Мыйзамдык база чыныгы турмушту чагылдырыш керек. Бүгүнкү күндө Кыргызстан «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзам иштей баштаган 2004-жылдагыдай өлкө болбогонун эске алуу менен, сатып алуулар жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы көпкө күтүлгөн жана өтө актуалдуу документ катары кабыл алынды. Он жылдан ашуун сатып алуучу уюмдар жана бизнес эски мыйзамдарда жазылган талаптарды колдонмого алып келишкен. Анткен менен ченемдик-укуктук актыдагы «кууш жерлер» өзгөртүүлөрдү жана түзөтүүлөрдү талап кылган. Мына эми он жылдан кийин, 2015-жылдын май айында ушундай эле аталыштагы «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» жаңыртылган Мыйзам күчүнө кирди. Бул макалада биз «Муниципалитет» журналынын окурмандарына ченемдик-укуктук актыны жаңыртуу зарылчылыгы эмнеден улам чык-канын айтып берип, аталган Мыйзамдын максаттарын жана принциптерин түшүндүрүп, документте маанилүү орунду ээлеген ачыктык жана айкындуулук маселелерине көңүл буруп, ошондой эле мамсатып алуулар системасындагы коррупцияны азайтууда алардын ролун белгилегибиз келип турат. Макаланын автору эски Мыйзамда болбогон, бирок жаңы ЧУАда жазылган башка маанилүү учурларга да кеңири токтолмокчу.
Мыйзамдан кабарсыз болуу татаалдыктарды жана тобокелчиликтерди жаратат Биздин коомдо мамсатып алуулар системасы эң эле коррупцияланган системалардын бири деген туруктуу пикир калыптанып калган. Чуулгандуу окуялар, кылмышты ашкерелөө, компетенттүү органдардын иликтөөлөрү, андан кийин аныкталган укук бузуулардын жыйынтыктарын, же тендерде жеңүү үчүн уюшкан шылуунчулук схемаларды ММК аркылуу жарыялоо – түтүн болбосо өрт чыкпай турганынын дагы бир далили. Болгондо да көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, коррупциялык схемалар бардык мамструктураларда, анын ичинде айыл өкмөтүндө да дал ушул товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча тоорук өткөрүүдө аныкталган.
КР Эсеп палатасынын 2013-жыл үчүн отчетуна ылайык, мындай операцияларды жүзөгө ашырууда максатка ылайык эмес колдонулган каражаттардын суммасы 341,2 млн. сомду түзгөн. Ошондуктан мамлекеттик каражатты натыйжалуу чыгымдоо маселеси – Кыргыз Республикасы үчүн маанилүүлөрдүн бири болгону түшүнүктүү. Негизи эле бул проблема дүйнөдөгү бардык мамлекеттер үчүн актуалдуу бойдон кала берүүдө. Биздин өлкөдө жыл сайын 20 млрд. сомдон ашык суммага миңдеген тендерлер өткөрүлүп келет. Ошону менен бирге кайсы бир социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, паранын орточо көлөмү келишимдин баасынын 10 пайызга жакынын түзөт экен. Бул болсо тогуз нөлү бар сан дегенди билдирет! Анткен менен мыйзам бузуулар көп учурда кара ниетте эмес, билбегендиктен улам орун алат. Өзгөчө мындайга сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарды көп жакшы түшүнө албаган, же эрежелерди сактоого убактысы тар муниципалдык кызматчылар жол берет.Албетте мамлекет сатып алуучу уюмдун кызматкерлеринин, анын ичинде муниципалдык кызматчылардын дараметин жогорулатуу боюнча белгилүү бир чараларды көрүп келет.
Айталы, Финансы министрлигинин Окуу борборунда Мамлекеттик кадр кызматы, эл аралык жана коммерциялык уюмдар, анын ичинде Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган мамтапшырыктын алкагында семинарлар жана тренингдер өткөрүлүп турат. Бирок республикада дээрлик 500 айыл өкмөтү болгонун, ошондой эле окутуунун өтө узакка созулбаганын (8 сааттан 40 саатка чейин) жана мыйзамдардын татаал жазылганын эсепке алуу менен, мындай аракеттер жетишсиз деп айтса болот. Негизги учурлар: максаттар, принциптер жана жөнгө салуунун предмети Мыйзам 6 глава жана 56 беренеден турат. Анын иштеп чыгуучулары сатып алууларды жүзөгө ашырууда мамлекеттик каражатты үнөмдүү жана натыйжалуу колдонууну камсыздоо максатын көздөгөн. Сатып алууларды жүзөгө ашырууда берүүчүлөргө (подрядчыларга) карата айкындык, ачыктык, мыйзамдуулук жана калыстык; сатып алууларды ишке ашыруу процессинде берүүчүлөрдүн ортосунда катышууну кеңейтүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү; бардык өзөктүк оюнчулар үчүн тең жана адилет шарттарды түзүү өңдүү принциптерге негиздениш керек.Жаңы Мыйзам сатып алуулардын жалпы укуктук жана экономикалык принциптерин белгилеп, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салары маанилүү. Ошону менен бирге ЧУА улуттук коопсуздук, коргонуу, мамлекеттик жашыруун сырларды коргоо, табигый кырсыктар менен тикелей байланышкан сатып алууларды жөнгө салбайт. Мыйзам майыптар коомдорунан товарларды, дене-бой жагынан чектелген жеке ишкерлерден жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларга карата жайылтылбайт (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча).
Билиш керек болгон түшүнүктөр Мыйзамга «аффилирленген жак», «конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларация», «мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы», «алкактык макулдашуу», «стандарттык конкурстук документация», «сатып алуулардын электрондук форматы» жана башка жаңы түшүнүктөр киргизилген.Мамлекеттик сатып алуулар – бул сатып алуучу уюмдун ушул Мыйзамда белгиленген усулдар аркылуу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик каражаттардын эсебинен толук же жарым-дартылай каржылоо менен сатып алуусу. (Бул аныктама эски Мыйзамдан келген).Аффилирленген жак – бул төмөндө саналган бир же бир нече белгилерге ылайык келген жак: мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча чечим кабыл алууга таасир көрсөтүүчү жак; сатып алуучу уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле алардын жакын туугандары; саясый мамлекеттик кызмат орундарын, саясый муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар, алардын жакын туугандары түзүүчүлөрү жана (же) катышуучулары болгон берүүчүлөр (подрядчылар). Ошону менен бирге бул белгиге акционердик коомдун акцияларынын 20 пайыздан азына ээ болгон акционери (акционерлери) кирбейт. Конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларация – берүүчү (подрядчы) кол койгон, конкурстук табыштамада көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткарууну камсыздоонун кепили катары берүүчү сатып алуучу уюмга бере турган документ;
Өзөктүк оюнчу – ЫМУ тууралуу бир нече сөз Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Өкмөт ыйгарым укук берген, аткаруу бийлигинин тутумунда турган, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жагында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары – ЫМУ). Ушул тапта ЫМУ – КР Финансы министрлиги эсептелет.Эгерде эски Мыйзамда ыйгарым укуктуу маморган мамлекеттик органдардын гана сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча ишин координациялап, жөнгө салып келсе, жаңы Мыйзамда бардык сатып алуучу уюмдарды көзөмөлдөйт. Эгерде мурда ал мамлекеттик органдар гана сатып алууну жүзөгө ашырууда, окутууда жана консультативдик жардам көрсөтүүгө көмөктөшүп келсе, мындан ары ЫМУ муну бардык сатып алуучулар үчүн жасамай болду. Мыйзамда сатып алуучу уюмга (сатып алуучуга) аныктама берилген. Бул юридикалык жактын статусуна ээ болгон мамлекеттик же муниципалдык уюмдар, мамлекет жана (же) жергиликтүү өз алдыча башкаруу органдары акциялардын биргелешип же өз-өзүнчө 50 жана андан көп пайызына ээлик кылган акционердик коомдор жана мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн башка чарбакер субъекттер.
Анын негизги функцияларына жаңы, эски Мыйзамда болбогондор да кошулганын белгилей кетүү зарыл. Алар: 1) ЫМУ, аудиторлор жана башка органдар бузууларды аныктап чыккан учурда, ошондой эле ИБДБ даттанууларды карап чыккандан кийин айып санкцияларын колдонуу (мындай санкцияларды колдонуу тартиби жана айыптардын өлчөмү кандай болору Мыйзамда көрсөтүлгөн эмес, балким бул кийинчирээк аныкталат); 2) өткөрүлгөн сатып алуулар тууралуу статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды түзүү; 3) сатып алуулар системасына мыкты практиканы жана инновациялык технологияларды киргизүү. Бирок жаңы документке мурдагы Мыйзамдан сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз аракеттерди жасоосуна же мыйзамсыз чечим кабыл алуусуна, же болбосо мыйзамсыз жол-жоболорду ишке ашыруусун тыюу салуу; сатып алуулар жол-жобосун жүзөгө ашырууга байланышкан жана сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз аракеттеринин же чечиминин натыйжасында, ал мыйзамсыз жол-жоболорду колдонгон учурда берүүчү чыгымга учураганда даттанган чакта алынбай калган кирешени (колдон чыгарылган пайда) кошпогондо анын чыгымдарынын ордун толуктап берүүнү сатып алуучу уюмдан талап кылуу өңдүү чаралар кирбей калган.
Эгерде эски Мыйзамда ЫМУ сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз чечимин жокко чыгара алса, азыр болсо сатып алуучу уюмду өзүнүн мыйзамсыз чечимин кайра карап чыгууга же конкурсту жокко чыгарууга гана милдеттендире алат. ЫМУ сатып алуу жаатында КР мыйзамдары бузулганын аныктаган учурда төмөнкүдөй чараларды колдонууга милдеттүү: сатып алуучу уюмду ушул Мыйзамга ылайык чечим кабыл алууга милдеттендирүү; сатып алуулар процессин токтото туруу; эгерде конкурстук документтер кулактандыруу менен бирдикте жайгаштырылбаса, конкурсту жокко чыгаруу; сатып алуулардын жол-жоболорун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу. Финансы министрлигинин кызматкерлери конкурстук комиссиянын курамына кирүүгө укуксуз. Эми бул ведомство даттанууларды жана нааразылыктарды карабайт, алар боюнча өз тыянактарын чыгарбайт. Мыйзам даттануунун башка жол-жоболорун киргизген, алар тууралуу төмөн жактан окуй аласыз. Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы ачык китеп сыяктуу
Сатып алуулардын жаңы системасын заманбап технологиялар да кыйгап өткөн жок. Ачык, жеткиликтүү жана отчет берген процессти камсыздоо үчүн Финансы министрлиги мамлекеттик маалымат системасын – сатып алуулардын веб-порталын (мындан ары – веб-портал) ишке берди. Ал жерде бардык кызыкдар жактарга маалымат ачык, алар болгондо да бекер. Мыйзам веб-порталга сатып алуулар жөнүндө маалыматты жайгаштыруу боюнча милдеттүү талаптарды белгилеген. Тагыраак айтканда: жылдык план, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор, алдын ала квалификациялык тандоону өткөрүү тууралуу кулактандыруу жана анын документациясы, конверттерди ачуунун протоколдору, сатып алуулар жол-жоболоруну протоколу, конкурстук документация жана ага киргизилген өзгөртүүлөр. Мындан тышкары конкурс тууралуу кулактандыруу, конкурстук документациянын түшүндүрмөсү, ошондой эле конкурсту жокко чыгаруу же аны өтпөй калды деп табуу, берүүчүнү тандап алуу тууралуу, келишимди тикелей түзүү усулу менен өткөрүлгөн сатып алуу, түзүлгөн келишим тууралуу, даттануу боюнча чечимдер жайгаштырылат.
Пландаштырылган сатып алуулар тууралуу ыктымал берүүчүлөрдү маалымдоонун жакшыртылган системасы аларга сатып алуулар тууралуу бардык жаңылыктардан кабардар болуп, конкурска катышууга жол берет. Порталдын жардамы менен процесстин бардык катышуучулары үчүн башында эле тең шарттар түзүлгөн, бул болсо атаандаштыкты күчөтүп, коррупциянын деңгээлин азайтат. Акыр аягында сатып алуулардын баасын да азайтып, мындан улам мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын да үнөмдөйт. Сатып алууларда коррупцияга орун жок Көшөгө артында макулдашып алуулар, көмүскө оюндар – мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерлерди өткөрүүдө мына ушундай кылмыштар орун алып келген. Муну Өкмөт да, контролдук-текшерүүч органдар да, тартип коргоо түзүмдөрү да мойнуна алууга мажбур болду. Бюджеттин эсебинен акчага туйтунуп калуу каалоосу ушунчалык күчтүү болгондуктан, кармалып калып, түрмөдө отуруу тобокелчилиги да токтоткон жок. Мыйзамдын авторлору кара ниет оюнду эстебей тургандай сатып алуулардын төгөрөгү төп келишкен системаны канчалык кыйын болгонун түшүнүп турат. Ага карабастан мамсатып алуулар системасында коррупцияны азайтуу боюнча чараларды көрүү зарыл. Антпесе товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда укук бузуулар үчүн бардык мамлекеттик түзүмдөр бюджеттик каражаттардын жоготуусуна дуушар болушту. Жаңы мыйзамда бул балакет менен күрөш боюнча чаралар каралган.
Мисалы, 27-беренеге ылайык, сатып алуучу уюм берүүчүлөрдүн квалификациялык дайындарына карата мыйзамда каралгандан тышкары эч кандай башка критерийлерди, талаптарды же жол-жоболорду белгилебейт. Ошондой эле эски документтеги минималдык босоголук суммасынан аз суммага сатып алууда ушул беренеде белгиленген талаптар колдонулбайт деген уруксат алып салынды. Конкурсту өткөрүүдө электрондук ыкма да коррупцияны азайтат, мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу чыгымдоону камсыздайт, сатып алуучу уюмдун берүүчүлөргө карата таасир этүү мүмкүнчүлүгүн жок кылат, атаандаштыктын өнүгүүсүнө көмөктөшөт. Айрым бир учурларда коррупциялык максаттарда маневрду азайтуу үчүн сатып алуучу уюмдун ишаракеттерин тандоо жокко чыгарылат. Мисалы, мыйзамдын 27-беренесинде берүүчүлөр ушул берененин 1-бөлүгүндө баяндалган критерийлерге ылайык квалификациялык дайындарын күбөлөндүргөн документтик далилдерди же бөлөк маалыматты берүүгө тийиш. Эски мыйзам боюнча сатып алуучу уюм мындай далилдерди сурай алмак, муну жасабай деле коө алмак. Дагы бир маанилүү учур: эгерде эски мыйзам боюнча планы.Сатып алуулар бюллетенинде (порталда) жайгаштыруу үчүн ЫМУга өткөрүлүп берилсе, азыр болсо сатып алуучу уюм веб-порталда планды өзү жайгаштырат.
Сатып алуулар бөлүмү жана конкурстук комиссия тууралуу Эми сатып алуучу уюмдун сатып алуу бөлүмүнүн бардык адистеринин ырастоочу сертификаты болушу керек. Сатып алуу бөлүмүнүн конкурстук комиссияга кирбеген адистери конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоодо чечим кабыл ала албайт. Бөлүмдүн сандык курамы боюнча талап жоголду. Комиссия конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандырууну жарыялоо алдында буйрук менен түзүлөт. Анын курамына кеминде үч адам кирүүгө тийиш. Ырастоочу сертификаты бар, сатып алуулар боюнча адис конкурстук комиссияга бир жолудан ашык кириши мүмкүн, бирок бир эле убакта бир нече конкурстук комиссиянын мүчөсү боло албайт. Сатып алуучу уюмдун жетекчиси комиссиянын курамына кире алат (эски мыйзамда кире алчу эмес). Эски мыйзамдын бөлүмдүн жана комиссия мүчөлөрүнүн саны жуп болбош керек деген талабы алып салынды.
Мындан ары сатып алуулардын жол-жоболор протоколун мурдагыдай комиссия эмес, бөлүм түзөт. Анын үстүнө эски мыйзам боюнча, тендердик (конкурстук) документацияны бөлүм иштеп чыгат жана мындан ары бул анын функциясына кирет. Бирок ал бардык даярдалган кагаздарды комиссияга бекитүүгө жиберүүгө милдеттүү. Комиссия электрондук ыкма аркылуу сатып алууларды жүргүзүүнү кошпогондо, конкурстук табыштамалар бар конверттерди ачуунун протоколун түзөт, ага колтамга коет жана веб-порталга жайгаштыруу үчүн сатып алуу бөлүмүнө берет. Эски мыйзамда комиссия протоколду ЫМУга өзү жиберчү. Бөлүмдүн жана комиссиянын (конкурстук документацияны пландаштыруу, иштеп чыгуу жана бекитүү, жеңүүчүнү тандап алуу боюнча ж.б.) функцияларын бөлүштүрүү да коррупциянын азайышына таасирин тийгизерин кошумчалай кетели.
Аудит тууралуу айта турган болсок, мыйзам бир гана өзгөртүү киргизди – конкурстун жеңүүчүсү менен келишим түзүүнүн алдында аудит жүргүзүү зарыл. Ал эми эски мыйзамда – тендердин жеңүүчүсүн тандап алуунун алдында аудит жүргүзүлчү. Конкурстук документация Мыйзамдын 14-беренесинде конкурстук документация милдеттүү түрдө камтышы керек болгон маалыматтар көрсөтүлгөн. Сатып алуучу уюм жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда конкурстук документтерди иштеп чыкканга чейин колунда сатып алуунун зарыл болгонунун техникалык-кономикалык жүйөсү, долбоорлук-сметалык документтер, же сатып алуулардын предметинин кеңири сыпаттамасы бар документация болууга тийиш. Сатып алуучу уюм документтердин бардык пакетин иштеп чыккандан кийин гана конкурсту жарыялайт.
Стандарттык конкурстук документация деген эмне? Мыйзамда бул – алдын ала квалификациялык тандоону жана конкурсту өткөрүүдө пайдаланылуучу документтердин пакети болгону айтылат. Эски мыйзамды ишке ашыруу үчүн Өкмөт ушундай эле стандарттык документацияны бекиткенин эстейличи. Мисалы, чек койбогон, чектелбеген жана кош этаптуу тоорук усулу менен товарларды сатып алууга, котировкалардын суроо-талабы усулу менен товарларды сатып алууга стандарттык документация. Белгиленген эрежелер сатып алуучу уюмдарга жана берүүчүлөргө сатып алууларды өткөрүүгө жана өзгөчө документацияны даярдоо жана тариздөө бөлүгүндө аларга катышууга жардам берген.
Жаңы мыйзам боюнча, бул тартип сакталып калды. Бирок эми алар мыйзамдын өзүндө так бекитилген. Сатып алууларды өткөрүүдө сатып алуучу уюмдар Өкмөт бекиткен стандарттык конкурстук документтерди колдонуу менен ар бир өткөрүлгөн конкурска документацияны, алдын ала квалификациялык документтерди өзүнчө даярдайт. Өкмөт төм. боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдап койду:
-
бир этаптуу, эки этаптуу, жөнөкөйлөтүлгөн усулдар жана бааны төмөндөтүү усулу менен
-
товарларды;
-
кызмат көрсөтүүлөрдү;
-
жумуштарды сатып алууга стандарттык конкурстук документтер, ошондой эле сатып алууларды жүзөгө ашыруунун бардык процессин регламенттештирген башка ЧУА:
-
«Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө сатып алуучу уюмдардын аракетине даттанууларды кароо жана ишенимсиз жабдуучуберүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалымат базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө» жобо;
-
«Алкактык макулдашууну түзүү жөнүндө» жобо; ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди колдонууга усулдук нускама;
-
мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү боюнча нускама. Бардык аталган документтер коомчулуктун талкуусуна коюлган.
Берүүчүлөр үчүн сатып алууларды жана жеңилдиктерди пландаштыруу тууралуу Сатып алуучу уюм республикалык бюджет бекитилгенден кийин бир айлык мөөнөттө, бюджеттин же чыгымдар сметасынын негизинде кеминде бир жылдык мезгилге сатып алуулардын планын өз алдынча иштеп чыгат жана аны веб-порталга жайгаштырат. Эски мыйзамда буга болгону 10 күн берилген. Андан кийин документ Финансы министрлигине жиберилет. Мыйзам план кандай маалыматтарды камтыш керектигин аныктады: сатып алуулардын предмети, саны жана болжолдонгон баасы, сатып алууларды өткөрүүнүн мөөнөтү тууралуу маалыматтар камтылыш керек.Сатып алуучу уюм планга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө укуктуу, алар веб-порталда милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. Планда каралбаган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жол берилбейт.
Товарлар боюнча жеңилдиктерди берүү тартиби өзгөрбөгөнүн белгилей кетели (ички берүүчүлөр КРда өндүрүлгөн товарларды сатып алганда, сатып алуучу уюм 20 пайызга чейин жеңилдиктерди бере алат). КР ички подрядчылары жана чет өлкөлүк подрядчылар аткаруусу мүмкүн болгон жумуштарды сатып алуунун тартибинде бир аз өзгөрүүлөр болду. Эми жергиликтүү эмгек ресурстарын кеминде 70 пайыз (эски мыйзамда пайыздык катыш болгон эмес) жана жергиликтүү чийки заттарды жана материалдарды кеминде 30 пайыз пайдаланган шартта сатып алуучу уюм ички подрядчыларга 20 пайызга чейинки өлчөмдө жеңилдиктерди бере алат (эски мыйзамда 10 пайызга чейин болчу).
Жолу буулгандар тууралуу Мамлекеттик сатып алууларга катышуудан четтетүүнүн жаңы шарттары аныкталды. Айталы, Дайындар базасына киргизилген берүүчүлөргө, ошондой эле түзүүчүлөрү, жетекчи курамынын мүчөлөрү сатып алуучу уюмдардын аффилирленген жактары болуп саналган берүүчүлөргө жол берилбейт. Ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн дайындар базасы – бул айырмалуу реестр, буга келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган же сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуунун эрежелерин бузган уюмдар киргизилет. Мыйзамда Дайындар базасына киргизилген берүүчүлөр сатып алууларга катышууга киргизилбейт деген талап бар. Мындай талап эски мыйзамда эмес, Өкмөт бекиткен Жободо бар болчу.Мыйзамда сатып алуучу уюм Дайындар базасына киргизүүнү демилгелеген учурлар көрсөтүлгөн. Эгерде:
-
келишим боюнча милдеттенмелерин аткарбаган берүүчүнүн күнөөсүнөн улам келишимди бузуу демилгеленсе;
-
берүүчү өзүнүн конкурстук табыштамасына карата жалган маалыматтарды берсе;
-
берүүчү компаниянын жетекчиси же түзүүчүсү алдамчылык, коррупция же убадалашып алгандык үчүн сот тарабынан жоопкерчиликке тартылса;
-
конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларациянын шарттары берүүчү тарабынан бузулса. Дайындар базасына киргизүүнүн тартибин жана мөөнөтүн Өкмөт аныктайт. Квалификациялык маалыматтар жазылды Мыйзамда төм. так көрсөтүлгөнүн белгилей кетүү зарыл: сатып алуучу уюм берүүчүлөрдүн квалификациялык дайындарына карата мыйзамда каралгандан тышкары эч кандай башка критерийлерди, талаптарды же жол-жоболорду белгилебейт.
Бул маанилүү жобо эски мыйзамда жок болчу. Берүүчүлөрдүн квалификациясынын деңгээлине карата бир катар талаптар такталды:
-
берүүнүн аткарылган көлөмү;
-
чыгаша тартууларынын болбошу, жетишерлик жүгүртүү каражаттарынын болушу;
-
лицензиялардын (эгерде иш-аракет лицензияланса) болушу. Эми документте минималдык босоголук суммасынан аз суммага сатып алууда көрсөтүлгөн талаптарды колдонбоого уруксат жок. Бул болсо мурдагы бар болчу. Мыйзамда сатып алуучу уюм алдын ала квалификациялоо жол-жоболорун жүргүзүүгө укуктуу болгон конкреттүү учурлар да көрсөтүлгөн: товарлардын,жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн татаал, кымбат түрлөрүн же кууш адистешкен түрлөрүн сатып алуу учурларында. Мурда мындай жол-жоболорду жүргүзүүгө уруксат берүү гана талап кылынган.
Алдын ала квалификациялык жол-жоболорду жүргүзүүдө конкурстук документация бардык тандалып алынган берүүчүлөргө жиберилет. Эсиңизде болсун, конкурстук документацияны берүү акысыз негизде жүзөгө ашырылыш керек. Берүүчү табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин кеминде беш жумуш күн мурда сатып алуучу уюмдан конкурстук документациянын жоболорунун түшүндүрмөсүн сурай алат. Сатып алуучу уюм мындай суроо-талапка үч жумуш күндөн кечиктирбестен жооп берүүгө жана суроо талаптын булагын жарыялабастан, жоболордун түшүндүрмө маалыматын веб-порталга жайгаштырууга тийиш.
Бул айкындуулук маселеси чындап жакшырганын ырастаган факт! Эски мыйзамда мындай мөөнөт так көрсөтүлбөгөнүн белгилей кетели. Конкурстук документацияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби да такталды: сатып алуулардын предметин өзгөртүүгө болбойт. Өзгөрүүлөрдү табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин үч жумуш күндөн кечиктирбестен жарыялоо керек. Конкурстук документацияны өзгөртүү тууралуу маалымат, конкурстун бардык катышуучуларына милдеттүү түрдө кабардама берүү менен веб порталда жарыяланат.Эски мыйзамда катышуучуларга гана кабардама берүү каралган болчу.
Негизги окуянын алдындагы жол-жоболор Бардык катышуучулар билүүгө тийиш: конкурс алдындагы кеңешме табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин беш жумуш күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Эски мыйзамда бул мөөнөт көрсөтүлгөн эмес. Протокол веб-порталда токтоосуз жайгаштырылат (алдын ала квалификациялоо жолжоболору жүргүзүлгөндө протокол конкурстук документацияны алган бардык берүүчүлөргө токтоосуз берилет). Эски мыйзамда протокол тендердик документацияны алган бардык берүүчүлөргө токтоосуз берилген. Мыйзамда табыштамаларды берүү үчүн акыркы мөөнөт белгиленген: бир этаптуу жана эки этаптуу үчүн - боло турган конкурс жөнүндө кулактандыруу жарыялангандан кийин кеминде 3 жума, ал эми жөнөкөйлөтүлгөн усул жана бааны төмөндөтүү усулу үчүн – кеминде 1 жума.Кепилдик камсыз кылуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө кайтарылат. Жаңы мыйзам боюнча, конкурстук табыштамалардын кепилдик камсыз кылуунун – КТКК колдонуу мөөнөтү табыштаманын колдонуу мөөнөтүнө дал келиш керек. Эски мыйзамда буга көбүрөөк убакыт берилген – табыштаманын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин 2 жумадан аз эмес.
КТККнын вексель өңдүү формасы алып салынган. Мыйзамга КТКК кармалып кала турган учурлар киргизилген – конкурстук табыштама бар конверттер ачылгандан кийин шарттар өзгөртүлгөндө. Бул эски мыйзамда жок болчу. Бирок мурдагы мыйзамда болгон калган үч учур сакталып калды: 1) жеңүүчү өз конкурстук табыштамасында каралган шарттарда келишимге кол коюудан баш тартканда; 2) келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылууну берүүдөн баш тартканда; 3) конкурстук табыштаманы ачкандан кийин жана анын колдонулуу мөөнөтү бүткөнгө чейин ал кайра артка алынганда. Мыйзамдагы жаңы нерсе - сатып алуучу уюмга КТКК жөнүндө талаптын ордуна берүүчүлөрдөн табыштамада көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткаруусун кепилдеп кол койгон декларацияны суратып алуу укугу берилген. Аны бузган учурда сатып алуучу уюм аларды ишенимсиз берүүчүлөрдүн дайындар базасына киргизүү жөнүндөгү сунушту демилгелейт. Мыйзамда максималдык босоголук суммадан төмөн сатып алуу жүргүзүүдө КТКК киргизүү жолжобосун колдонбоо укугу алып салынган. Бул эски мыйзамда бар болчу.
Табыштама бар конверттерди ачуунун ийне-жиби Бул конкурстун кульминациясы. Веб-порталда автоматтык түрдө жүргүзүлгөн сатып алуулардын электрондук формасын кошпогондо, сатып алуучу уюм кызыкдар тараптардын катышуусунда конкурстук табыштамаларды ачат. Конверттерди ачуунун жолжобосун жүргүзүүдө жеңүүчүнү баалоо жана аныктоо өткөрүлбөйт. Ошону менен бирге ошол маалда залда катышып отургандарга комиссиянын ишине аралашууга, табыштамалардын жоболорун түшүндүрүп берүүсү үчүн берүүчүлөргө кайрылууга, ошондой эле катышуучулардын берилген табыштамаларга карата суроолоруна жооп берүүгө тыюу салынат. Мыйзам комиссияга конверттерди ачуу жол жобосун жүргүзүүдө ачылбаган жана угуза окулбаган табыштамаларды жана аларга карата өзгөртүүлөрдү кабыл алууга жана андан ары баалоого тыюу салат.
Мыйзамга жаңы маалымат кошулган, ал конверттерди ачуунун жол-жобосун жүргүзүүдө угуза окулат жанаңже тастыкталат: табыштаманын валютасы, сунуш кылынган арзандатуу жөнүндө маалымат, эгерде сатып алуунун предмети лотторго бөлүнсө - ар бир лоттун баасы; сунуштардын колдонулуу мөөнөтү; салыктар жана камсыздандыруу салымдары боюнча карыздары тууралуу маалымкатты бер ген уюмдун аталышы, маалымкаттын номери; эски мыйзамда болбогон бардык талап кылынган документтердин болуусу.Конверттерди ачуунун протоколуна бардык берүүчүлөр жана конкурстук комиссия кол коет жана конверттерди ачкандан кийин бир күндүн ичинде вебпорталга жайгаштырылат. Электрондук ыкма менен сатып алууда табыштамаларды ачуунун протоколун
тутум автоматтык түрдө түзөт жана веб-порталга жайгаштырат.
Жеңүүчү кантип аныкталат? Сатып алуучу уюм берүүчүнүн квалификациялык дайындарын конкурстук документацияда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык баалайт. Мыйзам табыштаманын маңызын өзгөртүү максатында суроо-талаптарга, сунуштарга, сүйлөшүүлөргө же уруксат берүүлөргө; табыштаманы конкурстук документациянын талаптарына жооп бергендей жасоого багытталган өзгөртүүлөргө; жетишпей жаткан документтерди катышуучудан суроого тыюу салат. Ошол эле маалда сатып алуучуларга табыштамадагы арифметикалык каталарды берүүчүнүн макулдугу менен оңдоо укугу берилген. Табыштамаларды талаптарга жооп берген катары карай алуу үчүн критерийлер белгиленген (эгерде конкурстук документацияда баяндалган мүнөздөмөлөрдө, шарттарда жана башка талаптарда аларды олуттуу өзгөртпөгөн же алардан олуттуу четтөө болуп саналбаган орчундуу эмес туура келбегендиктер болсо). Кабыл алынышы төмөнкүдөй натыйжаларга алып келиши мүмкүн болгон четтөөлөр, эскертмелер жана жетишпеген маалыматтар жана документтер олуттуу деп эсептелет:
-
берүүнүн же жумуштардын предметине же көлөмүнө же сапатына же конкурстук документтерди аткарууга олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн болгон;
-
сатып алуучу уюмдун келишимде каралган укуктарын же конкурска катышуучунун милдеттерин конкурстук документациянын жоболоруна каршы түрдө олуттуу өлчөмдө чектеши мүмкүн болгон;
-
белгиленген талаптарга олуттуу өлчөмдө туура келген табыштамаларды берген конкурстун башка катышуучуларын тең эмес шарттарга коюшу мүмкүн болгон.
Бул берүүчүлөр табыштаманы кепилдеген декларацияга кол койбогон же КТККны бербеген (эгерде конкурстук документациянын шарты боюнча талап кылынса), же салыктар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдары боюнча же социалдык төлөөлөр боюнча карыздары бар болгон учурда орун алат. Табыштамада сунушталган техникалык параметрлер конкурстук документациянын техникалык адистешмелерине туура келбесе, ошондой эле эгерде сатып алуучу уюм табыштаманын баасы өтө эле төмөндөтүлгөнүн аныктаса, берүүчүнүн келишимди аткарууга жарамдуулугуна шек жаралса сатып алуучу уюм табыштаманы четке кагат. Ошондо сатып алуучу уюм шек жаралган позициялар боюнча берүүчүдөн такталган маалыматтарды жазуу жүзүндө суратып алыш керек. Эски мыйзамдагы табыштама четке кагылган эки учур (эгерде талапкер табыштамасындагы арифметикалык каталарды оңдоого көнбөсө; берүүчү пара берсе) жаңы мыйзамга кирбей калды. Ошондой эле мыйзамда жеңүүчүнү аныктоонун жол-жобосу такталды. Анын табыштамасы конкурстук документациянын талаптарына маңызы боюнча жооп бериш керек:
-
эгерде баа бирден-бир критерий болуп саналса, эң төмөнкү баага;
-
эгерде конкурстук документацияда баа менен бир катарда баа берүүнүн башка критерийлери каралса, белгиленген критерийлерди эсепке алуу менен кыйла төмөн бааланган наркка. Конкурстун катышуучулары табыштамаларды конкурстук документациянын талаптарына туура келген бирдей шарттар менен берген учурда, башка сертификаттардан тышкары сапатты башкаруу тутумунун сертификаты бар берүүчүнүн табыштамасы жеңип чыкты деп эсептелет.
Белгилүү болгондой, сатып алуулардын бардык процесси протоколдо чагылдырылат. Мыйзамда анда чагылдырылууга тийиш болгон жаңы маалыматтар көрсөтүлгөн: алкактык макулдашуунун жол-жоболору колдонулганда сатып алуучу уюм жетекчиликке алган себептер жана жагдайлар; табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу, табыштамалардын колдонулуу мөөнөттөрүн узартуу жана жол-жоболордун кайра жаңыртуу жөнүндө маалыматтар; сатып алуулар тууралуу келишимдин баасы жана башка негизги шарттары; конкурстун жеңүүчүсүнүн рейтинги; өтө төмөн баа камтылган табыштамаларды четке кагуунун себеби, сатып алуулар жөнүндө келишимди түзүү жөнүндө чечим.
Протоколго комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет жана ал сатып алуу бөлүмүнө берилет. Сатып алуучу уюм документти веб порталга үч жумуш күндүн ичинде жайгаштырат. Электрондук сатып алууларды жүргүзүүдө протокол тутум аркылуу өз алдынча вебпорталда түзүлөт. Белгилей кетчү жагдай, мурда минималдык босоголук суммадан төмөн сатып алуулар жүргүзүлгөндө, же бир булактан усулу колдонулганда сатып алуулар жол-жобосу тууралуу протокол түзүлчү эмес. Азыр болсо протокол бардык сатып алууларга түзүлөт жана мыйзамда келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу сатып алууда протоколго кошулуш керек болгон кошумча маалыматтар көрсөтүлгөн.
Кандай себептерден улам конкурс жокко чыгарылат же өткөрүлгөн жок деп табылат? Кандай учурларда сатып алуулар жол-жобосу жокко чыгарылат? Сатып алуунун зарылчылыгы болбой калса, келишимди түзгөнгө чейин каалаган убакта жана себеби көрсөтүлбөстөн жокко чыгарылышы мүмкүн. Жаңы документте конкурс өткөрүлбөй калды деп таануусу үчүн негиз катары аудитордун тыянагы алып салынды. Конкурсту жокко чыгаруу же өткөрүлгөн жок деп таануу тууралуу маалымат бир жумуш күндүн ичинде веб-порталда жарыяланат.Мыйзамда конкурс өткөрүлгөн жок деп таанылган учурда сатып алуучу уюмдун аракеттеринин жаңы схемасы белгиленген: ал баалоо критерийлерин, техникалык адистешмелерди, квалификациялык талаптарды кайра карап чыгууга жана кайрадан конкурс өткөрүүгө тийиш. Эгерде анда да келишим түзүлбөсө, анда сатып алууларды келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу жүргүзсө болот.
Жыйынтык чыгаруу жана келишим түзүү Сатып алуучу уюм конкурсту жеңип алган берүүчүнү атап, ал берген табыштаманын баасын көрсөтүү менен жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалыматты веб-порталга үч жумуш күндүн ичинде жайгаштырат. Эгерде сатып алуулар жол-жоболору ведомстволор аралык көз карандысыз комиссиянын (комиссия тууралуу төмөн жакта да сөз болот) чечими боюнча токтотолуп коюлбаса, сатып алуучу уюм жеңүүчү менен келишимге мөөнөтүндө кол коет. Бул мөөнөт усулга жараша болот жана жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалымат веб-порталга жайгаштырылган күндөн тартып эсептелет: 1) бир этаптуу жана эки этаптуу усул аркылуу өткөрүүдө 7 жумуш күндөн кийин; 2) жөнөкөйлөтүлгөн усул жана бааны төмөндөтүү усулу аркылуу өткөрүлгөндө 2 жумуш күндөн кийин.
Сатып алуулар тууралуу келишимдерге КР Граждандык кодексинин ченемдери колдонулат. Мыйзамдын 51-беренесинде кол коюлган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде веб-порталда жарыяланыш керек болгон маалыматтар көрсөтүлгөн. Келишимге конкурсту өткөрүүдө берүүчүнү тандап алуу критерийлери болуп эсептелген өзгөрүүлөрдү киргизүүгө болбой турганын билүү зарыл. Мыйзамда дагы бир жаңы талап бар: эгерде келишимге кол коюлган күндөн кийин салыктарга, жыйымдарга же милдеттүү төлөмдөргө тиешеси бар мыйзамдарда товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын көбөйтүүгө же азайтууга алып келүүчү кандайдыр бир өзгөрүү болсо, сатып алуучу уюм келишимдин наркын тийиштүү түрдө көбөйтүүгө же азайтууга тийиш.Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу (КАКК) бөлүгүндө да өзгөрүүлөр болду. Сатып алуучу уюм берүүчүдөн КАККты суратып алса болот. Эски мыйзамда бул сатып алуучу уюмдун укугу эмес, милдети катары каралган. Мыйзамдын 52-беренесинде КАККтын түрлөрү көрсөтүлгөн. Эскисинен айырмаланып, КАККтын түрлөрүнөн акциялар алып салынды жана бул накталай финансы гана эмес, акча каражаттары да болушу мүмкүн экени такталган. Мыйзам сатып алуучу уюмга келишимге КАКК катары аткарылган иштин актысынын жыйынтыгы боюнча ар бир төлөмдөн 10 пайызга чейин кармап калууну кошуу укугун берди.
Мыйзамдагы дагы бир жаңылык – сатып алуучу уюмдун төм. учурларда конкурстун жыйынтыгы боюнча алкактык макулдашууга кол коюу мүмкүнчүлүгү: 1) эгерде убакыттын кандайдыр бир конкреттүү мезгилинин ичинде белгисиз же көп иреттик негизде сатып алуулардын предметин сатып алуунун зарылдыгы келип чыкса; 2) эгерде сатып алуулардын предметинин өзгөчө мүнөзүнөн улам убакыттын кандайдыр бир конкреттүү мезгилинин ичинде бул предметтин зарылдыгы шашылыш тартипте келип чыгуусу мүмкүн болсо. Мыйзамдын 22-беренесинде сатып алуучу уюм конкурсту өткөрүүдө алкактык макулдашууга кол коюу үчүн кулактандырууда жана документтин өзүндө көрсөтүш керек болгон маалымат жазылган. Алкактык макулдашууну пайдалануунун тартибин Өкмөт бекитет. Эгерде талаш-тартыштар пайда болсо Эски мыйзамда дооматтарды коюу тартибине түшүндүрмө берилген. Бирок ал берүүчүнүн сатып алучу уюмга койгон дооматына гана тиешелүү болчу. Эми болсо пикир келишпестиктер келип чыккан учурда келишимдин эки тарабы тең себептерди көрсөтүү менен бири бирине дооматтарды коюуга укуктуу. Мыйзам дооматты кароо жана ага жооп кайтаруу үчүн мөөнөттү белгиледи. Доомат коюлган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттүү. Бул мөөнөттүн ичинде ага жооп берилбеген учурда, же четке кагылганда, кызыкдар тарап сотко кайрылууга укуктуу. Босоголук сумма жана сатып алуулардын усулдары тууралуу Босоголук сумма - бир жылга чыгымдардын ар бир беренеси боюнча сатып алуулардын усулун тандоо аныктала турган суммалардын өлчөмү (минимум жана максимум). Босоголук суммалардын өлчөмүн жана аларды колдонуунун ыкмасын Өкмөт белгилейт.
Азырынча буга тиешелүү токтом чыга элек жана 2005-жылдын 16-сентябрындагы №440 документ күчүндө турат. Ага ылайык, босоголук сумманын өлчөмү бекитилген. Мисалы, бюджеттик уюмдар, мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн уюмдар үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга минималдык босоголук сумма 500 000 сомду, ал эми максималдык 1 500 000 сомду түзөт. Мыйзам менен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулардын төмөнкүдөй усулдары белгиленген: 1) бир этаптуу усул; 2) эки этаптуу усул; 3) жөнөкөйлөтүлгөн усул; 4) бааны төмөндөтүү усулу; 5) келишимди тикелей түзүү усулу. Бир этаптуу усул аркылуу конкурс негизги болуп саналат ж<