Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чүй облусу: алгачкы жолугушуулар жана кызматташтыктын башаты

2015-07-10 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

2015-жылдын 16-июнунан 24-июнуна чейинки мезгил аралыгында Чүй облусунун аймагында «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоорунун (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) 12 максаттуу муниципалитетинин өкүлдөрү менен багыт берүүчү жолугушуулар өткөрүлдү.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун кызматкерлери муниципалитеттердин жашоочуларына, активисттерге, ЖӨБ органдарынын жетекчилерине жана катардагы кызматкерлерине,депутаттарга Кыргызстанда ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамаат алдында отчеттуулугун жогорулатууга багытталган Долбоор тууралуу, жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга катышуусун кантип жогорулатуу керектигин, канткенде калктын жергиликтүү бийликке болгон ишеним жогорулатса болорун, айылдарда жана шаарларда турмуш шарты үчүн жоопкерчиликти кантип бөлүштүрүү керектигин айтып беришти.
 
Кызматташтык ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин жана депутаттарынын дараметин жогорулатууну, Долбоор тараптан туруктуу техникалык колдоо, консультациялар болгон чакта күнүмдүк иште жаңы билимдерди жана башкаруу көндүмдөрүн иш жүзүндө колдонууну караштырат. Баары болуп жолугушууларга 326 киши катышты. Долбоор менен кызматташтык ЖӨБ органынын жетекчилиги тараптан дайыма саясий эркти жана аны көрсөтүп турууну, башкарууда айкындуулукту жогорулатууну, бюджеттик маалыматты ачыктоону, жергиликтүү маанидеги чечимди кабыл алууда жергиликтүү жамааттын пикирин жана керектөөлөрүн эске алууну камсыздоонун үстүнөн иштөө аракетин талап кылат. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен 12 максаттуу муниципалитеттин ЖӨБ органдарынын ортосунда Кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Оптималдуу жыйынтыктарга жетүү үчүн ар бир муниципалитетте көп сандагы ишчараларды, маалымат алмашуу жана жергиликтүү калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу үчүн шарт

Окшош материалы: