Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чүй облусунун ЖӨБ органдарынын депутаттары жана кызматкерлери ЖӨБдүн негиздери боюнча окуудан өттү

2015-07-08 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

Чүй облусунун 11 элеттик жана 1 шаардык муниципалитеттериндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үч жүздүн тегерегиндеги өкүлү «Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктук жана уюштуруучулук негиздери» темасына окуудан өттү.

Тренингге жергиликтүү кеңештердин депутаттары, айыл өкмөтүнүн жана мэриялардын башчылары жана адистери катышып, Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктук негиздери жаатындагы билимдерин жана көндүмдөрүн жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Мындан тышкары катышуучулар мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү маселелерин карап чыгып, жергиликтүү жамааттын өз алдынча башкарууга мыйзамдар менен бекитилген түз катышуу укугун талкуулашты, Чүй облусунун муниципалитеттеринде жергиликтүү жамааттын Уставын практикада колдонулушун изилдеп, талкуулай алышты.
 
«Биздин тренингдер биринчи кезекте өз ишин натыйжалуу пландаштырууда жана уюштурууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн дараметин жогорулатууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын ишин макулдашып алуусуна, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ишти уюштурууга багытталган, - дейт ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ЖӨБ менен иштешүү боюнча адиси Роза СУРАНЧИЕВА. – Тренингдин максаттарына жана тапшырмаларына ылайык, катышуучулар айылдык кеңештин дептуттарынын жана айыл өкмөтүнүн ишинин негиздери боюнча билимге ээ болуп, АК жана АКтын туруктуу комиссияларынын пландарын түзүү, алардын жергиликтүү маанидеги маселелердин жана берилген ыйгарым укуктардын аткарылышын баалоо, ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамааттын бирикмелери менен өз ара аракетине баа берүү боюнча көндүмдөргө ээ болушту».
 
ЖӨБ органдарынын ишин жөнгө салган мыйзамдык базанын салмактуу массивин изилдеп чыгып, катышуучулар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү көз карашынан алганда өзүнүн күнүмдүк практикасын баалоо үчүн теориялык билимдерди колдонушту. Топтордо өткөрүлгөн практикалык иштер берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда кыйынчылыктарды ачык көрсөтө алды. Тренингдердин катышуучулары мыйзамдардагы ченемдер менен АӨ аппаратынын адистеринин берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу практикасы ортосунда дал келбестиктер болгонун белгилешти. Мисалы, аскер-эсепке алуу столунун адиси мыйзамдагы талап кылынган иштерден сырткары альтернативалык кызмат өтөө үчүн акы чогултат, мал чарбачылыгы боюнча адис бир эле учурда ветеринардык дарыгердин иш-милдетин аткарат, эмдөө, эпизоотикалык кырдаалга байланышкан иш-чараларды өткөрөт.
 
Анткен менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөмыйзамдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга арналган 20-беренесинде аскер-эсепке алуу столунун адисинин иши аскерге милдеттүүлөрдү жана аскерге чакырылгандарды алгачкы кааттоо, аларды аскердик эсепке алуу, каттоодон чыгаруу, аскер кызматына чакырууга көмөктөшүү менен гана чектелет. Ал эми мал чарбачылыгы боюнча адистин ишине ветеринардык-санитардык иш-чараларды өз убагында өткөрүүнү уюштурууга жана селекциялык-асыл тукум иштерине көмөктөшүү кирет. Катышуучулар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча айыл өкмөтү эмнени жана кайсы талаптарга ылайык аткарыш керектигин сурашты; кайсы иш-чаралар жергиликтүү бюджеттен, ал эми кайсылары республикалык бюджеттен каржыланыш керектигине кызыгышты; ЖӨБ органдары берилген ыйгарым укуктар боюнча мыйзамдардын ченемдерин аткарууну кантип талап кыла алышат деген суроо узатышты.
 
Аны менен катар КР Өкмөтү жарыялаган үч айлыктын алкагында жолдорду жакшыртуу тууралуу суроо узатылды. Өкмөт бардык уюмдарды, анын ичинде айыл өкмөтүн жана анын аппаратын республикалык маанидеги көчөлөрдөгү муниципалитеттин аймагы аркылуу өткөн жериндеги участокторду тазалоону тапшырган. Мында жөн гана таштандыдан арылтпастан, ошону менен бирге бак-дарактарды актап, бутап чыгуу зарыл. Муниципалитеттердин өкүлдөрү мындай чечимдер канчалык мыйзамга туура келерине кызыгышты. Себеби жолдор жол уюмдарынын карамагында турат жана аларды тейлөөгө тиешелүү министрликке республикалык бюджеттен каражат бөлүнүш керек эмеспи.
 
Мындай түрдөгү тренингдерди өткөрүүнүн пайдасы болгонун КР Мамлекеттик кадр кызматынын муниципалдык кызматчылардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматы да тастыктайт (10-бетти караңыз). Бул баа берүүнүн жыйынтыгына ылайык, Чүй облусунун ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү «мыкты» деген баа алгандардын саны боюнча жети облустун рейтингинде акыркы орунда турат. Чүй облусунун аймагында ишин 2015-жылы гана баштаган ЭҮЖӨБОЖ Долбоору ЖӨБ органдарынын жетекчилери муниципалдык кызматчыларга жаңы билим алуу үчүн түзүлгөн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, аларды тренингдерге жана семинарларга катыштырыш керек деп эсептейт.
 
Окуудан пайда болгонуна Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын муниципалдык кызматчыларынын ийгиликтери да далил болуп берет. Бул аймактарда Долбоор 2012-2015-жылдар аралыгында ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн көптөгөн окутуучу, маалымат берүүчү жана башка иш-чараларды өткөргөн. Айталы, Жалал-Абад облусу (45%) жана Ысык-Көл облусу (36%) «мыкты» деген баа алгандардын саны боюнча биринчи жана экинчи орундарды ээлеген. Ошондой эле аталган облустар эмгек акысы жогорулатылыш керек болгон же  көрсөтүлгөн кызматчылардын саны боюнча да биринчи жана үчүнчү орундарды ээлеген.

Окшош материалы: