Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бишкекте Чүй облусунун муниципалитеттери үчүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун расмий бет ачары өттү

2015-06-19 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Бишкекте Чүй облусунун муниципалитеттери үчүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун расмий бет ачары өттү

2015-жылдын 15-майында Бишкекте Чүй облуунун элеттик муниципалитеттери жана чакан шаарлары үчүн “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (ЭҮЖӨБОЖ) расмий бет ачары өттү. Долбоорду Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарат.

Бет ачарга КР Өкмөт аппаратынын, КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, Швейцария Элчилигинин, донордук жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер, Чүй облусунун элеттик жана чакан шаардык муниципалитеттеринин башчылары катышты. Чүй облусунун ЖӨБ органдарынын жетекчилери Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелерин карап чыгып, долбоор менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты.

Долбоордун бет ачарына арналган иш-чаранын расмий бөлүгүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ ачты. Ал катышуучуларга Долбоор менен кызматташуунун келечеги туура луу айтып берип, максаттуу (пилоттук) муниципалитеттерди тандап алуунун критерийлерине токтолду. “Калкты жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске тартууга көмөктөшүү, калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосундагы диалогду орнотуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууда калктын керектөөлөрүн эсепке алуу – биздин долбоордун максаты. Ошондой эле ЖӨБ органдарына техникалык колдоо көрсөтүлөт, анын ичинде артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн сынактын негизинде гранттык колдоо болот. Гранттык колдоонун өзгөчөлүгү – бул программа “инвестициялык машыктыргыч” катары кызмат өтөп, ЖӨБ органдарына жергиликтүү бюджеттен инвестицияларды башкаруунун көндүмдөрүн жакшыртууга жол берет.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорун ишке ашыруу бир нече фазага бөлүнгөн. Долбоордун I фазасы Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунун муниципалитеттеринде 2012-жылдын апрель айынан 2015-жылдын мартына чейин аткарылган. II фаза Чүй облусунун муниципалитеттерин 2015-жылдын апрелинен 2017-жылдын мартына чейинки мезгилде камтыйт. Андан кийин аларга Нарын жана Ош облусунун ЖӨБ органдары кошулат”.

Саламдашуу сөзүндө КР Өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары, уюштуруучулук-инспектордук иш жана ЖӨБ боюнча бөлүмдүн жетекчиси Алтынбек ЭРГЕШОВ Швейцария Өкмөтүнө эки өлкөнүн кызматташтыгынын алкагында көп жылдардан бери жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө көрсөтүп келаткан жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун ийгиликтерине токтолуп, ал Долбоордун ЖӨБ чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгууга кошкон салымын да белгилеп өттү.

КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жаңы директору Бакыт РЫСПАЕВ да аталган долбоорду ишке ашырып келаткан Өнүктүрүү саясат институтуна ыраазычылыгын билдирди. “Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими болуп иштеп жатканда көптөгөн элеттик муниципалитеттер өзүнүн өзөктүк көрсөткүчтөрүн жакшыртып алган. Эми бизде өнөктөштүгүбүздү өнүктүрүүгө жана жакшыртууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр болот деп ишенем”, - деп белгиледи Мамагенттиктин директору.

Өз кезегинде Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Кызматташтык боюнча директорунун орун басары Реми ДУИВЕН Долбоор өткөн 3 жыл ичинде Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын элеттик муниципалитеттери менен кызматташкандагы ийгиликтерин жана жетишкендиктерин белгиледи. Ошондой эле ал Чүй муниципалитеттери менен да кызматташтык ушундай эле жемиштүү болот деген үмүтүн артты.

Андан кийин Долбоордун кызматкерлери Долбоордун максаттары жана тапшырмалары, аларга жетүүнүн жолдору жана механизмдери тууралуу маалымат беришип, ЖӨБО үчүн өзгөчө актуалдуу болгон маселелерди КР ЖК, КР Өкмөтү, министрликтер жана ведомстволор, КР Мамлекеттик кадр кызматы жана башка мамлекеттик органдар менен өнөктөштүктө изилдөө, талкуулоо жана чечүү боюнча маселелерди айтышты. Мындан тышкары бардык катышуучуларга Долбоор, анын максаттары жана тапшырмалары, мүмкүнчүлүктөрү жана ишке ашыруу пландары тууралуу маалыматты камтыган таратып берме материалдар тапшырылды; ар бир катышуу үчүн Долбоордун сынактары тууралуу жоболордун, табыштаманын формаларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актылардын жана башка документтердин акыркы редакцияларынын электрондук версиясы камтылган атайын компакт-диск даярдалды.

Бет ачардын соңунда катышуучулардан көптөгөн суроолор түштү. Алардын баарына Долбоордун кызматкерлери жооп берүүгө аракеттеништи.

Өз демилгеси менен сөз сүйлөгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка муниципалитетинин АӨ башчысы Мурат БАЙДЫЛДАЕВ “башында баары кыйналат, бирок жыйынтыгы көпкө күттүрбөйт”, - деп эскертти. “Бул жерде кеп гранттык миллион сомдо эмес! Жок. Силер андан да көптү аласыңар”, - деди ал.

2015-жылдын 9-июнунда Бишкекте Чүй облусунун элеттик муниципалитеттеринин жана чакан шаарларынын арасында жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Сынакты Долбоор 2015-жылдын май айында расмий бет ачарынын жүрүшүндө жарыялаган эле. Баары болуп сынакка облустагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 44 табыштама түштү.

Сынактык комиссиянын курамы: КЫДЫРАЛИЕВ З.Т., КР финансы министринин кеңешчиси; ИСАЛИЕВА В.А., КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин Жергиликтүү башкаруу органдары менен иштерди уюштуруу жана өз ара аракеттенүү башкармалыгынын жетекчиси; БАКИРОВ Ж.Ж., КР Өкмөт аппаратынын уюштуруучулук-инспектордук иш жана ЖӨБ боюнча бөлүмдүн ЖӨБ секторунун жетекчиси; ДОБРЕЦОВА Н.Н., Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы; ГРАДВАЛЬ С.А., “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жетекчисинин орун басары.

Комиссия белгиленген тартипке ылайык түшкөн бардык табыштамаларды карап чыгып, Чүй облусунун 11 айылдык аймагын жана 1 чакан шаарын максаттуу муниципалитеттер катары тандап алууну чечти. Алар:

  • Таш-Мойнок АА, Аламүдүн району
  • Гроздь АА, Аламүдүн району
  • Ак-Башат АА, Жайыл району
  • Боролдой АА, Кемин району
  • Кемин ш., Кемин району
  • Александровка АА, Москва району
  • Фрунзе АА, Панфилов району
  • Кунтуй АА, Сокулук району
  • Кызыл-Туу АА, Сокулук району
  • Бурана АА, Чүй району
  • Юрьевка АА, Ысык-Ата району
  • Кочкорбаев АА, Ысык-Ата району

Тандалып алынган муниципалитеттердин ЖӨБ органдары менен алдыда болчу кызматташтыктын алкагында 2015-жылдын апрель айынан 2017-жылдын артына чейинки мезгил аралыгында Долбоор тарабынан калкты жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске тартууга көмөктөшүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Долбоордун ишмердиги калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда диалог түзүүгө, жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууда калктын керектөөлөрүн эсепке алууга багытталат.

Окшош материалы: