Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик бюджеттин чакырыктары: чоң таңсыктык жана финансынын ашкере борборлоштурулушу

2015-08-18 / ЖӨБ каржысы
Мамлекеттик бюджеттин чакырыктары: чоң таңсыктык жана финансынын ашкере борборлоштурулушу

2015-жылдын июнь айынын ортосунда Өнүктүрүү саясат институтунун жамаатында маанилүү окуя болду – ӨСИнин эксперти Назира ТЮЛЮНДИЕВАга 08.00.10 – финансы, акча жүгүртүүсү жана насыя адистиги боюнча экономика илимдеринин доктору илимий даражасы ыйгарылды. Анын диссертациясынын темасы – «Туруктуу өнүгүүнү камсыздоо контекстинде мамлекеттин бюджетин башкаруу теориясы, методологиясы жана практикасы». Изилдөөнүн тыянактары жана аларды бюджеттик чөйрөдөгү бүгүнкү көйгөйлөр менен айкалыштыруу тууралуу Н.ТЮЛЮНДИЕВА менен маегибизде сөз болмокчу.

  • Сиздин диссертацияңыз туруктуу өнүгүүнү камсыздоо контекстинде мамлекеттин бюджетин башкаруу теориясын, методологиясын жана практикасын изилдёёгё арналган экен. Изилдөөнүн мындай өңүтүн тандап алууга эмне түрткү болду?

Азыркы шарттарда бюджетти туруктуу башкарууну камсыздоо бардык өлкөлөр үчүн чоң мааниге ээ. Туруктуу саясий системасы бар, экономикасы динамикалуу өнүккөн жана калкынын кирешеси туруктуу өсүп жаткан, өз алдына демократиялык мамлекетти куруу тапшырмасын койгон Кыргыз Республикасында саясий, финансылык, социалдык коопсуздукту кармоо жана өлкөдө кирешенин деңгээлин жөнгө салуу көз карашынан алганда мамлекеттин бюджетинин туруктуулугу маанилүү маселе.

  • Биздин өлкөдө бул багытта кандай көйгөйлөр бар экен?
  • Изилдөөнүн маанилүү тыянактарынын бири  саясий олку-солку шарттарда бюджеттин туруктуулугу көйгөйү алдыңкы планга чыгат. Туруктуулук биринчи кезекте бюджет таңсыктыгынын өлчөмү менен аныкталат. Конкреттүү сандарды келтирели. Кыргызстанда ИДПга карата бюджет таңсыктыгы 2010-жылы ИДПнын 4,9% түзсө, 2011-жылы – 4,8%, 2012-жылы 6,5% болгон.2013-жылы бир караганда бюджет таңсыктыгынын көрсөткүчү ИДП 1,8% чейин азайганы байкалган. Муну бир факт менен түшүндүрсө болот: Финансы министрлиги Мамлекеттик инвестициялар программасынын рекредиттелген каражаттар бөлүгүндө ресурстарын эсептөөдө өзгөрүүлөрдү киргизген. Алар финансы активдери катары эсептеле баштаган жана мындан улам бюджет таңсыктыгын жабуунун ички булактарында көрүнгөн. Натыйжада бюджет таңсыктыгынын статистикалык көрсөткүчү 2013-жылы 4,8 пайыздан ИДП 1,8% чейин, же 7,2 млрд. сомго чейин кыскара түшкөн. Ошону менен бирге биз 17,7 млрд. сом суммасына тышкы насыяларды тартып келгенбиз.
  • Сиз келтирген статистикалык маалыматтар ёлкё бюджетинин таңсыктыгы акыркы жылдары бир кыйла жогорку  деңгээлде «кармалып» турганынан кабар берет. 2014-2015-ж.ж. бул багытта кандайдыр бир оң өзгөрүүлөр тууралуу айтса болобу?

2014-жылы республикалык бюджеттин таңсыктыгы башында 11,5 млрд. сом (ИДП 2,9%) өлчөмүндө пландаштырылган. Бирок иш жүзүндө беш эсе (!) аз суммада аткарылды – 2,1 млрд. сом (ИДП 0,5%). Ушул жылы республикалык бюджеттин таңсыктыгы жыл башында 14,7 млрд. сом өлчөмүндө (ИДП 3,3%) бекитилген, ал эми жарым жылдан кийин парламент аны 25,3 млрд. сомго чейин (ИДП 5,8%) көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алган. Б.а., өткөн жылга салыштырмалуу бюджет таңсыктыгы 10 эсеге өсмөй болду! Таңсыктыктын азайуу жагына да, көбөйүү жагына да оогон мындай кескин секириктер чечим кабыл алуу процессинде экономикалык эсеп-чоттор эмес, саясий факторлор роль ойноп жатканынан кабар берет.

  • Бюджет таңсыктыгынын мынчалык олуттуу айырмасы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кандай таасир тийгизет?

Биздин өлкөдө бюджет таңсыктыгы негизинен тышкы финансы булактарынын эсебинен каржыланат. Экономисттер мурда да ушундай болгонун, тышкы булактар бюджеттеги жетишпеген каражаттын олуттуу бөлүгүн толуктап келгенин айтышы мүмкүн. Анткен менен 2014-жылы мамлекет мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен болгону 384 млн. сом гана тарта алган. Тышкы булактардан болсо 22 млрд. сом тартылган жана бул суммага өлкөнүн тышкы карызы өскөнүн ырастаса болот.Башкача айтканда, мамлекет бир жагынан бюджеттин чоң таңсыктыгын кыскартууга жана экономиканын макроэкономикалык жана финансылык туруктуулугун колдоо үчүн тыштан карыз алууну чектөөгө мажбур болсо, экинчи жагынан экономикалык өсүш үчүн туруктуу чөйрөнү түзүү зарылчылыгы пайда болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, 2014-жылы мамлекеттик тышкы карыздын ИДПга карата катышы 50,9% ашкан.

  • Бюджет таңсыктыгынын жана өлкөнүн тышкы карызынын көлөмүндө босого көрсөткүчтөр барбы?

Өлкөнүн мамлекеттик тышкы карызынын босого көрсөткүчү ИДП 80%, ал эми бюджет таңсыктыгыныкы ИДП 3-5% болуп эсептелери жалпы тарабынан таанылган факт. Анткен менен көптөгөн мамлекеттик жана интеграциялык бирикмелер иш жүзүндө мындан да катаал нормаларды колдонору маалым. Айталы, Кыргызстан иш жүзүндө кошулуп калган Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдө Макулдашылган макроэкономикалык саясатты жүргүзүү тууралуу макулдашуунун алкагында, мамлекеттик карыз «ИДП 50%» босогосунан төмөн калууга тийиш, ал эми бюджет таңсыктыгы ИДП 3% ашпаш керек.

  • Кызык, ЕАЭБ өлкөлөрүндө бюджеттин туруктуулугуна байланыштуу кырдаал кандай болду экен?

Беларуста кырдаал салыштырмалуу туруктуу: бюджет таңсыктыгы ИДПга карата 2010-жылы ИДП 2,4% түзгөн, 2011-жылы ИДП 0,8% өлчөмүндө профицит байкалган, 2012-жылы – ИДП 0,1% тең дефицит, ал эми 2013-жылы 0,3% өлчөмүндө дефицит,2014-жылы кайрадан ИДП 0,7% өлчөмүндө профицит болгон. Казакстанда бул көрсөткүч уруксат берилген босогонун чегинде кармалууда: ИДПга карата бюджет дефицити 2010-жылы 2,5%, 2011-жылы 2,1%,2012-жылы 3%, 2013-жылы 2%, 2014-жылы 2,8% түзгөн.

Орусияда бюджет таңсыктыгы 2010-жылы 3,9% түзсө, 2011-жылы 0,8% өлчөмүндө профицит,2012-жылы ИДП 0,1% тең келген дефицит, ал эми 2013-2014-ж.ж. ИДП 0,5% таңсыктык белгиленген.Арменияда ИДПга карата бюджет таңсыктыгы 2010- жылы ИДП 5%, 2011-жылы 2,8%, 2012-жылы 1,5%, 2013-жылы 1,7%, 2014-жылы 0,7% түзгөн1. Өзүңүз көрүп тургандай, Союздун бардык өлкөлөрүндө мамлекеттик бюджеттин дефицити бир топ алгылыктуу деңгээлде кармалып турат. ЕАЭБ алкагында Кыргызстан республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша болүктөрүн пландаштырууга мындан да жоопкерчиликтүү мамиле жасаш керек.

  • Буга байланыштуу Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн башка маанилүү социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүндө айырма барбы деген суроо туулат?

2014-жылдын январь-декабрь айларында Беларуста АКШ долларына которгондо2 орточо номиналдык эмгек акысы 594 долларды, Казакстанда 672 долларды, Орусияда 859 долларды түзгөн жана 2013-жылдын ушул мезгил аралыгына салыштыра келгенде Беларуста 21 долларга көбөйгөн, Казакстанда 42 долларга, Орусияда 83 долларга азайган.Кыргызстанда болсо орточо айлык акы 2014-жылдын январь айынан декабрына чейинки мезгил аралыгында 231 АКШ долларын түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик өзгөргөн эмес. Бул көрсөткүч Беларустун деңгээлинен 2,2 эсе, Казакстандан 2,5 эсе, Орусиядан 3,2 эсе артта калууда.

Бардык өлкөлөрдө баалар болжол менен бирдей ыргак менен өсүп турган: ЕАЭБ өлкөлөрүндө инфляциянын көрсөткүчү орточо 111%, Кыргызстанда 110% түзгөн. Дагы бир кызыктуу көрсөткүч – бюджеттик ресурстарды борборлоштуруу деңгээли. Федералдык (республикалык) бюджеттин көлөмүнүн консолидацияланган бюджетке карата мамилеси 2014-жылы Орусияда 55%, Казакстанда 46%, Беларуста 59% түзгөн. Кыргызстанда бул көрсөткүч 88% түзөт. Бул болсо биздин өлкөдөгү ресурстардын чоң бөлүгү республикалык бюджетте топтолорунан, ал эми жергиликтүү бюджеттердин үлүшүнө финансы каражаттарынын олуттуу эмес көлөмү туура келеринен кабар берет.
 
  • Бул көрсөткүч өлкөнүн бюджеттик системасынын кайсы тенденцияларын ырастап турат?

Ал биздин өлкөдөгү ресурстардын чоң бөлүгү республикалык бюджетте топтолорун, ал эми жергиликтүү бюджеттердин үлүшүнө финансы каражаттарынын олуттуу эмес көлөмү туура келерин көрсөтүп турат. 19 жыл ичинде (1996-2014-ж.ж.) жергиликтүү бюджеттин кирешеси 9,3 эседен ашык көбөйгөн. 1996-жылы өлкөдө бюджеттер аралык мамилелерде реформалар жүрө баштады. Салыштыралы: ошол эле мезгил үчүн республикалык бюджеттин кирешеси 46,7 эсеге өскөн. ИДПга карата жергиликтүү бюджеттин кирешеси 2014- жылы 3,9% деңгээлинде, республикалык бюджеттин кирешеси – ИДП 26% болгон. Эгерде 1996-жылы республикалык бюджет жергиликтүүдөн 1,4 эсе ашып турса, 2014-жылы 6,9 эсе болуп калган.1996-жылы (Кыргызстанда бюджеттер аралык мамилелерде реформалар жүргүзүлгөнгө чейин) салыктар жергиликтүү бюджеттердин кирешесин 78% камсыздаган. 1997-жылы салыктардын үлүшү жалпы кирешеден 34% чейин азайган, 1998-1999-ж.ж. 41 пайыздан 38% чейин олку-солку болуп турган.

  • Ошондо бир жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешесинде салыктардын үлүшү 2 эсе азайган болобу? Демек реформа терс натыйжа бердиби?

Ооба. 1997-жылга чейин жергиликтүү бюджеттер үчүн салыктардын дифференциялык ставкалары колдонулуп келген. 1997-жылдан баштап эл аралык эксперттердин сунуштоолору боюнча, өлкөдө салыктардын бирдиктүү ставкалары колдонула баштаган. Салык базасы ар кайсы региондо бир топ айырмаланганынан улам бул жергиликтүү бюджеттерге түшкөн салыктардын көлөмүнүн кыскаруусуна да алып келген. Буга жараша дотациялык жергиликтүү бюджеттердин саны да өскөн. Ушул тапта айылдык аймактардын арасында дотацияда тургандардын саны 84% түзөт. Ошол эле маалда учурда «бир салык – бир бюджет» моделин жайылтуу да сунушталып жатат. Бул модель кабыл алынган учурда жергиликтүү бюджеттердин дифференциациясын мындан дагы күчөтөт. Бул бюджеттик чөйрөдө батыштын алдыңкы практикасына таянган реформалар биздин өлкөнүн бюджеттик процессинде сезилерлик оң жыйынтыкка алып келбеген мисалдардын бири. Жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгы боюнча, батыш институттары жана моделдери биздин өлкөнүн шарттарында натыйжасыз иштейт деген тыянакка келдик. 

  • Дагы кайсы кёйгёйлёр тез арада чечилиш керек деп эсептейсиз?

Өлкөдөгү институционалдык чөйрө формалдык эмес эрежелердин жана нормалардын басымдуулук кылуусу менен мүнөздөлөт. Ошол эле маалда формалдуулар реалдуу экономикалык, социалдык жана саясий шарттарга туура келбегенине, карамакаршы болгонуна жана кемчиликтерине байланыштуу мамилелерде көп учурда номиналдык ролду ойнойт. Мисалы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» КР Мыйзамында (15-берене) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык бөлүмчөсү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын, мисалы, мэриянын структуралык бөлүмчөсү болуп эсептелери айтылат. Практикада болсо облустук жана республикалык маанидеги шаарларда финансы-экономикалык бөлүмчөлөр мурдагыдай эле Финансы министрлигинин структуралык бөлүмчөсү бойдон кала берүүдө. Мындан улам Кыргызстанда институционалдык чөйрөдө сапаттуу өзгөрүүлөр болмоюнча бюджеттик реформанын ийгилигине жетүү да мүмкүн болбойт. Биринчи этабында институционалдык өзгөрүүлөр процесси коомдун институционалдык чөйрөсүн түзгөн формалдуу эрежелердин, нормалардын өзгөрүүсүн талап кылат.

  • Реформанын кайсы жетишкендиктери мындан ары колдоого татыктуу деп ойлойсуз?
Бюджеттик процесстин ченемдик-укуктук базасы негизинен түптөлүп калды. Өлкөдө бюджетти түзүү, аткаруу жана көзөмөлдөө эрежелери так формалдаштырылган жана жалпысынан аткарылып келатат. Бюджетти кечиктирип кабыл алуу жана улам өзгөртүп туруу өңдүү эрежелердин бузулушу саясий демилгелер же бюджеттик божомолдун реалдуу эместиги менен шартталган. Жергиликтүү деңгээлде деталдуу формализацияга, биздин баамыбызда, бюджет долбоорун түзүүнүн эрежелери, а.и. болжолдоо муктаж болуп турат. Баалоо жана мониторинг жүргүзүү этаптары жок, ал эми аудит этабы аны өткөрүүнүн сапатын камсыздоого муктаж болуп турат.
 
  • Кыргызстанда бюджет айкындуулугун камсыздоодо, бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча долбоорлорду жана отчетторду ачыктоодо көйгөйлөр барбы?
– Туруктуу өнүгүүнүн шарты катары коомчулуктун ишениминин өсүшү бюджетти башкарууда ачык-айкындуулукка жана ачыктыкка көз каранды.Бул маселеде акыркы жылдары Өкмөттүн жана Финансы министрлигинин демилгелеринен улам биз бир топ алдыга жыла алдык. «Ачык бюджет» порталы өлкөдөгү бюджеттин ачыктыгы боюнча эң ийгиликтүү долбоорлордун бири болуп калды!Кыргызстанда бюджеттик реформалардын процессинде көп нерсе бюджет боюнча маалыматты жарыялоо үчүн гана эмес, ошону менен бирге программалык бюджеттин жана мамлекеттик структуралардын чыгашаларын каржылоодон алардын учурдагы жана кабыл алынган милдеттемелерин да каржылоого өтүүнүн негизинде бюджетти түзүүнүн сапатын өзгөртүү аркылуу бюджет айкындуулугу үчүн шарт түзүү, мамлекеттик агенттиктердин ишинин натыйжалуулугуна жетүү максатында бюджеттин максаттуу аткарылышынын талаптарын трансформациялоо, Эсеп палатасынын ишин жакшыртуу, ички аудит кызматтарын өнүктүрүү жана бюджеттин орто мөөнөттүү прогнозун өркүндөтүү үчүн жасалып жатканын да белгилей кетүү керек.
 
Бирок бул чөйрөдөгү реалдуу демилгелер, демек алга жылыштар да 2011-жылдан тарта гана көзгө илине баштаганын эсепке алганда, айкындуулук чөйрөсүндө көйгөйлөр бир топ эле кала берүүдө. Мисалы, бул жылы Казыначылык алгачкы жолу жергиликтүү бюджет боюнча отчетту ЖӨБ органдарынын тобу боюнча, айылдык аймактар, райондук маанидеги шаарлар, облустук маанидеги шаарлар ж.б. деп бөлүп жарыялады. Ошондой эле бюджетти түзүү боюнча интеграцияланган маалымат базасын түзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кошуу менен бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштер улантылат.Бул болсо жергиликтүү бюджеттердин айкындуулугун бир кыйла арттырмакчы.Маектешкен Нүргүл Жаманкулова,ӨСИнин коомчулук менен байланыш боюнча адиси Өнүктүрүү саясат институту Назира ТЮЛЮНДИЕВАны докторлук даражаны алышы менен куттуктап, чыгармачыл жана илимий дараметин толук ишке ашыруусун, көкүрөктө сакталган долбоорлордун жүзөгө ашуусун, ден соолук жана жашоосунда гармония болушун чын жүрөктөн каалайт! Ошону менен Өнүктүрүү саясат институту өзүнүн жана жалпысынан Кыргызстандын эксперттик дарамети өнүгүп жатканын сыймык менен белгилейт.

 

Окшош материалы: