Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

"Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" ДОЛБООРУНУН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

2015-10-08 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

ЭЖӨБОЖ Долбоорунун изи менен 2015-жылдын жаз мезгилинде ЭҮЖӨБОЖ Долбоору Биринчи фазаны ийгиликтүү жыйынтыктап (2011-2015), Экинчи фазанын алкагында (2015-2019) өз ишин Чүй, андан кийин Нарын жана Ош облустарында улантуу үчүн Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан “кетти”. Өнөктөш муниципалитеттер менен коштошуу кайгылуу болду. ӨСИнин командасы – долбоордун аткаруучулары – жана өнөктөш муниципалитеттердин кызматкерлери да, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү да бири-бирине көнүп калган, биргелешип көп иштерди жасашкан. Ошондуктан байланышты үзбөстөн, муниципалдык башкаруунун маанилүү көйгөйлөрүн талкуулап, жаңы тажрыйба менен бөлүшүп келишүүдө.

Анткен менен ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун командасын кызыктырган суроолор бар: долбоор менен кызматташтык аяктагандан кийин өнөктөш муниципалитеттердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз калкы менен кандай иш алып барууда? Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттеринин кийлигишүүсүз да иштеп жаткан идеялар жана механизмдер барбы? ЭҮЖӨБОЖ Долбоору өнөктөш муниципалитеттерде из калтырдыбы? Ал кандай из? Мына ушул суроолорго жооп издеп, биз мурдагы өнөктөш муниципалитеттердин өкүлдөрүнөн пикири менен бөлүшүп коюуну өтүндүк. Анда алардын айткандары уксак.
 
Долбоор калтырган из ЖӨБдүн көзү менен: “Биз жамаат менен биргелешкен канчалык чоң  натыйжа алып келип жатканына күбөбүз” Жалал-Абад облусунда жайгашкан Тогуз-Торо айылдык аймагы үч жыл мурда “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту менен тыгыз кызматташа баштаган. Долбоордун жардамы менен ЖӨБ кызматкерлери жергиликтүү жамааттын катышуусунда аймактагы эң олуттуу көйгөйлөрдү аныкташкан, жергиликтүү бюджеттин ачык-айкындыгы маселеси боюнча түрдүү коомдук иш-чараларды өткөргөн, аныкталган кемчиликтерди жоюу жана биринчи кезекте аткарылыш керек болгон тапшырмалар боюнча биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгышкан. Натыйжада элеттиктер бюджеттик маселелерди түшүнүп, аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүүгө катыша баштады. Эң негизгиси – адамдарда жоопкерчилик сезими пайда болду. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлери командада иштегенди жана көбүрөөк натыйжалуулукка жетүүнү үйрөнүштү.
 
Биргелешкен аракеттер менен он жылдап чечилбей келген маселелер чечилди. Бул биз үчүн чоң жеңиш. Себеби долбоорго чейин кырдаал башкача болчу: жергиликтүү жамаат ЖӨБ органдарынын ишине жана элеттин көйгөйлөрүнө эч качан кызыкчу эмес, ал эми ЖӨБ органдары “жабык” бойдон кала берген. Калкка маалымат берүү тууралуу сөз да болгон эмес. 2015-жылдын март айында долбоор Тогуз-Торо районунун аймагында жыйынтыкталды. Бирок долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган чоң практикалык тажрыйба жоголгон жок жана элеттиктердин жигердүүлүгү да азайып кеткен жок. Биздин аймак бул багытта башталган иштерди улантууда жана бүгүнкү күндө бир топ оң жыйынтыктарга жете алдык. Чогулуштарды, коомдук угууларды даярдоого жана уюштурууга жарандарды мүмкүн болушунча жигердүү катыштыруу максатында биз долбоордун жүрүшүндө үйрөнгөн чогулушка чейинки жана андан кийинки маалымат өнөктүгүнүн бардык усулдарын колдонуп келебиз: чакыруу баракчаларын таратабыз, баннерлерди жана плакаттарды эл көп жүргөн жерлерге илип чыгабыз.
 
Айталы, 2015-жылы биз төмөнкүдөй иш-чараларды өткөрдүк: Додомол айылында – таза суу маселеси боюнча үч чогулуш (85 киши, анын ичинде 48 аял, айылдык кеңештин 2 депутаты катышты); Кош-Булак айылында – Кайыңды каналы аркылуу сугат суу маселеси боюнча эки чогулуш (74 киши, анын ичинде 31 аял, 2 депутат катышты); социалдык жана айыл чарба маселелери боюнча үч чогулуш өттү (225 киши, анын ичинде 136 аял, АКтын 7 депутаты катышты). Мындан тышкары жергиликтүү бюджеттин ачык-айкындуулугу маселеси боюнча эки коомдук угуу өттү. Ага 84 киши, анын ичинен 53 аял жана 4 депутат катышты. Ошентип, коомдук угууларга бардык аймактан 500дүн тегерегинде киши, анын ичинен 270 аял катышты. Мурда чогулуштарга же аялдар гана, же эркектер гана катышчу. Азыр болсо мындай иш-чаралар бардык жерде өтүп турат жана ушундай коомдук иш-чараларга жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кызыгуусу бир кыйла артты.
 
Жыл сайын жергиликтүү аткаминерлердин калк менен түрдүү жолугушууларынын саны да өсүп жатканын белгилегим келип турат. ЖӨБ органы менен жергиликтүү жамааттын ортосундагы маалымат алмашуу маселеси талап кылынган деңгээлде болгону да муну тастыктап турат. Тогуз-Торо АА мектепке чейинки билим берүү маселелерин да ийгиликтүү чечип келатат. Айталы, республикалык бюджеттен дем берүүчү гранттын жардамы менен (3 млн. сомдун тегерегинде) “Жаңыл мырза” бала бакчасынын төрт бөлмөсүндө капиталдык ремонт жасалды. Бул каражат калктын биринчи кезекте чечилүүгө тийиш муктаждыктары үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жаңы жобонун негизинде бөлүнгөн. Март айынын башынан тарта эле Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн штатына инвестицияларды тартуу жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча адис алынган (баса, мында да долбоордун салымы бар).
 
Адис республикалык бюджеттен дем берүүчү грантты алуу үчүн документтердин пакетин элеттиктердин керектөөлөрүн эсепке алуу менен квалификациялуу даярдап чыккан. Эгерде мурда биздин бала бакчада эки топто 50 бала тарбияланып келсе, октябрь айынан баштап кошумча дагы эки топ ачылып, дагы 50 бала мектепке чейин билим ала баштады. Бул болсо жүз ата-эне балдары үчүн сарсанаа болбой иштеп, үй-бүлөсүн бага алат дегенди билдирет. Анткен менен биздин аймакта мектепке чейинки курактагы балдар эки эсе көп. Ошондуктан алдыда бизди бул актуалдуу көйгөйдү чечүү жаатында бир кыйла иштер күтүп турат. Мындан тышкары Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фонду биздин айыл өкмөткө 5 млн. 800 миң сом бөлдү. Бул каражатка комбайн сатып алынды. Бул техникага болгон муктаждык жамааттагы эң курч маселелердин бири болгонун белгилей кетейин. Бул маселе долбоордо да көрсөтүлүп, өнүктүрүү фондунун комиссиясын ынандыра алды.
 
Комбайнды сатып алуу менен иш да, элеттиктердин түйшүгү  да бир кыйла азая түштү. Себеби Тогуз-Торо АА район боюнча буудай жана арпа өстүрүү боюнча негизги деп эсептелет. Баса, 2015-жылы 650 гектар иштетилип, түшүм 20-25 центнерге жетти. Биз үчүн жергиликтүү жамааттын айылдын чыныгы көйгөйлөрүн чечүүгө жигердүү катышуусу чоң жетишкендик болуп эсептелет. Айталы, 5 тонна цемент жана 3 тонна күйүүчү май бөлүп берген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жардамы жана калктын 55 000 сомдук эмгек салымы менен Өрнөк айылындагы 8 километрдик каналда ремонт жасалды. Бул маанилүү суу артериясы 210 гектарды сугат суу менен камсыздайт. Натыйжада адамдардын да социалдык-экономикалык абалы жакшырат эмеспи. Бул башкаларга да үлгү болуп, натыйжада Кош-Булак айылында Кайыңды каналы тазаланып, ремонттук иштер жүргүзүлдү. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом бөлүнүп, жергиликтүү тургундар бардык ишти өз күчү менен бүтүрүштү.Элеттиктердин маданий жашоосу да бир кыйла өзгөрдү.
 
Жаштарды тарбиялоо жана калк арасында ынтымакты бекемдөө максатында жергиликтүү жамааттын демилгеси жана жардамы менен “Ыр кесе”, “Сармерден” ыр сынактары, театрлаштырылган коомдук иш-чаралар ж.б. өтүп турат. Биз өзүбүз түрдүү иш-чараларды ойлоп таап, таланттарды издеп, бардык концерттерге жана сынактарга жигердүү катышып турабыз. Бул иштерде жергиликтүү кеңештин депутаты Бейшебү КЫДЫКБАЕВАнын салымы чоң. Ал аймактагы таланттуу жана жигердүү адамдардын башын кошуп, алардын жардамы менен биздин маданият да өнүгүүдө. Додомол айылынын климаты өтө оор. Бул жерде райондун башка калктуу конуштарына салыштырмалуу шамал катуу жүрүп, суук болуп турат.Жергиликтүүлөр негизинен мал чарбачылыгы менен жан багат. Ошондуктан мал жайытта жүргөндө жаштар басымдуулук кылган чабандарда бош убакыт пайда болот. Бул убакытты бош коротпош үчүн жаштар мурда улуу муун гана алектенген иштерге тартылууда. Ушул тапта экологиялык жактан таза, кийизден жасалган буюмдарга, ошондой эле улуттук оймолору бар кийим-кечелерге суроо-талап жогору.
 
Бул иште Нуржамыйла АЖИМБАЕВА энебиз чыныгы чебер болуп саналат. Ал бардык каалоочуларды кол өнөрчүлүгүнө, ошондой эле кийиз менен иштегенге, боз үйдүн ички жасалгаларын даярдоого үйрөтүп келатат. Анын окуучулары Бейшегүл КЫДЫКБАЕВА, Бейшембү КУЧКАЧО ВА, Жибек ЖУМАЛИЕВА көптү үйрөнүштү: алар жасаган буюмдарга суроо-талап өсүп, түрдүү көргөзмөлөрдө жана сынактарда, анын ичинде эл аралык конкурстарда да биринчи орунду ээлеп келатат. Ошентип Тогуз-Торо АӨ долбоор аяктагандан кийин да өнүгүүсүн токтотуп койгон жок. Атүгүл инвестицияларды тартуу, түрдүү коомдук ишчараларды өткөрүү, калкка өз убагында маалымат жеткирүү жана жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелерди биргелешип чечүүгө калкты тартуу боюнча жигердүү иштер башталды. Ал эми пландар тууралуу айт турган болсок, алар абдан көп. Бүгүнкү күндө таза суу көйгөйү абдан маанилүү болуп турат жана бул долбоор дээрлик башталып калды.
 
Долбоор конкурстан ийгиликтүү өтүп, республикалык бюджеттен 22 млн. сом көлөмүндө дем берүүчү грант бөлүндү. Бул каражаттын 16 млн. сому ушул тапта жергиликтүү бюджетке түштү. Айылдын ар бир көчөсүнө таза суу өткөрүү пландалып жатат. Иштер болсо 2016-жылдын жазында башталмакчы.Борбор шаардан алыс жайгашканыбызга карабастан консультанттарды жана эксперттерди көп жолу жиберип, жергиликтүү жамаатта аймактын көйгөйлөрүнө кызыгууну пайда кылган, АӨ адистерин жана АК депутаттарын окуткан Долбоорго терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Долбоор биздин аймакта өз изин гана калтырбастан, биздин регинондун мындан аркы өнүгүүсү үчүн түрткү да болуп берди. Калктын атынан Долбоордун бардык кызматкерлерине ишинде дагы да көп ийгиликтерге жетүү үчүн күч-кубат каалап коюуга уруксат этиңиздер.

 

Окшош материалы: