Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Төрт өнөктөш муниципалитетте жамааттык мультимедиа борборлору түзүлдү

2015-06-18 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Төрт өнөктөш муниципалитетте жамааттык мультимедиа борборлору түзүлдү

Жамааттык мультимедиа борборлору жамааттык маалымат каражаттарынын механизмдерин жайылтуу максатында түзүлгөн. Алар региондордогу жергиликтүү бийликтин социалдык көйгөйлөрүн жана ишинин сапатын баяндоочулар болуп эсептелет.

Буга чейин 2014-жылдын ноябрында Жалал-Абад жана Каракол шаарларында ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү жана Жалал-Абад менен Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү жамааттары үчүн практикалык семинарлар өткөрүлгөн. Катышуучулардын жалпы саны 35 элеттик муниципалитеттен 68 кишини түздү. Өткөрүлгөн семинарлардын жыйынтыгы боюнча, катышуучулардын арасында “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” (ЭҮЖӨБОЖ) Долбоорунан техникалык жардам алууга сынак жарыяланды. Сынакка 11 табыштама түштү. Сынактык комиссия аларды карап чыгып өз бааларын берди. Натыйжада төрт муниципалитетке техникалык жардам көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алынды:

  • Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол аймагына,
  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Жаңы-Жол аймагына,
  •  Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Көк-Ирим аймагына,
  •  Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң аймагына.

Көрсөтүлгөн техникалык жардамдын жалпы суммасы 700 миң сомдун тегерегинде болду. Муниципалитеттерге жардамдын алкагында борборлордун толук кандуу иштеп кетүүсү үчүн зарыл

болгон жабдуу сатып алынды. Алар: компьютерлер, мультифункционалдык түзүлүштөр, ноутбук, проектор, мультимедиа-студиясынын комплекти, үн күчөткүчтөр, смартфондор, диктофондор, фотоаппарат, USB-модем ж.б.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВдин айтымында, борборлор чечим кабыл алган адамдарга жергиликтүү көйгөйлөр жана жетишкендиктер тууралуу маалымат берүүгө көмөктөшмөкчү: “Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттары негизги көңүлдү саясий жана ишкер чөйрөлөрдүн пикирлерин чагылдырууга бурат. Ошол эле маалда жамааттагы көйгөйлөр обочодо кала берүүдө. Мындан улам ишенимдүү, тең салмактуу, жаңы маалыматты жеткирген жергиликтүү булакка болгон муктаждык укмуш чоң. Иши адамдардын жашоосун жакшыртууга кызыкдар болгон бардыгы менен социалдык өнөктөштүк принциптерине негизделген ММК өтө зарыл. Азыркы учурда бул ролду жамааттык маалымат каражаттары аткарууда. Анткени алар жалпысынан жамааттагы жашоону жакшыртуу үчүн жергиликтүү социалдык мааниге ээ болгон көйгөйлөрдү биргелешип (аудитория менен) чечүүгө багытталган”.

2015-жылдын апрель айында Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын аймагында төмөнкү төрт жаңы жамааттык мультимедиа борборлорунун ыктыярчылары жана координаторлору үчүн практикалык жана техникалык семинарлар өткөрүлдү:

  •  “Көк-Ирим” ЖМБ, Арал айылы, Тогуз-Торо району, Жалал-Абад облусу
  •  “Сары-Булуң” ЖМБ, Кара-Суу айылы, Тогуз-Торо району, Жалал-Абад облусу
  •  “Миң-Дөбө” ЖМБ, Кызыл-Туу айылы, Токтогул району, Жалал-Абад облусу
  • “Улахол”№ ЖМБ, Кара-Талаа айылы, Тоң району, Ысык-Көл облусу.

Катышуучулардын жалпы саны 4 жамааттык мультимедиа борборунан 22 кишини түздү. Алардын ичинен 15и - аялдар.

Семинарлар заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жергиликтүү жамаатта болуп жаткан окуяларды тең салмактуу чагылдыруу үчүн элеттик кабарчылардын дараметин жогорулатуу максатын көздөдү.

Жамааттык ММК ассоциациясынын (ЖММКА) тренерлери Назира ЖУСУПОВА, Айзада КАЛКАНБЕКОВА жана Сабыр АБДУМОМУНОВ мобилдик маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын (МКТ) жардамы менен маалымат даярдоо жана жеткирүү боюнча элеттик кабарчылар үчүн мастеркласс өткөрүштү.

Окуу процессинде катышуучулар WordPress тиркемеси менен иштегенди, блог жазганды жана подкасттарды түзүп, мобилдик телефонго МР3 жазуу процесстерин, аудио файлдарды редакциялоо жана даярдоо элементтерин үйрөнүштү.

“Ар бир борбор үчүн kloop.kg блог платформасында атайын блог ачылды. Ал болсо kyrgyzmedia.com дегенге байланган, - деп айтып берди ЖММКАнын директору, тренер Назира ЖУСУПОВА. – Ушинтип тууралап койгондо маалыматтык материалдар смартфон – wordpress (сүрөттөр, тексттер) жана стационардык компьютер же ноутбук аркылуу орус жана кыргыз тилдеринде чыга баштайт. Буга кошумча калкты твиттер-жибермеге телефон аркылуу жазып коюу боюнча сессия өткөрүлдү. Бул болсо аны байланыш үчүн кошумча ресурс катары колдонууга жол ачат. Биз твиттерге каттоо үчүн атайын SIM-карталарды сатып алдык. Ага кошулган элеттиктер айылда болуп аткан кабарларды, чукул кулактандырууларды жана жергиликтүү жарнамаларды өз телефонуна бекер эле алып турушмакчы”.

Мындан тышкары семинарлардын жүрүшүндө ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун техникалык колдоосу менен сатып алынган ар бир дабдуу менен практикада таанышууга атайын сессиялар каралды.

“Улахол” ЖМБнын координатору Медер БЕЙШЕЕ Вдин айтымында, эми алар көп нерсеге башкача көз менен карай баштады: “Тренингден кийин мен ушундай мультимедиялык борборлор элеттиктердин маалыматка жеткиликтүүлүк боюнча укуктарын коргоого жардам берерин түшүндүм”.

“Миң-Дөбө” ЖМБнын координатору Айжан УСЕНКАНОВА башталган демилгени андан ары улантып кеткиси келет: “Биздин айылда көптөгөн таланттуу жаштар бар. Алар үчүн биздин борбор журналисттик жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болуп калды. Биздин ыктыярчылар атактуу жана таланттуу журналист болуп жетилерине үмүт артам. Биз муну менен токтоп калбайбыз. Келечекте жамааттык радио ачууну пландап турабыз”.

Өткөрүлгөн семинарлардын жыйынтыгы боюнча, 17 материал даярдалып, алар www.kyrgyzmedia.com сайтына жарыяланды.

Окшош материалы: