түшкөн плакаттарды элеттик мектептердеги мугалимдер коомго киришүүгө байланышкан сабактарды өтүүдө колдонуп келишет. Бул күтүлбөгөн натыйжа болду: ЖӨБ боюнча мыкты плакаттар ӨСИнин жыйындар залында илинип турат, элеттеги иш-чаралардын катышуучулары өз мектептери үчүн плакаттардын электрондук версиясын суратып алууда. Ошондой эле 2014-жылдын жай мезгилинде Көркөм искусство музейинде өткөрүлгөн коррупция тууралуу плакаттардын көргөзмөсүн эл кандай кабыл алганы да кубандырат. Көргөзмө эки жума өтөт деп болжолдонгонуна карабастан музейде көргөзмө бир айга созулду, анткени ал жакка баш баккандар көп болду, адамдар плакаттарды көрүп, ойлонуп, ага реакция жасап жатышты. Баса, мындай көргөзмөлөр Бишкекте гана эмес, Караколдо да, Ошто да өттү. Бардык жерде адамдар пикирин билдирип жатышты, плакаттардын таасири күчтүү болду, алар башкаларды ойго түрттү. Эми ошол көргөзмөгө коюлган материалдарды Экономика министрлиги андан ары колдонуу үчүн суратып алды. Сынакка эмгектерин койгон авторлордун географиясы бир кыйла кеңири, бирок эң көп эмгектер Бишкектен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан түштү. Албетте бул дал ушул аймак-тарда багыт берүүчү семинарлар өткөнүнө, ошондой эле көркөм мектептин мугалимдеринин жана Сүрөтчүлөр союзунун жергиликтүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн жигердүүлүгүнө байланыштуу болду.
  10.  
  11. Катышуучулардын басымдуу бөлүгүн студенттер жана окуучулар түздү. Экинчи орунда кесипкөй сүрөтчүлөр турса, үйрөнчүктөр да болду. Тилеккекаршы Нарын, Талас жана Баткен облустарында багыт берүүчү семинарларды өткөрүү үчүн ресурстар жетишсиз болду. Келечекте Өнүктүрүү саясат институту сынактарды уюштурууну пландап жатат жана багыт берүүчү семинарлар бардык аймактарда өтүүсүнө аракеттенет. Бирок бул көп учурда ресурстарга байланыштуу болот. “Бирок плакат чындап эле “иштеп кетүүсү” үчүн аны жаратып эле койгон жетишсиз. Плакатка кимдир бирөөнүн көзү түшүп, аны кайсы бир ойго түртүп, анда күмөн ой жаратып, эмоция пайда кылмайынча мааниси болбойт. Ошондуктан плакаттарды жайылтуу үчүн аракет көрүү өтө маанилүү. Өнүктүрүү саясат институту бери дегенде өзүнүн басма материалдарын, анын ичинде “Муниципалитет” журналын көрктөндүрүү үчүн плакаттарды кеңири колдонот. Плакаттарды дисктерге жаздырып, өнөктөш муниципалитеттердеги мектептерге сөзсүз өткөрүп беребиз. Ресурстарыбызга жараша плакаттарды ошол эле мектептер, айыл өкмөттөрү, башка меке-мелер үчүн басып чыгарганга аракеттенебиз”, депсөзүн жыйынтыктады Н. ДОБРЕЦОВА.