Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЭКОНОМИКАЛЫК ЖУРНАЛИСТТЕР Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн инте грациясына көмөктөшөт

2012-11-29 / Экономикалык журналистика

Экономикалык сөз эркиндиги демократиянын жана базар мамилелеринин өнүгүүсү үчүн зарыл.

 

Экономикалык сөз эркиндиги демократиянын жана базар мамилелеринин өнүгүүсү үчүн зарыл. Мында ММК бийлик, бизнес жана калк ортосундагы башкы коммуникациялык канал болуп туруш керек. Эгерде жарандар кабыл алган чечимдерин түшүнбөй турса, эгерде аларда экономикалык маалыматка жетүү жана өзүнүн экономикалык талаптарын эркин билдирүү мүмкүнчүлүгү болбосо, анда алар өзүнүн экономикалык укуктарын ишке ашыра албай калышат.
 
Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жалпы социалдык-экономикалык абал, дүйнөлүк кризистин кесепеттери, башкаруунун административдик методдорун сактап калууда жогорку деңгээлде импорттон көз карандуулук, экономикалык кооптонуу жана инвестициялык ишенимсиздик калкка өз алдынча экономикалык чечимдерди кабыл алууга жардам берген ар тараптуу маалыматтын жоктугунан улам абалды татаалдаштырып жатат.
 
Бул көйгөй КМШнын дээрлик бардык өлкөлөрүндө болгонун белгилей кетүү зарыл. Анын тамыры бир четинен мыйзамдардын так эместигинде, бир четинен жарандардын өз укуктарын билбегенинде жатат.
 
“Экономикалык журналистика базар экономикасын өнүктүрүүнүн фактору жана индикатору катары” аттуу конференция Бишкекте 2012-жылдын 11-12-октябрь күндөрү өттү. Конференция төмөнкүдөй максаттарды көздөдү: экономикалык журналистиканы өнүктүрүүдө көйгөйлөрдү жана жетишкендиктерди, ошондой эле анын КМШ өлкөлөрүндөгү базар экономикасынын өнүгүүсүнө таасирин көрсөтүү; Борбор Азия өлкөлөрүндөгү экономикалык журналисттер ортосундагы кызматташтык маселесин чечүү.
 
Конференцияга 10 өлкөдөн – Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина, Беларус, Грузия жана АКШ – бизнестин, мамлекеттик структуралардын, жарандык коомдун, билим берүү мекемелеринин жана ММКнын 115 өкүлү катышты. Катышуучулардын эки негизги тобун журналисттер жана эксперттик жамааттар, анын ичинде донордук уюмдар түздү. Максаттуу аудиторияга жараша катышуучулардын курамы төм. диаграммада көрсөтүлгөн.
 
Жалпысынан конференциянын катышуучулары экономикалык журналистика – бул дагы да чоң жана татаал көйгөйдүн – калктын каржылык жана экономикалык сабаттуулугунун төмөн деңгээлинин – бөлүгү деген пикирге келишти. Мына ушул мааниде экономикалык журналистика чоң, бирок азырынча толугу менен колдонулбай жаткан потенциалга ээ. Чыныгы экономикалык журналистика элдик, массалык мүнөзгө ээ болуп, массалык маалымат каражаттарында өзүнүн олуттуу ордун ээлеш керек. Ошондой эле экономикалык журналистика –бул жашоого жана натыйжалуу экономикалык өнүгүүгө дагы да ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында коомдун, бизнестин жана мамлекеттин бирге аракеттешүүсүнүн аспабы.
 
Программалар жана сөз сүйлөөлөр
 
Конференциянын катышуучулары менен Кыргыз Республикасынын президентинин атынан Президенттик аппаратта экономиканы өнүктүрүү үчүн жооп берген Нурсу луу Ахметова учурашты. Ахметова айым ММКнын калктын каржылык жана экономикалык сабаттуулугун арттырууда; каржылык, өзгөчө кичикаржы базарында кризистик кырдаалды алдын алууда маанисин жана потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи. “Бүтүндөй коомго таасирин тийгизген каржылык туруксуздукту белгилүү бир саясий чөйрөлөр колдонуп кетиши мүмкүн. Экономиканын системалык тапшырмаларын аткарууда журналисттер чоң роль ойнойт. Мында экономика тармагында калктын маалыматка ээ болбогону анын каржылык эсендигинде да чагылдырылат. Өз миссиясын аткаруу үчүн журналисттердин өздөрү да экономика тармагындагы билимин жогорулатышы керек. Мындан Кыргызстандын гана эмес, ошону менен бирге жалпы региондун аброю жана өнүгүүсү да көз каранды”.
 
Катышуучулар менен Евразиядагы CIPE программасынын жетекчиси Елена Сухир да учурашты. Ал экономикалык журналистиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө кыргызстандык жарандык коомдун аракеттерин жана ийгиликтерин баса белгиледи: “Массалык маалымат каражаттарынын жана бизнестин, ага катар саясатчылардын, мамлекеттик кызмат адамдардын ролу – жарандарды алардын жашоосуна таасирин тийгизип жаткан экономикалык жана саясий маселелер тууралуу маалымдоо жана агартуу. Жарандар маалыматка ээ болгондо, факттар жана көз карандысыз анализ менен жабдылганда, бардык деңгээлдерде саясатты иштеп чыгуу процессине активдүүрөөк катыша алат; өкмөткө чынчыл, жоопкерчиликтүү иштеп берүүгө жана өз элинин алдында жооптуу болууга жардам берет. ММКда экономикалык темалардын өнүгүүсү сиздин өлкөңүздүн өнүгүүнүн демократиялык жолуна жана базар экономикасына өтүү процессинде олуттуу мааниге ээ”.
 
1-сессия. Экономикалык журналистиканын өнүгүүсү үчүн ылайыктуу маалыматтык чөйрө түзүү: ассоциациялардын жана бизнестин ролу
 
Андан ары конференция бардык чыгып сүйлөөлөрдү үч ири сессияларга бөлүүдөн куралды. Биринчи пленардык сессия экономикалык журналистиканы өнүктүрүү үчүн ылайыктуу маалымат чөйрөсүн түзүүдө ассоциациялардын жана бизнестин ролуна арналды. Башкача айтканда, катышуучулар экономикалык журналистиканы өнүктүрүү зарылчылыгын априори таанып, бизнес жана бизнес-ассоциацияларынын ММК менен эки тараптан тең кызматташуусу канчалык маанилүү болот деген маселени талкуулашты. Бул пленардык сессияда биринчи болуп Орусия Федерациясындагы CIPE өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Раевский сүйлөдү. “Жарандык ассоциациялардын жана экономикалык реформалардын лидерлеринин ММКнын өнүгүүсүндөгү ролу. Жарандык коом (өзгөчө бизнес-ассоциациялар жана изилдөө борборлору) ММК үчүн маалымат булагы катары” деп аталган темада сөз сүйлөгөн Раевский төмөнкүлөрдү белгиледи: “Акыркы убакта медиа мейкиндигинин таптакыр бир белгилүү түрүн – антикоррупциялык түрүн түзүү зарылчылыгы тууралуу көп айтууга туура келип жатат. Тилекке каршы он жылдыктын ичинде айкындуулуктун, жооптуулуктун, чынчылдыктын, компетенттүүлүктүн нормалары орусиялык мамлекеттин жана анын өзүнчө жарандарынын социалдык-коомдук жашоосунун артыкчылыктар контекстинде басымдуулук кыла албаганын мойнубузга алышыбыз керек. Бул процесске массалык маалымат каражаттары, журналисттик коомчулук аралашмайын толук кандуу антикоррупциялык талааны түзүү мүмкүн эмес. Алар окурмандарга, көрүүчүлөргө, угармандарга бүгүнкү күндүн окуяларын жана факттарын жөн гана жеткирип койбостон, ошону менен бирге коомдук пикирди да түзүп, ал эми кээде – бул жакшыбы, же жаманбы – башка маселе – анын башын айландыра баштайт!”.
 
Сергей Пономарев , Кыргызстандагы базарлардын бизнес-ассоциацияларын башчысы, өз сөзүндө ассоциациялар менен журналисттердин ыктымал өнөктөштүгү жөнүндө айтып, экономика жана бизнес боюнча журналисттик иштердин сапатына карата ММКны сындап өтүп, бийликке таасир этүүнүн биргелешкен мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Сергей Пономарев журналисттерге Кыргызстан өкмөтүнүн чечим кабыл алуу процессинде регулятордук таасир этүү анализинин (РТА) аспаптарын жайылтууда жардам бергени үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.
 
Нелли Симонова , кыргызстандык каржы компаниясынын жетекчиси, өз сөзүндө ММК тарабынан коомдук аң-сезимди башкаруу маселесине жана каржы бизнеси менен ММКнын бирге аракеттенүү тажрыйбасына токтолду: “ММК – бул чоң коомдук күч жана коомдук аң-сезимди бурмалай ала турган олуттуу курал. Анткени ММК мамлекеттин, социалдык топтордун, саясий лидердин, ири каржылык жана экономикалык системалардын жана жалпы коомдун кызыкчылыктарын чагылдыра алат. Мени кубандырганы – биздин ММКда оң жакты карай бир топ өзгөрүүлөр болду. Биздин массалык маалымат каражаттарыбыз, айталы сыналгы негативдүүгө караганда позитивдүү нерселерди көп көрсөтө баштады. Бирок экономикалык ийгиликтерге, бизнестеги ийгиликтерге арналган, кантип бизнес жасаш керек, бизнес кантип тажрыйбасы менен бөлүшүш керек деген темада берүүлөр аз. Бизнес бул тууралуу айтайын десе эле ал маалымат үчүн акча төлөш керек болот. Айталы, эгерде кайсы бир макалада компаниянын аталышы пайда болсо, бул жарнама деп эсептелет. Башка эч бир өлкөдө мындай жок. Эгерде ал эмне болгон эксперт, кайсы компаниядан экени айтылбаса, кантип эле кайсы бир макалага эксперттин пикирин кошо аласыңар? Андыктан ошол макала журналист тарабынан гана даярдалган жана журналист кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын түрткүлөп жатат деген ойлор пайда болбой койбойт...”. Нелли Симонова жарандарды өз акчасын башкаруунун негиздерине окутуу биздин өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө олуттуу түрткү берип, фондулук биржанын активдешүүсүнө көмөктөшөт деп эсептейт. Топтолгон каражат иштей баштайт жана атамекендик ишканаларды арзан жана “узун” акча менен камсыздайт. Каржылык жактан сабаттуу калк өзүн кошумча киреше менен өз алдынча камсыздайт, бул болсо калктын бакубаттуулугун арттыруунун кепилдиги, Кыргызстандын өнүгүүсүнүн туруктуулугу болот.
 
Беларус республикалык ишкерлер конфедерациясынын президиумунун төрагасы, Минск шаардык Ишкерлер жана иш берүүчүлөр биримдигинин төрагасы Владимир Карягин өтө эсте калаарлык жана эмоционалдуу сүйлөдү. Төрага ММКны ишкерлердин оң образын түзүүгө, бизнес чөйрөдө каармандарды издөөгө чакырды: “Беларуста ишкерлерди “каармандаштыруу” боюнча бизнес басылмалардын жаңы багыты пайда болду. Адамдар өз каармандарынын, аларга иш берген жана башка адамдардын жашоосун оңдоп жаткан ишкерлердин жүзүн тааныш керек. Беларус прессасында өзгөчө басым кичи жана орто бизнестин көйгөйлөрүнө жана бизнести популярдаштырууга жасалууда... Экономикалык эркиндик жана ММКнын объективдүүлүгү тууралуу айта турган болсом, экономикалык эркиндик үчүн күрөшүш керек, аны чын дилден каалаш керек”.
 
Украинадагы Эркиндик жана менчик институтунун жетекчиси Дмитрий Ляпин көңүлдү бизнес менен ММКнын өз ара мамилелерине буруп, заманбап баскычта ар бир эле мамлекеттин экономикалык потенциалы бара-бара маалымат ресурстарын колдонуу деңгээлине көз каранды болуп калаарын белгиледи. Экинчи жагынан алганда бизнес ММКны өнөктөш катары көрүш керек жана мамлекет менен өз ара мамилелериндеги адвокаси-көйгөйлөрдү чечүүдө ММКнын жардамын сураш керек. Бизнестин мамлекетке ММКнын жардамы менен таасир этүү мисалы өзгөчө кызыгууну жаратты: салык кызматынын өзүмбилемдигине каршы күрөш, гербдик жыйымдарга каршы күрөш, сертификация системасын өзгөртүү аракеттери жана башкалар.
 
2-сессия. Базар экономикасын өнүктүрүүдө жана коррупция менен күрөштө экономикалык журналистиканын ролу
 
Экинчи сессия Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда Добрецованын сөзү менен башталып, Кыргызстанда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө экономикалык журналистиканын өнүгүүсүнүн теориялык жана практикалык аспекттерине арналды: “Ушул маселени талкуулаган аудитория эки түрдүү топтон – ThinkThank уюмдарынын өкүлдөрүнөн жана кесипкөйлөр үчүн басылмалар деңгээлиндеги экономика жана бизнес маселелери менен алектенген элитардык журналисттерден турат. Биз эки башка нерсе тууралуу айтып жатканыбыз айдан ачык: элитардык журналистика болгон, бар жана боло берет жана бакубат өмүр сүрө бермекчи. Бизнес базарды кесипкөй бизнес маалыматы менен жабдыганы үчүн бул журналистикага жакшы акча төлөйт, өкмөт да өзүн таасирдүү сезүү мүмкүнчүлүгү үчүн бул журналистикага төлөйт. Биз болсо Малазияда балык уулаган, Непалда кой кайтарган, Кыргызстанда жер-жемиш өстүргөн же Беларуста заводдо иштеген, массалык, атайын даярдалбаган окурманга багытталган журналистика тууралуу айтып жатабыз. Бул журналистика калктын каржылык жана экономикалык сабаттуулугу тууралуу маселелер менен тыгыз байланышта. Бул түрдүү журналистика: түрдүү максаттары менен, түрдүү методдору менен. Менде элитардык журналистика массалык экономикалык журналистиканы өнүктүрүү үчүн жардамчы, ресурс да, ошону менен бирге тоскоолдук да боло алат деген шек пайда болду. Анткени мен алар тараптан кандайдыр бир касталык жүрүштү сезип калдым: бардык маалыматка кесипкөйлөр гана ээ болуш керек, ал эми карапайым калкка бул керек деле эмес, ал ансыз деле жашап кетет, ал эми биздин өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн керек болгон бардык аналитиканы алардын ордуна биз эле жасайбыз дегендей мамиле. Бул сегрегация жолу, текеберчилик деп айтаар элем”. Бет ачарда бюджеттик журналистика, экономикалык журналистика жана калктын каржылык сабаттуулугун арттыруу ортосундагы байланыш темасы терең талданды.
 
Андан кийин Казакстандын директорлор институтунун директору Сергей Филин сөз сүйлөп, журналисттер менен иштешүүдө өз тажрыйбасына токтолуп, аларды жаңы билимге активдүүрөөк ээ болууга, анын ичинде корпоративдик башкаруу жаатында билим алууга чакырды. CSRBusinessNetwork башчысы Асель Арстанбекованын корпоративдик социалдык жоопкерчилик тууралуу сөздөрү социалдык жоопкерчилик салык төлөө жана жумушчу орундарды түзүү менен гана чектелет деп эсептеген бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүнүн кайчы мамилесин жаратты. Ошондой эле Александр Раевский ММКнын бир тараптуулук маселесине жана бизнес менен ММКнын өз ара мамилесине токтолду. Бул бет ачарларда ММК менен бизнес ортосундагы ММКнын мазмунуна жана анда компаниялардын чагылдырылышына, эмнени жарнама деп атаса болот, эмнени болбойт дегенге коомдун мамилесинде жөнгө салынбагандыкка арналган көйгөйлөр ортого коюлду.
 
Аудиториянын чоң кызыгуусун Грузиядан келген Тамуна Лепсверидзенин сөздөрү жаратты. Ал Грузиядагы регионалдык ММКнын коррупция менен күрөштөгү тажрыйбасына токтолду. Башка өлкөнүн журналисттери анын сөзүндөгү эки жагдайга токтолушту. Биринчиси, бардыгын Грузиянын борбордук ММКнын бир тараптуулугу жана көзөмөл алдында болуп, ал регионалдык ММК бир кыйла телчигип, өсүп, дагы да бейтарап, көз карандысыз жана “тилдүү” болушуна алып келгени таң калтырды. Регионалдык грузин журналисттери чындап эле бийлик тууралуу чындыкты жазгандан коркпойт, өкмөттүн аракеттери тууралуу өз пикирлерин ачык билдиришет жана кээде өмүрүн тобокелге салып, журналисттик иликтөө да жүргүзүшөт. Мында грузин журналисттеринин туруму мындай: “Эгерде биз өкмөттүн аракеттеринде бир нерсени билбесек жана түшүнбөсөк, анда баары бир бул тууралуу жазабыз. Эгерде биз жаңылышып турсак, анда бийлик муну четке каксын. Бирок жөн гана унчукпастан, мамлекет бизге бир нерсени түшүндүрүүнү туура тапканда эле кыймылдай баштаганын күтүп отургубуз келбейт”. Грузин журналисттеринин мындай туруму башка өлкөлөрдөн келген кесиптештердин колдоосуна ээ болду. Анткен менен алардын көбү учурдагы кырдаалда мындай турумду алардын өлкөлөрүндөгү бардык эле журналисттер ээлей албай турганын мойнуна алышты.
 
Бул сессияны кыргызстандык эки баяндамачы жыйынтыктады – КР Каржы министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин жетекчиси Азамат Акелеев мамлекеттик каржыны башкарууда айкындуулукка жетүү чөйрөсүндө жарандык коомдун уюмдарынын иши жана өкмөттүн аракеттери тууралуу кеңен айтып берсе, медиа эксперт Лариса Ли CIPE жана башка донорлор колдогон түрдүү долбоорлордун алкагында багытты өнүктүрүү үчүн экономикалык журналистика боюнча медиа эксперттер колдонгон ыкмалар жана методдор тууралуу айтып берди.
 
3-сессия. Экономикалык журналистиканы өнүктүрүүнүн абалы жана технологиялары: көйгөйлөр жана жетишкендиктер
 
Конференциянын экинчи күнүндө өткөрүлгөн үчүнчү сессия толугу менен экономикалык журналистиканы өнүктүрүүдө технологиялык маселелерге, анын ичинде болочок жана учурдагы журналисттерди окутууга арналды. Тажикстандык “Хома” Коомдук бирикмесинин жетекчиси Шахло Акобирова тажик журналисттеринин профессионалдык деңгээлин жогорулатуу үчүн чет элдик эксперттерди тартууда ийгиликтүү тажрыйба тууралуу, ошондой эле “элдик” телевизиондук экономикалык берүүнү жаратуунун жана өндүрүүнүн ийгилиги жөнүндө айтып берди. Өзбекстандан келген Максад Джангиров өз өлкөсүндөгү экономикалык журналистиканын абалы тууралуу айтып берди. Бул экөөнүн тең сүйлөгөндөрү эмнеси менен өзгөчө кызыктуу болду? Шахло “элдик” жарандарга түшүнүктүү экономикалык журналистика тууралуу айтса, Максад эксперттик, элитардык экономикалык журналистикага токтолду. Басым жасоодо мындай айырмачылыктарды, биздин баамыбызда, эки өлкөнүн экономикалык абалы жана көлөмү, ошондой эле ал жакта бизнестин өнүгүү деңгээли менен түшүндүрсө болот.
 
Андан ары сөздү Надежда Добрецова алды. Ал Кыргызстандагы, Казакстандагы, Орусиядагы жана АКШдагы экономикалык журналистиканын абалы тууралуу жылдык үчүнчү изилдөөнүн жыйынтыктарын тартуулады (изилдөөнүн жыйынтыктары тууралуу кененирээк http://www.dpi.kg/ru/publications/full/58.html сайтынан таба аласыздар). ММКда сандык өлчөөлөрдүн эсебинин өсүшү жана бүт өлкөлөрдө басма сөз материалдарынын ирилештириле баштаганы тууралуу изилдөөнүн тыянактары журналисттердин кызыгуусун жаратты.
 
Ошондой эле бул сессияда казакстандык журналист Серик Мамбетовдун сөздөрү да кызуу талкууну жаратты. Ал Казакстандагы экономикалык журналистиканын өнүгүш тарыхы менен тааныштырып, массалык окурманга экономикалык журналистика керек эмес жана бул багыттагы ММКлар Казакстанда эч кандай таасирге ээ эмес деген бир катар тыянактарды чыгарды. Бул тыянактарды аудитория жалпысынан колдогон жок жана каяша жоопторду кайтарды.
 
Катышуучулар казакстандык журналист жана редактор Айнура Кар галинованын сөздөрүн кулак түрө угушту. Ал каржылык сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу тажрыйбасы менен бөлүшүп, “акча үчүн элдикММК” басылмаларындагы тренддерди айтып берди. Айнура айымдын сөзүнө кызыгуу болгондун себеби, ал ушундай басылмаларды түзүүдө жана жайылтууда чоң тажрыйбага ээ. Каргалинова Казакстанда “элдик” экономикалык басылмаларды түзүү зарылчылыгын жана актуалдуулугун негиздеп берип, алдыдагы 5-7 жылдын аралыгында мындай басылмалар өлкөдө активдүү өнүгө баштайт деп божомолдоду.
 
Конференциянын бул сессиясы журналисттердин базалык билим берүүсүнүн абалына, анын ичинде экономикалык темаларды чагылдыруу маселесине арналып жыйынтыкталды. Бул темалар боюнча Кыргызстандан Парида Бостонова жана Венера Сабирова сөз сүйлөштү. Алар жогорку мектептин программасында экономикалык сабактарга көңүл аз буруларын, жалпысынан ал болочок журналисттердин даярдык сапатына жана кесибине терс таасирин тийгизерин белгилешти.
 
Андан ары конференциянын программасында топтордо иштөө жана жалпы талкуу каралган. Анын жыйынтыгында төмөнкүдөй сунуштар иштелип чыкты.
 
Анализ жана сунуштар
 
ММКнын бир тараптуулугу жана өзүн өзү тескөөсү
 
Биздин өлкөнүн шарттарында толугу менен эркин, 100% бейтарап ММК болбойт. Анткени ММК басылманын ээсинин, бийликтин жана жарнама берүүчүнүн басымы алдында калышат. Бул басымдан коргоону камсыздоо, маалымат алуучунун кызыкчылыктарына доо кетирип алышы мүмкүн болгон ашыкча бир тараптуулукту жеңүү үчүн тиешелүү укуктук шарттар жана адекваттуу соттук система керек. Мында ММКнын бир тараптуулугу жана тең салмактуу болбогону алардын ар бир өлкөнүн экономикалык жана саясий системасындагы ролунан көз каранды. Айталы, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана айрым мамлекеттердин саясий жана экономикалык системаларында ММКнын орду, мисалы, Европанын өлкөлөрүнө салыштырмалуу азыраак мааниге ээ жана көп корголгон эмес. Бир тараптуулуктун фактору катары салттуу түрдө каралып келген мамлекеттик басымдан тышкары (өзгөчө мамлекеттик ММКга карата), акыркы учурларда жарнама берүүчү тараптан (басылма ээси аркылуу да, түздөн-түз да) басым фактору көбүрөөк актуалдуу боло баштады. Жарнама берүүчү канчалык ири болсо, ММК анын дарегине (түз көрсөтмө аркылуу да, өзүн өзү тескөөнүн натыйжасында да) объективдүү сын айтып чыгат деген ыктымал төмөн. Ошол эле учурда ММКнын ажырагыс бөлүгү катары каралган бир тараптуулук журналист да автоматтык түрдө бир тараптуу кайда гана иштебесин чынчыл жана объективдүү бойдон кала берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок шарттарга жана укуктук чөйрөгө жараша бул нерсе андан түрдүү деңгээлдеги материалдык жана моралдык чыгымдарды талап кылат.
 
• Бир тараптуулук жана өзүн өзү тескөөгө карата редакциянын саясатын жалпылаштыруу жана анализдөө, тең салмактуулук басылма каражат алып келээри тууралуу редакторлорго жана басылма ээлерине сунуш берүү сунушталат.
 
Булактар (мамлекет) тарабынан маалыматты дозалоо
 
Борбор Азиянын өкмөтүн ачык деп айтууга болбойт. Мамлекет экономикалык маселелерге байланыштуу маалыматты дозалайт. Мунун бир нече себеби бар. Биринчиден, мамлекет өткөн чактын мурасынан – коомдук пикирге таасир этүү жана жана үгүттөө максатында маалыматты дозалоо принциби боюнча иштөө адатынан арыла албай келатат, мамлекет өзүн кызмат жеткирүүчү деп сезбейт жана аны ишке алуучу – салык төлөөчүнүн алдында өзүн жооптуумун деп эсептебейт. Экинчиден, мамлекет мүлктүн чоң үлүшүнө ээ жана атаандаш артыкчылыктар менен базарга оюнчунун ролу менен кирген учурлар аз эмес, бул дагы маалыматты дозалоого түрткү болот. Үчүнчүдөн, коом, анын ичинде ММК ийгиликтүү базар аракеттери үчүн жарандарга кандай түрдөгү маалымат керектигин көп жакшы түшүнө бербейт. Бул да мамлекетке базарлар тууралуу ачыкталып жаткан маалыматты ийгиликтүү “фильтрден өткөрүү” мүмкүнчүлүгүн берет. Төртүнчүдөн, ресурстардын айрым түрлөрүнө карата Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы оңой эмес мамилелер геосаясий кызыкчылыктардан улам базарлар жана ресурстар тууралуу маалыматты дозалоого түртүп жатат, аймактагы өлкөлөрдүн өкмөттөрү арасындагы ишеним өтө төмөн деңгээлде. Мунун баары ушул өлкөлөрдө базар экономикасынын ийгиликтүү өнүгүүсүнө бут тосууда. Бул болсо экономикалык маалыматты толук ачыктоо ишинде аймактагы өлкөлөрдүн экономикалык журналисттеринин аракеттеринин биригише болгон зарылчылык факторлорунун бири.
 
• Түйүн же виртуалдык интернет-аянтча түзүү сунушталат. Ал болсо аймактагы өлкөлөрдүн журналисттерин ачыкталган маалымат менен гана эмес, булактар, эксперттер тууралуу маалымат менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берет.
 
Редакторлордун туруму
 
Массалык, же “элдик” ММКда экономикалык мазмундун өнүгүүсүндө негизги көйгөйлөрдүн бири – экономикалык темаларды адатта түшүнбөгөн жана кабыл албаган редакторлордун туруму.
 
• Өзүнүн массалык керектөөчүлөрүнө сапаттуу экономикалык мазмунду сунуштаса, ММК да бизнеске окшоп ийгиликтүү болоору тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталат. Мында ушул мазмундун сапаты төмөнкүнү түшүндүрөт: маалымат адамдардын басымдуу бөлүгүнүн күнүмдүк жашоосу үчүн мааниге ээ; маалымат материалдык кызыкчылыктарга карата чечим кабыл алууга жардам берет; маалымат жаңы жана чын; маалымат мүмкүн болушунча жөнөкөй түрдө баяндалып, түшүнүктүү болуш керек; маалымат керектөөчүнүн материалдык абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды берет.
 
Бийликке таасир этүү
 
ММКнын мамлекетке басым жасоо мүмкүнчүлүктөрү жана алардын экономиканы өнүктүрүүдөгү ролу жогору, бирок БА өлкөлөрүндө жетишээрлик деңгээлде колдонулбайт.
 
• Жашоо шартты жакшыртуу жана экономиканы өнүктүрүү үчүн мамлекетке басым жасоо максатында бизнес менен ММКнын өз ара аракеттенүүсүнүн мыкты практикасын жайылтуу сунушталат. Мыкты практиканы жайылтуу интернет аянтча аркылуу да мүмкүн.
 
Журналисттик иликтөө
Коррупция факттарын журналисттик иликтөө аркылуу таап чыгуу Борбор Азия өлкөлөрүндө мүмкүн, бирок чоң кыйынчылыктар менен коштолот. Мындай иликтөөлөрдүн санынын өсүшү үчүн башкы фактор- журналисттин бул ишти жасоого мотивациясы болгону. Мында мотивация материалдык да, материалдык эмес да мүнөзгө ээ. Материалдык мотивацияга карата медиа жамаат өзү аз эле нерсе жасай алат. Бирок кайсы өлкөдө жашаганына карабастан журналисттерге мүнөздүү болгон дымакка жана чыгармачылык атаандаштыкка негизделген материалдык эмес мотивация да маанилүү фактор болуп эсептелет. Ошентип аймактагы өлкөлөрдүн медиа жамааты чыгармачыл сынактарды уюштуруу жана өткөрүү аркылуу материалдык эмес мотивацияга таасирин тийгизе алат. Мында журналисттик иликтөөлөрдүн таасиринин натыйжалуулугун арттыруу үчүн аларды уланта бериши үчүн мотивация түзүү зарыл. Анткени адатта журналисттик иликтөөнүн предмети – көйгөйбү, же кылмышпы – узак мөөнөт аралыгында жашай берет жана өнүгө алат. Бул болсо журналисттен ошол темага кайра-кайра кайтып турушун талап кылат.
 
• Экономикалык маселелер боюнча мыкты журналисттик иликтөөгө аймактык эл аралык сынак уюштуруу сунушталат. Сериялык иликтөө, же узак мөөнөттүү иликтөө үчүн чыгармачыл сынактарга атайын дем берүүчү элементтерди кошуп коюу сунушталат. Мыкты практиканын элементи катары мамлекет тарабынан иликтөөнүн жыйынтыктарына реакциясы; иликтөөнүн жүрүшүндө журналисттин жарандык коомдун уюмдары менен кызматташуусу боло алат.
 
Журналисттерди даярдоо
 
Базалык журналисттик билим берүүгө (бакалавриат) карата көпчүлүк катышуучулар адистешүүсүз зарылчылыгы болгонун тастыкташты. Бирок түрдүү жолдорду, анын ичинде теория менен практиканын синтезин кошуп, колдонууга көңүлдү бурушту. Анын негизги максаты – базалык билимди жана практикалык ыкты алуу. Анткен менен магистратурага карата көпчүлүк адистикти, анын ичинде экономикалык журналистика боюнча да зарыл экенин белгилешет. Магистранттардын даярдык сапатын камсыздоо үчүн окутуучулардын катарына адистердин бери дегенде эки категориясын тартуу керек. Биринчиден, белгилүү басылмалар үчүн макала жазып жүргөн экономикадагы адистер. Анткени алар оор экономикалык маалыматты жалпак тилге сала алат, болочок журналисттерге экономикалык чөйрөнүн негиздерин жана тенденцияларын түшүндүрүп бере алат жана”которуу” боюнча өз жөндөмү менен бөлүшө алат. Экинчиден, окуу процессинде экономикалык темаларга жакшы жазган журналист-практиктер керек. Анткени алар студенттер менен экономикалык маалыматты издөө жана иштеп чыгуу, ошондой эле алардын дагы да жеткиликтүү формага которуу ыгы менен бөлүшөт. Буга конференциянын бардык катышуучулары макул болду. Бирок Борбор Азиянын көп эле өлкөлөрү экономикалык журналисттерди даярдоо боюнча толук кандуу профессионалдуу курсту уюштуруу үчүн жетиштүү сандагы эксперттер экенин тастыкташууда.
 
• Туруктуу негизде Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык журналистика Академиясын же Мектебин уюштуруу жана окуу курстарын (бейөкмөт эксперттик уюмдун же өлкөлөрдүн бириндеги универститеттин базасында) сунушталат. Курстун узактыгы жана форматы ачык бойдон калды, реалдуулукту эсепке алганда курстун узактыгы ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн тартууга мүмкүн болгон каржы ресурстарына көз каранды болот. Курстун угуучулары катары адистердин эки категориясы келе алат: экономика темаларында адистешүүнү каалаган жаш журналисттер; ММК менен активдүү кызматташууну (же журналист болууну) каалаган эксперттер-экономисттер.
 
Уландысы бар.
Кененирээк www.finliteracy.kg сайтында.