Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бишкекте Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууга арналган көргөзмө уюштурулду

2022-04-23 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Бишкекте Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууга арналган көргөзмө уюштурулду

2022-жылдын 1-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууга арналган плакаттардын жана постерлердин көргөзмөсү уюштурулду.

Көргөзмөгө 40 автордун 56 эмгеги коюлган. Көргөзмө “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун колдоосу менен уюштурулган. Аталган Долбоорду Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту (www.vap.kg) ишке ашырууда.

Көргөзмөгө 2022-жылдын январь айында жыйынтыгы чыгарылган “УШУЛ ТАПТА, УШУЛ ЖЕРДЕ: Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” плакаттар конкурсунун катышуучуларынын эмгектери коюлду. Бул көргөзмө жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарын адилет бөлүштүрүүгө, анын ичинде бюджетте аялдардын, жаштардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарын эске алууга байланышкан көйгөйлөрдү көрүүгө мүмкүндүк берет. “Мисалы, конкурста экинчи орунду жеңип алган “Жергиликтүү бюджет” плакатында жергиликтүү бюджет чоң нан түрүндө чагылдырылган: бул нан бардык тургундарга таандык жана жергиликтүү жамааттын бардык топтору ортосунда алардын муктаждыктарын эсепке алуу менен бөлүштүрүлүшү керек. Көргөзмөгө катышкан эмгектер таза суунун тартыштыгы, экология, жашылдандыруу жана таштанды чыгаруу, коомдук коопсуздукту камсыздоо, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо, маданиятты өнүктүрүү өңдүү көйгөйлөрдү ачып берет, булардын баары өлкөбүздүн кайдыгер эмес жарандарынын иши аркылуу чагылдырылат”, – деп айтты Долбоордун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ.

“УШУЛ ТАПТА, УШУЛ ЖЕРДЕ: Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” аттуу конкурска 100 автор катышып, калыстар тобунун кароосуна 188 эмгегин жиберишкен. Көргөзмөнүн биринчи күнүндө авторлордун өздөрү – конкурстун жеңүүчүлөрү жана байге ээлери да катышып, аларга байгелер жана сыйлыктар расмий шартта тапшырылды.

“Конкурска келген эмгектердин ичинен мен аялдар, экология, жарандык жигердүүлүк темасында көптөгөн эмгектерди көрдүм, бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу ушул көйгөйлөрдү гана камтыбай турганын белгилегим келет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу темасы абдан чоң, татаал, бирок маанилүү. Ал жарандарды жигердүү болууга жана жергиликтүү жамааттын жашоосуна катышууга үндөйт”, – деди калыстар тобунун төрайымы Татьяна ЗЕЛЕНСКАЯ.

Плакаттардын жана постерлердин көргөзмөсү 2022-жылдын 18-мартында аяктады.

Окшош материалы: